Пример HTML-страницы

Ысык-көлдүк Сергей Ганнов балдарына кыргыз тилин эмне үчүн үйрөтүп жатканын айтты

Акыркы жанылыктар

TurmushКаракол шаарынын тургуну Сергей Ганнов Ысык-Көл регионалдык шаар куруу жана архитектура башкармалыгында эмгектенет. Ал кыргыз тилин билүү менен бир топ ийгиликтерди жаратып жаткандыгын аймактык кабарчыга айтып берди.

«Менин атам-энемдин улуту орус. Чоң энем Жети-Өгүз районунун Кызыл-Суу айылында жашап, ал гана кыргыз тилин жакшы билет. Ал эми мен кыргызчаны кичинекей кезимде бир көчөдө ойногон досторумдан үйрөнгөм. Алар менен чогуу жүрүп, маектешип жатып эле үйрөнүп алгам. Чоң апам айрым сөздөрдү тууралап калчу. Кийин №11 мектеп-гимназиясына орус тилдеги класска бардым. Ал жактан эне тил майрамдарында жана маданий иш-чараларда мага «Манас» эпосунан үзүндү айттырышчу. Күндөрдүн биринде мага «Манас» эпосунан үздүндү жаттап кел деп калышты. Ошентип, облустук драма театрдын сахнасында «Манас» айттым. Эл аябай жакшы кабыл алып, коштоп жатышты. Сүрдөп кетип, жарымына жеткенде токтодум. «Орус болсо да кыргызча так айтып, так сүйлөйт экен» деп калышты. Мектепте орус тили сабагынан олимпиадаларга катышып, Каракол шаары боюнча 1-орун, облуста 2-орунду алгам. Ал эми кыргыз тили боюнча кошумча ийримдерге барчумун. Ал жактан тилдин грамматикасын көбүрөөк өздөштүрдүм», — деди ал.

Тил багытында өзүн көргөзүп келген Сергей архитектор болуу кыялын орундатты.

«Мектепти аяктаган соң, Насирдин Исанов атындагы Кыргыз мамлекеттик курулуш, транспорт жана архитектура университетине (КМКТАУ) тапшырдым. Менин кыялым — архитектуралык өзгөчө объектилерди салуу жана куруу болчу. Бул багытта билимимди жогорулатуу үчүн магистратураны да аяктадым. Ысык-Көл регионалдык шаар куруу жана архитектура башкармалыгынан келип иштей баштадым. Учурда архитектуралык пландоо шарттары бөлүмүндө эмгектенем. Бизге келген тургундар орус тилинде кайрылышат. Мен аларга ыңгайлуу болушу үчүн кыргыз тилинде сүйлөп, кызмат көргөзөм. Анткени кыйналбай эне тилинде эркин ой жүгүртүп, оюн толук айтып беришет», — деди ал.

Эки тилди бирдей билген С.Ганнов күнүмдүк жашоосунда кызыктуу окуялар тууралуу айтып өттү.

«Мени көрүп, кыргыз тилин билбейт деп сүйлөшө беришет. Мен унчукпай угуп туруп калам. Анан «андай эмес, мындай» деп кыргызча айтып берсем, алар кыжаалат болуп калышат (күлүп). Бир чети алардын оюн да билип калам. Азыр иш кагаздардын баары кыргыз тилинде жүрүп жатат. Ошондой эле электрондук иш кагаздары жүргүзүү системасы менен иш алып барып жатабыз. Мага каттарга учурунда жооп берүүгө жана иш алып барууга тил билүү мүмкүнчүлүгүм жардам берип келет. Ошондуктан мен балдарым да кыргыз тилин үйрөнүшүн каалайт элем. Үйдө орус тилинде сүйлөшөбүз. Эми жубайыма жана балдарыма да кыргыз тилин акырындык менен өздөштүрүүсүнө түрткү болуп жатам», — деп сөзүн жыйынтыктады ал.

Сергей Ганнов жубайы менен биргеликте 1 кыз жана 1 уулду тарбиялап-өстүрүшүүдө.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE