Пример HTML-страницы

Зектин махабаты 23 бөлүм.

https://kyrgyzcha.site/?p=37076&preview=true Кызыктуу окуялар.

🌀

 

ЗЕКТИН МАХАБАТЫ

 

23-Болум

 

 

Жолугушуудан келген Кемелбек ушунчалык жайдары болуп, өзүн бактылуу сезип, учуп-күйүп жүрдү. Жоголгон бакытын таап алгансып, хлебаштарына сыр алдырып койду. Кемелбектин мынчалык деңгээлде суйунгонун көрбөгөн Асылай досу :

-Ыя, Кемелбек, эмне мынча ачылып алгансың? Жолугушууң ийгиликтүү аяктаган го. Адамдын көңүлү өсмөйүн, көөдөнү өспөйт деген сөз бар. Анын сыңары, карачы сен көзгө кандай суйкумдуу көрүнүп калдың.Таза кийинип, баштагыдай тамекини дембе дем тартпай, жүзүңдон нур төгүлүп, такыр көзгө башкача көрүнүп турасың деди. Бурма алып келген «ЛМ» маркасындагы чылымды күйгүзүп атып, Кемелбек күлүп :

-Ээ, Асылбай, эмнени айтат экенсиң. Адам көңүлү гүлдөй назик дегендей, менин көңүлүмду жолугушууга келген адам ушунчалык көтөрүп кетти. Эми менин күткөн, мени ойлогон адамым бар. Беш жыл эч ким мени ойлоп, мени издеп келген эмес. Эми дайыма келип турат деп мактанып сүйлөп алып ашыкча сүйлөп баратканын сезгенсип, сөзүн чукул бүтүрду. Асылай күлүп :

-Ылайым сени ойлогон, сени күткөн адамың келип турсун. Сен айткандай көңүл кандай назик. Жашооңдо ушунчалык өзгөрүү болгону дароо байкалып турат. Эми тилек кыл, эртерээк бул жактан бошоноюн деп. Тилек кылган адамдын тилеги кабыл болот, бирде болбосо бирде… деп мисал кылып шарият сөздөн бир топ сөздөрдү айтып берди. Кемелбек Асылбайдын айткан сөздөрүнө терең маани берип, сөз угуп жатканда башын гана ийкеп, сөз болунду болбосун деген мааниде кунт коюп укту да, сөз кезеги келгенде :

-Асылбай, сага бир суроо. Канча болду динге берилгениңе жана мынча сөздү кимден уйрондун? Буга чейин шарияттын сөздөрүнө маани берген эмес элем. Укмуш кызыктуу турбайбы деди. Кемелбек ошондон баштап өзүнө тилек кылганга өттү. Көз алдына Бурманын ар бир кыймылы тартылып, мурда тарткан азабынын таасирин терең билип, көп убактысын кыялдануу менен өткөргөнго багыттады. Баарыдан дагы Бурма экөө коштошуп атып, колдорун кыса кармашып, өбүшкөндөрү эмнегедир улам-улам эсине түшүп, кийинки жашоосун Бурмасыз элестете албай калды. Бир кезде Нурлан тарткан азап эми өзүнүн башына келгенде гана сүйүүнүн кыйноосуна туруштук берүү өзүнчө бир эрдик экенин билди. Эки жумадан кийин келем деп кеткен Бурманын сөзүн эстегенде, убакыт жылбай шайын оодарды. Көздөрү чарчаңкы тартып, кусалыгы күч алды. Убакыт шашке эле. Жаңы эле түшкү тамакка даярданып атышканда, Эсенбек чуркап келип :

-Кемелбек байке, бол тез чуркаңыз. Бул жакта мушташ болуп жатат. Сизди тез келсин деди. Өткөн аптада келген Үсөнбек менттер менен мушташып, чоң чыр чыкты деди. Бул сөздү укканда Кемелбек дароо :

Кеттик каякта? — деп алдыга чуркады. Уруш болгон жерге келгенде, мушташ аяктап, тынчып калышыптыр. Топтошкон зектер Үсонбектин талабын талашышып, жай сөзгө өтүшкөн экен чөө жайын билген Кемелбек, башын чайкап :

-Кап, Үсөнбек бекер кызуу кандуулукка алдырган экен. Бул кызылдарга тенелбеш керек эле. Эми мыйзамга тактап милицияга кол көтөрду деп, мөөнөтүн дагы узартып салышпаса болду. Кап ошол убакта менин болбой калганымды каракчы,деп өкүнгөн тур коргозуп, надзирателдин сөзүнө кулак түрдү. Бою кыска, кара тору, толмочунан келген надзиратель элди тынчытыш үчүн кооз сөздөрдү сүйлөп болуп, беш алты адамдын фамилиясын айтып, өзүнүн бөлмөсүнө келүүсүн өтүндү. Чакырылгандардын ичинде Кемелбек дагы бар эле. Алиги надзиратель өзүнүн бөлмөсүнө келген адамдарга мындай талап койду. Алиги жаңы келген Үсөнбек менен өзүңор суйлошосуңорбу, же мыйзам чегенде жаза колдонолубу? Негизи эле Үсөнбек Мамытовдон кетип калды күнөө. Кемелбек сөзүн бөлүп :

-Эгер мыйзам чегинде жаза колдонула турган болсо, балага оор болуп калат го. Андан көрө биз өзүбүздүн мыйзамдарыбызды колдонолу.Бул жерден бир эле кишини куноологон болбой калат. Андан дагы Үсөнбек жаңы келгендик кылып, октомдук кылып койгон тура деп дагы бир топ маанилүү сөздөрду айтып, сөз учугун иштин ыңгайлуу тарабына бурду. Кемелбектин айткандарын баары туура көрүштү. Бул жерден Кемелбек дагы өзүнө өз деңгээлинде кадыр көрсөтө алды. Бурма абактан чыгып эле, Кемелбектин өзүнө жакканы дилинде моюнга алды. Ошол жолугушууга бөлүнгөн отуз мүнөт убакыт кандай тез өтүп кетти, өзү дагы билбей калды. Үйүнө келгенде Бурма кийимчен диванга кулады да, терезени карап жаткан калыбында ойго чомулду. Эмнегедир Кемелбек менен баш кошуп жашаарын бир саам жүрөгүнун түпкүрүнөн сезди. Түшүнгөн кишиге ошондогу Бурманын абалын сүрөттөп болбойт. Кеминде эки сааттай убакыт таттуу кыялга батып өзүнчө эле толкундагып, учу кыйыры жок ойго жетеленди. Жаш кыздардай Кемелбек өпкон бети ысып, анын деми, эркектин жыты мурдунан кетпей, эмнегедир эркек самап кетти. Денеси чыңалып, нак ошол убакта эркек менен кошулса эле боюна бүтүп калчудай сезди. Мурунку күйөөсуно тийген алгачкы күндү эстеди. Ооба, андан бери канчалаган суулар өттү. Биринчи жолу эркек менен кошулганы, жаткан биринчи түнү дагы нак ушундай абалга туш болгон. Бирок күйөөсү тукумсуз экенин анда билген эмес эле да. Жөн эле уялганыбыз менен организм каалап турганда, эмне деген гана ишке барбайбыз. Бурманы ошол биринчи түнү күйөөсү болушунча эле эзген. Анткен менен Бурма жаштыкка салып, көп маани берген эмес. Армиядан жаңы келип болуп толуп турган Сагынбекте энергия жетишээрлик эле да. Жанын жай алдырбай түнү менен уйку бербеген Сагынбектин ошондогу жоругу алигиче эсинен кетпейт. Жан жери ооруганы бир тең, Сагынбектин жан койбогону бир тең болуп «эмнеге күйөөгө тийдим экен» деп өкүнүп да алган. Башынан мындай иш өтпөгөн го ошондо таңдын атышын чыдамы кете кутподу беле. Эми минтип организм эми ошол Сагынбек кыйнаган кыйноону эңсеп турганын эч тана албайт эле. Бир апта Бурма Сагынычы күч алып араң чыдады. Эгер кандайдыр бир шылтоо болсо, эч тоскоолсуз жетип барат эле. Алдыда дагы кенен бир апта убакыт бар. Сүйүүнүн деми күч алып, Бурма жолугушууга чейинки убакытты кантип өткөрүш керек деп, бушайман болуп аткан учурда оңдой берди болуп, Нурлан келип калды. «Кемелбекке барып бериңизчи, менде убакыт болбой атат. Бул катты өз колуна берсеңиз болот эле» десе, Бурманын асмандан издегени жерден табылгандай эле болду. Бурма сурмалуу көздөрүн ачып жумуп, өзүнүн көз карашынан, турган турпатынан суйунгонун билгизип койду да,озун тигиле карап турган Нурланды тике карай албай уялган тур коргозуп :

-Бул эмне кат? Кайсы убакта алып барыш керек? — деп өз деңгээлинде сыр алдырып койду. Нурлан Бурманын ички сезимин, Кемелбекке карата таза экенин дароо байкады.Колундагы тыкан буктөлгөн ак кагазды Бурмага сунуп жатып :

-Эже, сиден өтүнүч, бул жазылган катты өз колуна бериңиз. Буюрса ал киши аз күндө абактан чыгат. Эртерээк жообун бергендей болсун. Мен кийинки аптанын аягында барам. Ошондо калган сөздү өзү менен сүйлөшөм. Ии, баса сиздер уйуңорду сатабыз деп жаттыңыздар беле? — деп сүйлөп келаткан сөзүн токтотуп темага тиешеси жок суроо берди. Бурма көзүн алайтып :

-Ооба, сиңдим үйдү сатып башка үй алам, үстүнө акча кошуп дегендей кылып атат го деди. Нурлан кызыгуусу арта:

-Билбейсизби, үйгө канча сурап жатат? Баасы канча сомдун тегерегинде? — деп суроо жаныртты. Бурманы берилген суроо кызыктырган жок. Бирок жооп берүүгө конулдонуп :

Бул уй эми толук бүтө элек, андыктан жүз миң сомдун тегерегиндеги сумманы айтат болуш керек, өзү менен сүйлөшүп кор. Нурлан бир аз ойлонуп туруп калды да :

-Бурма эже, бүгүн сиздин колуңуз бошпу? Эгер бош болсо эртели күндү кеч кылбай барып менин аманатымды аткарсаңыз жакшы болот эле. Азыр мага машина келет. Балыкчы шаарына кетип калам., болбосо өзүм барат элем жолугууга. Эң негизгиси иш он жагына ооду. Бурма Нурландын акыркы айткан сөзүнун тегерегинде бир сыр катылып жатканын дароо сезди. Ак кагаз га жазылган катты кармап турган аппак колдору тердеп, бакыттын жибинин учун кармап тургансып, көңүлү каяккадыр алып учуп, эртерээк эле Кемелбекке жолугууну эңсеп, канаты болсо учуп кетчүдөй абалга жете түштү. Ансайын Нурлан көңүлүн дегдетип, кайра кайра эскертти. Эже сизге ишенем сөзсүз өз колуна бериңиз. Эгер бул кат өз колуна тийсе, анда Кемелбек байке аз убакыт ичинде бошонуп чыгат. Баары бизге байланыштуу, деп дагы эскертти. Баарыдан дагы Нурландын «Баары сиздин колуңузда» деп айткан сөзү Бурманын ого бетер шаштысын келтирди. Нурлан Бармага жүз сом сунуп :

-Эже, муну жол кире кылып алыңыз. Ии, баса, ооздо турган солдаттарга чылым ала барыңыз. Кемелбек байкенин тез чакырып жолугуштурат. Бурма акчаны албайм деп айтканына Нурлан конбоду. Бурма кат менен акчаны сол колуна кармап:

-Сен анан качан келесиң? Жообун кайсы убакта берсем болот? — деп сөз кезеги келгенде сураган болду. Нурлан шашып атканын билгизип :

-Эртең туш менен келип алам. Эртең кандай бошойм, мен сиздин үйүңузго келип калам деди. Бурма башын ийкеп, жанынан узап бараткан Нурланды караган тейде бир мүнөтчөлүк убакыт турду да, артына бурулуп үйүнө көздөй басты.

 

Нурлан Кемелбектин айткан сөзү боюнча алтын катылган үңкүргө барып, бир топ кыйынчылык менен араң тапты катылган алтынды. Эч кимге билгизбей, өзүнүн сумкасына салып, Жаныбайдын атына камчы салып, аср намазынын убагында айылга келди да, бышып жаткан тамакты жарым сааттай убакыттай күтүп калды. Жаңыбай барбаландап :

— Мен Кемелбекти канча болду корбогонумо. Ченебегендей жакшы бала эле. Аялынын азабынан абак даамын татып калбадыбы. Экөөбүз катуу дос элек. Достук милдетти аткара албай калдым. Ишенесинби, жети жылдан бери шаарды көрө элекмин. Анан дагы дыйкан чарбага тараганы иш жок. Эптеп септеп жасап жатабыз. Кемелбекке барсан, колунан кысып менден салам айтып кой. Бул акчага өзүн бирдеме алып киргизип койчу менин атымдан, — деп бутун жүз сомдуктан бешти сунду. Нурлан Жаңыбайдын үйүнө келгенде эле байкаган анын жашоо турмушу начар экенин. Чиедей үч төрт чыт турсак бала эшигинин алдында ойноп жүргөнүнөн эле баам салган. Аялы Берметтин жүзүнөн муздакты байкаган. Анан эмне кылат, жетишпеген турмушта жашаса, кийген кийимдери дагы жупуну. Нурлан Жаңыбай берген акчаны колуна алып бери жакта өзүн жардап кармап турган кичинекей балдарга Жаңыбай берген акчаны таратып берип :

— Жаңыбай байке, сизге рахмат. Сиздин минтип мага жасаган мамилениз эле Кемелбек байкенин сыйлаганынызга тете. Мен өзүм сиздин атыңыздан керектүү оокаттарды киргизип коём. Аны коюп өзүңүздүн керегинизге жаратып алыныз бул акчаны, деп Жаңыбайдын өзүнө миң сомду сунду. Муну албасаныз таарынам. Айыл жергесиндеги жашоону көрүп турбайынбы. Дыйкан чарба деген балакети жок эле жашайт элек. Каяктагы бала кетти баштап, элди жакырлантып жиберди өкмөт. Эл дыйкан чарбага даяр эмес эле. Эгер колхол бойдон калганда, анда малдын башы сакталып турбайт беле.

Бул айтылган сөз Жаңыбайга жага бербей калды. Нурландын сөзүн улап :

— Туура айтасың. Эл дыйкан чарбага өткөнгө даяр эмес эле. Бекер гана иш болду. Элдин көбү ишсиз калып, арак ичкенге өттү. Баягы дай колхол болгондо иш менен алаксып көңүл ток болбойт беле. Чынын айтсам, (Берметти коргозуп) Женендин урушунан кутула албай калдым оедонот. Өзүн эле калыс болчу. Бир жагынан Берметтики дагы туура.

Тамак куюп берип аткан Бермет Нурлан 1000сом бергенде азыраак кабагы көтөрүлө түшкөн. Анткени тиги 500сомду процентке карыз сурап келген эле. Жаңы эле Жаңыбай экөө бир сыйра урушуп тим болушкан. Жанбай Нурлан сунган миң сомду алып, Берметке берип:

— Ме, керегине жарат. Менин жанымда болсо, артка жумшалып кетет, деп сөздүн ачыгын айтып бүтүргөндөн болчу. Бермет акчаны алып чонтогуно салды да, Нурланга :

Ырахмат сага! — деп жай унчуккан болду. Нурлан Жаңыбайга :

— Байке, жакында абактан Кемелбек байке бошонуп чыгат. Анан айылыма барам деп атат. Не бар, не жок бир семиз кой таап коюнуз. Акчасын ала келем. Элден бата алып, ата энесине куран окуттсун. Өткөндө кеп кылды эле, атам, апамдар тушумо кириптир деп. Жаңыбай башын ийкем макулдугун берет. Бирок бир эки күн элгери айтып койгула. Биз дагы даярданалы. Ал абактан чыгып келсе, бетин кантип карайм, билбейм. Эч болбоду дегенде кат жазып берейинчи, деп улуу баласын чакырып, кагаз ручка алып келүүнү сурады

Ал күнү Жаңыбай жатып ал десе болбой түнкү автобус менен шаарга жонойт.

Жкрогу алып учуп Бурманы эстеген де Кемелбек эми дагы бир апта убакыт качан өтөт деген тейде өзүн алаксытуу үчүн спорт менен машыккан болуп, турникет ойногон болду. Кече шахмат ойноп, жаңы эле өзүнүн ордуна келип жатканда, Эгемберди деген киши чуркап келип :

Сизди эртерээк свиданияга келсин деп атат. Кемелбек бул сөздү угуп, ордунан атып туруп

Ким экен? — деп сурады.

— Билбейм, тез келсин деп айтты.

Эх кандай жакшы сөз. Кемелбек шашыла басып, вазтаны көздөй келатканда алдынан чыккан Темирбек

Тез жет. Көз жоосун алган бир келин чакырып жатат. Жөн эле чурок го. Аялым жок деп атпадын беле? — деди. Дароо Бурма экенин айтырбай билип, ичинен ага жалынып алды менин аялым деп. Темир бектин суроосуна жооп бермек тургай, аны карабастан алга умтулду. Ансайын буту чалыштап, жол арбыбайт десең, болгон хлебаштары өзүн карап тургандай сезилип, каяккадыр алып учуп, кантип келгенин да билбей калды. Бурманы көргөндө көзүн ачып жумуп

Бурма, кандыйсын? — деп сурап жиберди. Бул айтылган сөздүн теренинде эмне деген кусалык, сагыныч жатканын Бурма билди. Эшик ачылып, экөөнүн ортосу жакындаганда, экөө тең сагыынгандарын билгизип койду. Экөө кол алышып учурашып атайын бөлмөгө киргенде Кемелбек Бурманы кучактап, денесине кысып

Сени абдан сагындым, ырас келбединби дагы бир апта убакыт кантип өткөрөм деп бушайман болуп аттым эле. Ишенесинби сени сагынгандай эч кимди сагынбасам керек. Бурма наздана карап көңүлү которунку кашын сеопил анын сөзүн коштогонсуп тур коргозот.

Ушкуруп, анан деп койду.

Сени кайсы шамал айдап келди, мен күткөн эмесмин.

Бурма Кемелбектин тошкно башын жолдогон тейде :

— Мен азыр келмек эмесмин. Нурлан суранды. Анын аманатын аткарайын дедим эле… деп Нурлан берген катты сунду. Катты алып аны окуганга шашылган жок. Бурманы денесине кыска тейде.

Деги качан абактан чыгып сени менен эркин жолугушат экем. Ошол күн бат эле келсе гана. Бир сен деп гана жашап калдым. Ойгоесом оюмдасын, уктасам тушумдосун,бут дитимди сен ээлеп калдын.

Бурма Кемелбекти өзүнөн оолакта түртүп

Кемелбек каттын жообун бер. Эртең Нурланга эмне деп айтам. Жообун ала кел деген.. Убакыт дагы чектелүү — деди. Мен азыр бат эле деп. Катты окуп бүткөн соң, кубанычтуу жүз менен Бурманы карап

Буйурса иш онунда. Бул каттын жообун өзүнө берем. Ойлонуп жооп берчу маселе экен. Кийинки аптанын аягында келсин. Аны коюп сен да бат бат келип турчу. Сенден өтүнүч, сенден башка эчкимим жок деди. Бурма аны ушул учурда аяп кетти. Акырын сылык Кемелбекти ооп

Чын элеби? Сенин сагынганындан деп бек кучактап, башынан шуу шуу жыттады. Сен эмне мага эрте жолуккан жоксун. Сен келсен мага бул нымдуу жерде байыр албайт эле.

Кемелбектин сөзүн сырттан келген солдат болуп салды. Убакыт бүттү деди. Эки жаш жылуу коштошуп, эки тарапка кетти. Кемелбек бөлмөсүнө келип Нурландын жазган катын дагы бир сыйра көз жүгүрттү.Катта төмөнкү чо жазылган эле.

Кемелбек байке, кандайсыз?, мен иштеримден бошбой бара албай калдым. Ал үчүн кечирим сурайм. Ага капа болбоңуз. Кыскача иш онунда. Сиз айткан буюмду таптым. Ал турсун, жакшы баада пул кылып койдум. Ал жагына кам санабаныз. Негизги маселе надзиратилге сүйлөшкөнгө аракет кылыныз. Буюрса сиз бошонуп, ал турсун уй алганга мумкунчулугунуз бар. Бул жерин экөөбүз кен олтуруп алып чечишели. Эң негизгиси надзирателди эпке кнлтириниз. Мен кийзаптанын аягында барып калам. Ага чейин терең ойлонунуз. Сизге Жаңыбай доскнуз салам айтты. Ии баса, Кеңешбек байке надзирателди менен жакшы мамиледе эмеспи. Аны ортого салып миң доллардын тегерегиндеги баада суйлошсонуз, туура болчудай. Бирок надзирателдин алкымы чоң. Ал жагын дагы ойлонунуз. Кыскасы сөз бүттү, калган сөздү кийин суйлошолу. Ининиз Нурлан.

Кемелбек ининиз Нурлан деген сөздү жүрөгүнө жакын алып. Өзүнчө толкундагып алды. Жаңы эле Бурманы сени сагындым дегенин укса, ининиз Нурлан дегенге өзүнчө эле бактылуу.

Күн кечтеп кечки тамакка даярдана баштаганда Кемелбек ойго жетелеге Кенешбекке жолукканы басып келди. Бул убакытта Кенешбек адатынча чылым чегип, ойго жетелеге бир чекитти карап отурган. Кемелбек жакын басып келип.

Кеңешбек анан сага жолуксам болобу,дкп катврлаш отура кетти.Кенешбек

Макул, мен сен эмне деп айтсаң баарына даярмын. Бирок? чөп алдыргандан башка иш болсун. Өткөн аптада Турсунбектин тилине кирип, чөп алдыра коём деп аз жерден калдым. Эки жыл мөөнөт калды. Эптеп бул жактан чыгып, катын — баланын маңдайына барбасам. Бирок окунбойм, бир аферисттин айынан гана ушул жакка келдим. Болбосо, өзүм ишимди иштеп жүрө берет элем.

Кемелбек чылым күйгүзүп.

Ээ, Кенешбек, элдин баары экөөбүздой чынчыл болсо гана. Аны канча айтсаң да, эми ордуна келбейт. Мен сага наша алдыргандан алысмын. Менин негизги маселем такыр башка. Аны анан суйлошолу. Азыр стукачтар угуп калса анда иштин бүткөнү. Кечинде баягы бактын түбүно келчи, калган сөздү ошондо айтам, деди да, Кемелбек ордунан туруп бери басты

Бир чети Нурландын айтканы да жөндүү. Кеңештин надзирателдин туугандык жайы да бар деп уккан. Баарына текши ой жүгүрткөн Кемелбек Кеңешти ортого салууну туура көрдү. Кечки тамакты ичип буркон соң Кемелбек алгач өзү келди жолугучу жерге. Абактын кыйраткан тамагынан да көңүлү калды. Жаңы эле бактын түбүнө келип, Бурганын баскан турганын, сүйлөгөн сөзүн эстеп, аны менен жакында турмуш куруп бирге жашаарын көз алдына элестете өз ою менен алек болуп отурганда, Кенешбек келип

Кемелбек чылым барбы? — деп келгенин билгизип, үн салган болду. Кемелбек чонтогунон бир даана чылым алып чыгып Кенешбекке сунуп, зажигалкасын куйгузду. Кеңешбек чылымлы соруп Кемелбекке суроолуу карады. Мунусу айт, айта бер, эмне сөз дегени эле. Кемелбек айланага көз жүгүртүп, шашылбай сөзүн алыстан баштады.

Кеңешбек, бул айтыла турган сөз экөөбүздүн эле ичибизде болсун. Башкалар укса мага эле жаман болот го. Атайын сага кенешейин деп сени бул жерге чакырып атам. Кенешбек көңүлү суз

Кемелбек сени кантип аңга туртойун. Колумдан келсе бул жерден чыгарганга аракет кылам. Азьы коппу даамдашып, сырдаш болуп калдык. Анан кантип сага кара санайм.

Кемелбек бир мүнөттүк убакыт үн катпай туруп

Кеңешбек, сен надзиратель менен жакшы мамиледе эмессинби. Сүйлөчү бошонуу үчүн канча сурайт экен, бир ооруну мага жабыштырыа документ чыгарса, атаганат. Эң негизгиси алкымды агытпай, азыраак сурасам болот эле.

Кеңешбек, тан калганын билгизип

Сенин дагы канча мөөнөтүн бар?.. Мөөнөткөо жараша болот, эмне акча таптынбы? — деди. Кемелбек оор үшкүрүп.

 

 

Уландысы бар…

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE