Пример HTML-страницы

З.Юсупова дунган элинин тамак-ашы жана улуттук кийими менен айылга чет өлкөлүк туристтерди тартып жатат

Акыркы жанылыктар

TurmushЖети-Өгүз районунун Ырдык айылынын тургуну Зарина Юсупова бир жылдан бери өзгөчө киреше булагын өздөштүрүүдө. Тактап айтканда, айылга туристтерди тарткан иш менен алектенүүдө.

Зарина Юсупова 1986-жылы туулган. Үч уул, бир кыздын энеси.

«Ырдык айылында көбүнчө дунган эли жашайт. Үй-бүлөбүз менен дунган элинин улуттук тамак-ашын даярдап, келген меймандарды кабыл алып жатабыз. Меймандар тамак-аш менен катар дунган элинин улуттук кийимдерин кийип көрө алышат. Өзгөчө жаңы баш кошуп жаткан жаштардын кийимине абдан кызыгышат», — дейт ал.

Заринанын конок үйүнө Франция, Өзбекстан, Испания, Швейцария жана башка өлкөлөрдөн меймандар келет.

«Аларга дунган элинин улуттук тамак-ашын тартуулайбыз. Дунган элинин дасторкону дайыма берекелүү. Мисалы, эң аз дегенде 8 тамак коюлушу керек. Биз ашлянфу, фунчоза, бууга бышкан нан, мампар, ганфан манты жана башка тамактардын түрүн коебуз. Коноктор өзгөчө «него» аталыштагы десертти абдан кызыгып жешет. Биз ар бир тамактын жасалышын, келип чыгуу тарыхына чейин айтып беребиз», — дейт Зарина.

Каарманыбызга жолдошу, балдары жардам берет. Ошондой эле айылдаштарынын жардамы менен келген меймандарга айыл ичиндеги тарыхый жайларга саякат жасатышат. Анын ичинде кылым карыткан имараттар, дунган элинин тарыхын камтыган жайлар бар.

Бул кызматтар бир кишиге 1600 сомго айланат.

Зарина үйдө балдарды тарбиялоо менен алектенип жаткан кезде бул жакшы киреше булагы экенин айтат. Анткени меймандарды үйдөн кабыл алгандыктан, үй кожойкеси үчүн жумушун да, балдарды тарбиялоону да айкалыштыруу жеңил.

«Буга чейин жай айында гана меймандарды кабыл алсак, эми кышкысын да туруктуу кабыл алуу үчүн атайы долбоорлор жардам берүүдө. Алардан кызым биздин меймандостукту жакшы чагылдыруу ыкмасын үйрөндү. Азыр кызымдын тарткан сүрөт, видеолорун көрүп келген меймандар да бар», — деп сөзүн жыйынтыктады.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE