«Аллах мындан жаманынан сактасын»

https://kyrgyzcha.site/?p=51158&preview=true Намаз убагы,жана намаз уйронуу болуму!

*☀️»Аллах мындан жаманынан сактасын«☀️*

 

 

Ата-бала алыс сапарга бара жатышты. Экөө эле. Баланын жетелеп алган эшеги бар. Болор-болбос жүк-тактары эшекке артылган. Күн ысык, кашаң эшек коолонуп баскысы келбейт. Бала аны тыртыштырып алга жетелейт, атасы артынан айдайт. Үчөө акырын болсо да, алга жылып бара жатышты. Маңдайынан чыпылдап аккан терди киргенден жеңи менен сүртүп коюп:

 

*-Оо, Аллах, мындан да жаманынан сактай көр, мындан жаманынан сактай көр,*- деп күбүрөнөт ата.

 

Ошентип сапар жарымына келип калганда, капыстан эшек мүргүп кетпеспи. Таштак жолдо ташыркап араң келе жаткан жаныбар бутун кайрып алды көрүнөт, ордунан тура албай жатып калды. Анын мындан ары жол жүрө албасына көзү жеткен ата-бала, артылган жүк-тагын экиге бөлүп көтөрүп сапарын улады. Эми жол жүрүү мурдагыдан да оорлоду.

 

*-Оо, Аллах, мындан жаманынан сактай көр, мындан жаманынан сактай көр,*- деп күбүрөнүп калды, атасы бул ирет дагы.

 

Ата-бала бири-бирине сүйөнүп-таянып бир канча жол арбытып калган кезде аларды дагы кырсык басты. Бул жолу бала байкуш куураган сөңгөккө бутун тилдирип алды. Бутунун ооруганына чыдабай олтура калган бала, атасынын:

 

*-Оо, Аллах, мындан жаманынан сактай көр, мындан жаманынан сактай көр,*- деп күбүрөнүп жатканын уга калып, сабыры түгөнүп кетти окшойт:

 

*-Ой, ата, эмне эле күбүрөнүп жатасың, эми мындан өткөн да жамандык болмок беле?*-деп жиберди. Кулагы керең сыяктуу баланын кебине көңүл бурбады ата.

 

*-Мындан жаманынан сакта, мындан жаманынан сакта,*-деп күбүрөп, эскирген чапанынын ичин айрып баланын бутун таңып жатты. Баланын бутун таңып бүткөндөн кийин гана:

 

*-Эми бир аз жол басып, мынабу ашууну ашсак чоң айылга жетебиз, мына ошол жерге конуп эс алабыз, бир аз чыдап кой, уулум,*-деди да, ордунан туруп жолун улады.

 

Ошонтип, бири-бирине жөлөк-таяк болгон ата-бала ашууну да ашып түшүштү. Бирок, алар эс алууну максат кылган айылга жер көчкү жүрүп, айыл бүтүндөй ылайдын алдында калыптыр. Бир аз эле мурдараак тирүүлүктү башынан өткөрүп жаткан айылда тирүү жан калбай, айыл толук бойдон мүрзөгө айланып калыптыр.

 

Ар кайсыл жерден сороюп чыгып турган чатырларга кайгыруу менен көз жүгүрткөн ата уулуна карап:

 

*-Мына уулум, эгер эшегиңдин буту сынбай, өзүңдүн бутун канабай эртерээк басканыбызда, биз дагы ушул көчкүнүн алдында жатмакпыз. Аллахтын жамандыктан сактаганы ушул,*-деп жүлжүйгөн көзүнөн сызыла чыккан жашын жеңи менен сүртүнүп, үшкүрүп отуруп калды. Ата алдында өзүн күнөөлүү сезген баласы эмне айтарын билбей, эмнеси болсо да ушул жер көчкүнүн алдында калбаганына шүгүр кылып, оо, Аллах, мындан жаманынан сакта-деп күбүрөнө, атасынын жанына олтура кетти.

 

Пенденин башына келген жаман-жакшы тагдырдын баары Аллахтан болот. Аллах Таала пендесине эч качан жамандык каалабайт. Бизге жамандай сезилген ар бир иштин артында биз үчүн жакшылык бар. Мага бир устазым муну минтип түшүндүргөн эле: » Эгер автобуста бара жатып жүз сомуңду алдырып койсоң, ага эч өкүнбөгүн. Анткени, бул сага эскертүү. Эми сен миң сомуңду бекемирээк салып, жоготуп алуудан сак болосуң».

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️