АБОРТ КУРААНДА ЖАНА ХАДИСТЕРДЕ

https://kyrgyzcha.site/?p=50024&preview=true Намаз убагы,жана намаз уйронуу болуму!

БИСМИЛЛАХИР РОХМААНИР РОХИИМ

 

=АБОРТ КУРААНДА ЖАНА ХАДИСТЕРДЕ=

 

?«Аборт» деп эне курсагынан төрөт убактысы жете элек наристенин түшүрүлүшүн же кимдир бирөө тарабынан алынуусун айтабыз.

Жетиле элек наристенин эне боюнан түшүрүлүшүнө төмөндөгүлөр себеп болот:

Атайын боюнан түшүрүүчү дары-дармек колдонуу, электр күчү менен жатынды чочутуу жана физиологиялык оор иш (оор жүк көтөрүү) жасоо, бир нерсеге катуу урунуу (муштоо, тебүү, же башка бир нерсе менен уруу).

Эненин оорукчан болуусу да наристенин түшүшүнө себепкер болушу мүмкүн. Ал эми боюнан алдыруу операция жолу менен ишке ашат.

Аборт наристеге жан кире электен мурун же киргенден кийин болушу мүмкүн. Эгер аборт наристеге жан киргенден кийин болсо, ханафий аалымдарынын көз карашы боюнча -мажбурлук болбосо- арам болуп эсептелет. Себеби бул иш шарыятка терс келип эне курсагындагы тирүү жанды өлтүргөнгө жатат. Бул иш адам өлтүргөнгө барабар болуп, чоң күнөөгө кирет.

Алла таала ыйык Кураны каримде:

✏«Айткын: «Келгиле, Жаратканыңар силерге арам кылган нерселерди окуп берейин. Аллага бир да нерсени шерик кылбагыла; ата-энеге жакшылык кылгыла, балдарыңарды кембагалдыктан (коркуп) өлтүрбөгүлө, силерге да, аларга да Биз ырыскы беребиз, бузук иштердин ашкересине да, жашыруунуна да жакындабагыла, Алла (өлтүрүүнү) арам кылган жандыктарды өлтүрбөгүлө … ». (Анаам, 151).

Башка дагы бир аятта:

✏«Алла (өлтүрүүнү) арам кылган жанды (тактап айтканда өлтүрүүгө ылайык кылмышкер болбогон жанды жазыксыз өлтүрбөгүлө, бирок) чыныгы (шарыят мыйзам) менен гана өлтүрүшүңөр мүмкүн. Кимде ким зулумдук менен (тактап айтканда жазыксыз) өлтүрүлсө, биз анын ээси-мураскору үчүн (касас алууга) укук бергенбиз. Анан, ал (киши өлтүрүүчүнү) өлтүрүүдө чектен ашпасын (тактап айтканда киши өлтүрүүчүнүн ордуна башка бирөөнү өлтүрбөсүн, же бир кишинин ордуна эки кишини өлтүбөсүн же киши өлтүрүүчүнү өлтүрүүдө анын кулак, мурдун кеспесин). Анткени шексиз, аны (Алланын) өзү колдойт» буюрган. (Исра сүрөөсү, 33-аят).

?1.Жогорудагы биринчи аяттан бул үч нерсени сабак катары тизмектеп чыгарсак болот;

Эненин курсагындагы жаш наристени аборт же башка жол менен алуу

Наристени билип туруп атайын өлтүрүү

Балага таалим-тарбия бербей аны руханий жактан

өлтүрүү

Биринчи жана экинчи жол менен кылынган иш адам өлтүрүү болуп эсептелет. Биринчинин арам экендигин жогоруда сөз кылган элек. Экинчиси билип туруп атайын өлтүргөндүктөн, адам өлтүрүүгө барабар болуп, өч алынуусу керек. Үчүнчүсү болсо чоң күнөө.

?2.Эми экинчи аятты чечмелеп түшүндүрүп кетели. Бизди жараткан Кудай таала күнөөсүз эч бир жанды өлтүрбөшүбүздү буюруп жатат. Ислам дининде аялдын боюна бүткөн кезинде, жатында жетилип жаткан наристеге зыян кылууга, башкача айтканда аборт жолу менен баланы алдырып салууга уруксат берилген эмес. Эне курсагында чоңойуп жаткан наристеге эч убакта тийбешибиз керек. Эгер аборт жолу менен кылынган операцияда эне каза тапса же наристе каза тапса, анда аны кылган доктор наристенин өлүмүнө себепкер болот.

?Бир гана аяттарда эле эмес Пайгамбарыбыздын (с.а.в) хадистеринде да абортко тыюу салынган.

Ибни Масуд (р.а.) Пайгамбарыбыздан (с.а.в.) сурайт:

— Кайсыл күнөө чоңураак?

Пайгамбарыбыз (с.а.в.):

— Сени жараткан Аллага орток, шерик жана кандайдыр бир макулукту ага окшоштурууң.

— Андан кийинчи?

— Сени менен чогуу отуруп, (алдыңдагы тамакты) жеп түгөтөт деген коркунуч менен өз балаңды өлтүрүүң.

— Андан кийинчи?

— Коңшуңдун жубайы менен зына кылууң.

?Имам Муслим, Ибн Масуддан (р.а.) риваят кылган бир хадисте мындай деп айтылган:

«Бел суусу (эне карынында) 42түн өткөндөн кийин Алла таала периште жиберип, ага кулагын, көзүн, өңүн, этин, сөөктөрүн жараткандан кийин эркек же кыз боло турганын сурайт. Андан кийин айтылган нерселер кезеги менен ишке ашат».

Башка бир риваятта 42 түндүн ордуна 40 түн деп да белгиленген. Бул хадис наристе бир чайнам эттен адам кейпин кийип органдары 40 же 42 түндөн кийин белгилүү болооруна ишарат кылууда. Ушул учурда эне курсагындагы наристеге зыян келтирүү шарыятта тыюу салынган. Тагыраак айтканда келечектеги жашоо ээси болгон наристенин жанын кыюуну Алла таала арам кылды.

Ыйык Кураны керимде:

✏ «Тирүүлөй көмүлгөн (ар бир) кыздан кандай күнөө себептүү өлтүрүлгөндүгү суралганда … » деп айтылат. (Таквир сүрөөсү, 8-9 аят).

Аяттын ачыктамасы: Кыямат күнүндө тирүүлөй көмүп өлтүрүп, зулум тарткан кыздардын кайсы күнөөлөрү үчүн жок кылынгандары тууралуу суралат. Муну менен бирге ата-эне же болбосо доктур тарабынан төрөт убактысы келе электе боюнан алдырууга же түшүрүүгө катуу тыюу салынган. Бул ишти кылгандар да күнөөкөр болот.

?Боюнан алдыруу бул аял затына өтө чоң зыяндарды алып келет. Медициналык жактан биринчиден, аборттон кийин аял заты төрөбөй калышы мүмкүн. Ошондой эле руханий ооруга чалдыгат. Анткени ал аял өзүнүн денесинин бир бөлүгүн жоготуп жатат. Эненин балага болгон мээрими да бар. Бир тараптан эгер аборт иши толук аткарылбай калса, кийин төрөлгөн бала майып болуп калышы мүмкүн.

Кыямат күнүндө да баланы эмне үчүн өлтүргөндүгүн жооп берип, анын катуу жазасын алат. Адам өлтүрүү — бул бирөөнүн акысын жегендикке жатат. Алла тааланын бирөөнүн акысы менен менин алдыма келбегиле деген сөзү бар. Себеби Алла таала баардык күнөөлөрдү кечириши мүмкүн, бирок бирөөнүн акысын кечирбейт, себеби башка бирөөнүн акысы бир гана ошол адамга таандык. Ал адам кечирмейинче Алла таала да кечирбейт. Өлтүргөн балаң өз акысын алуу үчүн сага келип:

❓ «мени эмне үчүн өлтүрдүң?» — деп сураса, сен эмне деп жооп берээр элең?

Макаламдын аягын ушул хадис менен бүтүргүм келет. «Алланын элчиси (с.а.в) Бани Лайхан уруусундагы бир аялдын боюнан алдыруу кесепетинен бир күң же бир кулду азаттыка чыгаруу менен кутулгандыгын айткан». Бул хадис боюнан алдыруу чоң күнөө экендигин жана бул күнөөнү жууш үчүн өзүнө жараша жазасы жана ден-соолукка зыян экендигине далаалат кылат».

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️