Пример HTML-страницы

Алла Таала айтты: 

https://kyrgyzcha.site/?p=59867&preview=true Намаз убагы,жана намаз уйронуу болуму!

Алла Таала айтты:

 

«Чынында, Биз аны (Кураанды) Кадыр Түнүндө түшүрдүк. Кадыр түн эмне экенин (эгер Биз үйрөтпөсөк, ) сен кайдан билмек элең?! Кадыр түнү миң айдан да жакшы. (Анткени,) бул түнү периштелер жана Рух (Жебирейил) Раббисинин уруксаты боюнча, ар түрдүү иштер менен (жер бетине ) түшүшөт. Ал таңга чейин саламаттык(тын түнү)! ». (97: 1,5)

 

Аллахтын Элчиси (саллаллаху алейхи уа саллам) айтты: «Кимде- ким Кадыр түнү ыйман келтирип жана (сооп) үмүт кылып намазга турса, анын мурдакы күнөөлөрү кечирилет» (Бухарий жана Муслим).

 

Айша (радияллаху анха) энебиз: «Алланын элчиси (саллаллаху алейхи уа саллам) акыркы он күндө башка учурда болуп көрбөгөндөй ибадаттарга бекем болоор эле»,-дейт(Муслим).

 

Кадыр түндүн пайдалары:

 

1) Ал түн бир жылдагы түндөрдүн эң улуусу.

 

2) Ал берекелүү түндө кылынган амал миң айда кылынган амалдан да сообу көп болуп көбөйүп турат.

 

3) Ал түндө периштелердин көптүгүнөн жер тар болуп кысылышып турат.

 

4) Ал шарапаттуу түндү ким издеп тапкан болсо, Алла Тааланын алдында мартабасы жогорулайт.

 

5) Ал түндө Алла Таала периштелерге Өзүнүн солих пенделери менен сыймыктанып мактанат.

 

6) Ал түндө Алла Таала периштелерине келерки жылга чейин адам баласынын тагдырын жазууну буйурат. Бир жылдык тагдыр Кадыр түнү жазылат.

 

7) Ал түн саламат амандык түн. Шайтан ал түндө эч кандай жамандык жана зыян кыла албайт.

 

8) Ал түн Кыямат күндөгү кыйроого учуроочу жамандыктардан саламат болуу жана кутулууга себеп боло турган түн.

 

Кадыр түндү тосуучу адамга 10 насаат:

 

1) Акыркы он түндү уйкусуз өткөрүү;

 

Пайгамбарыбыз акыркы он түндү тирилтип тахажжуд, намаз, зикир, дуба кылуу менен өткөзөт эле. Айша (радияллаху анха) энебиз риваят кылат: «Пайгамбар (саллаллаху алейхи уа саллам) акыркы он күндүк киргенде, ыштанын (ычкырын) бекем байлап, (т.а. аялдарына жакындабайт эле) түнүн уктабай өткөрчү жана үй-бүлөсүн ойготот эле» (Бухарий жана Муслим)

 

2) Үй-бүлөгө жакшы амалдарды кылууга көмөк көрсөтүү;

 

Абу Зарр (радияллаху анху)риваят кылган хадисте «Пайгамбар 23, 25 өзгөчө 27 -түнү үй-бүлөсүн, аялдарын ойготуп тургузаар эле»,- деген. Бул нерсе Пайгамбарыбыздын Кадыр түн үмүт кылынган так түндөрү тургузгандыгына далалат кылат.

 

Суфян Саурий деген аалым: «Акыркы он күн киргенде түндөрү тахажжуд окуп, ижтихад(катуу аракет) кылуу, үй-бүлөнү жана бала чаканы, эгер күчү жетишсе намазга тургузуу мен үчүн жакшыраак», -деген.

 

3) Ал түндө дубаны көп кылуу;

 

Чындыгында Пайгамбарыбыз момундардын энеси Айша энебизге ал түнү дуба кылууну буйруган. Айша энебиз Пайгамбарга: « Мага кабар берчи мага, эгер Кадыр түнгө туш болуп калсам эмне деп айтам»,-деп сураганда. Пайгамбар: » Эй Аллахым, Сен кечирүүчүсүң, кечиргенди жакшы көрөсүң, мени кечиргин» ,-деп айт»,-деди.

 

4) Сырткы келбетти (денени) жана ички дүйнөнү тазалоо;

 

Бизден мурунку өткөн салафу солихиндер акыркы он түндүн баарысында гусул кылып, тазалап жуунууну жакшы көрөөр эле. Алардын кээ бири Кадыр түн үмүт кылынган так түндөрү гусул кылып, жыпар жыттарды себинээр эле. Алла Таалага жалбарууда сөзсүз түрдө сырткы дүйнөнү да, ички дүйнөнү да тазалаш керек.

 

5) Бул убакта Алла Таалага жакын болгон ибадаттардын эң шарапаттуусу Алла Таала менен жалгыз болуп, Ага чын жүрөк менен умтулуу;

 

Алла Таала айтты:

 

«Ошол үчүн Роббуңдун ысымын эстеп, Ага умтул. Ал-Чыгыштын да, Батыштын да Роббусу. Чындыгында Андан башка кудай жок. Аны гана өзүңө Колдоочу деп бил» (Муззаммил:8, 9)

 

Жүрөгүңдү Аллах үчүн бошоткун. Талаш тартыштарды ташта. Аял эркектердин бузукулук аралашуусунан сактан. Телефонуңду өчүр. Интернетиңди токтот. Кайгы-капаңды унут. Алектенткен, сени ибадаттан алаксы кылган жумушуңду ташта. Өзүңдүн нафсиң менен жалгыз бол. Роббуңа сыйынуу, жалбаруу, зикир кылуу, дуба кылуу менен алек бол.

 

6) Жүрөгүңдү карап көр, ниетиңди көзөмөлдө. Адамдын ниети анын кылган амалынан жакшы. Алла Тааладан гана соопту үмүт кыл;

 

7) Билгин, сенин бара турган ордуң сенин аракетиңе жараша болот.

 

Жакшылык эшиктеринин эч бирөөсүн калтырбастан, аны каккыла. Ал эшиктерден кирүүгө аракет кыл. Ибадаттардын түрүн кылуу инсандагы болгон табият чарчоосун кетирет. Мисалы, ибадаттын түрүнө: намаз, зикир, дуба кылуу, куран окуу, садака берүү ж.б., кирет.

 

8) Ибадат кылууда, аракет кылууда Алла Тааладан сабырдуулук тилеп дуба кыл. Албетте, Алла Таала сабырдуулар менен бирге.

 

9) Пайдасыз сөздөрдү азайт. Көп сөздөрдү сүйлөө ибадаттан алаксытып коет.

 

10) Эстегин, албетте, бул убакыт- жарышуу убактысы.

 

Зыянга учуроого, жакшылыктардан куру жалак калууга ыраазы болбо. Адамдар Алла Тааланын кечирими менен, Анын ырайымы менен тозоктон кутулуп, амалдары көбөйгөндөн көбөйүп жатса, бейишти каалап ага умтулуп жатышса, сен өзүңдүн ордуңда кылган күнөөлөрүң, катачылыктарың сени кишендеп коюуусуна жол бербе. Ошол себептен соопторго жетүүгө аракет кыл. Жакшылыктарга шашыл. Жакшылык кербени токтоп турбайт. Балким, биринчилерден болуп жетээрсиң.

 

Алла Таалага жакшы ойдо бол. Эгер сенден бир жакшылык, сооп иш текке өтүп кеткен болсо, тургун, ага жеткенге аракет кыл, балким анын орун басарын табаарсың. Эгер Алла Таалага жакшы ойдо болсоң кылган амалың оңолот. Алла Тааланы терең чыныгы сүйүү менен сүйүп каласың.

 

اللهم نسألك حبك و حب من يحبك و حب كل عمل يقربنا الي حبك

 

Эй, Аллахым, Сенин сүйүүңдү сүранабыз, Сени сүйгөн адамдарды сүйүүнү суранабыз жана Сенин сүйүүңө жакындата турган ар бир амалды сүйүүнү суранабыз.

 

اللهم اجعلنا من الفاءزين في رمضان و اجعلنا من الفاءزين في الدنيا و الآخرة

 

Эй,Аллахым, бизди Рамазанда ийгилике жетүүчүлөрдөн кылгын. Бизди бул дүйнөдө да, тиги дүйнөдө да ийгилике жетип бейишиңе татыктуу инсандардан кылгын.

 

اللهم اجعلنا من الربانيين و لا تجعلنا من الرمضانيين

 

Эй, Аллахым, бизди Өзүңө гана сыйынуучу пенделериңен кылгын. Бизди рамазанда гана ибадат кылып башка маалда жалкоолонуп таштап коюуучулардан кылба!!!

 

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE