Абу Хурайра (разияллооху анху) бир жолу Мадинанын базарынан өтүп баратып, элди көрүп токтоло кетти.
«Эй, базар тургундары!
Эмне силерди алсыз кылып жатат?»-деп суроо салды.
Алар:
«Оо, Абу Хурайра! Эмне болду?»-дешти.
Абу Хурайра (разияллооху анху)♥
«Пайгамбар (саллаллооху алайхи ва саллам)дын мурасы таратылып жатат, а силер мында олтурасыңар. Силер да барып, өз тиешеңерди (үлүшүңөрдү) алсаңар болбойбу?»-деди.
Адамдар:
«Кайсы жерде?»-деп сурашты.
«Мечитте»-деп жооп берди.
Адамдар чуркаган бойдон мечитке жөнөштү, а Абу Хурайра (разияллооху анху) алардын кайтып келишин күтүп калды.
Келишкенде, Абу Хурайра (разияллооху анху)♥
«Силерге эмне болду?»-деди.
Алар:
«Эй, Абу Хурайра, мечитке бардык, ичине кирдик, бирок таркалып жаткан эч нерсени көрбөдүк»-дешти.
Абу Хурайра (разияллооху анху)♥
«Эмне мечиттен эч кимди көрбөдүңөрбү?»-деп сурады.
Алар:
«Жок. Көрбөдүк. Кээ бир адамдар намаз окуп, бир тобу Куран окуп, дагы бирлери адал менен арам жөнүндө сүйлөшүп олтурушуптур»-дешти.
Абу Хурайра (разияллооху анху)♥
«Өкүнүчкө баткырлар!
Ошо Пайгамбар (саллаллооху алайхи ва саллам)дын мурасы♥»-деди. (Табарани, Мажмауз Заваид)