Пример HTML-страницы

Жашагым келет 12 бөлүм

https://kyrgyzcha.site/?p=6541&preview=true Кызыктуу окуялар.

Жашагым келет!! 12-болум.
Арманым аттын башындай. Кечке наалый берип өзүмдөн өзүм тажап кеттим, каникул болуп калды эле Салимди балдарыма каратып жумуш издеп чыктым. Гезиттерди алып кечке карайм, дарегин билип барам. Көбү адам алып алганбыз дейт, кайра шалпактап үйгө кайтам. Ошентип он күн дегенде бир ашканадан жумуш таптым, күнүнө эки жүз элүү сом берет экен. Эртең мененки сегизден кечки бешке чейин иштейм, эки маал тамак берет. Майана бир жумада бир экен. Тамакты мага ашканадан бышырып алып чыгып беришет, мен болсо салып берем айтканын. Адашпасам медакадемиянын сталовыйлары болчу. Ак халат кийген кыздар кирсе мен дагы балдарымды доктур кылгым келип кетет. Күндөр өтө берди, менин тапкан акчам бизге жетип баштады. Мыкыныкын болсо чогултуп жаттым. Биз дагы үй алышыбыз керек да. Үйдүн жанынан тигүүчү цех ачылып калды. Кээде топчу тигүүгө кирип жүрдүм, аз болсо да чогулуп жатып эки окуучума кийимге жарап калды. Дагы жанакы окуя башталды. Ичим бир күнү эле болк эте түштү, биринчи көңүл бөлбөгонум менен ичимде курт баскандай эле болуп жатты. Тээтиги Ахматтан боюмда болуп калдыбы деп коркуп кеттим. Жумуштан чыгаар замат менчик ооруканага барып УЗИГЕ түштүм. Чын эле боюмда бар экен. Төрт ай. Төрт айдан кичине өткөн. Кантип мындай болуп калат? Мүмкүн эмес бул.. Мурун куру доомат менен жаман атты болсом эми мага ким ишенет? Бир-туугандарым бетиме түкүрүп басып кетишпейби. Ахматтын кылыгын эки агам тең уккан дечи бирок, алар баарыбир эркек да. Эмне деп ойлошот. Андан дагы никесиз жаралган бул арам баланы мен эмне кылам. Кийин Сайранын балдарына бул дагы силердин бир-тууганынар деймби. Түшүнбөйм да кантип эле ушундай болсун, мен айына айызымды көрүп эле жүрсөм бул кандай болуп калды? Эртеси жумуштан суранып ооруканага бардым. Кээде ушундай боло берет экен, бирок бала аман-эсен деди. Мен болсо алдырам дедим. Врач ары жагымдан бир бери жагымдан бир чыгып урушуп да, оюмдан кайттырып да жатты.
—Сиз түшүнбөй жатасыз, бул деген сиңдимдин күйөөсүнөн.
— Сиңдиниз билеби бул нерсени?
—Ичимдегин билбейт, башкасын билет.
— Сиңдиниз менен катташ барбы? Мамиле кандай?
— Ал түшүнүктүү, анан баары менин каалоом менен болгон эмес.
—Кичине түшүнгөндөймүн, бирок ошонун баарын билип кечире алган аял бул нерсени жөн эле көтөрүп койот. Өзүбүздүн кызыкчылыгыбыз үчүн биз башка бирөөнүн өмүрүн кыйып жатабыз. Бул нерсеге биздин акыбыз жок, түшүнөсүңбу!!!
—Ошондо албайсызбы эмне?
—Мен эле эмес баары баш тартат. Бул чоңоюп кеткен, кадимки бала бул.
—Силерге акча бериш керек да э? Акча бербесе колуңарды кыймылдатып да койбойсуңар.
Жоопко көңүл коштук гана ала алдым. Ыйлаган бойдон чыгып, бак аралап кеттим. Ээнсиреген жагында отургуч турган экен ошол жака отуруп кыйкырып ыйлап алдым. Ойлоп көрсөм көөптөн бери бугумду чыгара албай жүргөн экенмин. Мени кудай дагы сынап жатат. Эч кимди албайм, эми берип сынайынчы деген окшойт. Акыркы чыдамым ушул болду, башкасына чыдай албайм. Чарчадым, жашоонун мыйзамына жазылбаган мыйзамда жашап чарчадым. Эми жашоом өзүм жазган мыйзам менен болот. Үйгө келсем Кайрат тамак жасап жатыптыр. Картошка кууруганды үйрөтүп койгон болчумун. Кызым менен балам таттуу уйкуда жатышат. Беттеринен өөп мончого кирип кеттим. Отту ушунча катуу жактым дагы ыссыка отурдум. Дем жетпей калса да чыдап жата бердим. Кандай соонун, уйкум келип баштады. Денем балкып, ак булутка көтөрүлүп жаткандаймын. Учуп жатам, учуп. Мага эчким ишенбейт бирок, мага бул жак жакты. Асмандын аркы бетинде башка жашоо экен. Ал жакта жалаң гүлдөр жайнайт, адам дагы анча көрүнбөйт. Ошол гүлдөргө жетким келди, аракет кылып жаттым. Булуттардан аша албай койдум. Бир маалда жерге кулап кеттим, кулап баратам. Кандай коркунучтуу. Кандайдыр бир секундтан кийин жерге түшүп чачырап кетүү бул аябай коркунучтуу экен. Жерге жетпей чочуп ойгонуп кеттим. Бирок мен мончодо эмес экенмин. Көзүмдү ачсам ооруканага окшошуп кетти. Чын эле оорукана окшойт, халатчандар көрүнүп жатат. Денем бир аз ачышып жатты. Карасам күйгөндө териге суу толуп кетет ко ошондой экен. Денем аябай эле какталып калган окшойт. Мен өлдүм деп ойлогом, аман калыптырмын. Врач көрүп эле акыбалымды сурады. Баары жакшы десем бир укол сайып чыгып кетти. Артынан апам кирди. Апам байкуштун мен үчүн канча чачы агарды экен э. Азыр дагы санаага салып турам.
— Кызым амансыңбы айланайын, мончодо уктап калыптырсың балам. Аябай чарчап жүрөсүң өзүң эки жумушта иштеп, ошого ысыкты да сезбей уктап калсаң керек. Мейли эми кудай өзү сактаптыр, эми абайла.
Апам менин өзүмө өзүм кол салганымды билбей калыптыр, апам эле эмес догдурлар да аны сезбептир. Баары эле мончодо уктап калган же эсучун жоготкон деп ойлошту. Апамды врач тез эле чыгарып салды.
— Атыңыз ким?
—Дарика.
— Мурун дагы эсиңизди жоготконсузбу же бул биринчисиби?
—Мурун жоготкон эмесмин.
—Сиз жакшылап даарыланышыныз керек. Бул бир оорунун белгиси болушу мүмкүн. Анан тилеке каршы балаңызды сактай албадык. Кош бойлуу кезде мончого түшүү да коопту, бирок жатынды сактап калдык.
— Чын элеби? Бала жокпу эми?
—Кайгырбаныз эң башкысы өзүңүздү сактап калдык. Ден-соолук жакшы болсо дагы төрөйсүз.
—Керек эмес болчу.
—Биз аргасыз элек.
— Рахмат, бала мага керек эмес болчу.
Врач мени таң калып карап чыгып кетти. Ичимден ушунчалык сүйүндүм, кудай дагы бул никесиз баланын туулушун каалабаптыр. Врачка туугандарыма айтпоосун сурандым. Он күндөй даарыланып, анан ооруканадан чыгып келдим. Салимди жеңем карап жүрүптүр. Мыкыны мени карасын деп апам чакырып койгон экен, ал дагы көп өтпөй келди.
Баламды аябай сагынган экенмин, кучактап жытын кере-кере жыттап алдым.
—Апа эмнеге ооруп жатканыңызды мага айткан жоксуз, сизге эле кыйын болду. Сизге керек экенимди билип туруп кетип калдым, эми жаныңыздан карыш чыкпайм апа.
—Ооба балам эми жанымда болчу, мен дагы катуу сагынат экенмин.
—Алтын апакем кусалыктан ооруган турбайсызбы, эми жаныңызда болом. Мыкы келгенден кийин бир топ жакшы сезип калдым өзүмдү. Балдарым жанымда кудайга шүгүр.

Арадан убакыт өтүп баары унутулгандай эле болду. Бирок бир адам чыгат тура баардыгын эске салып турган. Жеңем. Кичине агамдын аялы, ажаандыгы кармап тез-тезден үйдө уруш уюштуруп турат. Түндө иштеп калдым!-деп кээде үйгө келбей койот. Байкем болсо сакоо сымал, кыңк этпейт. Баатыр агама да баарыбир болуп калган окшойт. Эптеп эле тирүүлүктүн белгисин кылып жүрөт, айла жоктун күнү да. Байкушум көчөгө да чыга албайт, чыгып калса баардыгы кебетесинен чочуп айланып өтөт, анан бурулуп көөпкө карашат колу менен гезешип. Кээ бир жаш балдар шылдыңдайт экен, байкем баардыгынан коорунуп өз дүйнөсүнө бекинип алган. Бир күнү женемдердин тигүүчү цехинин кожейкеси баласын үйлөнтүп той кылып чакырыптыр. Байкемдин да атын жазыптыр чакыруу баракчасына. Баатыр агамдын сүйгөнү ай, мени да адам санына кошуптур!- деп көзүнө жаш алып алыптыр. Кечке дайарданды. Мен дагы сүйүндүм. Тураттын тойго кийген жаңы костюм-шымы бар болчу, ошону үтүктөп даярдап бердим. Анткени агам арыктап өзүнүн кийимдери чоң келип калган болчу. Жаңы кийим алууга акча дагы, көңүлү да жок. Жаш балача сүйүнөт. Мурун агамды тойго чакыргандар агам тойго барса катуу сүйүнүшчү. Себеби агам тамаданын ордун жөн эле басып койчу. Тамашакөй, сөздүн берметин терип сүйлөгөн граммотный болчу. Азыр болсо ал катыштары менен да байланышын үзүп койгон. Шыпылдап качанкы бир убактагы адаты кайтып келгендей. Бир туруп мага тийишип сүйлөйт, бир туруп апама сүйлөйт. Аны көрүп апам жаш алып кубанат. Ээх энеге балдарынын күлкүсүнөн артык нерсе жок тура. Саат болуп жеңемди күтүп отурса жеңем келбей койду. Агам тынчсызданып жаман ойлонду. Жолдо бир нерсе болдубу деп койот. Мен жумушуна барсам уятсыз ошол жактан ары тойго агамсыз кетип калыптыр. Ушунча тилимди тиштеп келдим, мунусу ашыкча болду окшойт. Азыр жетип адебин бергим келди, бирок тойду бузбайын дедим. Үйгө келип агама көрүнбөй жатып алдым. Анан түн оокумда эшике бир машина токтоп жеңем түштү. Агам уктабай олтурган экен атып чыкты го. Артынан мен чыктым. Эшиктин алдына келип жеткирген шопур менен жымындашып жатканда чыгыптырбыз. Машинанын эшигин жулгудай ачты байкем. Жеңем чочуп кетти, андан да шопуру аябай коркту. Байкемдин өңүнөнбу же сүрүнөнбу билбейм. Жеңемди сүйрөп түштү, мен жетип барып ажыратып жаттым. Машина тез жүрүп качып кетти. Байкем чуркап жетпей койду. Жеңем уялган да жок кайра беттен алды.
—Эмне жулунасын? Ал мени жеткирип эле койду, такси эле. Обу жок кызгана бербечи.
—Сени эмнеге эле түндөрү иштеп калды десе, түнкү ишиңди көрдүм уятсыз.
—Мен акча алып келип сенин милдетинди аткарып жатам керек болсо. Эркек башың менен жатасың бутту илип коюп. Дагы обу жок кызганасын.
— Таксист менен өбүшүп коштошосунбу эмне?
—Шыкый өлүгүңдү көрөйүн шыкый жакшылап карабайт белең, өбүшкөн жокмун.
—Бир көзүм көрбөсө да экинчиси мыкты көрөт. Азыр өлтүрүп сала элегимде көрүнбөй жоголуп кеткин.
— Ушунун баарына сен күнөөлүсун, эми ыраазысынбы? Керек болсо мага рахмат айтып, таманымды жыттасанар болот. Коркунучтуу агана чыдап жүргөнүмө, иштеп багып жатканыма кетип калбай.
— Жеңе бул жерде менин кандай тийешем бар?
— Баардык балээ сенден башталды. Жакшы жашап жаткан жерибизден сен үчүн айылдан айдалдык. Сен үчүн агаң ушул акыбалда, сен үчүн үйсүз калдык. Баардыгы сен үчүн.
—Оозунду жап. Эгер өзүңдүн жеңил ойлуулугуна Дариканы күнөөлөсөн анда азыр сени жок кылып салам.
— Колуңдан келеби я? Күчүң жетеби мага? Катындан айрыман жок жарым жылдан бери, сага башка катын тийбейт айтып койоюн. Болушум ушул жашасаң мына жашабасан төрт тарабың кыбыла уктуңбу.
—Эй беркел бери, көрсөтөм азыр сага уктуңбу. Жеңемди кууп алып кетти. Мен артынан чуркадым, агам ачуу үстүндө бир нерсе кылып койбосун деп корктум. Биринчиден ортодогу балдарга кыйын, экинчиден агам зыянга учурайт, үчүнчүдөн жеңемди да түшүнсө болот. Эри өзү айткандай эч нерсеге жарабай жатса эркек сагынгандыр. Жок, анда менчи? Мен деле жүрбөймүнбү. Башка эркектерди элестетсем кускум келет. Эми ар кандай аял бар экен да. Экөө мени жеткире койбой бир талай жерге кетип калыптыр. Мен жеткичем агам кыйла эле тепкилеп салды байкушту. Кантсе да аял да боорум ооруду. Экөөнү эптеп ажыраттырып жеңемди биринчи жиберип салдым. Үйгө барып биз баргыча кетип калыптыр.

Уландысы бар. Катасы болсо көңүл бурбай тургула бошогондо оңдойм.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE