Айт намаздар

https://kyrgyzcha.site/?p=50045&preview=true Намаз убагы,жана намаз уйронуу болуму!

Айт намаздар

Шаввал айынын биринчи күнү фитир, башкача айтканда, Орозо айттын, ал эми Зилхижже айынын онунчу күнү Курман айттын биринчи күндөрү болуп эсептелет. Бул эки күндө күн чыккандан кийин 45 мүнөт өткөн соң, б.а., карахат убактынан кийин эки рекет Айт намазын окуу эркектер үчүн важиб.

♥Айт намаздын шарттары Жума намазынын шарттарына окшош. Бир гана айырмасы бар, Айт намазда хутба сүннөт катары саналат жана намаздан кийин окулат.

♥Орозо айтта намаздан мурун таттуу нерсе (хурма же момпосуй) жеш; гусул алуу, мисвак колдонуу, эң жакшы кийимдерди кийүү, жолдо акырын такбир окуу мустахаб.

♥Курман айтта намаздан мурун эч нерсе жебөө, намаздан кийин курмандыкка чалынган малдын этин жеш, намазга баратканда үнүн катуу чыгарып, (кандайдыр бир сыркоосу бар адам акырын чыгарса да болот) такбир окуу мустахаб.

♥Айт намаздары эки рекеттен турат. Жалгыз окулбастан, жамаат менен бирге окулат.

Айт намазы кантип окулат?

1. Адегенде:

«Ниет кылдым важиб болгон Айт намазын окууга, уюудум даяр болгон имамга», — деп ниет кылып, намазга турулат. Анан «Субханака» окулат.

2. Субханакадан кийин үч жолу такбир кылынып, кулак кагылат. Биринчи жана экинчи такбирден кийин колдор ылдый түшүрүлөт. Ал эми үчүнчү такбирден кийин колдор байланат. Имам алгач Фатиха, анан бир сүрө окуйт, анан чогуу рукуга ийилишет.

3. Экинчи рекетте имам алгач Фатиха жана бир сүрө окуйт. Анан такбир кылынып үч жолу кулак кагылат. Төртүнчү такбирде колдор көтөрүлүп кулак кагылбастан рукуга ийилет. Кыскача:

«Эки жолу кулак как, бир жолу байла. Үч жолу кулак как, бир руку кыл!» деп эске тутууга болот.

Ташрик такбирлери:

Курман айттын арафа күнү багымдат намазынан тартып, төртүнчү күндүн аср намазына чейин ажылардын жана ажыга барбаган жамаат менен же жалгыз намаз окуган бардык аял, эркектердин фарз намаздан кийин салам берип, дароо бир жолу ташрик такбир окуулары важиб.

•Жаназа намазынан кийин окулбайт. Мечиттен чыккандан кийин же баарлашкандан кийин окуунун зарылчылыгы жок.

♥Имам такбирди унутуп калган болсо жамаат токтотпойт. Эркектер үнүн катуу чыгарып окушса болот. Ал эми аялдар акырын айтышат.

Ташрик такбири:

«АЛЛАХУ АКБАР, АЛЛАХУ АКБАР. ЛАА ИЛАХА ИЛЛАЛЛАХ ВАЛЛАХУ АКБАР. АЛЛАХУ АКБАР ВА ЛИЛЛАХИЛХАМД».

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️