АДАЛГА ТЫЙУУ САЛЫП, АРАМГА УРУКСАТ БЕРҮҮ — ШИРК
Пайгамбарыбыз (саллаллооху алайхи ва саллам) өзүнүн пайгамбарлык миссиясын:
«Мен таза ханафия менен жөнөтүлгөмүн»-деп түшүндүрөт.
Анткени, ханафия мурдагы пайгамбарлардын чыныгы монотеисттик ишенимге негизделген мурасы катары каралгандыктан тазалык – жалгыз Аллахтын өкүмүнө гана баш ийүүнү туюндурат.
Пайгамбарыбыз (саллаллооху алайхи ва саллам) кайсыдыр кудсий хадисте Аллахтын:
«Мен адамдарды(ханифа)жалгыз кудайлуулукту тан алгандай кылып жараткам.
Бирок, шайтандар Мен уруксат бергенге тыйуу салып, Мен буюрбаган нерселерди Мага шылтап аларды түз жолдон буруп келишет» -дегенин айтат.
Ислам арамды адалдоону, Шайтанды ээрчип анын ар бир жол ачуусуна тыйуу салат.
Аллахтын өкүмүн түз бузбаганы менен, аны айланып өтүп, адал деп жарыялаганы үчүн Жараткан жөөттөрдү наалаттаган.
Пайгамбарыбыз (саллаллооху алайхи ва саллам)
«Аллахтын өкүмдөрүн айланып өткөн жөөттөргө окшоп кыйтырлык кылбагыла»-деп эскерткен.
Бул хадисте Пайгамбарыбыз (саллаллооху алайхи ва саллам) Аллах жөөттөргө ишемби күнү балык уулаганы тыйуу салып, бирок алар торун жума кечинде салып, жекшемби тартып алганын айтып жатат.
Ошондой эле арамдын түсүн, атын жана затын аралаштыруу менен адалга чыгаруу да оор күнөө.
Анын кээ бир сапаттарын өзгөртүү менен негизги заттык сапаты өзгөрүлүп калбайт.
Буга «арак деле буудайдан жасалат», «үстөк пул пайда апкелет» деп арамды актагандарды айтса болот.
Пайгамбарыбыз (саллаллооху алайхи ва саллам) булар тууралуу:
«Менин үммөтүмдө арактын атын өзгөртүп уруксат бергендер болот», «Бир кезде адамдар үстөктү соода деп уруксат беришет»-деген. Ушундан улам азыр чын эле эротикалык бийлер – «искусство», алкоголь – «илхам ичимдиги» жана «үстөк – ишкердик» деп аталып калды.
Ислам арамды белгилеп гана койбостон ага алып баруучу шарттарды да көзөмөлдөп, тартиптейт.
Эгер кайсыдыр аракет арамга алып барса же ага шарт түзсө анын өзү да арам өкүмүнө кирип калат.
Мисалы, аялдын колу менен жүзүнөн башкасы аврат жана аларга жат адамдын (атайлап шакват үчүн кароону эске албаганда) көзү түшсө күнөө эмес.
Кээ бир мазхабдарда көргөнгө уруксаты барды кармаса да болот дейт. Т.а. аялдын колун кармоо тегинде арам эмес.
Ал эми никесиз байланыш, жыныстык катнаш арам.
Никесиз байланышка алып баруусун утурлап, шариат жат аял менен кол алышып көрүшүүгө да тыйуу салат.
Ошондой эле, аялдарга жасанууга уруксат, бирок бузукулукка шарт түзүлбөсү үчүн ислам аялдарды көчөгө жасанып чыгуусун чектейт. Дары -дармекте да адамдын оорусу айыгуу үчүн адатта арамдан деле колдоно беришет жана муну муктаждык деп актанышат.
Чындыгында адам ден соолугуна адалдан дары табылбай калса гана арамга уруксат берилет.
Бирок, кудайга шүгүр бүгүн арамга караганда адалдары толтура.
Кеп аны издөөдө.
Аллах уруксат бергенди өз алдынча тыйып, Анын кулдарынын укугун чектегендерди жана Ал тыйуу салганга уруксат берип, коомдун бузган кээ бир чектен ашкан фанаттарды утурлап Аллах:
«Эй ыйман келтиргендер!
Аллах уруксат берген жагымдуу нерселерге тыйуу салбагыла.
Анын мыйзамдарын бузбагыла, Ал кылмышкерлерди жакшы көрбөйт. Силерге ырыскы кылынып, уруксат берилген жана жагымдуу тамактарды жегиле жана силер ишенген Аллахтан корккула!» (5:87-88)-дейт.
Ошондой эле Пайгамбарыбыз (саллаллооху алайхи ва саллам) да мусулмандардын чектен ашуусун эскертип:
«Чектен чыккандарга наалат»-деген.
Ошентип, адалга тыйуу салуу жана арамга уруксат берүү –ширк.