Адамзаттын тарыхында «ширк» кандайча пайда болгон? 

https://kyrgyzcha.site/?p=51890&preview=true Намаз убагы,жана намаз уйронуу болуму!

Адамзаттын тарыхында «ширк» кандайча пайда болгон?

ШИРКТИН келип чыгуу тарыхы.

Ширктин эң алгачкы белгилери Нух пайгамбардын коомунда пайда боло баштаганы белгилүү. Ибн Аббас, ага жана анын атасына Аллах ыраазы болсун, жеткизген бир кабарда, Нух менен Адам атанын ортосунда убакыт аралыгы он кылым болгон дейт.

Ошол убакыт аралыгында адамдар биркудайчылыкты (жалгыз Аллах Тааланын Өзунө гана сыйынуучулукту) чыныгы түрдө карманып өмүр кечиришкен, бирок иш-амалдарында кемчиликтери да болуп турган. Алардын арасында, элдерге ардайым эскертип насаат кылып турчу чыныгы такыба-салих момун инсандар болгон.

?Бухари хадис жыйнагында, Вадд, Сува`а, Йягус, Йя`ук, Наср деген салих момун инсандар тууралу айтылат. Ал инсандар дүйнөдөн өткөндөн кийин, шайтан келип, адамдарга:

«Аларга айкелдерди орноткула, силер жаман иш жасоого бет алган кезиңерде, алар силерге эскертип, насаат айтып токтотуп, силерди жакшылыка чакырып жургөн улуу инсандар эле го. Алардын айкелдерин орноткула, ошол эстеликтерди көргөн кезиңерде, алардын кандай такыба-салих адамдар болгонун эстеп, өзүңөр да ошолордой болууга умтуласыңар» -деп азгырык-шыбыроолорду жасайт.

Ошентип, аларга эстеликтерди орнотушат. Арадан жылдар, жыл артынан кылымдар өтөт. Ал адамдардын эстеликтерин эмне максатта орнотулганын билген аксакал карыялар дүйнөдөн өтөт.

Шайтан кайрадан келип, адамдарга:

«Чындыгында, бул эстеликтер силердин ата-бабаңардын сыйынуучу кудайлары болгон, ата-бабаңардын жолунан-дининен баш тартпагыла, силер да ал айкелдерге ата-бабаңар сыйынгандай сыяктуу сыйынгыла»- деп азгырат. Ошентип адамдар ошол буттарга сыйына башташат.

♥Аллах Таала Өз мээрими менен ал адамдарды, караңгылыктан жарык нурга, «ширктен» (көпкудайчылыктан)  «таухидке» (биркудайчылыка) чыгаргысы келип, аларга  «буттарды таштап, жалгыз Аллах Тааланын Өзүнө гана сыйынгыла» деп чакыруучу Нух пайгамбарды жиберет.

Нух (алейхис салам) адамдарды Кудайдын Өзүнө гана сыйынуу керектигине күндүр-түндүр, жашырын жана ачык жария түрүндө чакырат. Бирок алар Нухтун сөздөрүнө кулак-салбай, текеберчилик кылып  элдерге мындай дешет: «Өз кудайчаларыңарды таштабагыла “Вадды”, Сува`аны”, Йягусту”, Йя`укту” жана “Насрды” дагы таштабагыла!” дешти» (Нух сүрөсү  -23 аят)

?Ошондо Нух, Аллах Таалага кайрылып:

«Роббим! Жер бетинде каапырлардан эч бирин калтырбагын» дейт.(Нух сүрөсү -26 аят).

♥Аллах Таала Нухтун дуасына жооп берип, Куранда айткандай ширк кылып, ыйманга келбеген коомун жер менен жексен кылат:

«Качан гана Биздин буйругубуз келип, тандырлардын оозунан оргуштап суу атырылып чыкканда, Биз айттык: “(Оо Нух!) кемеңе ар-түрдү айбанаттардан экиден жуптарды, үй-бүлөңдү жана ыйман келтиргендерди чыгар. Ал эми, Биздин сөзүбүз жеткен адамдарды (чыгарба!)” ага бир аз эле кишилер ыйман келтирген болчу “(Нух) айтты: “кемеге чыккыла!

Анын жүрүшү да, токтошу да Аллахтын ысымы менен. Чынында Роббим – Кечиримдүү, Ырайымдуу!”… “Жана кеме тоолордой толкундардын үстүндө сүзүп баратканда Нух (ыймандуулардан) ажырап калган уулуна:

“Оо, уулум, биз менен бирге кемеге чык! Каапырлар менен болбо!»- дегенде ал: “Мен тоонун башына чыгып кетемин. Ал мени суудан сактап калат”деди.

(Нух) айтты:

“Бүгүн Аллахтын буйругунан кутултуучу жок. Өзү ырайым кылгандар гана (кутулат.) (Анан) экөөнүн арасын толкун бөлүп койду жана (уулу, каапыр болгону себептүү) чөктүрүлгөндөрдөн болду.  (Кийин Аллахтын буйругу) айтылды:

“Оо, жер, сууңду тарт! Оо, асман (жамгырды) токтот!” Ошентип, суу тартылды жана өкүм аткарылды.(Кеме) Жудий тоосунун үстүнө токтоп калды жана “заалымдарга өлүм!” деген наалат айтылды» (Худ сүрөсү -40-44 аяттар)

? Арадан жылдар өтүп, бул илдетке `Ад  коому дуушар болот. Алар, Аллах Тааладан бөлөк нерселерге сыйына башташат.  Аллах Таала Өз мээрими менен бул элге Худ (алейхис салямды) жиберет.

Худ өз коомун:

«Оо элим! Аллахтын Өзүнө гана сыйынгыла! Силердин Андан бөлөк сыйынууга татыктуу зат жок!» деп чакырат. (Худ сүрөсү-аят 50)

Худтун коому текеберленип, пайгамбардын чакыруусуна кулак салышпайт, ошентип Аллах Таала аларга катуу бороон-шамал жиберип, аларды жер менен-жексен кылат.

? Андан кийин, ширкке белчесинен батып, ага булганган, Самуд коому болгон.  Аллах Таала  аларга  Салих (алейхис салям)ды  жиберет.  Салих өз коомун күндүр — түндүр , жашыруун жана жарыя түрдө,  жалгыз Аллахтын Өзунө гана сыйынууга чакырат, бирок алар да текеберленип, өздөрун көтөруп кабылдашпайт. Аллах Таала аларга катуу добуш жиберип, аларды да жок кылды.

? Жана, бул нерседен Ибрахим (алейхис салам) коому да аман  кала албады. Алар ар-түрдүү буттарга, планеталарга, айга, күнгө сыйына башташат. Аллах Таала мээримин төгүп, аларга эскертүүчү иретинде, андан салихалуу-такыба урпак тараган Ибрахимды (алейхис салям) жиберет.

Андан кийинки пайгамбарлардын баары Ибрахимдин баласы Исхактан тараган. Ал эми экинчи уулу Исмаилдин (алейхис салям)  урпагынан Аллах Таала пайгамбарлардын эң абзели болгон Мухаммадды ﷺчыгарган♥

? Кийин Исраил урпактары чыгат, алардын кээ бирлери музоого сыйына башташат, алардын жасаган ал иштерин Муса (алейхис салам) менен Харун (алейхис салам) тыйышат. Ал эми башка тобу Узайрды «Кудайдын баласы» деп ага табынышат.

• Андан кийин келип, христиандар пайда болот. Алардын көбү  Иса пайгамбарга сыйынып кетишет. Ошондой эле, ширк Амр ибн Лухай ал-Хузаи  деген адамдын себеби менен арабтарга да жетип келет.

♥Абу Хурайрадан (радиаллаху анху) келген хадисте Пайгамбарыбыз ﷺмындай деген♥

«Мен, Амр ибн Лухай ал-Хузаиды өз ичеги-карынын сүйрөгөн абалында Отто жүргөнүн көрдүм. Ал Ибрахимдин динин эң алгачкы болуп өзгөрткөн адам»

•Бул, араб жарым аралына буттарды эң алгачкы болуп алып келген адам.

? Ошондон тартып, буттар улам көбөйгөндөн көбөйүп, жадагалса аларды Каабанын жанына, Каабанын айланасына жана ал-турсун Каабанын ичине да орнотуп башташкан. Адамдар Аллах Тааланын Өзүнө гана сыйынууну тап-такыр калтырып, таштарга сыйынууга өтүп алышкан.  Абу Раджа ал-Атариди айтат:

«Наадандык доор (жахилия) кезде биз таштарга сыйынчу элек. Эгер биринчи таштан жакшыраак башка таш таап алсак, анда эскисин таштап жаңысына сыйына баштайт элек. Ал эми тап-такыр таш таба албай калган кезде, топурактан бир дөңчө кылып алып, ал жерге кой алыпкелип, аны ошол дөңдүн үстүнө саайт элек. Андан соң ошол дөңчөнү айланып таваф жасайт элек…».

? Ал эми, аларга Кудайдын мээрими түшүп, ошол доордун адамдарына Кудай Таала туура жолду көрсөткүсү келгенде,  Ал, аларга  биркудайчылдардын (т.а. Аллахтын Өзүнө гана сыйынып, Ага шерик кошпогондордун) имамы болгон Мухаммадды ﷺжиберди. Ал пайгамбардын чакырганы:

«Жалгыз Аллахтын Өзунө гана сыйынгыла, Андан бөлөк Кудайыңар жок силердин, сыйынууга жалгыз Ал гана татыктуу (ылайык). Ал эми силер сыйынып жүргөн нерселериңер, укпайт жана көрбөйт, эч нерсени сезбейтдагы жана эч кандай жардам да бере албайт» деген чакыруу эле. Ошондо анын бул чакырыгына кулак салбай, адамдар арасында бой көтөрүп-текеберленип аны ээрчүдөн баш тарткандар чыгат. Алар:

«Ал чындап эле кудайларды бир эле кудайга айландырат бекен?! Чындыгында бул өтө таңкалычтуу нерсе» (Сад сүрөсү-5 аят) дешет эле.

?Ошондон баштап каапырлар, пайгамбарыбыз ﷺменен сахабаларын кыйнап, мазактап, таш менен уруп, аларды ар түрдүү  азаптарга дуушар кылышат. Пайгамбардын ﷺдааватына болгон күч-аракети менен каршылык көрсөтүп, ар түрдүү тоскоолдуктарды жаратып турушкан. Бирок, ал аракеттери каапырларга эч кандай пайда бербейт. Тескерисинче, мусулмандар ыймандын даамын сезип, динге болгон дааваттан кайра ыкластары күчөп, бул жолдо сабырдуу болуу керек экендигин, жеңиштин келерин, адамдар Аллах динине топ-топ болуп кире баштаарын түшүнүшөт. Ошентип, «таухид» (биркудайчылык, б.а. жалгыз Аллах Тааланын Өзүнө гана сыйынуучулук, жана Андан бөлөк эч нерсеге сыйынбоочулук) башка (бузук) диндер үстүнөн үстөмдүк алды.

? Бирок, убакыттар өтүп, адамдар арасындагы көптөгөн карама-каршылык көз караштар пайда болуп, адамдар  чыныгы «таухидтен» (бир Кудайдын Өзүнө гана сыйынуучулуктан) улам алыстай баштады. «Ширк» (көпкудайчылык, б.а. Кудайдан башка нерселерге сыйынуучулук) жаңы толкун, жаңы-күч менен жайыла баштады. Атүгүл кээ бир мусулмандардын өзү да андан аман кала албады, албетте Аллах ырайым кылгандардан башкасы.

? Азыркы кезде ширк, таштарга табынуу менен гана эмес, ошол менен катар эле диний амалдарды Аллахка эмес башка нерселерге арноо сыякту түрдө кирип кетип жатат. Мисал кылып айтканда, Аллах Тааладан бөлөк нерселерге дуа-тилек менен кайрылуу, Аллахтан бөлөк нерсеге курмандык чалуу, Аллахтан бөлөк менен ант ичүү, Аллахтан башкадан шапаат тилөө жана башка нерселер.

•Убактыбызды мисалдарга коротпой эле коёлу.  Сыртка чыгып сабатсыз мусулмандарга карасаң байкайттурган нерселер жетиштү эмеспи?

?Оорукчан адам, Аллахтан эмес бир олуя сыяктулардан шыпаа-даба тилегенин көрөбуз. Мусулмандардын, курмандык чалса Аллахка эмес бир (паланча «пирине»), олуяга деп арнап жаткандарын көрөбүз. Же, бирөө береке сураса (же перзент тилесе) Аллахтан эмес  бир («ыйык нерсе» деп, таштардан, күмбөздөрдөн, тоолордон, дарактардан, булактардан), олуялардан тилеп жатканын көрөбүз. Албетте бул нерселерге Аллах Таала ырайымына алып Туура жолго түшкөндөрдүн тиешеси жок.  Бул, ар бирибиздин тынчыбызды алып, ойлондурган  көйгөйүбүз, анткени биз, Аллах Таалага шерик кошпой, Анын Өзүнө гана сыйынууну тутунгандарданбыз?♥

Жана ар бирибиздин милдетибиз бул, Аллахтын жалгыздыгын жана Андан гана жардам сурап Ага гана сыйынуу керектигин, чыныгы «таухидтин» жарык нурун адамдарга жеткирүү, түшүндүрүү!

?Соңунда Аллахка мактоолор болсун!

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️