Пример HTML-страницы

Караколдо ачылган жаңы мал базар алгачкы айларда элге акысыз кызмат көрсөтөт

Акыркы жанылыктар

TurmushБүгүн, 7-июль күнү Ысык-Көл облусунун Каракол шаарында жаңы мал базар пайдаланууга берилди. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Маалыматка караганда, президенттин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Алтынбек Сулайманов облус тургундары менен бирге базардын иши менен таанышты.

Мал базарда бодо малдар үчүн жана майда жандыктар үчүн атайын үстү тосулган жайлар даярдалган. Мындан сырткары, базардын аймагында ветеринардык клиника, ветеринардык дарыкана дагы иштейт. Аянты 6 гектар жерди ээлеген мал базар алгачкы айларда элге акысыз кызмат көрсөтмөкчү.

Каракол шаарында жуманын шейшемби күнү мал базар болот. Ага облустун бардык аймагынан малдар сатыкка келет.

Буга чейин Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнө мал базарлардын шартын жакшыртуу тапшырмасын берген.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE