Хадис-и шарифте айтылат:
«Силердин араңардан ыйман жагынан алып караганда жакшы болгонуңар – ахлакгы жакшы болгонуңар”(Хаким)
«Йа Рабби Сенден сыххат, афийет жана жакшы ахлак тилеймин.”(Хараити)
«Мен жакшы ахлакты толуктоо үчүн жиберилдим”(Байхаки)
«Суунун кирди тазалап кетиргендиги сыяктуу, жакшы ахлак да чоң күнөөлөрдү кетирет. Уксустун балды бузуп жибергендиги сыяктуу, жаман ахлак да жакшы амалдарды бузат.”(И.Хиббан)
«Аллаху тааланын алдында жаман ахлактан да чоң күнөө жок. Себеби, жаман ахлактуу адам жаман мүнөзү менен кылган күнөөсүнөн тообо кылып кутулса да кайрадан эле башка бир күнөөгө кирет. Эч качан күнөөдөн кутула албайт.”(Исфахани)
«Кимде ким тообо кыла турган болсо, тообосун Аллаху таала кабыл кылат. Жаман ахлактуу адамдын тообосу кабыл болбойт. Себеби, бир күнөөдөн улам тообо кылса да жаман ахлагы болгондугу үчүн башка бир чоң күнөө кылат.”(Таберани)
«Жакшы ахлак – бул сенден мамилесин үзүп кеткен туугандарды зыярат кылуу, сага бербегенге сенин берүүң, сага зулумдук кылган адамды кечирүү.”(Байхаки)
«Дин – бул жакшы ахлак.”(Дайлами)
«Момундардын ыйман жагынан эң фазилаттуусу – бул ахлагы жакшы болгону.”(Тирмизи)
«Күндүн музду ээриткендиги сыяктуу жакшы ахлактын да күнөөлөрдү ээритип кетире тургандыгында эч бир шек жок.”(Хараити)
«Бир мусулман жакшы ахлагынын аркасынан түнкүсүн ибадат кылып, күндүзү орозо кармаган адамдын даражасына жетет.”(И. Ахмед)
«Бир адам аз ибадат кылса да, жакшы ахлагынын аркасынан эң жогорку даражаларга жетет.”(Таберани)
«Жумшак мамиле кыл!
Катуулуктан сактан!
Жумшактык адамды кооздойт, жамандыкты кетирет.”(Муслим)
«Жумшак мамиле кылбаган адам кайырлуу иш кылган болбойт.”(Муслим)
«Эң көп сүйгөн адамым – мүнөзү жакшы болгон адам.”(Бухари)
«Жумшак адамга дүнүйө жана акырет жакшылыктары берилген.”(Тирмизи)
«Тозокко кирүүсү харам болгон жана Тозоктун да аны күйгүзүүсү харам болгон адамды билдирип жатам. Көңүл бөлгүлө! Бул адам – адамдарга жеңилдик, жумшактык кылган адам.”(И. Ахмед)
«Жумшак болгондор жана жеңилдик кылгандар айбандын тизгинин кармаган адам сыяктуу. Токтоткусу келсе айбан ага баш ийет. Таштын үстүнө айдагысы келсе айбан ошол жерге чуркайт”. (Абу Давуд)
«Жаннатка киргизе турган нерселердин эң башкысы Аллаху тааладан коркуу жана жакшы мүнөздүү болуу. Тозокко киргизген себептердин башы – дүнүйөлүк нерселерден айрылганда көңүлүн түшүрүү жана бул нерселерге жеткенде да сүйүнүү, азып кетүү.” (Тирмизи)
«Ыйманы эң кубаттуу болгон адам – бул ахлагы эң жакшы болгон жана жубайына абдан жумшак болгон адам.” (Тирмизи)
«Адам жакшы мүнөзү менен Жаннаттын эң жогорку даражаларына жетет. (нафил) ибадаттары менен бул даражаларга жете албайт. Жаман мүнөз адамды Тозоктун эң түбүнө сүйрөп түшөт.” (Таберани)
«Ибадаттардын эң жеңили — аз сүйлөө жана жакшы мүнөздүү болуу.”(Ибни Эбиддунйа)
«Ушул үч нерсеси бар адамдын ыйманы толук: Бардык адамдар менен жакшы мамиледе болгон жакшы ахлак, өзүн харам нерселерден алыс кармаган вара, жахилдигин жаап турган жумшактык.”(Несаи)
«Дүнүйөдө жана акыретте кечирим сурап кала турган сөздөн жана кыймыл-аракеттен узак турууга аракеттен!”(Хаким)
«Сөз беремин, талашып-тартышпаган, өзүнүкү туура болсо да тили менен эч бир адамды таарынтпаган, тамаша же болбосо жанындагыларды күлдүрүү максатында жалган сүйлөбөгөн, жакшы мүнөздүү мусулман Жаннатка кирет.”(Тирмизи)
«Ушул алты нерсени аткарган адамдын Жаннатка кире тургандыгына кепил боломун: Сүйлөгөндө чын сүйлөгөн, берген сөзүн орундаткан, аманатка көңүл бурган, намысын коргогон, көздөрүн харамдан сактаган, колдорун жамандыктан тарткан адам.”(И. Ахмед)
«Аллаху таала айтты:
«Силерге жиберген Ислам дининен ыраазымын, (бул динди кабыл кылып, бул диндин буйрук жана тыюуларына көңүл бөлгөндөрдөн ыраазы болуп, аларды сүйөмүн.) Бул диндин толук болуусу жоомарттык жана жакшы мүнөздүү болуу менен болот. Сиз дагы диниңиздин толук болгонун ар күн ушул эки нерсе менен белгилүү кылыңыз.”(Таберани)
«Хак таала жумшак мүнөздүү адамга жардам кылат, катуу мүнөздүү жана ачуулу адамга жардам кылбайт.”(Таберани)
«Жумшак болгон, ачууланбаган мусулмандын Тозокко кирүүсү харам.”(Тирмизи)
«Жай, жумшак мамиле кылуу – бул Аллаху тааланын кулуна берген чоң ихсаны. Шашкалак болуу шайтандын жолу. Аллаху таала сүйгөн нерсе- бул жумшак жана оор басырыктуу болуу.”(Э. Йала)
«Адам жумшактыгы, таттуу тили менен күндүзүн орозо кармап, түнү намаз кылган адамдын даражасына жетет.”(И. Хиббан)
«Ачууланар замат ачуусун жеңип, жумшак мамиле кылган адамды Аллаху таала сүйөт.”(Исфахани)
«Жарык жүз менен салам берген адам садака берген адамдын сообун алат.”(И.Э. Дунйа)
Бир адам Расулаллахтан (саллаллаху алейхи ве саллам) насихат сурайт,
«Ачууланба”,- дейт.
Бир канча жолу сурайт, «Ачууланба”,- деди. (Бухари)