Пример HTML-страницы

Адилет Орозбаков Боз-Учук айыл өкмөтүнүн башчысы болуп дайындалды

Акыркы жанылыктар

TurmushКечээ, 1-апрелде Адилет Орозбаков Ак-Суу районунун Боз-Учук айыл өкмөтүнүн башчысы болуп дайындалды. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Маалыматка караганда, аны кечээ район акими Мунарбек Насиров жамаатка жана айыл активине тааныштырды.

Резюмеси:

Орозбаков Адилет Эсенгулович 1980-жылы туулган. 2 баланын атасы.

Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин мамлекеттик кызмат жана философия факультетин аяктаган.

Мамлекеттик кызматтагы стажысы 8 жыл.

Ишмердүүлүгү:

2003-2005-жылдары — Чүй облустук администрациясынын укук коргоо органдары менен иштөө секторунун адиси;

2005-2007-жылдары — Чүй облустук администрациясынын укук коргоо органдары менен иштөө бөлүмүнүн башкы адиси;

2007-2008-жылдары — Чүй облусунун губернаторунун жардамчысы;

2008-2010-жылдары — Чүй облустук администрациясынын укук-тартип иши боюнча бөлүмүнүн башкы адиси;

2012-2013-жылдары — «Мөл-Булак ру» компаниясынын адиси;

2015-жылы Чүй облусттук администрациясынын финансылык-экономикалык суроолор боюнча бөлүмүнүн башкы адистин милдетин аткаруучу;

2015-жылдан ушул күнгө чейин жеке ишкер;

2021-жылы Жети-Өгүз районунну Оргочор айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин депутаты.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE