Акыркы убактарда илим адамдарынын көңүлүн жаңы тема, тагыраак айтканда, Айдын адамга тийгизген таасири буруп келет.
Окумуштуулардын айтуусунда океандарда суунун көтөрүлүшү же төмөндөшүнө Ай себеп болгондой эле, денесинин 80 пайызы суу болгон адамга да анын таасири тийет. Денедеги суюктук теңдиги бузулат, мээдеги тартиптүү иш абалы аксайт жана жүрөк кагышы тездешет.
Өзгөчө, жүрөк, кант ооруларына чоң таасирин тийгизет. Ошондой эле толгон Ай нерв системасындагы клеткалардын иштөө тартибин да бузат жана жыйынтыгында денедеги тең салмактуулукту жоготот, денедеги электр агымы эки эсеге артат. Толгон айдын таасири аял затына көбүрөөк тийүүсү да айтылган.
Дагы бир кызыгы, Ай толгон кезде адамдар арасында кылмыштуулук да көбөйөт экен. 1993-жылдын август айында Ай толгон күндөрү Албанияда адам өлтүрүү, акылдан адашуу, өзүн- өзү өлтүрүү ж.б. кылмыштар көбөйгөндүгү байкалган.
Француз окумуштуусу Рене Клауде Гуиллот ушул күндөрдөгү аткарылган кылмыштарды изилдеп чыгып, «Толгон Ай тентектиктери» аттуу китебин жазып чыккан. Анда Ай толгон учурда бир гана Франция эмес, Америкада да кылмыштуулук көбөйөрүн жазган. Көрсө
бул мезгилде бир эле өлкөдө эмес, жер бетинин баардык жеринде кылмыш иштери көбөйөт экен. Ал эми психологдордун айтымында, ай толгон учурда адамдарда кандайдыр бир рухий өзгөрүү пайда болот.
Мындан тышкары индиялык эки окумуштуунун жүргүзгөн тажрыйбалары да Ай толгон учурдагы жер бетиндеги өзгөрүүлөрдүн болорун далилдешкен. Алар тажрыйбаларынын жыйынтыгын “British Medical journal» медициналык журналына жарыялаган.
Изилдөөчү профессор С.Р. Тхакурдун оюнча, ай толгон күндөрдө өзүн өлтүрүү жана башка кылмыштардын көбөйүүсүнө инсан денесиндеги “кел-кет” толкундары себеп болот экен. Ай толгон убакта Жер, Ай жана Күн бир сызыкта жаткандыктан айдын тартуу күчүндө өзгөрүү болуп, адам денесиндеги суу өлчөмү 60 пайызга чейин ашат. Изилдөөчүлөр беш жыл ичинде үч милиция мекемесинде топтолгон маалыматтарды компьютерге жүктөп, жыйынтыктарды ай толгон убактар менен салыштыргандан кийин ушундай чечимге келишкен. (“Илим жана техника” журналы, 298-сан; “Хур- рият” гезити, 1993-ж. 3-сентябрь; “Толгон ай Кабусу” , 5-бет).
Айдын толгон учур тууралуу Исламда эмне айтылган?
Айдын толгон мезгилинде адамдарда өзгөрүү болору жана алар күнөө ишке барары пайгамбарыбызга (Ага Алланын салам-салаваты болсун) белгилүү болгон.
Пайгамбарыбыз (Ага Алланын салам-салаваты болсун) көптөгөн хадистеринде мына ушул күндөрү орозо кармоого чакырган. Ал эми орозо кармоо адамды күнөөдөн сактап турарын пайгамбарыбыздын (Ага Алланын салам-салаваты болсун) жаш жигиттерге кайрылып айткан хадисинен байкасак болот.
Хадисте пайгамбарыбыз (Ага Алланын салам-салаваты болсун):
«Оо, жаш жигиттер! Эгер үй-бүлөө курууга күч-кудуретиңер жетсе, үйлөнгүлө. Эгер мүмкүнчүлүгүңөр болбосо, анда орозо кармагыла.
Орозо – силерди күнөө кылуудан тосуп турат» – деп айткан.
Ал эми төмөндө ай толгон учурда орозо кармоо тууралуу айткан пайгамбарыбыздын (Ага Алланын салам-салаваты болсун) бир канча хадистерин сунуш кылабыз.
1. Абу Хурайра (Алла андан ыраазы болсун) кабарлаган хадисте, ал минтип айткан:
«Пайгамбарыбыз мага ай сайын үч күн орозо тутууну осуят кылды»♥ (Бухари, Муслим, Нисаи).
2. Абу Дарда (Алла андан ыраазы болсун) кабарлаган хадисте, ал:
“Сүйүктүү пайгамбарым жашоомдо ай сайын үч кун орозо тутууну эч качан таштабай улантууну сунуш кылды” — деп айткан♥ (Муслим).
3. Абу Зар (Алла андан ыраазы болсун) кабарлаган хадисте, ага пайгамбарыбыз минтип айткан:
«Оо, Абу Зар, эгер ай сайын үч кун орозо тута турган болсоң, айдын он үч, он төрт жана он бешинде кармагын» (Имам Тирмизи, Нисаи).
Белгилүү болгондой, айдын ортосундагы бул үч күн Ай толгон күндөр. Пайгамбарыбыз (Ага Алланын салам-салаваты болсун) Рамазан орозосунан тышкары, бул күндөрдө да орозо тутууну сунуш кылып, минтип айткан:
«Сабыр айынын (Рама- зандын) орозосу жана ар айда үч күн орозо тутуу дилди бузулуудан сактайт».
Абу Зар (Алла андан ыраазы болсун) кабарлаган хадисте, Пайгамбарыбыз (Ага Алланын салам-салаваты болсун) минтип айтат:
“Ар бир айда үч күн орозо тутуу жүрөктүн каарын кетирет”♥
Ошондо сахабалар:
”Жүрөктүн каары дегенди кандай түшүнөбүз?” – деп сурайт.
Пайгамбарыбыз (Ага Алланын салам-салаваты болсун):
”Ал — шайтандын жамандыгы» – деп жооп берет. (Имам Ахмад).
♥Мына ушундай хадистердин негизинде айдын толуп турган күндөрүндө, тагыраак айтканда, он үч, он төрт жана он бешинчи күндөрү орозо кармоо сүннөткө ылайык болуп, сообу көп амал болуп эсептелет.
Ал эми жогоруда айтылгандай, орозо кармоо адамды күнөө кылуудан тосуп токтотуучу бирден-бир курал.
Демек, мындан он төрт кылым илгери эле пайгамбарыбыз (Ага Алланын салам-салаваты болсун) Ай толгон күндөрдө күнөөдөн сактануунун жолун бизге айтып кеткен экен♥
Ал эми илим техниканын өнүккөн доорундагы илимпоздор Айдын толгон убагында болуучу сырларга дагы эле толук ачылыш жасай элек жана алардын изилдөөлөрү дагы эле уланып жатат. Болгону, бул мезгилде адамдар кылмышка көбүрөөк барарын гана аныктай алышты. Эми дагы бир аз күтө туралычы, ийне менен кудук казган илимпоздор, пайгамбарыбыз (Ага Алланын салам-салаваты болсун) сыяктуу бул күндөрү кылмыш-күнөө кылуудан сактануунун дарысын да таба алышар бекен?
Ал эми пайгамбарыбыздын (Ага Алланын салам-салаваты болсун) мындай даанышмандыгы Улук Жаратуучу Алла Таала тарабынан берилгендиги жашыруун эмес.
Анткени, Алла Таала пайгамбары тууралуу:
«Ал өз оюнан чыгарып сүйлөбөйт.
Ал жалаң гана ага жиберилген аян менен сүйлөйт» деп айткан.