Пример HTML-страницы

Токмоктуктар Чүй облусунун башчысына бир катар көйгөйлөрүн айтып чыгышты

Акыркы жанылыктар

TurmushБүгүн, 15-апрель күнү президенттин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Нурил Алымбаев Токмок шаарынын эли менен жолугушуу өткөрдү. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Маалыматка караганда, анда Чүйдүн башка райондоруна салыштырмалуу суроо берүү үчүн кезек талашкандар жок болду. Мэрдин «кимде суроо бар?» деген сөзүнөн кийин гана чыгып, суроо берип жатышкандыгы байкалды.

Жыйында дары-дармек баасынын кымбаттаганы, айрым мектептердеги жасалбай келген оңдоп-түзөө иштери, жылуулук системасынын эскилиги, терезе жана эшиктеринин керектен чыккандыгы, спорт залдын жетишсиздиги айтылды. Ошондой эле тургундардын арасынан автобекеттин сырткы көрүнүшүн жасалгалоо сунушу көтөрүлсө, Ооган ардагерлери үчүн берилген көп кабаттуу үйдө талаштуу окуялар орун алып, сотко чейин жеткени айтылды.

Мындан сырткары Токмоктун ички көчөлөрүн бойлой өткөн дренаж трубалары, жолдорду асфальттоо, жеке ишкерлерди колдоо, базар көйгөйлөрү, социалдык муктаждыктар жана башка маселелер көтөрүлдү. Ал эми облус жетекчиси мунун баары протоколго жазылганын, өзү көзөмөлгө аларын баса белгиледи.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE