Пример HTML-страницы

Зектин махабаты 6 бөлүм.

https://kyrgyzcha.site/?p=37076&preview=true Кызыктуу окуялар.

🌀ЗЕКТИН МАХАБАТЫ

 

 

6-БОЛУМ

 

Бактияр Тахминанын күттүрүп чыкканы аз келгенсип, муздак мамиле жасаганына ичинен тырчый түштү. Көңүлү суз, машинаны катуу айдап, Тахмина берген суроолорго дагы кыска гана жооп берип, ачуусу менен өйдө чыгып, түз эле «Царское село» айылын көздөй бет алды. Беш бала отуруш уюштурушкан. Баары кыздары менен келмек. Эки күн илгери эле баарын даярдап, бүгүнкү күндү сүйлөшүп коюшкан. Жалаң иномарка машина айдаган бир оңчой жаш балдар-кыздар Бактияр менен Тахминаны күтүп жатышыптыр. Баары жылуу жүз менен учурашып, жакшы кабыл алышканы менен Бактиярдын кабагы ачылбады. Тахмина күнөөлүү кишидей Бактиярды жалтактай карап, сыр алдырып койду. Ушундан пайдаланып Бактияр дагы үстөмдүк кылганга өттү. Отуруш башталып, бир сыйрадан тост сүйлөнүп, бокалдар көтөрүлүп, ичимдик ичилгенде, Тахмина винодон ооз тийип, башка ичкен жок. Оң жагында отурган Бактияр калп жылмайып, вино ичип отур деп кыстаганга өттү. Бул жолу Тахмина жакшы эле ичпейм деп каршылык көрсөттү. Бирок Бактиярдын достору Тахминаны оюна койгон жок биринчисин ичпегени менен кийинки тосту ичүүгө туура келди. Себеби башка кыздар бүт эле ичип, эч каршылык коргозбой эле жандап келген жигиттерне ыкташып, көңүлдүү отурушту. Анаганат, ошол отурушта Тахмина вино ичпегенде баары башкача болот эле. Ичимдик ичине киргенде баштагыдан дагы көңүлү ачылып, өзүн эркин сезип бийге аралашты. Үйдүн ички жасалгасына алгач келгенде кызыгып, кысынып жаткан Тахмина бара — бара баарына көнүп, ал турсун Бактиярга эркелеп, кызып баратканын билгизип койду. Бирок отуруш айылдагы дай эмес баары тартиптуу, маданияттуу жана конулдогудой өттү. Кызуулугу менен эч нерсе байкаган жок. Качан гана түн ортосу болуп элдер тарай баштаганда Тахмина буту чалыштап, машинага араң жеткенин бир билет, калганы эсинде жок. Балдар машина айдайбыз деп көп ичишкен эмес. Баары ойлонуштурулгандыктан өзгөчө кыздар мас болуп калышканы өтө эле өкүнүчтүү болду. Баары кызып калган кыздарды мурда заказ берип койгон мейманканага алып келишти да, бирден бөлмөнү ээлеп, кызып калган кыздары менен жатууга туура келди. Тахмина эртең менен энеден туума жылаңач Бактияр менен жатканын көрүп баа деп бир бакырып алды да, күчүн ыйдан чыгарды. Тахминанын ыйлаганын укмаксанга салып уктап жаткан Бактияр бир убакта жаңы ойгонгон кишидей болуп :

-Тахмина, сага эмне болду?

Что плачешь? деп орусча сүйлөп сурады. Тахмина ыйлаганын улантып ый аралаш:

Сен эмнеге мени бул жакка алып келдиң?! Мен сени мындай ишке барат деп ойлогон эмес элем. Бул ишке жетишет элек го?

Бактияр шылдыңдай күлүп :

Койчу Тахмина, айылдыктардын сөзүн сүйлөйсүң да. Биз эми современный жаштарбыз да. Бул иш баары бир боло турган иш. Ага эмне капа болосуң? — деп Тахминаны аяр кучактап, жүзүнөн өптү да, эркелеткенге өттү. Болоор иш болгондон кийин өкүнүп чыр салганда эмне деп, Тахмина өзүн сабырдуу кармап, Бактиярдын эркине каршы мамиле жасай алган жок. Мүдөөсүнө жеткен Бактияр ичинен Тахминаны аяп, бешинчи кыздын убалына калганына өкүнө, жеңил үшкүрүнүп, Тахминаны кучактаган бойдон кайра уйкуга кетти. Ал эми Тахмина: «эми мага үйлөнөсүңбү?» деп сурай албай атып, дагы көзү илинип кетти. Арадан эки саат убакыт өткөндөн кийин гана Тахмина менен Бактияр таттуу уйкудан ойгонду. «Уйку баарынан таттуу» дегендей, уктап кетип баарын унуткан Тахмина, ойгоноору менен кап, ушул бойдон уйкудан ойгонбой эле койсом эмне? деп ойлоп, Бактиярдын кучагында бир топко жатты да, анан өзүнүн жүрөгүн өйүгөн суроону араң дегенде Бактиярга берди:

-Бактияр, мына минтип экөөбүз бир төшөккө жатканга дагы жетиштик. Эми мындан ары убакытты көп созгонубуз болбойт. Эгер сени менен уят ишке барбасам, айтпайт элем. Үйлөнүүнү эртелетпейлиби? — деп, Бактиярдын көздөрүнөн жагымдуу сөз айттым дегенсип, жылуулукту издеди. Бирок, тилекке каршы, анын көздөрүнөн муздактыкты байкады да ал эч сөз айта электе эле көңүлү сууй түштү. Бардык эле кыздар этегин айыргандан кийин сөзсүз «эми мага үйлөн» деп айтаары бышык эмеспи. Буга чейин Бактиярдын торуна түшкөн төрт кыз дал ушул бөлмөдөн Тахмина айткан сөздү айтышкан. Бактияр Тахминаны аяган көз караш менен карап, көңүлүн оорутпайын деген мааниде :

-Тахмина, үйлөнгөн го жетишебиз. Аны коюп окуубуз жөнүндө ойлонолучу. Үйлөнгөндөр эмне жыргап атыптырбы?

Тахмина өзүн араң кармап:

Анан эмне менин абийиримди буздуң? Эгер сен мага тийбегениңде, мен сени үйлөнөлү деп шаштырбайт элем. Мага туура түшүнчү, боюма бүтүп калса эмне болот? Ал жөнүндө ойлондунбу? деп ачуусу келгенин билгизип, жактырбаган түр менен карады. Тахминадан мындай мамилени күткөн эмес Бактияр. Койчу, Тахмина! Каяктагы сөздү айтып башты оорутпачы. Ансыз деле баш ооруп жатканда, деп шыпты тиктеген калыбында ойлонуп кетти.

Бир чети ачуусу келгенин билгизип, кыялын дагы көргөзүп алды. Анын мындай жагымсыз кыялын көргөн Тахмина сөз айта албай эле сырын ичине катып, жаман көргөнүн билгизбегенге аракет кылып, ичинен өкүнүп калды.

Эгер кечинде эле жок дедиртип айтып койгонго анда такыр башка иш болмок. Көз алдына Нурлан тартылып, ага берген убадасын эстеди. Эмнеге ага бир жолу барып, андан кийин барбай койгонуна ичинен сызып алды. Бактияр менен Нурланды салыштырып, экөөнү ортосунда асман менен жердей айрыма бар экенин билди. Нурландын сырдуу, ичине сыр каткан сөздөрү, ишеничтүү жана салмактуу айткан сөздөрү анын жасаган мамилеси аз убакытта Тахминынын эсине келип өзүн эмес, Нурланды аяп кетти. Себеби, анын өзүнө арнаган ак сөзүно тең боло албай калды ж.а ага берген убаданын алдында кечиримсиз күнөө калды. Бул кейпи менен Бактияр мени албайт, алган күндө дагы мындай кыялы менен менин баркыма жетпейт деп үшкурунуп алып, оор дем алды. Бул үшкүрүктүн артында дагы канча ушкурук күтүп турганын Тахмина жүрөгү менен сезди. Бактияр чөнтөгүнөн чылым алып чыгып, төшөктө жаткан калыбында күйгүзүп, берилүү менен соруп, түтүнүн өйдө үйлөп, Тахминаны карабай туруп :

— Тахмина сен коркпо, мен сага үйлөнөм. Бирок азыр эмес. Эгер боюна бүтүп кала турган болсо, аны мага айт. Менин жакшы таанышым врач бар. Алеки саатта боюндан алып коёт. Азыр бойдон алган көп эмгекти талап кылбайт. Болгону акча болсо, болду.

Бул айткан сөздөрдү угуп, Тахминанын көзү тумандап, кулагы тунуп, эч нерсе угулбай калды. Көзүнө келген каканактаган жашты аарчып, өксүп ыйлаганга өттү. Үнү дагы чыкпай калды эле. Бактиярдан корккону күч алып, эптеп анын жанынан кеткиси келип, ырайымсыз душмандын колуна түшүп калгансып, кысылып кетти. Бактиярдын аркы айткан сөздөрүн укпай дагы калган. Качан гана Бактияр :

— Тахмина сага эмне болду?! Эмне сен ыйлап жатасынбы — дегенде гана селт этип, чочуган козудай болуп Бактиярды карап :

— Эмне дейсиң? — деп өзүнө кайра суроо берди да, жашка толгон көзүн Бактиярдан жашырып, жер карады.

Токмогу күчтүү болсо кийиз казык жерге кирет дегендей, күнөө өзүндө болсо дагы, Тахминаны күнөөлөй караган Бактиярдын теше тиктеген көз карашы Тахминадан өтүп, моокуму канганча сабап алгысы келип кетти. Тахминанын этегин ачканга чейин эмнелерди гана кылган жок. Канчалаган кафеге кирип, ого эле акча коротконун эстеген Бактияр ачууга алдырып, бурк эткизе кыйкырып алды:

-Эмне ыйлап жатасың? Жаман жорукту баштабачы. Билесиңби… деп сөзүн таппай калды да анан башка сөздү сүйлөгөнгө өттү. Сен мага туура түшүн. Сага короткон акчанын убайын көрүшүм керек да. Же эмне, жөн эле жүрө берейинби. Менде дагы баш бар. Керек болсо сенин абийириңди тиктирүү миң сом турат, а мен сага канча акча сарп кылдым. Бекер оокат кайда жатыптыр. Эгер сенден башка кыз болгондо, анда мага эчак эле түшүнүп, менин оюмду билип, мени эбак ыраазы кылмак. А сен болсо эч нерсени ойлонбой, кайра мени куттуруп, маалкатасың. Сен эмне, өзүңдү Айчүрөк сезесиңби? Сендей кыздар толуп атат. Убакыт өткөн сайын жаш кыздар бышып жетилип, көзгө урунганы мына биз сыяктуу бардар жердин баласынын колуна тушөөрүн эсиңден чыгарба. Ар нерсенин аягы болот. Акыры барып ушул иш болмок,эми болду. Тахмина Бактиярдын айткан сөздөрүн угуп болуп, башы айланып кетти. Кандай адам менен дос болуп, ал турсун ага карата жакшы ойдо жүргөнүн эстегенде, жини келип, адам сымал айбан менен кантип жүргөнүнө таң калды. Эмне үчүн буга чейин Бактиярдын мындай сапатын байкабаганына өкүнө, көңүлү кирдей түштү. Мууну калчылдап, эмне деп сүйлөштү дагы билбей калды. Ак шейшептүү төшөктөн суурулуп чыгып, кийинип, сумкасын алып, бөлмөдөн чыгып баратып, жаман көзү менен ойлонуп жаткан Бактиярды карап алып, маанилүү сөз айтчудай бир аз токтоп туруп, анан кетип калды. Жолдо баратып, өзүн өзү жемелеп, бул жашоодон кечип кеткиси келип, эмнеге бул акчага көпкөн балага алданганына жаны кашайып, Бактиярды эле эмес, өзүн дагы жек көрүп баратты. Чукул жерден Нурланды эстеп алып, анын сүйүүсүн тебелеп, башкага алмашып алганын ойлогондо, кадамын жайлатып, жол жээгинде отура калып ыйлап жиберди.

 

 

Уландысы бар….

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE