Пример HTML-страницы

Айына 300 миң сом тапкан Дастан Шамыратов болочоктогу жубайын жолуктура элек

Акыркы жанылыктар

Turmush«Мекендештер» рубрикасынын кезектеги каарманы — Балыкчы шаарынын 34 жаштагы тургуну Дастан Шамыратов. Аны менен Turmush басылмасынын кабарысы маек курду.

«Учурда Түштүк Кореянын Чхонджу шаарындамын. Анда имарат, үйлөргө эшик жана терезелерди орнотуп иштейм. Кыргызстанда жүргөндө электрик болуп эмгектенчүмүн. Бул жакка бизнес виза аркылуу келип калдым. Учурда жашап жаткан үй менен биз эмгектенген компаниянын ээси ижарага алып берди. Үй 3 бөлмөлүү, бир бөлмөсүндө мен турам, берки эки бөлмөдө мени менен чогуу иштегендер жашайт.

Жаңы келгенде тил билбей, алар сүйлөсө түшүнбөй, интернет аркылуу которуп жаттым. Кыйналган жокмун, анткени буга чейин Москва шаарына барып иштеп келип жүргөм. Балким биринчи жолу чыксам кыйналмакмын. Бат эле көнүп кеттим, жумушка деле, нымдуу аба ырайына деле. Кыргыздар бул өлкөдө көп, бирок мен жашаган шаарда аз», — деди ал.

Каарманыбыз айына канча акча табарын айтып берди.

«Бош убакыт табылып калса, шаар кыдырууга ашыгабыз. Муну менен катар үйдөн тил үйрөнүүнүн үстүндө болобуз. Айлык маянам күнүнө 100 доллар, биздин акчага которгондо 10 миң сом. Ошондо бир айда 300 миң сом табам.

Беш бир туугандын экинчисимин, 3 уул жана 2 кыз. Менден башкасы баары үй-бүлөлүү болушкан. Келечекте бул жерден көргөн, үйрөнгөн нерселерди Кыргызстанда ишке ашырсам дейм. Буюрса, жакшы бизнес пландар бар», — деп сөзүн жыйынтыктады ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE