Ак көңүлдүүлүк жакшы көрүүнү жана сүйүүнү пайда кылат♥
Адамдын бактылуу болуусунун себептеринин дагы бири- ак көңүлдүүлүк мүнөзүнө ээ болуу.
Ак көңүлдүүлүк ыймандуулуктун мөмөлөрүнүн бири катары түшүнсөк боллот.
Жада калса ыймандуулуктун эң жакшыраагынан болуп саналат. Пайгамбарыбыз мындай деген:
«Ыймандын жакшысы сабырдуулук жана ак көңүлдүүлүк.
Исламдагы ак көңүлдүүлүк учурдагы кээ бир уюмдардын адамгерчилик ураанын көтөргөн түшүнүктөн да тереңирээк маанини камтыйт.
Исламдагы ак көңүлдүүлүк жашоонун бардык тарабын камтыйт.
Анын ичинде мамиле кылуу жолдору , жоопкерчиликтерди көтөрө билүү жана милдеттерди аткаруу сыяктуу.
Мындан тышкары Ислам дининдеги ак көңүлдүүлүк айбанаттарга жана өсүмдүктөргө да карата болот.
Ислам дининин ак көңүлдүүлүгү жана жеңилдиги тууралуу Куранда Алла таала мындай дейт :
« يُرِيدُ اللهُ بِكُمُ الْيُسْرَ وَ لاَ يُرِيدُ بِكُمُ الْعُسْرَ »
Мааниси:
«Алла силерге жеңилдикти каалайт, силерге оорчулукту каалабайт.»
( Бакара : 185 )
Урматтуу окурман, сизге Исламдагы ак көңүлдүүлүк боюнча кээ бир мисалдарды келтирип өтсөк :
Соода сатыкта жана өкүм кылууда.
Пайгамбарыбыз өз хадисинде мындай дейт:
«Силерден мурдагылардан бир кишини Алла таала кечирген.
(Себеби) Ал саткан учурда жумшак эле , сатып алган учурда да жумшак эле жана өкүм кылса да, жумшак болоор эле.» (Тирмизий)
Илимде.
Илимди сураган кишиге аябастан үйрөтүү.
Себеби ким билген илимин жашырса , кыямат күнү оттон болгон жүгөн менен жүгөндөлөт.
Негизи адашкан кишини туура жолго баштаган , наадан кишиге үйрөткөн, кайдыгер кишинин эсине салган инсан өзүн кандай бактылуу сезет!
Чыдамкайлык.
Адамдардын кылган ызасына чыдап аны көтөрө билүү , марттыктын белгилеринин бири.
Алла таала Куранда мындай дейт :
«وَ اخْفَضْ جَنَاحَكَ لِمَنِ اتَّبَعَكَ مِنَ المُؤْمِنِينَ »
Мааниси:
«Момундардан сени ээрчигендерге канатыңды жай.» (Шуара : 215 )
Имам Ахмад риваят кылган хадисте
Пайгамбарыбыз мындай деп айткан:
«Тозокко ар бир жеңил, жумшак, сылык жана адамдарга жакын болгон киши арам болот.» (б.а. ага кирбейт)
Ачуусу келгенде.
Эгер инсанга бирөө тараптан ачуусун келтире турган иш жасалса, анан ал ага жумшактык жана сылыктык менен жооп берсе , демек бул, ал кишинин адамгерчилик деңгээлинин жогору экендигине жана дили таза экендигине далил.
Пайгамбарыбыз өзүнүн хадисинде:
«Ким өч алууга кудурети жетип туруп , бирок ачуусун басса, Алла таала калайыктын үстүнөн аны чакырып, үр кыздардан каалагандай тандап алуусуна уруксат берет.» — деген.
Ал эми шарияттагы Алла таала тыйган нерселер жасалып жатса , ага нааразы болуп, ачууланууга мусулман киши милдеттүү.
Аиша энебиз риваят кылган хадисте мындай деп айтат:
«Пайгамбарыбызга эки иштин бирин тандоого уруксат берилсе , ал эки иштин ичинен күнөө болбогон жеңилирээгин тандаар эле.
Эгер күнөө болсо, адамдардын ичинен андан эң алысыраагы болоор эле жана эч бир нерседе өзү үчүн өч алган эмес.
Бир гана Алла таала харам кылган нерселерге шек келтирилгенде гана, андан Алла таала үчүн өч алчу.» (Бухарий жана Муслим ).
Ошентип мамиледеги жумшактык кичи пейилдүүлүк сыяктуу ак көңүлдүүлүк мүнөзүнө ээ болуу, адамга бактылуулук жана ички дүйнөсүнө курсантчылык алып келет.