Пример HTML-страницы

Turmush: Москвада башы кесилген ноокаттык жигиттин өлүмү: Атасы эмне дейт?

Акыркы жанылыктар

Turmush2023-жылдын 12-сентябрында Россиянын Москва шаарында башы кесилген 2 эркек кишинин сөөгү табылган. Алардын бири — Кыргызстандын жараны болчу.

Turmush басылмасынын кабарчысы тактаган маалымат боюнча, маркум Б.у.С. 1994-жылы Ош облусунун Ноокат районуна караштуу Кулатов айыл аймагында туулган. Маркум жигиттин атасы такталбаган маалыматтарды жайылтпоого чакырды.

«Балам Орусияда жүргөнүнө 10 жылдан ашык убакыт болуп калган. Ал ноябрда келсе, үйлөнтөбүз деп жатканбыз. Мага жеткен маалымат боюнча, уулум жумуштан чыгып, шаурма жеген. Ал жерде банк картасы менен төлөм жүргүзгөн. Ал жерден чыкканы видеокамерага түшкөн. Кылмышкер артынан аңдып барып, бычак сайып, банк карталарын тоноп, андан кийин өлтүргөн. Азырынча дагы башка версиялар болуп жатат. Бирок кээ бир маалымат каражаттары туура эмес, жийиркеничтүү маалыматтарды чыгарып жатканы оор тийип жатат. Жалган маалыматтарды таратпоону суранат элем», — деди ал.

Маркум жигиттин сөөгү 3 күндөн кийин алынып келип, кичи мекенинде жерге берилди.

Маркумдарды өлтүрүүгө шектелип Өзбекстандын 22 жаштагы жараны Хасан М. кармалды. Ал 2 адамды өлтүргөндөн кийин Зеленоградга туугандарынын үйүнө кетип, ошол жерден колго түшкөн.

Хасан эмне себептен адам өлтүргөнүн түшүндүрө алган жок. Ага психиатриялык экспертиза дайындалды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE