Пример HTML-страницы

Жашагым келет 7 бөлүм 

https://kyrgyzcha.site/?p=6541&preview=true Кызыктуу окуялар.

Жашагым келет. 7.

Түнү менен уктабай таң атып кетиптир. Байкуш апамды аябай бутунда жата бериптирмин, туруп дааратка баратканда аксап араң чыкты байкушум. Артынан барып кучактап алдым.
—Алтыным апам, жаным апам мен сизди жакшы көрөм. Мейли мени урушуңуз, уруңуз, тилдеңиз баарыбир сизди жакшы көрө берем. Болгону мени сиз дагы таштап кетпеңиз. Баардыгын жоготтум апа, ичимден чыккан баламды, кудай кошкон жолдошумду, эми болсо пир туткан атамды. Сизди жоготсом чыдабасам керек апа, сизди жоготсом жүрөгүм жарылаары анык. Баардыгың эле мени таштап кете бербей эми мага да кезек бергиле апа. Болду эчкимдин сөөгүн көрсөтпөй мени алдыга салчы кудай.
—Дарика болду кызым, басыл жаным. Сени мен дагы өзгөчө көрөм балам, кудайдан өзүңө өлүм тилеп жүрөгүмдү эзбечи. Баары кезек менен эле болгону жакшы, менмин кезекте. Мен турганда балдарыма тийе көрбө кудай, ушулар мен өлгөндө ыйлап турсун ылайым. Эчкачан неберемдин, баламдын башын кучактап жыгылбайынчы.
—Болдугулачы айланайындар. Багымдат окула электе эле үн чыгарып салдыңар го, басылгылачы. Намаз окулуп бүткөнчө тынчтангыла.

Мына эми менин көзүмдөн жаш чыгып кетти. Көзүмдөгү жаш төшүмө тамганда жүрөгүмө ыссык берип, катуу согуп кетти. Эми бирөө мени токтотуп көрсүнчү, эми мага бирөө сүйлөсүнчү адебин берермин. Атамдын жанына барып башын кучактап ыйлап, өпкүлөй бердим. Эркектер мени сөөктөн ары тартып жатышты, мен баш бергеним жок. Ал кезде түшүнгөн жокмун да эмне болуп кетишин.
—Эй кыз акыл-эсиң жайындабы? Кач мындай сөөктү кордобой, өзү араң сактап турабыз. Алдыгынтип жулкулдатсаң ичи көөп турат жарылып кетет, шерменде болосуң анан. Түшүнүп жатасыңбы?
—Мына сага, мындайды эми угушум. Сөөк көп турса ичи жарылып кетет экен да. Кудай сактаптыр, өлгөн атасын да эптеп көмө албай, ичин жарып, иритип салышыптыр!-деп сөз чыгарышмак экен. Ушул жерден тык эте токтоп калдым. Атамдан аста жылып, ордума келип олтуруп калдым. Ушул убакта апамды дагы бир убакта жоготоорумду ойлоп кеттим. Адам тирүү кезинде бааланбайт эмеспи, ошондой эле мен дагы апама кандай жакшы көрөөрүмдү кээде гана айтат экенмин. Атамачы? Атама айткан эмес экенмин. Атам дагы менин оозумдан жакшы көрөөрүмдү уккусу келсе керек! Эми аны биле албайм баарыбир. Эмнеге айтпадым экен. Дайыма уялчымын. Балким бала кезимде айткан чыгаармын, эсте жок. Эс тарткандан бери айткан эмесмин. Апам дайыма «уят»-деген сөз менен бизди тарбиялаган. Ошол үчүн мынтип атама айтуу да уят!-деп айтпай калгам. Көрсө адашыптырмын. Боз үйдөн чыгып, апам тарапка бардым. Апам даарат алып баштаган экен. Колунан чөгүмдү ала коюп өзүм жууп кирдим. Апамдын буттары көптөн бери ооруйт. Тамырлары көк болуп чыгып калган, буттарын дагы бырыш басыптыр. Апамдын ушул бутунда канча мээнет бар э? Беш баласын жүрөк астына алгандан төрөлгөнчө көтөрдү, кийин атама кол-кабыш!-деп бизди багууга канча деген талааны иштеди. Түн ичинде суу сурап дагы ойготсок, бир жок дебей алып келип берчү. Апамдын бир эле туруп чыныга суу алып берип келгени, эмне деген мээнет. Апамдын ушул буттарынан айланайын, жүрөгүнөн айланайын, колдорунан, жүзүнөн, ак сүтүңдөн айланайын апаке.
—Болдучу кызым болдучу. Өөх жүрөгүм ай, басылчы балам. Бутума куюлган суудан көз жашың ашып куюлуп кетти. Мен сенден ыраазымын кызым, рахмат.
Ошол жерге олтуруп калдым, апам менин доолулугумду билип басып кетти. Эгер кошо ыйлап, башымдан сыласа мен өзүмдү жоготкончо чыр салаарымды билет да.
Ээх, аалам ушунчалык кенен болгону менен эмне пайда э? Асман ачык болгондо эмне пайда э? Суу шар акканда эмне пайда э?
Ааламды ченей албаган менен мен батпай жатпаймынбы. Ушунчалык чоң жер бетине мага орун жок болуп жатпайбы. Ушунча жаманмынбы? Өлгүм келет, кудай албайт.
Асмандын ачык болгонунда эмне пайда? Эгер асмандан жаачу жамгыр менин көзүмдөн жаап жатса. Асмандан бизге не пайда?
Шар аккан сууда не пайда, эгер адамдын кирдеген көңүлүн жууй албаса. Сууда не пайда, эгер бизди кайгыдан тазалай албаса. Айтчы бул жашоодон бизге эмне пайда? Не пайда дейм…
Чөптөн күчүмдү чыгардым. Тегерегимдеги көк чөптү жула бердим, жула бердим. Эчким жолоого дити барбады. Көптөн кийин кичинекей сиңдим жаныма келип, мени кучактады. Бир тууганым, ишенер тоом менин. Мени колдогон, дайым жан тарткан ардагым десе. Кучакташып көпкө олтурдук. Маңдайымда эки агам дагы жерди мыкчып олтуруп калышыптыр. Баардыгы чекеден келип кучакташып калдык. Аңгыча апам да чыккан экен, жаныбызга басып келди. Бешөөбүздүн бул акыбалыбыз кээ биринин ичин ачыштырса, кээ бирине жасалма көрүнүп, мыйыгынан күлүп турду. Апам бизди аяр кучактап, көзү жашылданып кетти. Ошол жерде мен түшүндүм. Азыр бир-туугандарым мени эмес биз апамды аяшыбыз керек экенин. Себеби апам жан шериксиз калды, элүү жылдан бери жашоосун бөлүшүп келген асыл адамынан айрылды. Туура, биринчи орунда бир-тууганды баалаш керек дейт. Бирок, апама бир-тууган да, дос, сырдаш, эң жакыны да атам болуп калган эмеспи.
—Апа, атамды алып олтура бербей жай даяр болсо бүгүн жайына берели. Жок дегенде сөөгүн урматтап койолучу. Эмне дейсиңер?
—Дарика эл атасынан кутула албай туруптур дешпейби. Элдердей эле үч күн кармайлы.
—Апа, байкеме айтыңызчы элдин сөзүнөн атамдын сөөгү кор болгону артык эмес экенин.
—Туура айтасыңар, негизи мусулманчылыкта сөөктү бир эле түнөтөт ашып кетсе. Имам менен кеңешип, бүгүн чыгара берели.
—Алыстагы тууган-урук жетишпейт да, кудалар бар.
—Болду чечилди, эл эмне десе ошол. Кудаларың атаңды көрүп кууруп жемек беле, түшүнөт баары.
Ошентип атамды түштөн кийин жайына узатып жибердик. Эки күн кадимки жаназа уланып, анан барып тынчып калды. Эртең эле кайра келишет. Чын дилден келгендерден жилик жейли, эмне сойот!-деп сынагандар көп болот. Кудайга шүгүр агамдар баары тың турушат экен, бир кынтыксыз өткөрүп жиберишти. Кыркына чейин боз үй чечилген жок. Кыркын дагы эки жумада эле өткөрүп салдык. Эл эмне деди билбейм, чындыгында эл менен эми ишибиз жок. Элдин сөзү!-деп жүрүп атабыздан айрылдык.

Атамдын кыркын өткөрөөр замат баарыбыз тарап кеттик. Менден кийинки сиңдим Бишкекте турчу. Ошол сиңдим менен кошулуп шаарга кетмей болдук. Жаман көрсө да үйдү Тураттын аталаш инисине саттык. Себеби Мыкы дагы кийин келип жашай алмак эмес. Эл оозуна элек жок демекчи, кийин дагы энең андай эле деген сөздү укпасын дедим. Үйдүн акчасын алып шаарга аттандык. Күйөө балам башка жакта кор болбосун!-деп өздөрүнүн кичинекей үйүн бошотуп беришти. Мурун ал жерди кампа катары колдонуп жүрүшчү. Кызымды ошол жерден биринчи класска бердим, Кайрат үчүнчү балам дагы ошол жерде окуусун улантмай болду. Мыкыны окууга тапшырууга көндүрө албадым, балмуздак чыгарган заводко жумушка орношуп алды. Айылдагы үйдү саткан акчага шаардан үй келбейт экен. Үстүнө кошуп алмай болуп акчаны сиңдиме айлантууга берип койдум. Мыкынын тапканы тамак-аштан ашпайт, өзүм бала менен. Кичинекей баламды эчкимге бербей өзүм багып алгамын. Чоочун жерде ары-бери калчалып жүрүп кичине алаксып кеттим окшойт, анча ыйлаганым басылды. Шүгүр десем болот, Мыкым атасынын жоктугун билдирбей бизди багып жатат. Шаар ичинде жүргөн маршрутка кирем деди эле чачым тик туруп маакул болбодум. Тураттын авариядан өлгөнү эле жетишет. Койондой окшош күндөр өтө берди, ширин балам чоңойо берди. Салим баламдын ордун бассын!-деп ымыркайдын атын Салим койдук. Салим ушундай ширин бала болгон, баарыбыздын эле өпкүлөп, эркелеткенибиз ушул. Ушул балам биздин караңгы түнүбүзгө жарык берди. Кантип бирөөгө берем дедим экен э? Түшүнбөйм да. Баламды берип салсам кайгым эки эселенип кетсе керек эле. Кийин бирөөнүн оозунан менин баламды бөтөн бирөөлөргө бермей болгонумду угуп калса кандай акыбалда калат болду экен э? Кийин чоңойгондо эптеп өзүм түшүндүрөөрмүн. Келечегимди элестете албайм, ошого ишенесизби. Азыр балама болгон кумар убакытынча эле алаксытпаса, жүрөктөгү жарам ошол бойдон. Дагы деле тезиреек Тураттын алдына баргым келет. Күн сайын тиленип келем. Болгону ушул балам мени жек көрбөгүдөй болуп, баарын түшүндүрүүгө жетишсем болду. Мейли айтканда түшүнбөсө да кийин убагы келгенде түшүнүп алаар. Азыр жашоом эптеп өтүп жатканы менен келечек туңгуюк. Эчнерсе көрүнөөр эмес. Болгону үмүт бар! Үмүт шамы жанып, мындан ары кайда басыш керек экендигин эптеп билгизип турат. Балким бул шам жарык жолго эмес тескерисинче түбөлүк тунгуюка болуп жүрбөсүн. Бул нерсени убакыт көрсөтөөр, азыр мага кайсы туура, кайсы туура эмес жол экенин түшүнүүчү акыл кире элек. Жакындарымды жоготкондо акылым эле эмес, өзүмдү да кошо жоготуп койгонмун.

Уландысы бар.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE