Пример HTML-страницы

Түптөгү жетекчилер аскердик кызматты кайсыл жерде өтөшкөн?

Акыркы жанылыктар

TurmushСоветтик армиянын күнү катары белгиленип келген 23-февраль — Кыргызстан эгемендекти алган мезгилден тарта майрам катары уланып келүүдө. Кыргыз өкмөтү атайын токтом кабыл алып, өсүп келе жаткан муунду мекенчилдикке тарбиялоо максатында 23-февраль — Ата Мекенди коргоочулардын күнү деп жарыялаган. Андыктан бул күн өлкө боюнча майрамдалат. Түп районундагы жергиликтүү жетекчилер аскердик кызмат өтөгөнү туурасында аймактык кабарчы сурамжылоо жүргүздү.

1. Түп районунун акими Каныбек Адиев советтик армиянын курамы менен 1989-1991-жылдары Германияда аскердик милдетин өтөгөн. Чини — сержант, командир.

2. Түп районундагы акимдин орун басары Данияр Сатаров 2006-жылы Касым Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университетинде билим алганына байланыштуу 2010-2011-жылы аскердик кафедра аркылуу эр-азаматтык милдетин өтөгөн. Чини — запастагы кенже лейтенант.

3. Түп айыл өкмөтүнүн башчысы Эрлан Чоркөзов аскердик кызматты 2011-2012-жылы альтернативдик жол менен өтөгөн.

4. Арал айыл аймагынын башчысы Курманбек Кайыков К.И.Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университетинде билим алып, аскердик кафедра аркылуу альтернативдик жол менен кызмат өтөгөн, чини — лейтенант.

5. Сары-Булак айыл аймагынын башчысы Максат Бакасов 2005-жылы И.Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетке кирип, 2008-2010-жылдары аскердик кафедра аркылуу өтөгөн. Чини — кенже лейтенант.

6. Каркыра айыл аймагынын башчысы Рустам Черикбаев 1996-1997-жылдары Улуттук гвардияда аскердик кызматын өтөгөн, чини — сержант.

7. Михайловка айыл аймагынын башчысы Урмат Бозгунов 2010-жылы альтернативдик жол менен аскердик милдетин өтөгөн.

8. «Кадастр» мамлекеттик мекемесинин жетекчиси Темирбек Кендирбаев 2005-жылы альтернативдик жол менен кызмат өтөгөн.

9. Райондогу социалдык фонддун жетекчиси Болот Айбалиев 1996-жылы альтернативдик жол менен кызмат өтөгөн.

10. Мамлекеттик салык кызматынын Түп районундагы башчысы Кубатбек Маматкулов 1984-жылы азыркы Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетте билим алып, аскердик кафедра аркылуу кызматын өтөгөн, чини — лейтенант.

11. Түп райондук жалпы даарыгерлер практикалык борборунун жетекчиси Канат Мукамбетов 2003-жылы Бишкек шаарындагы медициналык академияда билим алып, 2003-2006-жылы аскердик кафедра аркылуу кызмат өтөгөн.

12. Райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Сейит Абдылдаев 1997-жылы ноябрь айында аскерге чакырылып,1998-жылга чейин Бишкек шаарындагы №7701, 7705 аскердик бөлүмчөдө кызматын өтөп келген. Чини — улук сержант.

13. Райондук электр тармактар ишканасынын жетекчиси Дайыр Кулалиев аскердик милдетти 2022-жылы альтернативдик жол менен өтөгөн.

14. №4 жол тейдөө мекемесинин жетекчиси Рысбек Исмаилов советтик армиянын курамы менен 1983-1985-жылдары Амур облусундагы Байкал темир жол аскердик бөлүгүндө аскердик милдетин аткарган. Чини — запастагы капитан.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE