Абу Хурайра (разияллооху анху)дан риваят:
«Расуулуллоох (саллаллооху алайхи ва саллам) айтат♥
«(Бани Исраил коомунан) бир адам:
«(Бүгүн түнү) мен сөзсүз садака берем» — деди.
Ал чыгып, садаканы (билбестен) бир уурунун колуна карматты.
Эртең менен адамдар:
(Кече түнү) ууруга садака берилиптир» — деп сөз кылышты.
Ал адам айтты:
«Оо, Алла! (Ууруга садака берүүдө да) Сага гана мактоолор болсун!
(Эгер мындан да жаман адамга берилгенде, эмне кыла алмак элем).
Бүгүн түнү да (кайрадан) сөзсүз садака берем (биринчиси күйүп кетпедиби)» — деди.
Ал акчасын ала чыгып, (билбестен) зынакор аялдын колуна карматты.
Эртең менен адамдар:
«(Кече түнү) зынакор аялга садака берилиптир» — деген сөз таратышты.
Ал адам:
«Оо, Алла!
Зынакор аялга (садака берүүдө да) Сага гана мактоолор болсун!
(Менин малым буга да ылайыктуу эмес эле)» — деди.
Анан (үчүнчү жолу) «бүгүн түнү сөзсүз (кайрадан) садака берем» — деп ниет кылды.
Акчасын алды да, аны (билбестен) байга берди.
Эртең менен адамдар:
«(Кече түнү) байга садака берилиптир» — деп сөз кылышты.
Ал адам:
«Оо, Алла!
Садаканы ууруга, зынакор аялга жана байга берүүдө да Сага гана мактоолор болсун!
(Менин каражатым (малым) ушундай адамдарга да ылайыктуу эмес эле)» — деди.
Түшүндө:
«(Сенин садакаң кабыл болду).
Ал эми садаканы ууруга бергениң, балким ал уурулуктан тыйылаар, зынакор аялга бергениң, балким ал бузуку ишин таштаар.
Бай адамга бергениң, балким ал үлгү алып, Алла ага насип кылган нерселеринен таратаар» — деген сөз айтылды. (Бухари).