Пример HTML-страницы

ЖУБАЙЛАР.

https://kyrgyzcha.site/?p=39806&preview=true Кызыктуу окуялар.

ЖУБАЙЛАР.

 

Базар аралап бара жатып жетелешкен жаш жубайларга кезиктим. Келиндин Ак жүзүнө ак жоолугу жарашып үлбүрөп өтө эле назик көрсөтөт . Ак көйнөгү боюна кыналып ого бетер ажары ачылып көргөн адамды суктандырбай койбойт . А Жигит элдин суктануу карашын билгендей бир колуна күрмөсүн алып , а бир колу менен колуктусун койо бербей алдыда барат . Алар бут кийим саткан дүкөндүн жанына токтоп , келинге ылайык бут кийим тандап жатышты . Жаккан бут кийимдин бирөөсүн келинге сунду . Келин кийип көрүп Жигитке жылмайып карады . Жигит отура калып бут кийимдин боосун байлап , келинге жылуу тиктеди да бут кийимин аяр сылап жарашты дегендей ишаарат кылды . Келин күлмүңдөп жигиттин колунан тартып тургузуп экөө акчасын төлөп басып кетишти . Бактылуу жаш жубайлар экен .

А мен жолумду уладым . Дагы эл көп базарда Бир Колунда баласы , бир колунда көтөрүнгөн баштыгы бар келин барат . Алдыда бир колун чөнтөгүнө салып колтугуна оролгон бош баштык кыстарып , тамекисин түтөтүп күйөөсү барат . Тез бас дегендей аркасында бара жаткан аялына олурая карап тиктеп койот . Аялы жайма базардан өзүнө ылайык кийимдерди кармалап койот . Токтой калып шашылып баласын жерге койуп , бир көйнөктү бойуна өлчөп көрдү . Көйнөк жакты көрүнөт . Алмак болуп баштыгын оодарып тыйынын эсептеди . Күйөөсү аялына карап :

— Ушул сенин кыялың жаман да . Койо турбайсыңбы эми . Кайсы акчага аласың ? — деди жактырбай тээ алысыраак туруп алып .

Аялы соодагер менен соодалашып жатып арзаныраак баага алды да баласын көтөрүп күйөөсүн аркасынан жетүүгө ашыкты . Күйөөсү аны күтпөй дале алдыда барат .

Бул базардагы элестер мени ар ойго чөгөрүп, санаага салды .

Эми турмушта ар кыл тагдырлар кезигет го .. Аял күйөөсүн , күйөөсү аялын теңсинбей көңүл ооруткан ирмемдер көп .

Бир ирээт ооруканадан чоң жолду көздөй чыгып унааларга кол көтөрсөм токтободу . Жөө басып жол арбытып турайын деп жол чекесине салдым . Ойго тунуп келе жатсам бир жаш жигит саат сурап кайрылды . Карасам уктабаган көздөрү шишиген абалда экен . Телефонун , буюмдарын ушул жол чекесиндеги кафелердин биринде жоготконун айтты да :

— Билесизби түнү ызалыктан көп ичип алыпмын . Ошого өзүмдү билбей буюмдарымды алдырып жибердим — деди . Мен унчукпадым . Оюмда акча сурайт го дедим . Ал сөзүн улап :

— Билесизби эмнеге ичтим ..Аялым Москвада күйөөгө тийип кетиптир . Мен намысыма чыдабай кечээ ошого ичтим . Карыган апам балдарды карап үйдө . Мен курулуш иштеринде иштейм . Аялым кеткенине бир эки жыл болгон . Кечээ коштошкон сөзүн айтып , балдарды бага бер деди . Мени оной эле чанып кетти — деди .

Мен ага карап :

— Сен кимге .. Таштап кеткен аялга ачууландыңбы .? Ошого өзүңдү билбей ичтиңби ? — дедим .

— Ооба балдардын тагдыры эмне болот . Мен эмне кылам билбейм — деди .

— Кызык экенсиң . Сени баалабаган адамга эмнеге кайгырасың ? Өзүңдү тааный элек экенсиң .

Жигит суроолуу карады. .

— Өзүңдү таанысаң андай пас аялга кайгырбайт элең . Ичкилик ичпейт элең . Өзүңдү кайра тыңдап , арсыз аялдан тез кутулганыңа шүгүр кылат элең .

Жигит башын шылкыйтып ойго батып кетти

. Мен жолдогу бирөөгө унчукпай эле баса берейин дегем . Унчукпастык адатым го … Бирок бу жолу бу жолоочуга кеңешимди айттым . Кайдагы Арсыз аялга өз дүйнөсүн оорутканы , балдардын алдыдагы келечеги мени тынчысдантты бейм .

— Эгер өзүңдү жакшы таанысаң ачууңду кармана билет элең Сени күткөн апаңа айлык акча алып барып , балдарыңы сүйүнтөт элең . Эми үйдүн башчысы, кожойуну сенсиң . Сен Акылыңдан тайсаң карыган апаңдын балдардын күнү эмне болот . Ошону ойлон — дедим .

Ал ойлонуп :

— Ооба туура айтасыз . Бирок аялымдын кылыгын эстесем ызам батпай баратат — деди .

Жол боюндагы Мечитти көрсөттүм .

— Бир гана адамдын ызасын басып , жан дүйнөсүн дарылаган ушул жер . Кирип жайнамазга башыңды койуп , Кудайга болгон сырыңды айтып ал . Жеңилдеп каласың . Адам өзүн өзү Кудай менен байланышканда гана тааныйт. Адамдын арыз муңун Кудай гана угат . Туура жолго багыт берет . Өзүңдү колго ал — дедим да жолум менен басып кеттим . Ал мечит жакты ойлуу карап коштошту да . Ошол тарапты карап кала берди .

Эр аял бу тирүүлүктө түбөлүк сапарлаш жолдош болот . Карап көрсөң өмүр жашоо биргеликте өтөт. Экөө бирин бири толуктап турат . Талдап көрсөң Эр аял бири бирине азап кайгы Ошо менен бирге Жыргал бакыт дагы тартуулайт. Бир кылымдык чогуу өмүр бактылуубу бактысызбы аягы белгисиздик сыңар .

Бир эл арасында болгон окуя бар эле . Жол боюнда эр аял урушуп жатат дейт . Күйөөсү аялын башка көзгө койгулап уруп жатса жолдогу өтүп бара жаткан жолоочу чыдабай бөлүштүрүп ,аялга боор ооруп күйөөнү уруп кирди дейт. Келтек жеген Аял кайра жолоочуга асылып күйөөсүнө болушуп кетти.дейт . Экөөлөп жолоочуну уруп жатканда Жолоочу таңданып :

— Эй аял мен сага болушуп жатам — десе анда аял :

— Эй башы жок . Биз деген Эр катынбыз . Уркшабыз , жарашабыз . Бизге арачынын кереги жок дептир .

Жашоо ушундай . Бир күлкүлүү да аялуу да аянычтуу.

Ойлоп көрсөм эң аярлуу мамиле ошол эр аялдык мамиледе экен . Бир өмүрлүк жашоодо бар болгону Эр Аял бири бирине болгон мээрими , Жылмайуу көз карашы, жылуу мамилеси менен бактылуу экен . Ошол ирмемдер аларды бактылуу кылып көрсөтөт экен . Ошол жылуу мамиле менен Кыска өмүрдү пайдалуу колдоно билуу жолдору бар экен . Жашоону биргеликте түшүнүшүү кечиришүү менен пайдаланса болот экен .

Бирок биз адамдар бу мүмкүнчүлүктү көп колдоно бербейт экенбиз . Кекенүү , ызырынуу , түшүнбөстүк менен бири бирибизди кыйнап койот экенбиз . Түшүнбөстүк болсо кечирим менен абалды жеңилдетүүнү билбейт экенбиз . Адамдын ден соолугу эмнеден начарлайт десе оорудан дейбиз . А оору кайдан келет десе ой санаадан дейбиз . А ой санаа кайдан десек үй бүлөөлүк түшүнбөөчүлүктөн келет дейбиз . Көрсө адамды кайра эле өз жакындары оору кылат экен .

А ооруну , санааны басаңдаткан , көңүлдү көтөргөн жөпжөнөкөй жылуу адамдык мамиледе экен .

 

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE