Пример HTML-страницы

Жашагым келет 13 бөлүм

https://kyrgyzcha.site/?p=6541&preview=true Кызыктуу окуялар.

Жашагым келет.
13-болум.
Үч баласын тең калтырыптыр. Байкем дароо балдарды карады, чоң кызын алып кетейин десе барбай коюптур. Эки баласы болсо жеңеме боор баскан эмес, апамдын жанынан чыкпайт. Жеңеме деле баарыбир окшойт, үч баласын кантип таштап кетет. Жаш болсо мейли дейт элем, каарып эле калды. Эми башкага тийген күндө да төрөбөсо керек, кырктан кичине ашып турган чагы. Кызы чоңоюп калганда жеңеме жин тийбедиби, үй-бүлөсүн таштап кантип өмүр сүрөт эми. Мен болсо өлүп калган ээримдин ордун бирөө менен толуктоо оюма да келбептир, эч качан жол дагы бербейм. Менин убалыма калган Ахматты болсо кудайга салдым. Эгер чындык бар болсо Туратымдын алдында ак болуп чыгам, мага ошол нерсенин менин каршылыгыма карабай зордук менен көрсөтүлгөнүно ийнимде олтурган периште күбөө болот. Бирок мындай карасам бирөөнү өзүмө теңеп, теңсинбей жатканым да туура эмес. Сөз жок жеңем мага караганда жаш көрүнөт, дене түзүлүшү да жаш келиндикиндей. Кийингеничи, бул өзүнчө башка эле окуя. Байкем катуу жинденген окшойт, жинин эмнеден чыгараарын билбей балта менен короодогу бакты чаап жыга коюптур. Балта шилтенип жаткан жерге бара да албайт экенсиң. Чекеде карап гана турдум. Сезип жатам, канча жыл бир нанды эле эмес бир төшөктү бөлүп жүргөн адамың сатып кетсе кандай кыйын болоорун. Бирок колдоо көрсөтө албай жатпаймынбы, эркек эмесмин да. Апам көрүп калды, жеңем унчукпай эле кетип байкабай отурган болчу.
—Баатыр эмне болду балам?
—Эч нерсе апа, үйгө кире бериңиз. Дарика апамды карабайсыңбы.
—Туура да апам сизге кыжаалат болуп жатат байке, жаш баладай болосуз да. Уруш ар бир үйдө эле болуп турат. Карабайм апамды, өзүңүз кириңиз, мен кеттим балдарым жалгыз калган. Эмне болсо эле мени камчыдай чапкылап жаман үйрөнгөнсуңөр, өзүмдүн ишим баштан ашып жатат. Жаш болсоңуз бир жөн, мына мен деле өлбөй эле жүрөм. Кичине бетиңиз күйгөн, жеңем таарынып кетти. Ошого ошончобу эмне? Мен айтайынбы же унчукпай кетип калайынбы? Жеңем кетип калган болсо мен жесир калдым, сиздин сырткы көрүнүшүнүз запкы тартса менин жан дүйнөм өлгөнү турат. Балдарыңыз аман-эсен ошого шүгүр этиңиз, менин балам жер кучактап жатат. Дагы айтайынбы? Же жетиштүүбү. Жоок айтаам, ушунча баштап калдым аягына чейин угуңуз. Адал балам арамга чыкты, өзүм бузуку аталдым. Менин кесиримден атам жабыркады, намыска алдырып ажалга жеңилип берди. Эми болсо бир-тууганым азап тартып жатат. Сиңдимдин үй-бүлөсүн бузуп алдым, баламды кылмышка түрттүм. Дагы бар, силер билбеген нерселер да бар. Өз баламды атайын өлтүрдүм, мунусунда арам баланы өлтүрдүм. Ошондо мончодо калганда өзүмө кол салгам, ооба чын айтып жатам. Мага арамдын кереги жок, мага жашоонун да кереги жок. Бирок, ошондо да жашоону улантып жатам. Жашоонун мыйзамына баш ийип, сабыр кармап жатам. А сизчи? Сиз эркексиз, апамдын ишенгени, балдарыңыздын атасы, менин агамсыз. Ушунча адам сизден колдоо күтүп, үмүт артып олтурганда эмнеге мындай кылып жатасыз? Менчелик ал таппай эмне болдуңуз. Азаптан башым чыкпай жатканда эмне кошумча болосуз? Буйруган нерсе болот, демек ушул нерсе сизге буйруган. Кудай тараптан берилген ырыскыбыз эле түгөнбөсө мындан аркы күндөрүбүз да алдыда буйрук менен турат. Эгер апамды, балдарды, мени ойлобосонуз ушул жашооңузду уланта бериңиз же токтотуп салыңыз. Бирок эки дүйнө сизге таарынып өтөөрүбүздү билип алыңыз. Апа бас кеттик, бул балаң өзүн эптей албай жатса сизди кандай карайт. Мени менен жашайсыз, балдарын өзү бага берсин. Ишенген тоом сен болсоң анда мен курган эле адам экенмин.
Апамды жетелеп басып кеттим, апам эмне дешин билбей мени менен басып кетти. Апамдын кара көздөрү божурайып аянычтуу болуп кеткен. Баласын кучактагысы келет менден качып бирок, мени да кыя албайт. Ошончо сөздөн кийин албетте ар бир эле адам катуу ойлонуп кетмек. Бир аз жылгандан кийин агам жетип келип бизди кучактап калды.
—Карындашым, акылыңдан айланайын кара-чачым. Эгер ааламдын аял заты сендей түшүнүктүү, аруу, таза болгондо кандай жакшы болмок. Ал жашоо анда бейиш деп аталмак болуш керек. Агаң алсыз, эркек болгонум менен сеникиндей күчүм жок. Сен чыдаган азаптын жарымын көтөрө албайм мен. Эми мен силер үчүн жашайм, баары жакшы болот буйруса. Апам экөөбүздүн башыбыздан сылап көзүнөн бир тамчы көз жаш кулатты.
—Апа бизди кечирип коюңузчу, сиздин берген ак сүтүңуздү актай албадык. Өзүңүз жалгыз бешөөнү өстүргөн болсоңуз, баарыбыз биригип сизди жакшы бага албай жатабыз. Бактылуу каарылык сыйлай албай жатабыз, ал үчүн бизди кечириңиз.
—Дарика сен дагы бизди кечир, башыңа түшкөн мүшкүл күндү сени менен бирге бөлүшө албай жатканыбыз үчүн кечир. Канчалык күйгөнүм менен баарыбир сенин акыбалынды толук түшүнө албайм. Менде сеникиндей күчтүү сабыр, мээримдүү жүрөк жок. Эми мейли болоору болуп, баёсу канды. Эми алдыны карап жашайлы, астыга умтулалы, артка кылчайбайлы.
—Туура айтасыңар, эми дагы кеч эмес. Баардыгын башынан баштайлы.
Ошол күнү таң атканча кеңешип олтурдук, апам баардыгын угуп ойлонуп калды. Көөптө барып анан жеңемдин артынан барба деди. Себеби күйөөсүнүн көзүнө чөп салган адам эч качан балдарга жакшы тарбия бербейт, анан оңолбойт. Анын үстүнө жеңемдин кылыктарына тоюп бутушуптур. Апам башкага үйлөндүрүп койом деп күлүп койду. Ошол жерден агам башын жерге салат, себебин мен түшүнүп турам бирок апам бул нерсени аялын жакшы көрөт деп ойлоп алды. Чоң байкемдер менен сүйлөшүп, алар чет жака иштеп келишмей болушту. Мен дагы Мыкыны кошуп берем дедим, Сайра дагы кетем деп чыкты. Сайранын үйүн батирге берип, балдарын алып келип алдык. Мен дагы батирден чыгып балдарды каралашканы көчүп бардым. Өзүмдүн үч балам, байкемдики үчөө, Сайраныкы үчөө, чоң байкемдики бешөө. Чоң байкем эки бойго жеткен баласын кошуп алып кетти. Ошондо өзүбүздөн сырткары он эки жаш бала менен калдым. Байкем жөн отурбайын деп шаардын четинен жер алып талаа айдадык. Баардыгыбыз барып иштеп жаттык, апам чыйрак болгон үчүн бизге түшкү тамак бышырып турат үйдө. Мен Салимди көтөрүп алып барам, ал көк чөпкө чуркап жыргайт. Россияга кеткендер орношуп, жумуш таап, өздөрүнө келгенче убакыт өтүп кетти. Анан алар дагы көп акча жиберип башташты. Жеген ичкенибизге Сайранын батиринен түшкөн акча жетип жатты. Жерге эле кичине киргизбесек, калганын эки ай чогултуп агам талаага бизди ташыганы машина алды. Чын кечке түйшүк менен болсоң кайгырганы убакыт калбайт экен. Кечке талаа, үй, кир жуумай, нан жасамай болуп кечинде атымды унутуп калам. Жеңем кайра кайтып келген жок, ажырашам деп арыз жазыптыр байкем бир жолу сотко барып келди. Апамдын айтканын кылып баары акчаны чогу чогултушту. Азыр жашап жаткан үйдү кичинекей агама калтырып, чогулган акчага чоң агама үй алдык. Түшүм мол болуп машинаны чоңойттук. Эки жылдын ичинде мен дагы үйлүү болдум.
Эми кезек Сайрада болчу, Сайра өзүнө чакан бизнес ачкысы келип жүргөн. Үч жыл өтүп арадан Россиядагыларбыз келди. Сайра чакан тигүүчү цех ачты, кудайдын буйругу менен Мыкыны да үйлөнтмөй болдук. Баардыгы жакшы болуп жатты, биздин кубанычыбызга чек жок. Кудайым ушунча сыноодон кийин бизге чоң бакыт берди. Шүгүр гана айтып сүйүнүп жүрдүк. Апамдын курбусу бар болчу жаш чагынан бери катташып жүргөн, ошол аяш апамдын неберелеринен бирөөсүн келин кылып алмай болдук. Эки агам, Сайра мен Мыкы болуп аяш апамдыкына бардык. Нарында жашайт болчу, алыстыгына карабай арадагы катташты бекемдегибиз келди. Чын эле шаардын ызы-чуусунан чыга албай айылдын кереметтигин унутуп калыптырбыз. Таза аба, бийик тоолорду көргөнүбүздө жүрөгүбүз ушундай кубанды. Эмнеге келгенибизди айтпай эки күн жайлоодо конок болдук. Ар бир үйдө өз маселе бар болгондуктан бул жерде да өз ара келишпестиктерди көрдүк. Мындайдын даалайын баштан өткөргөндүктөн анча маани бергенибиз жок. Аяш апамдын колундагы баласынын сыйын көрүп жүрдүк, аяш апам да аябай кубанды биздин келгенибизге. Түндө кандайдыр бир күбүрдөн ойгонуп кеттим, эшике чыксам ары жакта бирөөлөр урушуп жатышыптыр. Коркпостон уруш болуп жаткан тарапка бастым. Ушул үйдүн ээсинин кызы экен, бир чоочун бала менен урушуп жатыптыр. Жаш кыз түндө эмне кылып жүрөт!-деп таң калдым. Балким жардам керекпи деп жакыныраак басып бардым. Экөө мени байкаган дагы жок.
—Сиз мени алдап жатасыз, эртең дегениңиз бүтпөй койду. Башында эмнеге чындыкты айткан жоксуз. Мен сизге ишенгем. Эми үй-бүлөм уят болмой болду.
—Шуру мен сени алдаган жокмун, мен сени сүйөм. Сен үчүн баарына даярмын, бирок сенден да артык көргөн адамым бар. Мен аны кечип кете албайм. Ал менин балам, балам үчүн баарына даярмын. Мен аны таштай албайм.
—Башында ойлонуш керек болчу. Мени сүйдүрүп, алдаганча ойлонуш керек эле. Эми мен эмне кылам? Ошол балаңыздай эле бала менин ичимдеги дагы. Ата-энеме эмне дейм эми ошону айтыңызчы. Мага жол көрсөтүңүз анда, болбосо менин өлүмүм сиздин мойнуңузга илинет.
—Мени коркутам деп жатасыңбы? Сендейдин канчасын көргөм, уят болбойун десең эртең таң атпай шаарга барабыз, баладан кутулуш керек. Мага бала керек эмес.
—Мени эмнеге ойлобойсуз? Бул баланы алдырсам кийин бала көрбөй калышым мүмкүн.
—Сен артта калгансың, азыр баладан кутулуунун көп жолу бар. Даары ичесиң.
—Мен корком, андай кыла албайм. Андан көрө мен баардыгын ачыка чыгарам. Уят болсок чогу болобуз, эми корко турган нерсем калбады. Абийирди алганда баатырсын, балага келгенде бекинип алам де.
— Менин үй-бүлөлүү экенимди билгенсин.
—Сиз ажырашкам дегенсиз, мени алдагансыз.
—Эртен шаарга мени менен барбасаң анда эч нерсеге жооп бербейм. Түшүндүңбү?
Жанагы бала басып кетти, Шуру болсо жер апчып ыйлап кала берди. Кандай тааныш окуя, мен дагы бир зөөкүрдөн курмандыгы болбодум беле. Мындай кезде өзүңө кол салып алышың да толук ыктымал экен. Бул кыз дагы сүйүүгө ишенип алган байкуш тура. Шуру ыйлап бүткүчө мен дагы кантип жардам берсем деп ойлондум. Эч кимге тиш жара албай койдум. Анан ойлонуп Мыкы маакул болсо балама алып бергим келди, ымыркайды өлтүрүү бул күнөө да. Убагында мен өз баламды өлтүрүп алып азыркыга чейин өкүнүп, күнөөмдон кантип айрылууну, кантип женилдеш керек экенин таппай айлам куруп жүргөн кезим. Азыр мунун баарын угуп, билип туруп жөн гана кол шилтеп койо албайм. Алданыптыр, эмне экен. Алданды бирок, жан дүйнөсү булганган жок. Канча күндөн бери чогу жашап аз болсо да кыялын билип калбадымбы. Мыкыга баарын түшүндүрүп, макул болсо алып берем. Бизде текшерүү деген жок, бир кызды уяттан сактасак демек өмүрүн да сактап калган болобуз.
Шуру ыйлап бир топ отуруп анан үйгө кирип кетти. Мен эшикте көөпкө ойлондум. Анан кирип Мыкыны ойготуп чыктым.
—Мыкы экөөбүз сүйлөшүп алышыбыз керек.
—Апа түндөсү сүйлөшөбүзбү? Эмне болду?
—Балам Шуру жактыбы сага?
—Апа ал мектепте окуйт экен го.
—Балам аяктап жатат мектепти, азыр сөйкө салып койсок эки айдан кийин алып кете беребиз. Сүйлөшүп көр балам.
—Ал сулуу экен мени карайбы апа?
—Сага бир нерсе айтышым керек, эгер сенде мен үмүт кылганчалык акыл болсо Шуруну алууга ыраазы болосуң.
—Эмне айтасыз апа? Сизге жакса алам апа. Жакшы адам экенине көзүң жетсе болду.
—Ооба Шуру жүрөгү таза, ишенчек кыз экен. Бирөөгө алданып калыптыр байкушум. Эгер аны куткарып калбасак өзүнө кол салышы мүмкүн, түшүнүп жатасыңбы?
—Жок, түшүнгөн жокмун.
— Азыр эле күбөө болдум, бир аялы бар бала аялым жок деп алдап кетиптир. Байкуштун боюнда бар окшойт.
—Ошону анан мага ыраа көрүп жатасызбы?
—Балам ал дагы биздей эле адам, адашпаган адамдын өзү болбосо керек. Эмнеге бир катасы үчүн өмүр бою азап тартыш керек. Же адашкандар өлүп кутулушу шартпы. Балам сүйлөшүп көр ачык эле, мен билбемишке салам. Сыр болот.
—Элди жинди дейсизби? Үйлөнгөндөн кийин беш айда төрөп койсо мен уят болом.
—Ошону бил, ичиндегиси канча айлык экен.

Уландысы бар.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE