Пример HTML-страницы

Зектин махабаты 4 бөлүм.

https://kyrgyzcha.site/?p=37076&preview=true Кызыктуу окуялар.

🌀ЗЕКТИН МАХАБАТЫ

 

 

4-Болум

 

Бирок түшүн этибарга албай, кайра төшөгүнө келип жатты да, кечинде болуп өткөн окуяны кайра эстеди. Ал турсун таттуу кыялга батып, кыялында Нурланга турмушка чыгып, экөө бактылуу жашап балалуу да болду. Ушунчалык бат келген сүйүүсү жөнүндө ойлоп жатып, Нурланды көргүсү келип, эртээрек эле таң атса кайра Нурланга жолугууну эңсеп, көңүлү алып учту. Ысык темир бат муздайт дегендей, тез келген сүйүүнүн аягы кандай бүтөт, али Тахминага куңүрт эле. Ушул жашка келгени жигит жөнүндө мынчалык ойлоно элек эле. Ал турсун денеси дүүлүгүп, Тахмина эркек самап кетти. Баарына берилүү менен өбүшүү түрткү болду. Чын эле ошол эки мас балдар тоскоол болбогондо, Тахмина аз эле калган, азыр кеттик мен сендикмин деп айтканга. Кумарлуу өбүшүү Тахминанын акылын тумандатып салган. Сүйүүнүн даамын таткан алгачкы окуя кимдин гана эсинен кетсин. Таттуу кыялга батып жатып Тахмина көргөн түшүн эстеди. Түшүндө кандайдыр бир күч Нурланды караңгыга сүйрөп баратыптыр. Нурлан жан далбас кылып, кара күчкө колунан келишинче каршылык кылып атып, акыры алы кетип, эч каршылык кыла албай калганда, түбү жок туңгуюкка Нурланды кара күч сүйрөп кетти. Тахмина күчүнүн баарын жумшап чуркап баратканда алдынан аюу сымал жаныбар чыгып аны таптак көтөрүп кайра артка ыргытып жиберет. Анын түрүн көрүп эле Тахмина эсин жоготуп койду. Качан эле ыргытканда түшүнөн ойгонуп кетти. Көргөн түшүн эстеген Тахмина көңүлү чөгүп, Нурланга деген эңсөөсү күч алып, эртерээк эле таңдын атышын эңседи. Бирок бир калыпта жүргөн убактты токтотуп же жылдыруу кимдин колунан келет эле. Анын сыңары Тахмина уктаса эле убакыт жылчудай көзүн жумду. Бирок уктай алган жок. Мындайда убакыт дагы өтпөйт эмеспи. Тахмина туш көрүп жатканда Нурлан чынында эле кырсыкка кабылган. Жаңы автовокзалга келип, олтургучка отуруп, уктайын деп атканда, жанына үч бала келип сыртка чыгышын өтүндү. Аларды көргөндө эле жаман нерсе болорун сезген Нурлан жай сөзгө өттү. Ал үчөөнүн экөөсүн дароо тааныды. Бир аз эле убакыт илгери токмок жеген балдар эле. Кайдан издеп таап келди, ага Нурландын башы жеткен жок. Койгула балдар, мушташтан биз эч нерсе таппайбыз. Мен силерге тийишкен жокмун. Өзүңөр кабылбадыңарбы…

Узун бойлуу кара торусунан келген бала үнүн өктөм чыгарып уруштун сөзүн сүйлөп, Нурланды кекетти. Эркексиңби? Эркек болсоң, жүрү сыртка. Эркекче сүйлөшөлү. А эгер келбетиң эле эркек болсо, өзүң бил. Бул сүйлөгөн баланын түрмөгө жатып келгенин сөзүнөн эле билди. Нурлан дагы ал баланы тике карап, сөзүнө жараша жооп берди :

— Эгер силер эркек болсоңор, сөзгө тургула. Эркекче сүйлөшсөк, бирден чыккыла жекеге. Сөзгө турбасанар, анда мен силер менен сүйлөшпөйм.

Тиги бала дагы Нурландын сөзүнөн улам аз да болсо сестене түштү жөн бала эмес экенине. Прикол ыргытып сүйлөшкөндөрду дароо экөө түшүнуштү бири бирин түрмөнүн баландасын жегендерин. Тиги бала :

— Сүйлөштүк эркекче сөз берем. Сенин чоң муштум экенинди бат эле анализдеп коём. Жүрү! — деп алдыга басты.

Нурландын көңүлү суз анын анын артынан баратып бекер кылдым деп ойлорду. Көз алдына Тахмина тартылып, бир келген убактысынан ажыроочудай сезип кетти. Куру намыс дагы анын аң сезимин ээлеп албадыбы. Сөздүн кулу болуп, мушташууга өзү макул болду. Бирок башка айла жок эле. Караңгы жерге барганда, баягы бала Нурланга :

— Алгач кимибиз менен муштасасын танда — деди.

Тиги экөөнү оңой эле сабаган Нурлан биринчи өзү менен мушташууну ойлоп :

— Сени менен биринчи мушташам. Бирок сөзгө туралы. Бирдеме болсок, эртең менттерге даттанып барчу болбосун.

Ошентип кол алышкан төртөө мушташты баштады. Тиги кара жигит чын эле мушташты тактикаларын жакшы билээрин алгач баштаганда эле билгизди. Нурлан оңой эмес жол экенин сезип , өзүн этият кармап, анын соккусунан буйтап, күчүн сактады. Бирок анын сокккуларынын баарынан буйтаганга үлгүргөн жок. 2-4жолу катуу сокку жеген Нурлан өзүн кармана албай калды. Кара жигит ыңгайына келе түшкөндө кекиртеке күч менен уруп алды эле, ал бала катуу кыйкырып алып, жалп эте кулады. Ушуну эле күтүп тургансып берки эки бала эки жактан чабуулга өттү. Нурлан күч менен кыйкырып алып, чөнтөгүнөн макисин алып чыгып :

— Эмне деп сүйлөштүк эле. Эркексинби же… — деп сөзүн бүтпөй калды. Себеби эки баланын биринин соккусу Нурландын сөзүнүн аягына чыгарган жок. Нурлан ал баланы качырып барып, макисин алып ич жакка сайып калды. Ал жыгылганда берки бала качып жөнөдү. Аңгыча кайдан жайдан милиция кызматкерлери пайда болду да, Нурланды өзүлөрү менен алып кетти. Бычак жеген бала менен жерде жаткан баланы тез жардам чакыртып ага салып беришти да, качып кеткен баланы таппай калышты. Ошентип жөн жерден Нурлан метнтердин карамагына өтүп,сыз дубалдын ичине кирди, колуна кишен салып. Жаңы гана бакытка жеткен Нурлан темир тордун ичине барып жатаарын эстегенде, жашоодон кечип кеткиси келди. Авто бекеттен алыс эмес жердеги кыйкырык үнүн уккан милиция кызматкерлери жагымсыз жосун болуп атканын дароо билишип, ал жакка жетип барышып, мушташты үстүнөн чыккан эле. Эгер менттер келбегенде, Нурлан иштин аягы сууганча изин жашырып кетет эле. Бычак жеген баланын жаратты оор болгону менен берки бала ооруканага жеткенде эсине келип, өкүнүп калган экен. Көрсө эки токмок жеген бала ал баланын айылдаш инилери экенин кийин суракта айтты. Бирок сөзгө туруп, Нурланды аяктады. Себеби сүйлөшүлгөн сөз боюнча бирге бир чыгуу эле. Шарт бузулганда, Нурлан маки колдонгонун айтты. Эки жумадан ашык убакытта гана Нурландын соту бүтүп, берки балдарга шарттуу түрдө гана жаза мөөнөтү чектелди. Тахмина Нурлан жөнүндө жагымсыз кабарды Нурландын жездесинин үйүнө барып укту. Нурландын жездеси Тахминанын таякеси эле. Нурландын дайыны жок болуп кеткенинен улам кечинде таякесинин үйүнө келип, кантип сурарын билбей, ар кайсы суроону Нурландын эжесине берип жатып :

— Ининиз айылда эмне иш кылып жатыптыр, өткөндө келип кетти эле. Бидесизби мени аялдамага чейин узатып барып автобуска салып жибергенин?…

Тахминанын берген суроосуна эжеси суз:

— Түрмө көрүп келген адам бары бир оңолбойт окшойт. Жакшы эле айттык эле, жетишээрлик. Шаарга барып балдар менен мушташып, кайра милицияга түшүп калыптыр. Жакында кайра соту болот экен. Бул жерде үй турса автобуска барып эмне жатат, билбейм. Таякең дагы ага нааразы. Өткөндө келгенинде тиги кичинекей уулум :»сен зексин, сага өптүрбөйм» -деп койгон. Ошол сөзгө теригип бул үйгө келбептир көрсө, — деди. Бул сөздөрдү уккан Тахмина чок бамкансып чочуп кетти. Бирок сыр бербей :

— Эми кайра түрмөгө кесилеби? Тиги мушташкан балдар аман бекен? — деп сурады.

— Ооба, аман эле экен. Бирок бирөөнү бычак менен ичке сайып жибериптир. Ошол баланын ден соолугу начар экен го. Билбейм, кечээ айылдан апам келиптир. Бизге эч нерсе деп деле айткан жок. Апама айтып бериптир болгон окуяны. Атам менен апамды ушул Нурлан кууратты, — деп аялдык сөзү менен эч нерсени жашырбай ачык айтып салды. Нурлан жөнүндө уккан Тахмина кабагы бүркөлө түштү. Дароо көргөн түшүн эстеп, ичинен өкүнүп калды. Канча күн күттү саргайып Нурланды. Күтүүнүн дагы чеги болот эмеспи Акыры чыдамы кетип, келген жөнү Нурландан кабар алуу эле. Үйдөн чыгып, көңүлү суз жатаканага келди. Эч сабакка даярданбай кроватка келип бүк түшүп жатты да,тубу жок санаага батып, ойлонуп жатканда курбу кызы Нурила :

-Тахмина, сага эмне болду?

Эмнегедир акыркы убакта түнт болуп кеттиң. Бир жерин ооруп журобу, же бирөөнү жактырып калдыңбы? — деп кабатырлана сүйлөдү. Нуриланын берген суроосуна Тахмина оңгулуктуу жооп бере алган жок, көңүлү суз улутунуп алып, күйүткө баткан адамдын кейпин кийгендей үшкүрүнүп :

— Нурила, сен мага туура түшүнчү. Бирок эч кимге айтпа. Негизи эле менин сүйүүдөн Бактым жок экен. Чынын айтсам, мен аны жүрөгүм менен берилип сүйүптүрмүн, билинбегени менен ал мени ушунчалык тез өзүнө багындырып, ушунчалык аз убакта менин жүрөгүмдүн ачкычын таап алыптыр. Жигит болбосоң коё кал.

Нурила таң калып :

— Ал ким? Мен аны тааныйынбы деги? Чынында эле сени акыркы убакта бат өзгөрүп кеткениңди байкадым эле. Көрсө сүйүүнүн туткунуна кабылып, анын азабын тартып аткан турбайсыңбы. Эгер каршы болбосоң, ал баланын ысымын айтчы. Мен деги аны тааныймынбы?

Тахмина көзүндөгү көнөктөгөн жашты жеңинин учу менен аарчып:

Сен аны тааныйсың. Бирок бир эле жолу көргөнсүң. Билесиңби, өткөндө биздин бөлмөгө келип, чай ичпеди беле? Нурлан деген бала. Нурила Нурландын атын укканда эстедим дегенсип:

-Ал баланы тааный. Дурус эле өңдөнбөдү беле? Эмне сени алдап кеттиби?

Тахмина улуттунгансып :

– Ал мени эч качан алдабайт.Бирок аны мен алдап кетишим мүмкүн. Балдар менен мушташып, Сизого түшүп калыптыр. Сен мага туура түшүнүп, мени менен Сизого барып келбейсиңби? Аны көрбөсөм, баары бир көңүлум ачылбайт го. Өзү менен бетме-бет сүйлөшүп ары бери болбосом, оор таш үстүмдөн басып тургансып, кыйналып кеттим. Айтканга оңой болгону менен чыныгы сүйүү азабы жаман экен. Ишенесизби, мен өзүмдү өзүм башкара албай баратат окшоймун. Эмнегедир эле аны көргүм келип, өзүнчө эле куса болуп туталана баштадым. Көп эле бала сүйөм деп айтты. Бирок бири дагы Нурланга жетпейт. Ал ушунчалык токтоо,салмактуу сүйлөгөн сөзүнөн эле анын адамдык жакшы сапатын байкаса болот. Сүрдүү көздөрүнүн түпкүрүнөн чыныгы эркектик сапаты көрүнүп, ишеничтүү сүйүүнү байкагам. Тахмина сүйлөп атып, образга кирип кетти. Берилип сүйгөнүн байкаган Нурила курбусун чын ниетиңер аяп, анын сөзүн дитин коюп угуп отурду. Тахмина сөзүнүн аягына чыгып, Нурилага жардам кыл кеңеш бер дегенсип караганда, анын көздөрүнөн сагынычтын учкундарын байкады. Сүйүү күйүтү башынан өткөргөн Нурила курбусуна эмне деп кеңеш айтсам дегенсип ойлонуп туруп калды. Ойго чомулгон Тахминанын оюн бузуп Нурила:

Ооба, мен ал баланы бир көрүп эле байкагам. Сен айткандай мага салмактуу көрүнгөн. Эртең сабактан чыккандан кийин барса барып, ага жолугуп келели. Аны коюп бизге аны жолуктурабы? деп Тахминанын сырдуу карады. Тахмина курбусуна ыраазы боло:

-Жолуктурат. Жолуктурбаганда кайда барат? Ал эмне кишинин желмогузу болуптурбу? Жеңил кылмыш жасагандар га жолуктурат болуш керек . Эки курбу кыз бир топко сүйлөшүп отурушту. Экөөнүн сөзүн сырттан кирген кыздар бузуп жиберди.

Сизого түшкөн Нурлан баштагысындай болбой, кайраты кете түштү. Ою тумандап, көңүлү суз тартып, Сагынычы күч алып, оңунон азып кетти. Апасы Нурланды алгач көргөндө :

— Балам, сага эмне болду? Эмне анча өңүңдөн азып кеткенсиң? Ден соолукуңуз кара. Буйрук экен, эмне кыл дейсиң? Нурлан баарына мас эки бала себепкер болгонун энесине айта алган жок. Ошондо дагы Тахминаны ойлоп, аз убакыт болгондо, апасы сулуу келиндүү кылып сүйүнтмөк эле, болбогон жерден тилеги ишке ашпай калды. Энеси кеткенде Нурлан апасын аяп, бир топко капа болду. Башка эмне кыла алат. Эгер анча болбогондо менттердин оозун басып, кутулуп кетет беле. Сыз жерде жатып, ден соолугунан ажыраган дан көрө, кутулуп кетсе жакшы болбойт беле. Кутулуу кайдан. Бирок бычак жеген баланын досу келип, бир топ көңүлун көтөрүп кетти. Анын келип абалын сурап койгону эле канча дем берди дейсиң. Жаңы гана соту болуп, 47- түрмөгө которулуп, үч күн болгондо :

— Бакиев Нурлан, жолугушууга деген сөздү укканда Нурлан дароо жездем, болбосо эжем келди деген ойдо көңүлү суз жолугушуу жерге келип, өзүн жоготуп койду. Себеби Тахмина келет деп эч ойлогон эмес эле. Ал турсун, андан үмүтүн үзүп койгону менен махабатын сазына чөмүлүп, көңүлү, санаасы, кыялы менен гана жашап калган. Таң калып, эстен танбаган окуябы. Күтпөгөн кишисин көрүп атса. Тахмина менен курбу кызы Нурила Сизого барып, ал жактан таба алышпаганда суроо салып, прокуратурадан кайсы турмөдө экенин билип алып келишкен. Нурлан алгач салам берип:

-Тахмина, мен сени күткөн эмес элем. Сенин келишин менин тобомду асманга жеткирип койбодумбу. Окууларың кандай? деди. Нурландын ачык маанайы Тахминага абдан жакты. Күлүп :

-Жакшы баары. Силер эмне болуп бул жакка келип калдыңар? Мен силерди күтө берип тажаган соң, таяжеңемен барып уктум дайынарды. Анан келдим учурашып коёюн деп. Үчөө биртике сүйлөшүп отурушканда, Нурила тоскоол болбоюн деп сыртка чыгып кетти. Нуриланын эле чыгып кетишин күтүп тургансып экөө кучакташып, өбүшкого өтүшү. Бул өбүшүү менен ортодогу сагыныч, кусалык кандайдыр бир деңгээлде басаңлаганы менен, бири-биринен ажырагыс сезим пайда болду. Өчүп бараткан отко бензин чачылгандай, ортодогу байланыш баштагыдан дагы чың алып, сүйөм, сенсиз жашай албайм деген сөздөр айтылып, экөөнү тоскон парда кенен ачылгандай болду. Ным жыттанган Нурланды Тахмина аяп :

— Баары мен үчүн болду. Эгер мен болбогондо тиги балдарга жолукпайт элең. Мурунку түрмөгө түшүүнө дос балаңдын сүйлөшкөн кызы түрткү болсо, бул жолку да мен себепкер болдум.

Нурлан көңүлү ачык,Тахминаны жыттап :

— сен үчүн мен баарына даярмын. Сен бул жерде көңүлүн жок, баары буйруктан. Аны коюп убактын болгондо келип турчу. Сени көрүп өзүмдү кадимкидей бактылуу сезип турам. Буюрса бат эле чыгам, эгер амнистияга туш келип калсам, анда 3-4 айда эле бошоном. Ушул жактан кутулсам, биринчи планым сага үйлөнөм. Үйлөнүп алып, анан экөөбүз жашоону башкача баштабасак болбой калды.

Нурландын кучагында отурган Тахмина күлүп :

— Мен окуумду бүтмөйүнчө турмушка чыкпайм деп сөз бергем. Бирок ала качып эле кетпесе, күйөөгө тийбейм.

Тахмина кыт — кыт күлүп :

— Айла канча, каргышка калгандан корком. Сөз ушул жерге келгенде көзөмөлдөп турган солдат /

— Жолугушуу мөөнөтүнөр бүттү, — деп экөөнү шаштырып кирди.

— Тахмина, суранам сенден келип турчу. Мага сенден башка эч кимдин кереги жок. Буга чейин тарткан азабымды сен келип жууп кеттиң. Бат-бат келип көңүлумду көтөрүп турсаң болду. Эмки келгенде мындай нерселерди алып келбей эле кой, өзүң студент болсоң…

Солдат шаштырып, эки жашты эки Жака ажыратып Нурланды тар эшиктин артына ээрчитип кетти. Мундуу жана аянычтуу көз караш менен караганда Нурланды көргөн Тахмина аны ушунчалык аяп кетти да, шашыла басып сыртка чыкты. Узун теректин алдында турган Нурила :

— Эмне, жолугушуу мөөнөттөрүңөр бүтүп калдыбы?

— Ооба, 15 эле минута берилген.Биз 20 мүнөттөн ашык сүйлөштүк.

Нурила күлүп :

— Эми жеңилденип калдыңбы деги? Көңүлүн чөгүп кетти эле.

— Ооба анан эмне кылам? Сүйүү улуу-кичүүну, кары — жашты карабайт экен. Бир чети, түрмөнүн көрүп калган баланы сүйүп калганыма окуном, бир чети Нурландын жакшы сапаты баарын жууп кетти. Канча жолу Нурлан жөнүндө ойлонбоюн, ал менин түгөйүм эмес деп өзүмдү алаксытканым менен эч шона эшпей калды. Нурланды көргөндө, өзүмдү өзүм жаман көрүп кетем. Ага карата жаман ой ойлогонум үчүн. Өңдү көрсө жүз тайыйт дегендей, өңүн көргөнгөбү азыр ага карата эч жаман оюм жок. Экөөбүзгө аябай ыраазы болду.

Нурила Тахминанын көңүлүн көтөрүп :

— Эр жигиттин башына нелер келип, нелер кетет. Эң негизгиси, экөөңөр бактылуу болсоңор эле болду.

 

Уландысы бар…

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE