Пример HTML-страницы

УЛАНГАН ЧЫЙЫР

https://kyrgyzcha.site/?p=41246&preview=true Кызыктуу окуялар.

УЛАНГАН ЧЫЙЫР

 

Зарыл иштерим менен сапарга чыктым.

Жолдо баратып адаттагыдай ар кандай окуяга туш болом же ар түрдүү тагдыр ээлери менен

баарлашам. Аялдамага жетип эле үч баласын ээрчиткен келин мас болуп алган күйөөсүн унаага отургуза албай убара болуп жатканын көрүп, зээним кейиди. Ал үч баласын отургузуп, тиги масты жетелеп отургузайын десе, колунан чыгып, качып жөнөдү. Артынан жеткен менен тигинин айткан сөздөрүнөн элден уялды окшойт же балдарынан кыжалат болдубу, кайра келип, балдарын жерге түшүрүп, бирин көтөрүп, экөөнү ээрчитип, издеп жөнөдү. » Аны калтырып, балдарың менен кете берчи бара турган жагына, кайр-кайра убара болбой » деп айткым да келип кетти. Анын абалын да түшүнүп турам, таштап да кете албайт, кокустукка учурап калабы деп кыжалат болоору турган нерсе. Жашоодо жөлөнөөрү ушинтип аял-баласын кыйнап, тайрактап качып жүрсө, байкуш келинге боорум ооруду. » Артынан көзөмөлдөп канчага чейин жүрөт экенсиң, каап » деп кала бердим.

Ал келин көрүнбөй калды, а бери жакта башка көрүнүш, аларды тиктеп, маанайым көтөрүлө түштү.

Кичинекей наристени улам бири ала коюп, элжиреп жыттап отурган жубайлардын бактысына суктанып карап коем. Атасынын кучагында отурган тестиер кызы да апа, атасы, бөбөгүнөн башка эч кимге көңүл бурбай, бошой калган атасына эркелеп коет. Ошко кетчү таксиге отураарым менен эле шофер тиги үчөөнү жүктөрүн унаага жүктөп жатат. Сүйүнүп кеттим, ушул адамдар менен сапарлаш болуп калганым

үчүн кудайга да ыраазычылык айтып жибердим.

Неге экенин өзүм деле билбей турдум. Жолго чыктык.

— Жанараакта эле силерди суктанып тиктеп жаткам, жолубуз бирге болуп калганын карасаңар.

— Ой, эже, сиз эмес, мен өзүм да суктанып бүтпөй жүрөм, ушул бактымды кайра таап алганыма, — деп, кубанычы койнуна батпаган ата бир сырдын чекесин чыгарып койду.

— А неге кайра таап алганыма дедиң?- деп, менин кызыгуум артты.

— Оой, эже, атабыз ушинтип эле чачылып айта берет, — дегени менен айым өзү деле ыраазы болуп айтканы байкалып турду.

— Ооба десең, эгер капа болуп турсам, тепсе да үн чыкпайт менден, а кубанып турганымда оозумду бассаң да сүйлөй берем го,- деп, каткырып алды.

—Ии, мен да ошол сүйүнүчкө туш келип калыпмын, жолду кыскартып, сүйлөй кет, иним.

— Өткөндө жанымда отурган жигитке бир окуяны айтып келе жатсам, уктап кетип, сөзүм өлүп калды эле, сиз ушунча кызыгып калдыңыз, уктап калсаңыз, ойготуп болсо да сүйлөп кетем, — деп, тамашага салып сүйлөдү.

— Уктабай калайын, жолдо жүргөндө уйку келбейт,жакшы болбодубу, эмесе, кулак сенде.

 

— Эже, башымдан өткөн окуя кээде түшүмө окшоп кетет. Тагдырга нени жазганын пенде биле бербейт тура, бирок, түндүн артында аппак таң аткандай, бактылуу жашоо кайсы бир күнү үйүңө баш бага багаарына өтө ишенип калдым.

Жоготкон бактымды кайра таап алам деп эч ойлогон эмес болчумун. Эч кимдин көңүлүн оорутпаган жан элем, досумдун чакыруусун четке кагып койбой же бир шылтоону айтып калып кетпегениме, албетте, Эрмек досума, конкурска катышып калган анын уулуна азыр да ыраазы боло берем. Дем алыш болчу. Телефон чалган ким экенин жөн гана карап, албай эле койсомбу десем,

досум экен.

— Азиз, бүгүн аяш уулуң конкурска катышып жатат, колдоо көрсөтүп барып келели. Андан чыгып, чогуу эс алабыз, Макулбу?- деп , менин каршы болбосумду билгендей убакыт, саат, жолукчу жерди кошо айтты. Бир аз ыргылжың болгонум менен, кийинип алып, болжошкон жерге келдим. Кандай конкурс экенин деле кызыгып сурабаптырмын.

— Аяш уулуңдун бир аз таланты бар эмеспи, комузчу боло турган түрү бар, өзү кызыгып эле үйрөнүп алды. Ыраматылык атамды билесиң да, тубаса таланты бар эле, а менде эч нерсе жок, небересине өтүптүр. «Жаш талант » деген конкурска катышыптыр. Барып, көзүбүз менен көрүп келели, сенде да талант бар эле , досум, ошол.өнөрүңдү көңүлдүн сыртында калтырып койдуң ээ, шыгың бар, сен да сынап берсеңчи, —деп, үнүнөн уулуна ыраазы болгону байкалып жатты.

Залда отурабыз. Конкурс башталды. Качан чыгат экен деп аяш уулумду күтүп отургам.

Анан эле бир татынакай кыз чыгып, комуздун коштоосунда ырдап калды. Жүрөгүм жылый түштү. Аты Айпери экен. Фамилиясын атаганда, ыргып тура калдым. Өзүмдү кармап, жыл эсептей баштадым. Баары дал келип жатты, бир гана жердиги башка, Бишкектен экен. Өңү да тааныш бирөөнү элестеттирип койду. Ошентип, өзүм менен өзүм алышып отуруп, Эрмектин далыма кубанып таптаганынан сахнага көңүл бурдум. Комузду такшалган комузчудай чертип жатыптыр, аяш уулум. Конкурстун аягында жыйынтык чыкты. Эрмектин уулу биринчи орунга чыгып, досум да сахнага жөнөдү. Баласын кучактап алып, айланып жүрөт. Экинчи орунга кызыгып кулак төшөп отурсам, мен күткөн кыз эмес, кыякта ойногон кыз чыкты. «Үчүнчү орун Айпери Жумакадырова, Бишкек шаары » дегенде, чуркап жеткени аз калдым, өзүмдү кармап токтой калдым. Апасы чыкты. Ооба, адашпаптырмын. Анара экенин жазбай тааныдым. Мен жоготкон Анара…

» Менин кызым » деп, жүрөгүм башкача согуп жатты. Анаранын фамилиясына жазылыптыр.

Сахнага жетпей ыйлап жаттым. Жоготкон, тагдыр эки башка жолго салып койгон адамдарыма эки кадам жетпей турдум. Канча жылдан бери көрө элекмин, туура түшүнөбү дедим. Мүмкүн, залда жакын адамы да отурабы деп, көзүмдү албай тиктеп турдум, жашык эмес адам да жашый турган жагдай минтип туш келип калаары түшүмө да кирген эмес. Сыйлоо аземи бүттү. Уулун жетелеп, Эрмек жаныма келип калса да байкабаптырмын.

— Аяш атаңды карачы, кубанып ыйлап алыптыр, жүр, досум, эми бир аз белгилеп коелу. Апасы жумушунан бошоп, азыр келип калат, сыртка чыгып, күтүп туралы,- деп, мага көл аарчысын сунду.

— Эрмек, сен чыгып тур, мен азыр,- деп, Айпери менен апасын жоготуп албайын деп, көзүмдү алардан албай турам.

Аларды башка эч ким куттуктаган жок, апасы экөө гана белектерин кучактап, сыртты көздөй жөнөштү. Артынан жетип бардым.

— Анара, кандайсың, бул мен, Азизмин.

—Ким? — деген боюнча, бир башкача абалда кызынын чачын сылап туруп калды.

—А сен каяктан? — ал да башка эч кимиси жокпу дегедей абалда эки жакты карап койду.

— Досумдун уулу да конкурска катышкан болчу, ошого келгенбиз, а силерди көрөм деп такыр ойлобоптурмун, жүрөгүм башкача болуп, Айпери сахнага чыкканда эле тааныбай туруп, бир жакындыкты сезгендей ушул кызга эле көңүлүм ооп туруп алды, көрсө, жүрөгүм алдабаптыр. Өзүмдө эмесмин, кечир, оюмду жеткире албай жатам. Карачы, минтип

бүгүнкү күн жагымдуу сюрприз даярдап койгон тура… Сыртка чыгалы ээ…

Бетин колуна көтөргөн сыйлыктар менен

жаап, Анара ыйлап баратты. Эч нерсени түшүнбөй,

бирок, жагымдуу жылмайып кызым апасынын

колун кармап баратып, мага таңыркап карап коёт.

Күтүп турган досум мени көрөөрү менен кол булгалады.

— Азиз, биз мындабыз.

Ага көңүл бурбадым, оюмдун баары Анарада.

Четтеги отургучка отуруп, кепти ток этээр жерден баштадым.

— Анара, силер менен келген башка бирөө да барбы? Азыр кайсы тарапка кетесиңер? Бир аз убакытың барбы? — деп, эки жакты карап коем.

— Азиз, сени күтүп жатабыз,- деп, досумдун аялы чакырып калды, ал да жумуштан чыгып, келип калган экен.

— А сени бирөө күтүп турган тура,— деп Анара коомайлана түштү.

— Ал досумдун аялы, баласы үчөө бизди күтүп турат.

—Аа, сен өзүң жалгызбы?— деп, Анара тынчтана түшкөндөй болду.

— Менин суроолорума жооп бербедиң го, Анара?

— Көрүп турасың го, кызым экөөбүз эле, эч жакка шашкан жокпуз. Бишкекте турабыз, эки жылга чукулдап калды, көчүп келгенбиз бул жакка.

Телефон аркылуу досума бир аз кармалаарамды

айтып койдум. Андан аркы сөздү улантуунун кереги жок болчу, кызыбыздын сөзгө аралашкысы келип турганын байкадым.

— Айпери, ийгилигиң кут болсун! Бул жерде кимдин аракети күчтүү болгонун сезип турам, ал сенин -талантың . Ошол жөндөмүң апаң экөөңдү шаарга келүүгө мажбур кылды болуш керек?

—Аны кайдан билдиңиз? Ооба, туура эле, апам сенин өнөрүңдү өстүрүшүм керек деп, шаарга келе бергенбиз.

Анара кызын кучактап, үнүн акырын чыгарып, кулагына шыбырады. » Кызым, сага көп айтчу элем го, атаң бар, бизди кайда экенибизди билбей калды, бизге келгенге тыюу салып коюшкан деп, минтип күтүүсүз жерден жолугуп калдык, бул сенин атаң болот, жаш кездеги сүрөтүн көрүп жүрчү элең го, ошол адам маңдайыбызда турат » дегенде, кызым эмес, мен да эмне сөз айтаарымды билбей калдым.

— Менин кызым экенин жүрөгүм сезген , бирок,

сен бизди бир аз даярдап туруп айтат деген элем, жүрөгүм башкача толкундап кетти, — дегиче болбой, кызым кучагыма боюн таштады.

— Сени сахнада көрүп, башкача болуп кеттим эле, эч ким айта электе кызым деп, силерден көз албай ,бирок, даап бара албай кыйналып кеттим эле, мына , менин кызым,- деп, айланып жүрөм.

Мени издеп кайра келген досум бизди таң калып тиктеп туруптур.

— Сүйүнчү досум, кызымды таап алдым.

— Эхххееей, мынча сонун , айтам да, неге эле кармалып жатат, тааныштары го деп койгом, кайра келсем, бир үй бүлөнүн бактысына туш болдум. Жүргүлө, кош кубанычты белгилеп коелу, биз да күтүп калдык, калган сөздү ошол жерден сүйлөшөбүз,- деп, даярдап койгон дасторконуна алып келди. Ошентип, аяш уулум, менин кызым жараткан ийгиликти, кайра табышкан бактыбызды куттуктап жатып, түн бир оокум болуп кетиптир.

Анара кызы экөө квартирада турушат экен, өзү бир мектепке ишке кирип , Айперини окутуп, комуз кружогуна киргизип коюптур. Ошентип, экөөнү өз үйүмө алып келип алдым.

— А экөөңдүн ошондо эле бирге жашоону улантып кетүүңөргө эмне тоскоол болду?— кызыга сурадым.

— Анара экөөбүз шаарда окуп жүрүп тааныштык, бири-бирибизди жактырып жүрдүк, айылга алып келдим, үйлөнөбүз деп. Ыраматылык кайын атам ошондо эле тескери тонун кийген эле, » тектүү жерге берем деген оюм бар эле, өзү таап кетиптир да » деп сүйлөнгөнүн куда түшүп баргандар айтып келишти. Чын эле, Анаранын атасы айткандай, тектүү жер эмес элек, апам мени ээрчитип келген, өз атам өтүп кеткен, кийинки турмушунан 3 уулдуу болгон, бирок, өгөй атам өз баласындай тарбиялады, мени менен кадимкидей кеңешип иш кылчу. Менден кийинки иним окубай эле, үйлөнмөкчү болгондо, «» ээ,

сенден чоңу турат, аны үйлөп ,анан сага уруксаат берели » деп, мени шаштырып калды. Ошону эле күтүп тургансып, дароо эле Анараны үйгө келин кылып киргизип алдык. Шаардан үй алып берди, бирок, Анара экөөбүз ал үйдө жашабай калдык.

Ал үйдүн ремонту бүткөнчө айылда жашап турмак болдук. Атам аябай чарбачыл киши эле, какыраган жерлерге да суу жеткирип, бак өстүрүп, эгин эгип, ошонун түшүмү менен бизди каржылап турчу. Окууну бүткөнчө акчага зарыкпадым, бош учурда кол кабыш кылам. Акыркы экзаменди тапшырып келейин деп, шаарга кеттим. Анара ооруп калып, апамдар менен калды. Токсикозу аябай оор башталды. Ал курган да үйдө отура бербей, алаксып талаага кошо барып келейин деп, апам, инилерим болуп келишип, жардамдашып жүрсө, ошол тараптан ким экени белгисиз, кайын атама жеткирип барыптыр. » Кызыңды таштап, күйөө балаң шаарга кеткен, көрсө, кызмат үчүн эле үйлонүптүр, ал жакта да бирөөсү бар экен.

Анан, той деле кылбады, а экинчи баласына тойго даярдык көрүп жүрүшөт. Өгөй деди да» деп…

А чынында эле той өткөрбөдүк эле, алган үйүбүзгө той өткөрөбүз деп койгон болчумун, атам деле мени менен кеңешип, туура көргөн болчу. Ошентип, өзү көңүлү бузулуп жүргөн кайын атам келип, эч нерсе түшүндүрбөй эле, Анараны алып кетип калыптыр.

Адамдар кызык, ошондо таң калдым, сөздү бирөө музга тоңдуруп жеткирсе, бирөө тузга оонатып жеткирерине ынандым. Апам, атам келинин артынан келип, апам ыйлап суранса да көнбөй коёт кайын атам. Мага да кабар жетти, үйгө келип эле, кайын журтка жетип келдим. Жок, эч сөз укпады. Айыл аксакалдары ортого түштү эле,

» боор оорусаң, сенде деле кыз турат, берип кой, мени жайыма койгула » деп, эч кимди сөз сүйлөтө койбоду.

Жада калса, Анараны бир көрсөтпөдү, алыскы райондо карындашы бар экен, ошол жакка жеткирип, катуу көзөмөлдөтүп коюптур. Аны кийин укпадымбы. А мага «кызымды өзүмө жаккан жерге күйөөгө берем, төрөсө, өзүм багып алам. Болду, биздин жашоого аралашпа, мен кызымды тектүү жерге берем деп жүрдүм эле, колуман жула качтыңар, эми кедергиңер тийбесин, мен тирүү турганда, сени менен жашатпайм» деп, үйүнөн кууп чыккан, жарыктык киши. Ошол боюнча, мен да ардандым, өлүп алгым келген. Бирок, апамдын сөзү мени кайра түзөлтө койчу. » Тагдыр экен, балам, сенин атаң тирүү болсо, мен деле башка турмуш курбайт элем, ошондо да азыркы атаң сени өгөйлөбөй турганына көзүм жетип, анан турмуш уланттым. Бирөөнүн жеринде абайла, бирөөгө жаман айтпа, мушташпа, ашыкча сөз угуп каласың деп, канатыма калкаладым эле, а жашоо ошол сөздү баары бир угуздурду. Эми, балам, мени уксаң, айылда жүрбө, өзүңдү чүнчүтпө, мен да,атаң да, инилериң да кичинерип турабыз, ырас, атасы көшөрүп, макул болбоду, бактыңды башкадан издеп көр. Бир гана суранаарым, бүк түшүп алба, күчтүү бол, өз теңиң да табылып калаар. Маңдайга жазгандан эч ким качып кутулган эмес, эч кимди күнөөлөбөй үйрөн, тагдырдын татаал экенин башымдан өткөрдүм эле, эми балдарымдын маанайы түшкөнүн көрбөйүн дечү элем, башыңды көтөрүп жүр, алты саның аман, кудайым жакшы жарды берди эле, дагы берип калаар балам, мүңкүрөбө» деген сөзүн угуп, дароо билет алып, алыска кетип калдым. Көп жыл келбедим, инилерим үйлөндү, келиндери жакшы чыкканы менен, апам мен үчүн санаага батып жүрдү. Ошол жакта жүрүп, үйлөндүм. Тагдыр бул ирет да сынап көрдү, негедир көңүл жибибей койду. А Анараны төрөгөнүн укканым менен, башка турмушта экенине ичим ачышып, жашоосуна көлөкөм түшүп калбасын деп, кабар албадым. Кайын ата да » Кызын издеп келбесин, колуна өлүп берем» деген үчүн, кадам таштай албадым. Жанындагы кошунасына берип койгонун да уктум. Аябай кадыр-барктуу жердин баласы дешти. А жашоодо өтө битир адамдар экенин, кызын көрүп туруш үчүн эле айла жок турмушка чыкканын Анара айтып берсе, аны кайра аядым, аялдын кадырына эле эмес, өз кадырына да жете албай, байлыгын аяп, бекитип жүрүп, эмне тапты деп. Ошон үчүн деле кудай бала берген эмес го деп коём. Мурдагы аялы бир айда эле кетип калган экен, Анарага үйлөнүп, балалуу болбогону үчүн, Анараны күнөөлөп, » тиги мурдагы күйөөң деле бир нерсеңди билип, карабай кеткен тура, көчө-көйдө жүрүп эле, төрөп алгансың, ошол күнөөң үчүн кудай бала бербей жатат» деп, колу да тийе баштаганда, атасы кайра киришип,

» бул жашооңду да токтот, дагы бир ирет киришейин, эми калганын каалаганыңдай улант, апаң тирүү болсо, балким, башкачараак болмок, апаң өлгөндө эле акылым кошо өлүп калган турбайбы» деп, өзүн күнөөлөп, ыйлаган экен.

Кошуна болгон адам кааласаң-каалабасаң да катуу чыккан үнүн угууга аргасыз болот го, кызын » атаңдыкына барганда эмнени көтөрүп кетип жатасың, кызыңа ташып жатсаң керек, көрсөм, колуңду сындырам» деп кыйкырып жатканын угуп, бир ызырынган экен, кийин өкүнүп жүрдү дейт, » атанын уулу дайым эле атадай боло бербейт тура » деп…Күйөө баласы жарашмак болуп

эшигине келгенде, аябай төгүлгөн тура, байкуш атабыз. » Сени атанын уулу дептирмин, өтө майда экениңди неге билбедим экен, кызымды сенин эшигиңден бир нерсе ташыйт деп эмес, ошол эшиктен бакыт тап деп бердим эле, бактылуу кыла албадың. А бир нерсе көтөрүп келбе деп кыздарыма айтып эле келем, кыз баланын колун караган жан эмесмин. А кызымды биринчи күйөөсүнөн мен ажыраттым, ал таштап качкан эмес. Дагы сөз көп, айтканда не пайда. Жолума чалышпа, кошуна адамбыз, көрүшүп турабыз, жакшылыкча эле түшүнүшүп алалы» деп жолго салган экен.

Кайын атамды күнөөлөбөйм, атайын келип, куран окутуп,анан, уулума жентек берип, кошуналарды чакырып, батасын алып кайттык. Тиги кошунаны да чакырган болчубуз, үчүнчү ирет үйлөнүп, балалуу болбоптур, азыр аракка күчүн чыгарып калган убагы экен. Келе албады.

Ошондой, эже, айылга келип, апам, атам менен чогуу эс алып, кайын журтту ыраазы кылып, өз үйүбүзгө баратабыз. Көрсө, турмуш сыноо берип, ошол сыноонун артына бактыңды жашырып коёт тура, баарына чыдадык, эми минтип бактыбыз түгөл болуп, жашоонун ырахатын көрүүдөбүз, а жанагы бактыбызга себеп болгон досумду, анын уулун мурдагыдан да сыйлап калганмын, кудайым ошолорду себеп кылып, бузулган бактыбызды түптөп, жоготкон сүйүүбүздү табыштырып, жашообузду улап койду, тагдырыма миң мертебе ыраазымын, колдоп турган апам бар, өгөй экенин билгизбеген атам бар, кызым жанымда, уулдуу болдук, ушундан өткөн бакыт барбы, кудайым жаман көздөн сактасынчы, бакыттын чөйчөгү көп чайпалды, бирок, төгүлгөн жок, — деп,

келинчегинин уктап баратканын көрүп, баласын этияттап алып, башын ийинине жөлөп койду.

 

Бактылуу жашоосуна суктанып да, жанагы үч баласы менен мас күйөөсүн эптей албай кыйналган келинге ичим ачышып да бараттым.

Жашоо деген бирде таттусун сунуп, бирде ачуусун берип, элегине салып, казанына кайнатып, кубантып, ыйлатып…анан, мүдөөңө жеткирет тура…

 

 

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE