Алла Тааланын жалгыздыгына ыйман келтирүү.
Алла Таала адам баласын жаратып, аны «эмне болсоң ошол бол»,- деп өз оюна таштап койгон эмес.
Атам замандан бери жер жүзүндөгү инсандардын арасынан эң акылдуу жана адептүү асыл адамды тандап, акыл алсыраткан илимдерди периште аркылуу жиберип турган. Кудай Тааланын буйруктарын, ар түрдүү пайдалуу илимдерди жер жүзүндө жашаган адамдарга жеткирүүгө милдеттендирилген адам — пайгамбар деп аталат. Жашоо турмуштун мыйзамы жана үлгүлүү насыйкаттар баяндалган Ыйык китеп — Куран Карим деп аталат.
Адамзат пайда болгондон бери жер жүзүндө далай пайгамбарлар жашап өткөн, алардын ичинен эң мартабалуу жана ааламджарга мээрим чачкан пайгамбар Мухаммед (саллаллооху алайхи ва саллам).
Биз Жараткандын жалгыздыгын жана Анын кудурет күчүн, сын-сыпатын, аты-жөнүн жана бул дүйнө убактылуу, тигил дүйнө түбөлүк, бейиш, тозок бар экенин мына ушул пайгамбардын айткан- дегенинен жана Ыйык Куран китебинен окуп билебиз.
Алла Тааланы 10 сыпаты жана 99 ысмы менен тааныйбыз. Анын сыпатынын сегизи субути, экөө салби деп аталат.
Салби сыпаты экөө:
1. Алла Тааланын окшошу жок.
2. Алла Тааланын шериги жок.
Субути сыпаты сегиз:
1. Ал-Хайй – Алла Таала тирүү, тирүүлүгү түбөлүк, Өзүнөн башкасынан баары өлөт.
2. Ал-Алиим – Алла Таала баарын билет. Көңүлдөгү сырларды да билет. Он сегиз миң аалам Анын билиминен сыртта эмес. Келечекте эмне болоорун да билет.
3. Ал-Кадиир – Алла Таала эбегейсиз күч кудуретке ээ. Анын кудурети жетпей турган нерсе жок.
4. Ал-Басиир – Алла Таала баарын көрөт. Түн менен күн Ага бирдей, баарын көрүп турат.
5. Ас-Самии – Алла Таала баарын угат. Шырт эткен шыбырды да угуп турат.
6. Ал-Ирода – Алла Таала каалаганын кылат. Бүткүл ааламдагы жаратылыштын баары Анын каалоосу менен жаралган. Кааласа заматта жок кылат.
7. Ал-Келам – Алла Таала сүйлөйт. Ыйык Куран Анын сөзү, бардыгы чындык.
8. Ат-Таквин – Алла Таала баарын учуру менен жарата берет. Жаратуу Анын «бол» деген амири менен гана ишке ашат.