Пример HTML-страницы

Зектин махабаты 15 бөлүм.

https://kyrgyzcha.site/?p=37076&preview=true Кызыктуу окуялар.

🌀 ЗЕКТИН МАХАБАТЫ

 

15-Болум

 

 

Эмнегедир акыркы убакта Тахмина өзүн башкача сезип жүрдү. Анда — санда жөн туруп эле кусуп жиберген адат таап алды. Бирок «боюма бүтүп калды» деген ойдон алыс эле. Ишемби күнү сабактан чыккан соң, Нурландын эжесинин үйүнө барды. Ооба, чынында эле көп болгон бара элегине. Ал жактан көңүлү суз кайтты. Бир тууганы, болгондо дагы Нурландын эжеси, тили — тилине тийбей Нурлан жөнүндө жаман сөздөрдү айтты. Сөз кезеги келгенде эле ооз учунан Тахмина :

-Нурланга барып атасыздарбы, дайынын сурап? — деп суроо салганда, буулуккан аттай Нурландын эжеси ушул эле суроо жетишпей тургансып каяктагы сөздөрдү айтып актанып кирди. Анткени иштери алдыга жылып акчаны көбүрөөк таап калганын Тахмина астананы аттап эле байкаган. Жаңы кухонный мебель алышканын. Андан дагы бир ай илгери машина алды деп дагы уккан эле. Биз башта кеп кылганбыз Тахмина Нурландын Жездесинин таякесинин кызы деп. Башынан катышып келип кетип жүргөн Тахмина бул жолку келгенинде дароо байкады, «жээн эжесинин тез өзгөрүлгөнүн». Көрсө адам жылкы мүнөз болот эмеспи. Азыраак тыйындуу болгонго сөздөрү чоң чыгып калаарын.Ошол күндүн эртеси келип Тахмина Нурланга жолуккан. Бирок ал убакта Нурлан мунапыска илингенин биле элек эле. Студенттик күндөр кандай таттуу. Тахмина сабак менен алак болуп жүрүп, боюна бүтүп калганын кеч сезди. Ошондо да ишенбей гинеколого барып текшерилип көрөйүн деп, тымызын таанышканга гинеколог издей баштады. Ишенбей турган жөнү бар. Анткени Бактиярдын зордуктаганын өзү дагы сезбей калды. Эгер куч колдонуп же көз көрүнө зордуктаса анда ишенсе болмок. Такыр ишенбегендиктен акыры чыгынып жашыруун гинеколого көрүүнү үчүн сабактан суранып ооруканага жөнөдү. Ошондо да жолдо ката боюна бүтүп калгандан күмөнсунуп барды. Тахмина гинекологдун «боюңда бар» деген сөзүн укканда көзү караңгылап, кулагы чуулдап чыкты. Мындайды угам деп күткөн эмес эле. Дароо апасынын :

«Кызым, эл алдында мени жер каратпай, барчу жериңе ак бар. Сенин дагы, менин дагы жүзүбүз жарык болсун» деген жайында каникул га барганда айткан сөзүн эстеди. Андан соң темир тордун артында өзүн саргара күткөн Нурланды эстеп, бул жашоодон өзүн артыкбаш сезип, кыз болуп жаралып калганына өкүндү. Көңүлү суз ооруканадан чыккан Тахмина ошончо алыс жолду ойго чөмүлүп жөө басып келди да, эч бир сабакка даярланбай жатып алды. Гинекологдун айткан сөзү кулагына жаңырып, санаа менен өзүн жеди. Кыз кишиге мындан артык кордук барбы. Эгер Тахминанын бул жоругун атасы укса, тирүүлөй мууздап салгандан кайра тартпайт.Салтты бек кармаган чоң атасы Жапар аксакал өмүрү өткөнгө чейин кечирбейт. Ал эми энесичи. Баарын текши ойлогон Тахмина бүк түшүп жатып, түн бир оокумга чейин жаздыгын жашка чылап үнсүз ыйлап, акыры уйкуга алдырып, уктап кетти. Эртеси сабакка дагы барган жок. Боюндагы баладан арылуу үчүн эмне деген гана ойлорду ойлободу. Бирок ыңгайлуу эч нерсе таба алган жок.

 

Нурлан Казыбектин досунун жүүнү бош келбетине жана мамилесине ичи толгон жок. Катты окуп болгон соң Болотбек бир аз ойлонуп туруп чөнтөгунөн Алымкул Осмоновдун сүрөтү бар акчадан бирди алып чыгып Нурланга берип :

Менин убактым жок, эгер мүмкүнчүлүгүң болсо Казыбекке керектүүлөрду өзүң алып берип койчу деди. Нурлан көңүлү суз акчаны колуна алып, алиги аялдын артынан басты. Базардын ичи толо түрдүү кийимдерге көзүн агыткан Нурлан алдынан чыккан кызга эңсөөсү арта карап койду. Анткени ал кыз чектен тыш сырт эркек жандын көңүлүн бургандай кийинип алган эле. Аппак шымынын ичинен кийген ички кийими көрүнүп, көңүлгө көлөкө түшүрүп, ойду боло тургандай эле. «Берекет» базарынан чыгышкан экөө түз эле кафеге келишти. Алиги келин тамакка өзү заказ берип, анан Нурланга кайрылды:

-Жигит атын ким?

Нурлан өзүн токтоо кармап :

-Нурлан, деп атын айтканда, тиги келин «Жаркынай» деп өзүнүн ысымын айтты. Нурланга ыраазычылык билгизип:

-Сага ырахат, эгер сен болбосоң, ушул убакта эмне кылат элем. Бир жарым жылдан берки карызымды араң өндүрүп, тери куртка алып алайын дегем. Буйруктуу акча экен. Бул акчаны кээ бир айылда иштегендер бир жылда араң табышат.Өзүм врачмын . Врачтардын айлыгы канча экенин өзүн билесиң. Чынын айтканда, биз оорулардын акчасы менен жашайбыз. Өзүң кайда иштейсиң? — деп суроо салды. Нурлан көңүлү суз :

Айылдан жаңы эле келдим, деп калп айтууга туура келди. Жаркынай :

Айылдан келген адамдардын пейили таза. Болгон ыплас көпчүлүктө болот. Бекеринен жакшы көргөн уулуңа шаар көргөзбө деген сөз айтылбаса керек. Айылдан келген жаштар башында жакшы жүрүшүп эле шаарга келгени бузулуп кетишет,деп сөз улады. Кафеден чыкканда Жаркынай өзүнүн дарегин берип, Нурланга жүз сом берип :

Нурлан капа болбо, муну алып өзүнчө отуруп ичип койчу деди. Нурлан албайм деп акчадан баш тартканга аракет кылды. Бирок Жаркынай Нурландын оюна койгон жок. Нурлан жөн жерден акчалуу болуп, Жаркынай менен коштошуп, жолуна түштү. Бирок эжесинин үйүнө эмес, эки ай илгери бошонгон Амангелдинин дарегине багыт алды. Амангелди Нурланды көргөндө чын ниетинен сүйүнүп, жакшы кабыл алып, берерге ашын таппай, суроо үстүнө суроо берип, хлебаштарынын баарын сураганга өттү. Өзү учурда тактай базарда иштеп атканын дагы үстүртөн айтып өттү. Нурлан Амангелди алып келген аракты оозуна алган жок. Амангелди жакшы эле кыйнаганда Нурлан :

-Амангелди, сыйыңа ыраазымын. Бирок ушул аты жаман аракты ичпей эле коёлучу. Арак жакшы жолго алып барбайт. Тилеги жакшы болгону менен, аягы жаман. Ушунун азабын тартып, канчалаган адамдар эркиндиктен ажырап ал жакта отурат. Эгер макул болсоң, ичпей эле коёлучу, — деди.

Амангелди айтылган сөздөн чыга калган жок. Туура көрдү. Эртеси Нурлан түш ченде Тахминанын окуу жайына баратып, жолдон классташ досу Эдилге жолугуп калды. Эдил Нурланды тике карай албай, жалтактап, абалын сурамыш болду. Адамдын адамдык сапаты кыйынчылыктар билинет эмеспи. Анын сыңары, башына иш түшкөндө абалын сурап барып койбогон Эдилдин муздак мамилесине Нурлан капа болду. Бирок сыр берип койбогон Эдил Нурландын оюна койбой кафеге чакырып, актанымыш болду. Адамдын ички оюна койбой кафеге чакырып, актанымыш болду. Адамдын ички оюн алдын ала билген Нурлан Эдилдин жасалма мамилесине нааразы болгонун сыртына чыгарбай, бир калыпта өзүн кармап, Эдилдин улам сөзүнө жараша жооп берип турду. Эдил бара — бара мактана сүйлөгөнгө өттү. Нурлан көңүлү суз сөз угуп аткандай мамиле жасаганы менен, эч бир сөзүн уккан жок. Болгон ою Тахминада болду. Бир убакта Эдил Нурландын ою башка жакта экенин байкап калып, сөздүн багытын өзгөртту. Бир сааттан ашык убакыт сүйлөшүп отурушкан соң, кафеден чыкканда, Нурлан өзүнүн жолуна түшүп, багыт алган жакка бет алды. Качан Тахмина окуган окуу жайга келгенде, студенттер сабактан тарап айтышкан. Окуу жайдын оозунда бир топко Тахминаны күтүп туруп, тажап да кетти. Ошол убакта Султанбнктин айткан сөзүн эстеп өзүн анын ордуна коюп, чын эле жигит болуп, кыз күтүү багыты мага буйруганына шүгүр. Эгер Тахмина болбогондо мен минтип турбайт элем деп өзүн өзү жооткотту. Бир сааттын ашык убакыт Нурлан окуу жайдын оозун кайтарып турду. Бур убакта өзүнө тааныш үндү угуп артын карап, көргөн көзүнө ишенбей, сүйүнгөнүн билгизип, көзүн жайната колун сунуп :

— Сен кайдан келип калдын? — деди. Тахмина күлүп, аппак колу менен Нурландын сунган колун кармап :

— Качан бошондун? — деп сурап, жоп күтүп туруп калды.

Нурландын бир сааттан ашык күткөн азабы бир заматта унутулуп :

— Кечээ чыктым мунапыска илинип. Азыр бошсуңбу? Кенен отуруп сүйлөшөлү. — Тахмина макул дегенсип башын ийкегенде, Нурлан алдыга баса, окуу жайдын тепкичинен ылдый кадам таштады. Тахмина өзүн күнөөлүү адамдай сезип, Нурланга сыр алдырып койду. Оюнун баары : Эми кантип айтам боюмда бар деп айтам? — деген сөз жүрөгүн өйүп турду. Нурлан Тахминага катар басып келатып, өзүн бактылуу сезип кетти. Кандай жакшы кыз жандап баскан. Баарыдан дагы көңүлүң арзып, сүйгөн кыз менен. Ортодо көп сөз болуп, эки жаш окуу жайдан алыс эмес кафеде эки сааттан ашык отурушту. Сөздүн ыңгайы келгенде Тахмина болгон күчүн жыйып, жүрөгүн өйүгөн сөздү айтып женилденип алды :

— Нурлан, эгер менин кетирген кемчилигимди кечирсен, анда мен сегдикмин. Бирок кечире албайсың го. Нурлан алгач жолукканда эле Тахминанын жүзүнөн байкаган кандайдыр бир сырды.Тахминанын сөзүн угуп :

Эмнеге Кечире албайын. Мен бир жашоодо бир гана сенин карааеынды туу тутуп жашап келатам. Сенсиз мага дүйнө карангы. Мага сенин аман жүргөнүн эле керек, — деп оюн айтты. Тахмина үшкүрүнүп алып :

-Нурлан, мени кечирип кой, менин боюмда бар, — деди.

Нурлан эч нерсе болбогондой :

— Кимден? — деди. Тахмина эми гана болгон окуяны бир баштан айтып берип, боюна бүтүп калганын эки күн илгери гана билгенин айтты. Нурлан айтылган сөзгө терең маани берип :

— Тахмина, ага эмне капа болосуң. Сен Өз каалоң менен ал жигит менен кошулган жоксун да. Мен сени бул жерден эч күнөөлөй албайм. Эгер менин сөзүмө көнсөң, тез аранын ичинде экөөбүз үйлөнөлү. Анткени сенин кийинкиңе жакшы болот, — деди. Тахмина Нурландан мындайды күткөн эмес эле. Эми эмне кылам деп туңгуюкка кабылып турганда, Нурландын айткан сөзү демине дем берип, көңүлү ачыла түштү. Нурландын түшүнүгүнө баа берди.

 

Уландысы бар…

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE