Пример HTML-страницы

Ак-Талаадагы айылда түн ортосунда 2 адам катары менен каза болду

Акыркы жанылыктар

TurmushБүгүн, 13-июлда түнкү саат 03:20 чамасында Ак-Талаа районунун Баетов айылында «Хонда Стрим» унаасы жол жээгиндеги бакты сүзүп, 2 адам каза болду. Бул тууралуу Нарын облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалым болгондой, түндө Баетов айылынын Манас көчөсүндө унаа кырсык болгондугу тууралуу Ак-Талаа райондук ички иштер бөлүмүнүн 102 кызматына Ак-Талаа райондук ооруканасынын тез жардам бөлүмүнүн фельдшери Т.У. маалымат берген. Ыкчам тергөө барып, Баетов айылынын 1989-жылы туулган тургуну С.Б. жана ушул эле айылдын 1985-жылы туулган тургуну Д.У.га тиешелүү «Хонда Стрим» унаасын сурап алып айдап кеткени такталган. Ал унааны күн чыгыштан батышты көздөй башкарып бара жатып, жолдон чыгып кетип, даракты оң капталы менен сүзгөн. Натыйжада айдоочу С.Б. жана унаанын алдыңкы орунунда үргүнчү катары бара жаткан Баетов айылынын тургуну 1991-жылы туулган Ж.Ч. окуя болгон жерден каза болгон. Учурда бул окуя боюнча тергөө иштери уланууда.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE