Пример HTML-страницы

Туткун кыз 8 бөлүм.

https://kyrgyzcha.site/?p=20913&preview=true Кызыктуу окуялар.

ТУТКУН КЫЗ

8-БОЛУМ

 

САУНАДАГЫ ЫЗЫ-ЧУУ

Кыздар да чет элдиктер да бардыгы тең кызып калышкандыктан көзөмөлчүлөр аларга анча деле көңүл бөлүшкөн жок. Анын үстүнө саунага бири кирип бири чыгып атып кыздарды толуктаганга да мүмкүнчүлүк жок болчу. Түн ортосунда качып кетет деп эч ким ойлогон жок, эшиктер болсо бекилүү, ар бир бөлмөдө аларды үстүлөрүнөн карап турушкан көзөмөлчүлөр бар.

Диананын байкатпай жок болуп кеткенин эч кимиси таңазар алышпады, Замира гана бир нерсени сезди. Анын туалет жакка кеткенин жалгыз гана ошол байкаган, артынан барып туалетти тартса ичинен илинүү экен, ичи бурап, же кусуп атат экен деп кайра ордуна келди. Арадан жарым саат өткөндө «эмне болду?» деп чыдай албай сары санаа болуп кайра барды. Эшигин тартса ичинен илинүү эле боюнча экен, акырын тарсылдатып «Диана! » деп үнүн жай чыгарды. Экинчи жолу дагы тарсылдатып, «Диана» деп чакырса ич жактан эч дабыш чыккан жок, жымжырт. Диана өз тамырын өзү кыйып, же асынып өлүп калдыбы деген ага дароо эле жаман ой кетти. Эшикти болгон күчү менен булкуп, илгичин сындырып, ичине кирип барды. Ичинде эч ким жок экен, бурчта турган төрт бурчтуу айнекти көрө коюп, дароо терезе жакты карады. Терезе аркылуу өткөнү дароо эле билинип турат, анткени кандын тактары бар экен. Замира дароо эле айнекти ала коюп терезени ордуна салып мыктарды кайрып мурункудай кылып бекитип салды. Кандарды билгизбей сүртүп, туалеттин сынган илгичин жулуп алып, раковинанын ичине салып таштады. Анан билмексен боло кайра ордуна келип тигилер менен аралашып калды. Чет элдиктер бир топ эле кызып калышкан болчу, колдоруна тийген кыздарды эле бассейнге сүйрөп кирип атышып, ким бар ким жок анча маани да беришкен жок. Жалгыз гана Замира «эртерээк эч кимге билинбей, кармалбай көздөн кайым болуп кетсе экен» деп Кудайдан тиленип жатты. Аракты кайра-кайра ичип жаткан чет элдиктердин бирөөсү диванга кыйшайып жата үргүлөп кетти. Эч ким шек алалбайт болчу, анткени төртөө эки-экиден жуп болуп калышты. Акырындап таң ата баштаганда ого бетер тынчы кетти «Ээ Кудайым ал кармалбаса экен…» Эртең мененки саат сегиз болгондо көзөмөлчүлөр өз кыздарын алып кетишчү, анткени кечки саат сегизден эртең мененки саат сегизге чейин гана соодалашат.  Сырттан көзөмөлчүлөрдүн экөөсү кирип келишип кызуу болуп отурушкан кыздарды түгөлдөй башташты. Замира атайылап эч нерсе билбеген, аябай мас болуп калган киши болуп калды. Төртөөнү катар отургузуп Диананы издей башташты. Саунанын, бассейинин, мончосун, туалетине, эс алчу бөлмөлөрүн бүт кыдырышып чыгышты. Аны эч жерден таппай коюшту. Бирөөсү бери кыздарга жүгүрүп келди да кыйкырып бир тийди.

— Диана кайда?!

Замира аябай мас болгон эч нерсени билбеген киши болуп башын шылкыйта отура берди. Көзөмөлчүлөр мас болуп калган

кыздарды улам бирден тургузушуп жаакка чапкылап, сабап Диананы сурай беришти. Чындыгында да берки кыздар аябай мас болуп калышкан болчу. Алардан оңдуу жооп ала алышпаган соң саунанын ичин түп көтөрө тинтип издей башташты. Эч жерден таппай коюшкан соң дароо сыртка короого чыгышты. Ал жакта да жок болчу. Аны кандайча качырып жиберишкенине өздөрү түшүнбөй жатышты. Эшик-терезелердин бардыгы тордолуу, сыртка чыкчу эшик кайтарылууда, ар бир бөлмө көзөмөлдө болчу. Бирөөсү дароо эле «сотовый» телефону менен кандайдыр бир жакка телефон чалды. Көп өтпөй эле ак мерседес машине саунанын короосунун ичине кирип ичинен жабылыша беш-алты киши чыгышты.

— Эмне, бирөөнү качырып жибердиңерби, кимиси качып кетти?

— Диана деген кыргыз кыз… Бардыгы жабылыша саунаны айлана издей башташты. Бирөөсү саунанын туалетинин терезесинен төмөн карай сүрүлгөн кадын тагын көрдү. Айнеги ордунда болчу. Терезедеги мык анын бир жерин тилип кеткени билинип турду. Кан бир топ эле агыптыр. Кандын изи менен кууп жүрүп отурушту. Көчөгө чыгышып бир чакырымдай жерге чейин барып кандын изи жоголуп кетти, же машинеге отурганы же каны токтоп калганы белгисиз.  Саунанын сыртындагы беш-алты киши өздөрүнчө дүрбөлөң түшүп калышты. Ошол маалда чет элдик кишилер саунадан чыгыша ары

жактан келип токтогон машинеге отуруп жатышкан болчу. Бардыгы тең кызуу болушчу, алардан сураганда биз эч нерсе билбейбиз дегендей ийиндерин күйшөштү. Бир түнгө акчасын эки-үч эселеп төлөп беришкен, алар үчүн бул окуянын ысык суугу деле жок болчу.

 

ЖАЗА

 

 

 

Заматта, көз ачып жумганчалык убакытта саунага беш-алты чет элдик машинелер жыйылып калды. Ар бир машинеде үчтөн-төрттөн киши бар экен. Сауна жетекчиси бардыгын чогултуп алып катуу тапшырма берип жатты.

— Кыскасы мындай, саунадан бир кызыбыз качып кетти. Болгондо да туалеттин терезесинен чыгып качып кетиптир. Ага ким жардам бергени белгисиз, аны шашпай разбирать этебиз. Ал Диана деген кыргыз кыз, мынакей сүрөтү жакшылап карап, таанып, эсиңерге түйүп алгыла. Компьютер менен көбөйтүп, ар бириңерде болсун бул сүрөт. Кандай да болсо аны

тапкыла, асмандын алты кабат, жердин жети кабат түбүнө кирсе да табасыңар уктуңарбы. Ташкенден сыртка чыгарбагыла же тирүүлөй же өлүгүн алып келип колума тапшырасыңар. Мунүчүн биз керт башыбыз менен жооп бери калабыз. Бир да кыз бизден качпашы керек болчу, качты, демек, өзүнө-өзү жаза тиледи. Чачын коё берген, оң жак жаагында калы бар, өзүңөр деле сүрөтүнөн байкаган чыгарсыңар.  Мини гүлдүү юбка кийген, возможно көйнөгүнүн бир жери да айрылса керек. Автовокзалдарды,  метро, кафелерди, парктарды, аэропорт, кыскасы эч нерсесин калтырбай издегиле, ар бир отделдеги өзүбүздүн милицияларыбыз менен да байланышкыла. Аябай кыраакы болгула, ал бөлөкчө кийинип, причесткасын өзгөртүп, көзүнө очки тагынып алышы да мүмкүн. Каршылык көрсөтүп же кыйкыра турган болсо дароо жаагын жап кылгыла анын. Керек болсо өлтүрүп да салгыла, андай кыздардын жүзүн таап алабыз, биздин эч нерсебиз коробойт, как говорится не жарко не холодно. Кыскасы ал Ташкенден чыгып кетпегендей болсун, түшүндүңөрбү баарыңар? Кыдыракей турушкан жигиттер түшүндүк дегендей баштарын ийкешти. Андай болсо төрт-бештен болуп беш-алты топко бөлүнгүлө, силердин бүгүн кечке негизги кызматыңар эле ушул. Ташкенден сыртка кетип аткан самолёт, поезд, автобус, жеңил машиналардын ичтерин дагы жакшылап карагыла, сыртка чыгарып качырып жибербегиле.  Сүрөтүн ббериөзүбүздүн ГАИ инспекторлору менен да байланышкыла. Кыскасы аябай кыраакы болгула, бул үчүн биз ичип аткан ашыбыздан айрылып, жумушсуз калабыз. Давай анда дароо жөнөгүлө. Топтошуп турушкан жигиттер дароо машинелерине отурушту да от алдырыша заматта туш-туш жакка чачыраша жок болуп кетишти. Сыягы алардын ар бирини өздөрүнө тиешелүү райондору, аймак-кварталдары бар окшойт.

Буларга буйрук бери кырдаалды түшүндүргөн алиги саунанын ээси артына эки кишини ээрчитип алып берки бөлмөдө  камалып турушкан кыздарга келди. Түнү менен ичкендики, уктабагандыкы көздөрү киртийип, кыйналышып араң эле турушкан болчу. Төртөөнү тең чечиндирип, дырдай жылаңач кылып тизип коюшту да суракка ала баштады.

— Кана, өзүңөр признавайт эткиле, баары бир билип алам, кимиңер качырдыңар тиги шлюханы. Чыныңарды айткыла, ал каякка кетти? — Саунанын жетекчиси ар биринин көзүнө тике карай сынап жатты. Биринен сала бири «мен билбейм мас болчумун» деп кутулуп кетип жатышты. Алиги киши Замирага келип сынап көпкө көзүнө тике карады.

— Балким сен билип жүрбө? Замира да тигилерге кошулуп алардын айтканын кайталады.

— Билбейм, аябай мас болуп калгам…

Алиги кишинин ачуусу чекесине чыкты.

— Сен билбесең, сен билбесең, сен да билбесең анан ким билет. Ал өзүнөн өзү эле сыйкырчы болуп аба аркылуу учуп кеттиби? Эшиктердин баары кайтарууда.  Между прочим, ал буу болуп аба аркылуу учуп кеткен жок. Ага араңардан бирөөңөр жардамдаштыңар. Туалеттин айнегин алып терезе аркылуу сыртка чыгарып жибердиңер да кайра ичинен айнекти салып койдуңар. Анын бир жери мыкка тилинип кан агып артына из калтырып кетиптир. Кана чыныңарды айткыла, өзүңөр

признавайт этип чыныңарды айтсаңар күнөөңөрдү жеңилдетебиз, айтпайсыңарбы,  бардыгыңарга тең азыр көрбөгөн

кордукту көрсөтөм. Мупмуздак, асты-үстү, туш тарабы бардыгы цемент камерага ачка тамак бердирбей жыпжылаңач баарыңарды каматып таштайм, так что давай признавайтесь. Анын каяк жакка, түнкү саат канчаларда качып кеткенин айтып бергиле, анан баарыңар бошсуңар. Тигил жатаканадагы бөлмөңөргө барып, ак шейшепке оронуп эс аласыңар. Көзүңөрдөн аябай чарчаганыңар билинип турат. Айткыла дагы жолуңарга түшкүлө, болгула ылдам, силерди күтүп атам!..Төртөө тең колдору менен абийирлерин жабыша унчукпай туруп беришти. Беш мүнөттөй  күтүп эч кимисинин оозунан сөз чыкпагандыктан сауна ээси кабагын карыш түйө жанындагы далдайган жигитке бир нерсе деп акырын айтты эле ал сыртка чыгып кетип бир аздан кийи талдардын узун чыбыгын алып келди. Чыбыкты ийип колуна кармай дагы бир жолу эскертип өттү.

— Кана, айтасыңарбы же баарыңарды чыбык менен сабайыбы азыр?..

— Чыныбызды айтып жатабыз, биз эч нерсе билбейбиз, мас болчубуз…

— Ошондой де, демек мас болчубуз дегилечи… анда ары карагыла баарыңар тең болгула, кругом! Анын кыйкырыгына төртөө тең баш ийише ары дубал жакка бурулуша бир катар тизилише далыларын көрсөтүшүп туруп калышты.

— Эңкейгиле!

Төртөө тең эңкейише колдорун дубалга коюшту. Алиги киши ачууланып, ызырына колундагы чыбыгы менен болгон күчүнө

салып алардын жылаңач денелерин сабай баштады. Чыбык далыларыа, көчүктөрүнө тийгенде, денелеринде кадимкидей

канталаган издер калып жатты. Чыбыктын уусуна чыдай алышпай кыздар онтошуп, кээ бирлери чыдай алышпай ыйлап да жиберишти.

— Кандай экен жакшы бекенби, эми айтасыңарбы же дагы сабайынбы?

— Чыныбызды айтып жатабыз, байкебай сабай көрбөгүлө!

— Силерге али жете элек, кана, ме буларды проучит этчи — алиги киши жанындагы далдайган жигитке тал чыбыкты берди эле ал да кыздарды өкүртүп-бакыртып сабап кирди. Анын сабаганы мунукунан да катуу, ачуу, аябай уулуу болду. Чыбыктын катуу соккусуна чыдай алышпай денелерин жыйрыша туйлап жиберип жатышты. Үчөөнүн көздөрүнөн мөлт-мөлт этип жаш кетти. Сауна ээси унчукпай четте турган Замирага басып келди.

— Балким сен аны качырып жүрбө ыя, канча калса да жердеш, бир улуттан, кыргызсың го?

— Мен эч нерсе билбейм мас болчумун.

— Жок сен билесиң, билгенде да эң жакшы билесиң, туалеттеги айнекти алып, кайра ордуа салып койгон да сенсиң. Айтасың, айтпачу болсоң өз убалың өзүңө.

— Мен аябай мас болуп калгам…

— Демек мас болуп калгам дечи, эң жакшы, — тигил чыбык кармап турган жигитке кайрылды, — анда уланта бер. Алиги жигит чыбык менен өзүнүн алаканын бир аз чапкылап турду да керилип туруп болгон күчү менен Замираны далыга чаап калды. Катуу соккуга ал денесин бир аз жыйрылта катуу бир онтоп алды. Акырындап кан сызылып ага баштады. Катуу тийген чыбыктын соккусу денесин тилип кеткен болчу. Замиранын башы айланып эсин жоготуп баратты. Аны үстөккө-босток тындырбай сабап кирди эле ары жакта турган кыздардын бирөөсү чыдай албай кыйкырып жиберди.

— Токтогула, аны мен көргөм, айтып берем!

Бардыгы бир ордунда селейише аны таңгала карап калышты. Сауна кожоюну анын жанына басып келди.

— Кана айтпайсыңбы эмне туруп калдың унчукпай?

— Ооба аларды мен көргөм. Түнкү саат үч чендерде аябай мас болуп калгам. Диана бир иностранец менен көз ымдашып шыбырашып атышкан, анан экөө ордуларынан турушуп туалет жакка басып кетишкен, жигит кайра келип бизге кошулду, ал эми Диана болсо ошол боюнча кайтып келген жок. Мен ойлогом Диана бир жерге мас болуп жатып калды го деп. Көрсө,

алиги иностранец жигит аны качырып жиберген турбайбы… Бардыгы унчукпай туруп калышты. Мени көрсөтүп, айтып салат го деп жүрөгү түшүп турган Замиранын кичине «өх» деп жүрөгү ордуна келгенсиди. Саунанын ээси көзүнө тике сынай карады.

— Чыныңды айтып жатасыңбы же…

— Мен болгону көргөнүмдү эле, эстеп калганымды эле айтып жатам, андан кийин мас болуп калдым, калганы эсимде жок.

Саунанын ээси оор үшкүрүнүп алды.

— Болуптур, бар кийингиле, — анан жанындагы жигитке кайрылды, -буларды кийиндирип алып кет. Балким кечинде кайра алып келишибиз мүмкүн бул жакка. Ары жактагы бөлмөдө кийинип жатканда Замира алиги жооп ойлоп тапкан кызга кайрылды.

— Сага чоң ырахмат, болбосо алар мени соо коюшмак эмес.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE