⠀
Бир күнү Дауд пайгамбар алайхи саламдын үйүнө бир аял келет. Жүзүнөн катуу чарчаганы көрүнүп турган аял:
⠀
— Оо, Аллахтын пайгамбары, Аллах адылбы же заалымбы? — деп сурайт. Мындай суроону күтпөгөн Дауд пайгамбар ачууланып:
⠀
— Ой жерге киргир, Аллахтан өткөн адилеттүү барбы, сен акылыңдан айнып калган окшойсуң, анчалык эмне болду сага? — дейт аялга.
⠀
— Мен жесир аялмын, үч кызым бар, аларды бага турган менден башка эч ким жок, — дейт, аял үшкүрүп. — Мен жип ийрип сатып, аларды багып жүрчүмүн. Кечинде бир айдан бери ийриген жиптеримди баштыкка салып базарга алып бара жатсам, асмандан бир куш келип, баштыкты колумдан жулуп кетти. Түнү менен жегенге эч нерсебиз жок ачка отурдук. Эми дагы бир айга чейин биздин абалыбыз эмне болот?
⠀
Аялдын абалына ичи ачышкан Дауд пайгамбар ага бир нерсе берип, көңүл жубатмакчы болуп ордунан турат.
Ошол убакта эшик тыкылдап калат. Эшикти ачса эшик алдында он адам туруптур. Алар пайгамбарга салам айткандан кийин, ар бири жүз динардан чогултуп анын алдына коюшат да:
⠀
— Оо, Аллахтын пайгамбары, бул динарларды бир кембагал адамга берип койгун, биз аны Аллах жолунда садака кылууну чечтик — дешет.
⠀
— Мынча көп акчаны садака кылууга эмне себеп болду?- деп сурайт Дауд.
⠀
— Биз деңиз аркылуу соода кылган адамдар элек, кечинде деңизде келе жатсак, катуу шамал болуп, кемебиздин жел тоскучтары айрылып калды. Жел тоскучу жок кемени шамал деңиздин ортосун көздөй алып жөнөдү.
Биз жашоодон үмүтүбүздү үзө баштадык.
⠀
Ошол учурда асмандан бир куш учуп келип, бир баштыкты таштап кетти. Анын ичинде бышык ийрилген жиптер бар экен. Ал жиптерменен желтоскучту тигип, анан деңиз жээгине сүзүп чыктык. Ушундай оор кырсыктан сактап калган Аллахка шүгүр кылып, ар бирибиз жүз динардан садака кылууну милдет кылдык эле.
Бул акчалар бизди сактаган Аллах үчүн садака болсун.
⠀
Анын сөзүн уккан Дауд акчаларды алып, аялга сунду да:
⠀
— Аллах кургактагыларга да, деңиздегилерге да адилеттүүлүк кылса, сен Аны заалым дейсиң — деди.
⠀
Аял акчаларды алып, кетирген кемчилиги үчүн Аллахка тооба кылып, үйүнө жөнөп кетти.