Пример HTML-страницы

Жумгалдагы мелдеште күлүктөрү ийгилик жараткан саяпкерлер сыйланды

Акыркы жанылыктар

TurmushБүгүн, 12-ноябрда Жумгал районунун Байзак айылында түшүм майрамына карата өткөн ат оюндарынын жыйынтыгы чыкты. Бул тууралуу Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы билдирди.

Маалым болгондой, кунан чабышта 1-орунду Таш-Дөбө айылынан Бакыт Солтобековдун кунаны алып 10 миң сом менен сыйланды. 2-орунга Чүй облусунан келген Азим Сасыкуловдун кунаны келип, 6 миң сомго, 3-орунга Таш-Дөбө айылынан Токтокожо Чаңовдун кунаны келип, 4 миң сомго ээ болду.

Ал эми жорго салышта 1-орунга Жаңы-Арыктан Мирлан Сапарбековдун Акбар аттуу жоргосу келип 12 миң сом, 2-орунга Жаңы-Арык айылынан Эржан Асановдун Торала жоргосу келип 6 миң сом, 3-орунга Турар Шакировдун Аянтор аттуу жоргосу келип, 5 миң сом менен сыйланды.

Аламан жарышта 1-орунду Чүй Токмоктон келген Баги Базарбаевдин Сулуутору күлүгү ээлеп, 15 миң сом, 2-орунга Нурзат Бурбаевдин Маржан аттуу күлүгү келип 10 миң сом, 3-орунга Куйручук айылынан Кубан Насировдун аргымагы келип, 5 миң сом утту.

Аны менен катар райондун айыл чарбасына эмгеги сиңген инсандар акимчиликтин ардак грамоталары менен сыйланышты.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE