Пример HTML-страницы

Зектин махабаты 7 бөлүм.

https://kyrgyzcha.site/?p=37076&preview=true Кызыктуу окуялар.

🌀

 

ЗЕКТИН МАХАБАТЫ

 

7-Болум

 

Нурлан көңүлү суз тартып, көздөрүнүн тереңинен сагынычтын, кусалыктын белгиси билинип, муңайым тартканы убакыт өткөн сайын күч алды. «Сүйүүнүн чеги билингенде кор болот» дегендей, сүйүү менен кусалыктын чеңгели бир жагынан абактын ным жыттанган абасы Нурландын ден соолугуна зыянын тийгизип, кыйнаганы бара бара күч алды. Алигиче Тахминадан кабар ала албаганы, болбосо анын дайынын билбегенгеби, оюнун туу чокусунан орун алып, бүт дитин байлап алганы аны көп ойлонгон го түрткү берди. Күн төбөдөн ооп, батыш жакты көздөй кыңкыйып бараткан убакта, Капар деген бала келип :

-Нурлан, сени Калыйбек чакырып атат. Кызыңдан кабар алса керек, өткөндө сен андан кат берип аттың беле? деп сурады Калыйбек жөнүндө уккан Нурлан сүйүнүп жүзүндө кандайдыр бир жылмаюу пайда болду.

Ооба, Калыйбектен кат жазып берип жибергем. Эмне Тахминага жолугуптурбу? Капар көңүлү суз :

-Аны биле алган жокмун. Бирок сени чакыртканына караганда андан кабар алган түрү бар. Нурлан отурган ордунан туруп, вахтаны көздөй басты. Көз алдына Тахминанын чырайлуу келбети тартылып аны менен жолугушууга бараткансып, өзүнчө эле толкунданып баратты. Калыйбектин бошонуп чыкканына эки жума боло элек эле. Бирок өзүнүн хлебашына берген убадасына туруп керектүү заттарды алып келген болчу. Өзгөчө Нурландын көңүлүн көтөрүп коёюн деген ойдо гана аны чыкыртты. Бир сыйра кийинген Калыйбек боюн тыкан алып, жолугушуу жерде Нурланды күтүп туруп, Тахминаны эстеди да, кайсы бир акылмандын :»Аялдын сүйүүсү жана булуттун көлөкөсү туруксуз» деген сөзүн эстеп, Тахминанын сүйлөгөн сөзүнөн жана анын ошондогу абалынан эле Нурланга деген сүйүүсүн башкага алмаштырганын билген болчу. Бирок даамын келтире убагында айтып алган сөзү Тахминаны, бир топ тайсалдатканы аны эми ойлонот деген ойдо болгон. Бирок андан бери деле Нурланга келип жолукпаганын укканда, Нурланга жолугайын деп айтчу сөзүн камдап атканда, Нурлан келип калды. Калыйбек Нурланды көргөндө олтурган ордунан тура калып өзүнүн салам берип, колун сунду. Калыйбектин саламын алик алып, Нурлан ага ыраазы боло :

-Кандай, эмне кылып атасың? — деди. Калыйбек өзү жөнүндө үстүртөн айтып өтүп:

Нурлан убакыт аз, азыр тигилер келип сени ичке алып кетет. Андан көрө негизги сөзгө өтөлу. Нурлан нуру өчкөн көзүн Калыйбектен тартып алып:

күнөөлүү кишидей:

Өткөндө менин аманатымды аткардыңбы? — деди. Калыйбек ушул эле сөздү күтүп тургансып :

-Ооба, өзүнө жолугуп, сенден ага салам айтып, катты колуна карматкам. Өзүмдүн сөзүмдү дагы айттым. Ал баягы куру шылтоону айтат «колум бошобой атат» деп. Анда кат жазып дайыныңды билгиз дегем. Андан кабар барбы? Берилген суроого Нурлан ооз учунан :

-Жок деп жооп берип жер караганда, Калыйбек чын ниетинен аяп :

-Ал кыздын сага көңүлү түз экенин байкадым, бирок сага жолукпай атканынын бир себеби бар өңдүү. Нурландын үмүт оту жанып:

-Кандай себебин байкадың?! Калыйбек, суранам, менден эч нерсе жашырбачы, ал жөнүндө ойлонуп атып, башым дагы ооруп чыкты!…

Калыйбек сөздүн маңызына туура баа берип, кунт коюп көңүлүн бурду да, сөздүн аягына чейин угуп, өзүнүн кеңешин айтты:

-Нурлан, сен ал кыз жөнүндө ойлогонду токтотот.Буюрса аз убакыттан соң чыгасың ошондо өзүң барып жөнүн угарсың. Сүйүү кордогон, сүйүүнүн азабына өзү туш болгондо гана түшүнөт, анын сыңары ал дагы сенин ага арнаган сүйүүңдү билалбаганы мени да ойлонтуп атат. Нурлан көңүлү суз :

-Калыйбек, сенден сураныч, акыркы жолу барып дайынын тактап билип берчи. Мен сенин бул жакшылыгыңды эч унутпайм.Ишенесиңби? Түнкүсүн уйкум, күндүз оюм тынч эмес. Канча аракет кылсам да аны унута алчудай эмесмин. Себеби өзүң түшүнөсүң. «Сүйүүнүн гана керемети, күчү мени белимди майыштырды. Өзүн билесиң, анча мынча кыйынчылыкка туруштук берип келгенимди. Бирок сүйүүнүн азабына туруштук берүү кыйын экен. Оюм туман. Бүт дитимди бир гана Тахмина ээлеп алды. Калыйбек сөздүн түпкүрүнө маани берди. Нурланды колунан кармап:

-Нурлан, мен сага тушуном. Үч күндөн кийин келип жообун берип кетем. Кийинки аптанын аягында айылга кетем го. Бул жерде жүрсөм, жүрө берчудоймун. Мен дагы үйлөнүп, өз жолум менен кетпесем, болчудай эмес. Кадам сайын менттер. Жөн койчу түрлөрү жок. Дагы бир балээге кабылганча, тынчыраак айылга жашайын деп чечтим.

Нурлан Калыйбекти коштоп :

— Туура кыласың. Азыр жашагандар айылдан деле күн өткөрүп, жакшы жашап жатышпайбы. Туура жолду тандап алыптырсын. Сөз ушул жерге келгенде жолугушуу мөөнөтүңөр бүттү деп, эки солдат даяр болуп калды алардын жанына Нурлан экөөнү жаман көзү менен карап, Нурланга :

— Болуптур анда жакшы бар — деди.

Калыйбек башын ийкеп:

— Нурлан, андан кам санаба, аны коюп өзүңдүн ден соолугуна кара — деп колун сунуп, коштошуп, сыртка чыкты.

 

Тахмина ал күнү сабакка барган жок, керээлди күнү кечке төшөктөн турбай өз ою менен алек болду. Уйкусу деле келбеди, Бактиярдын жоругун эстеген сайын ага карата жек көрүү күч алып, аны эстебегенде аракет кылды. Бирок бул ою ишке ашкан жок. Биринчи жолу эркек менен болгонгобу, Тахмина бир эле Бактияр эмес, болгон эркектерди жаман көрүп, өзүнө өзү сөз берди : күйөөгө тийбейм, эч бир эркек аттуу менен сүйлөшпөйм деп. Албетте, бул жан дүйнө кыйналгандагы эле айтылган кеп болчу. Кечке кесерип ачка жаткангабы эмнегедир табити тамакка тартып, бирдеме жегиси келди, бирок кыздар келсин и деп, ордунан турбай жата берди. Күн шашкелен оогондо гана болмолош курбу кызы Нурила астананы аттады. Нурила али төшөктө тура элек Тахминаны көрүп :

— Дале жатасыңбы? Турбайсыңбы, ичегине кан жүгүртүп кетти го?

Тахмина уйкудан жаңы ойгонгондой, көзүн ушалап :

— Саат канча болуп калды? — деп сурап, сыр алдырбаганга аракет кылды. Нурила кийимин алмаштырып алып :

— Тахмина сага эмне болгон. Ыйлаган түрүн бар. Эмне жигитиң кара кылып койдубу ? Көңүлүн дагы чогунку. Деги сага эмне болду?

Тахмина уруусун карматкан адамдай, көзү жалтактап:

— Ооруп атам. Эмнегедир башым ооруп, эч нерсеге көңүл жок.

Нурила чайнеке чай салып:

Арак менен пивону аралаштырып ичсең ооруйсуң да. Эртең менен жүз грамм арак ичип алсаң болмок кечке отурбай. Тахмина жаткан жеринен туруп кийинип, сыртка чыгып келди да, Нурила чай даярдагыча ылдый түшүп барып, ак суу менен консерва алып келди. Табити ачылган Тахмина жаңы гана чайга отурганда, коңшу бөлмөдө жашаган Жылдыз баш багып :

-Тахмина, сени кечээги бала чакырып атат, ылдый жакта деди. Тахмина Жылдыздын сөзүн укканда, өңү өзгөрдү. Жылдыз суранам, жок экен деп айтып койчу. Эгер такып сураса эжесинин үйүнө кетиптир, бүгүн келбейт, күтүп убара болбо де. Чынын айтсам ооруп турам. Жылдыз макул дегенсип башын ийкеп, эшикти сыртынан жапканда, Тахмина көңүлү суз:

-Бүгүн дагы арак виного кыйнагысы бар. Барбай койсом кутуламбы…

Тахминанын сөзүн уккан Нурила :

-Бекер кыласың. Эгер мен сенин ордуңда болсом, барып баш жаз деп айтат элем. Тахмина жактырбаган түр менен :

Кереги жок, чынын айтсам азыр эч нерсеге көңүл жок. Ичкенден кийинки күнү жаман деп Нурила сөзгө кошулуп, Тахминаны түшүндү. Бирок Тахминанын жүрөгү эмне сайып атканын Нурила билген жок. Аңгыча шатыра шатман сары кыз менен Дамира кирип келишти да экөө бир ооздон :

-Тахмина, сени бир жигит күтүп атат. Болжолубузда жигитиң го….

Тахмина баштагыдан түнөрүп :

Азыр эле жок дедирип айтпадым беле. Дамира, сенден өтүнөм. Эжесинин үйүнө кетиптир деп айтып койчу. Чын эле ооруп турам. Дамира кетип баратып :

-Бизге эч ким келбейт деп, жигит таба албай жүрсөк,сен болсо жигиттен качасың да. Мейли эми, өтүнүчүнду аткарайын. Тахмина ошентип Бактиярга жолуккандан качып, ага карматпай жүрдү. Бир аптанын ичинде кадимкидей өңүнөн азып, түнт болуп кетти. Баарына Бактиярдын жоругу түрткү болду. Жок дегенде эртең менен көңүлүн көтөрүп жылуу сөзүн айтып койгондо мынчалык Тахмина өткөн ишке өкүнбөйт эле. Атасынын акчасына көпкөн Бактиярды көрөйүн деген көзү жок. Ал турсун аны ойлогусу да келбейт. Бир айдын ичинде канча жолу издеп келди. Бирок Тахмина жолукканда качып, жок дедиртип гана бөлмөсүнөн чыккан жок. Бактияр окуу жайына дагы издеп барды, анда да Тахмина жолун таап башка эшик менен чыгып, көрүнбөй кетип калды. Бактиярдын Тахминаны издей турган жөнү бар эле. Себеби тентуш балдары Бактиярга «Сенин сүйлөшкөн кызың Тахмина абдан жакшы кыз экен, ал кызды колуңдан чыгарба» — деп айтышкан. Андан дагы апасы Тахминанын келбетин көрүп эле, Бактиярга «Колуңдан келсе ушул кызды мага келин кылып бер. Маңдайы жарык жакшы кыз экен деп айткан сөзү баарына түрткү берип, Бактияр кайра — кайра Тахминага келип, жолуга албай кетип аткан кези. Өткөн өзүнүн жоругуна өкүнүп, аң-сезимин дагы Тахмина ээлеп алып, создуктурбай кечирим сурайын деген ою бир жумадан бери ишке ашпай келет. Адам баласы убагында эч таңазар албаганы менен баары өткөндөн кийин өкүнүп калган адатыбыз бар эмеспи. Бактияр дагы оозунан чыккан жагымсыз сөздүн маанисин кеч түшүндү. Качан гана Тахминанын көңүлү сынып, анын өзүнө карата жек көрүү сезими пайда болгондо гана кайра анын артынан чуркаганы Бактияр үчүн өтө эле осол иш. Чынында Бактияр Тахминаны «кордоочу кыз, себеби мен анын талуу жеринен кармадым. Эми ал кайда качат» деп ойлогон. Баары тетирисинен чыкканда гана Бактияр өткөнгө өкүнүп олтурган кези. Тахмина көчөдө ээн да баса албай калды. Качан болсо артынан үзүлө тиктеген Бактиярдын жоругу аны көп туйшөлттү. Ага жолуккусу келмек турсун, көргүсү дагы келбей, ушунчалык көңүлү калып, качып жүргөнүн себеби ошол. Жолдо келатканда сак сактап Бактиярга көрүнгусу келбейт. Жатаканага дагы көз байланып калган кезде келгенди Тахмина адатка айлантты. Бүгүн дагы эки жакты карап, жатаканага кирип келе атканда жакын жерден Тахмина деген үндү угуп, селт этип чочуп кетти. Дароо оюна Бактияр келди. Артын жалт караган Тахмина эки метрдей аралыкта, өзүн көздөй келаткан бейтаныш жигитти көрүп, жүрөгү болк дей түштү. Дароо оюна Бактиярдын балдарынан го деген ой пайда болду. Качан гана Калыйбек жакын келип :

Кандай Тахмина! деп, учурашканда гана, Калыйбекти таанып, кара күчкө жылмайды :

-Жакшы өзүң кандай?

Калыйбек өзүн токтоо кармап дурус. Бирок сизди күтүп олтуруп убакытка гана азыраак уттуруп койдум деди. Тахмина шашкан түр менен. Ичкери киреличи деп, ашыгып жатакананын эшигин ачты. Себеби, бул убакта Бактиярдын машинасын, анын өзүн көздөй келе жатканын көрүп калган эле. Шашыла басып ичкери кирип, вахтадагы орус аялга өзүнүн документтерин берип, КАЛЫЙБЕКти ээрчитип өйдө көтөрүлдү. Тахминага Калыйбектин келгени абдан жакшы болду. Экинчи кабаттын ичке залы менен аягына чейин барып, терезеге такалып токтогондо, Тахмина музоо кирпик сурмалуу көздөрүн Калыйбекке кадап:

Эми сүйлөй бериңиз. Сиздин келгениңиз абдан жакшы болду. Калыйбек эмнегедир бул жолу Тахминаны тике карай албай, көзүн андан тартып алып, өзүнчө эле сурдөп, ал турсун тердеп да кетти. Жаш кыздын келишкен келбетине алгач жолукканда көп маани берген эмес эле. Маңдайында жомокто уккан перинин кызы тургансып, уурдана карап, бир топко сөз сүйлөй албай, айта турган сөзүн жоготуп алды. Ооз учунан айтканыбыз менен сулуунун сүрүнө көп маани бербей келебиз. Калыйбек жанындагы өзүнөн кыйла жаш кичүү кыздын жанында мынчалык сүрдөйм деп эч ойлогон эмес. Абакта жүргөнүндө күрсүлдөп сүйлөгөн надзирателдерди тике карап, тайманбай сөзүнө карата жооп берген Калыйбектин азыр тамагы буулуп, үнү чыкпай турганын өзү дагы көп түшүнө берген жок. Тахмина өзүн эркин сезгени менен кыз башы менен калпычы болуп калганына өкүнө :

– Сиз мени кечирип коюңуз, мен сизге берген убаданы аткара элекмин. Нурланга барып жолугуу оюмда эле турат. Бирок мени уятым ага жол бербей келет. Сиз айткандай:

келем деп коюп, ага дагы калп болуп, бара албай жатам. Көкүрөктө эле турат. Нурланды кантип унутайын. Бул сөздү укканда Калыйбек өзүнө келип :

– Тахмина, ишенесиңби, Нурлан сени ойлоп атып арыктап кетти. Кызыл өңгөчүнөн тамак дагы өтпөй калды. Бүт ою, дити бир гана сен болуп калдың.Эгер сен ушул бойдон Нурланга жолукпасан, кайран бала майып болуп калат го, азыр баягы келбети жок. Ширенкедей болуп эле скелети калды. Ишенесинби, Тахмина, анын эки ооз сөзүнүн бири сенсин. Эгер сен барып жолугуп койсоң, анда ага канат бүтөт. Чоң иш жасаган болот элең. Тахмина көзүнө келген жашты аарчып :

— Эми мен ага кантип, кайсы бетим менен барып жолугам? Жок дегенде убакытты сөз ой убагында барып турсам болот эле. Барганда мен эмне деп айтам? Менин уятым жол бербейт. Эки тоо көрүшпөйт, эки адам көрүшөт деген кеп бар эмеспи. Айткандай эле бирде болбосо,бирде жолугам. Жолукчу күн алдыда. Аны ойлосом, тирүү басып жүргүм келбей кетет.

Кулагына жагымдуу, шыңгыр үндүү Тахминанын сөзүн уккан Калыйбек ичинен Тахминаны кызганганга өттү. Анын көздөрүнөн, сөздөрүнөн кандайдыр бир сырды байкады . Баарына кайсыл болуп, айылына ала качуу салтка айланып, алып кеткиси келип кетти. Бирок абакка барып, ал жактын даамын татып калгандар убагында бек кетет эмеспи. Анын сыңары көз алдына Нурлан тартылып, азыр эле өзү ойлогон ойдон алыстап :

— Тахмина, эгер сен менин тилимди алсаң, эртең экөөбүз барып жолукпайлыбы Нурланга. Мен сени түшүнөм. Эгер сенин ордунда мен болсом, мен деле сенин изинди басып.Жалгыз бара алмак эмесмин.

Калыйбектин сөзүн угуп Тахмина туюктан жол табылгансып, көңүлү көтөрүлө түштү. Бирок сыр бербегенге аракет кылып, өзүн токтоо кармап, ойлонуп туруп калды. Сулуулугун жанында турган ушунчалык бакыт экенин түшүнгөн гана киши түшүнөт. Анткени сулуулук ден соолукка жакшы жана көзгө көркөмдуу көрүнөт эмеспи. Тахминанын сулуулугун бара бара КАЛЫЙБЕКти өзүнө арбап, баштагыдан дагы жакытдатып келатты. Бирок Калыйбек Тахминанын көздөрүнүн тереңинен кандайдыр бир катылган, айтылбаган сырды байкады. Анткени Калыйбек түрмөдө жатканы адамдын аң сезимин айттырбай билген өнөрдү өздөштүргөнгө үлгүргөн. Себеби, менттендин колуна түшкөндөн кийин алардын психологиясын дагы өздөштүргөн. Өзгөчө зектер адамдын көзүнөн көп нерсени билип коюшат эмеспи айттырбай. Андан дагы алар сөздөн кармап, күнөөгө жыкканды кеңири өздөштүрөөрү белгилүү иш. Калыйбек Тахминанын Нурланга карата ою таза экенине толук ынанды. Ойго алдырып отурган

Тахминанын ою бузулуп:

— Тахмина анда сүйлөштүк. Эртең кайсы жерден жолугалы? деди.

Тахмина Калыйбектин сунушуна макул болуп

Макул, эртең саат экиде жатканынын артында болуңуз. Сабактан чыгып келем, — деди. Бул сөздү уккан Калыйбек, Тахминанын макул болгонуна сүйүнүп,

– Кана кол алышып коёлу деди.

Экөө кол алышып атканда, аларды Бактияр көрүп калды. Калыйбектин ээрчишип жатаканага кирип кеткенин көрүп, кызганыч сезими күч алып, артынан жатаканага жүгүртүп киргенде, экөө эчак үстүнө көтөрүлүп кеткен эле. Вахтерша Бактиярды тосуп, ичке кийирбей койду. Бактияр ичке кирген кыздардан Тахминаны чакыртканда, эки кыздын экөө тең бөлмөсүндө жок экен деп келди. Жини шакардай кайнаган Бактияр өзүн араң кармап, вахтерша аялга 100сом берип, эптеп алдап, ичкери кирди да үчүнчү кабатка көтөрүлүп, бөлмөсүнө эшик чертпей кирип барды да Тахминанын чын эле жок экенине көзү жеткенде, сары кыз менен

Нуриладан:Тахмина кайда? Кайда жашырып койдуңар!?! деп күч менен ачуусу келгенин билгизе сурады. Эки кыз көздөрүн алаңдатып:

Келе элек, жана эки кыздан айтырбадык беле?

Бактияр кызаңдап:

Мен жаны эле аны жатаканага кирип баратканын көрбөдүмбү!

Сары кыз Бактиярдан кутулуш үчүн :

-Экинчи кабаттан карачы. Теңтуш кызынын бөлмөсүнө кирбесин? Кээде ал жакка кармалып калган адаты бар эле. Бактияр эми гана өзүн кармаганга аракет кылып :

-Кайсы бөлмөдө, номерин айта албайсыңарбы?

28-бөлмөгө барып көргүлө. Ал жакта жок болсо анда билбейбиз деди Нурила жактырбаган түр менен жооп берип. Жактырбаганын билгизип, Бактиярдан көзүн тартып алды. Бактияр кандай кирсе ошондой эшикти тарс жаап чыгып кетти.

 

 

Уландысы бар…

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE