Пример HTML-страницы

Жигитим болочок күйөөмө өзү узатыптыр.

https://kyrgyzcha.site/?p=4291&preview=true Кызыктуу окуялар.

«ЖИГИТИМ БОЛОЧОК КҮЙӨӨМӨ ӨЗҮ УЗАТЫПТЫР»

«Мен сени ар дайым күтөм. Сен үчүн бардык нерсеге даярмын…» Ушул ырды уккан сайын жүрөгүм ооруп кетет. Студент кездеги армандуу сүйүүм эсиме түшөт. Алгачкы сүйүүм мага азап алып келсе деле ал адамды жек көрө албаганыма таң калам.
Дамир экөөбүз биринчи курска жаңы келгенде эле таанышканбыз. Биздин тагдырыбызды студенттик жатакана бириктирди. Жатаканага жайгашып, секция башчыларын шайлоого чогулуп калдык. Четте отурган бейтааныш жигиттин көз албай мени карай бергенин байкап, мен дагы көз кырымды салып отурдум. Чогулуш аяктап, бөлмөмдүн эшигин ача албай убараланып турсам баягы жигит келип эшигимди ачып берди. Кашы-көзү кара, узун бойлуу, жымыңдаган мырза жүрөгүмдү ээлеп алды.
Ошентип, Дамир экөөбүз таанышып калдык. Олуттуу сүйлөп, көп сыр бербеген, оор басырыктуу жигит менин кыялымдагы ханзааданын өзү эле. Көз ачып жумгуча ушунчалык бири-бирибизге жакын болуп кеткенибизге чочулап, бирок артын жакшылыкка жоруп койчумун. Дамирди сүйүү азап, сүйбөй коюу мүмкүн эмес эле…
28-ноябрь – Дамирдин туулган күнү. Ал менден жөн гана жанында болуумду суранды. Болжошкон жерден жолугуп, чакан бөлмөдө, шам жагылган кечки тамак үстүндө сырдашып отурдук. Өздүк майрамын жалгыз мени менен тосууну каалаганына ыраазы болуп,, ишеничим ого бетер артты. Ал түндү бирге өткөрдүк…
Мен Дамирге биротоло байланып, жашоомду ансыз элестете албай калдым. Бир күнү Дамирге үйлөнүшүбүз керек экенин кабарлап, колумдагы эки бүктөм кагазды сундум. Ал кагазды карап, баарын түшүнгөндөй мени бооруна кысып, эртеси ата-энесине барарыбызды айтты. Баарына көздү жумуп, Дамирдин жетегинде кете бердим. Мени сыртка калтырып, өзү үйүнө кирип кетти. Бир маалда бир киши машинага келип отурду. «Дамир адашып калган. Мен анын агасы болом. Ал баарын айтты. Сен бул акчага курсагыңдагыны алдыр. Таксинин акчасы да бул жакта. Бар эми кет!»- деп колума бир тутам акча карматты да, түшүп кетти. Нес болуп кала бердим. «Мен сени ар дайым күтөм. Сен үчүн бардык нерсеге даярмын…» Баягы менин бактылуу күндөрүмдү элестеткен ыр машинадан жаңырып жатты.
Шаардагы кафелердин бирине ишке орноштум. Жанымды карч уруп оор идиштерди көтөрүп, жууп жүрүп бир күнү ооруп калдым. Ооруканага барсам, ичимдеги баланы алып салышты. Бир чети «ырас болду, атасы жок, никесиз наристенин келечеги кандай болмок…» деп кубанайын дейм, бир чети энелик сезимим козголуп, абийир муунтат.
Бир күнү Дамир экөөбүз капилеттен кезиктик. Болгон окуяны айтып бердим. Ал менин түйүлдүктөн ажыраганымды угуп, суз гана «ата-энеңе барып учурашып келчи» деп айылга
узатып жиберди. Ата-энеме барып, сагынычым тарай электе мени ала качып кетишти. Күйөө боло турган адамды чакырып, жигитим бар экенин, ага өзүмдү арнап койгонумду айттым. Ал «мага келдиң, эми босогодон аттатып жибериш уят» деп болбой койду. Жоолукту баса салынып, тагдырдын жазмышына баш ийдим. Жолдошум эскимди чукуп, өткөндү эске салбаска сөз берген. 3 жылдай наристе жытын искей албай жүрүп, удаа 2 балалуу болдук. Кийин Дамирдин досуна кезигип калып болгон чындыкты уктум. Көрсө, мен айылга келем деп Дамирге кеңеш салган күнү күйөөм ага жатакананын алдынан жолугуп, мени ала кача тургандыктарын айткан экен. Ошол жерден Дамир күйөөмө «Азыр алып кете албайсыңар, убарачылык көп болот, 2-3 күндө айылга барат. Ошондо алып кеткиле» дептир. Кыскасы, жолдошума турмушка чыгуума өз махабатымдын ээси себепкер болуптур.
Шүгүр, жанымда мени түшүнгөн балдарымдын атасы бар. Бирок жүрөктүн бир жеринде башка жанга орун бербеген адам жашайт. Ушундан улам сүйүүнүн бир касиетин билдим. Ал миң ирет ырайымсыз болсо да, сенин жүрөгүңдү ээлесе, ал жерден башкага орун бербейт экен.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE