Пример HTML-страницы

Туткун кыз 26 бөлүм.

https://kyrgyzcha.site/?p=20913&preview=true Кызыктуу окуялар.

ТУТКУН КЫЗ
26-БОЛУМ
ТӨРТӨӨНҮН АРАКЕТИ

Жерде эси ооп жаткандардан биринчи болуп Абдувахаб эсине келди. Башын көтөрүп айланасына караса жанындагылардын бардыгынын өлүү-тирүүлөрү билинбей былк этпей жатышат. Бир кезде төмөн жактан автоматтын атылган, кыздардын чуру-чуу түшүшкөн үндөрү угулду. «Каршылык көрсөткөнүңөр менен баары бир майнап чыкпайт, андан көрө өз эркиңер менен багынып бергиле!» , — деген үндү угуп сыртта эмне болуп жатканын түшүнө коюп Абдувахаб акырын ордунан козголду. Артындагы катуу байланган жипти өзү чече албайт болчу. Ары жактагы айнек текчени көрүп аны буту менен сындыра тепти да арты менен айнектин
сыныктарынан бирди алып, артындагы байлануу жипти өйкөлөп, кырча баштады. Ошо мезгилде Ибрагим да эсине келе айланасына көз жүгүртүп алды да ордунан козголууга аракет кылып көрдү. Эки колу катуу
байлангандыктан кыймылдай албай койду. Көзүн акырын ачкан Керим акырын онтоп жатты, өзгөөчө катуу каршылык көрсөткөндүктөн аны аябай жанчып токмоктоп салышкан болчу. Бир кезде Абдувахаб колундагы жипти айнек менен кырчып, кыйып алды да тигилердин колун чечкенге жардамдашты. Көп өтпөй бардыгынын тең колдору бошоп ордуларынан турушту. Ал эми төмөн жактагылар болсо буларды эбакта унутуп, сырттагы  солдат, милициялар, залдын ичиндеги барымтадагы кыздар менен ызы-чуу түшүп жатышкан болчу. Сырттагылар ичиндегилердин сунушуна канчалык моюн сунган сайын, ичиндегилер ошончолук наадандана башташты. Кадимки детектив кинолордогудай ойдо жок нерселерди талап кыла өзүнүн сунуштарын коюп киришти.
— Бизге чоң автобус керек айдоочусу менен. Болбосо бул жакта отузга жакын кыздар бар, жарым саат ичинде биздин койгон талабыбыз аткарылбаса кыздарды четинен тиги дүйнөгө жөнөтө беребиз. Тигил короодо өлүп  жаткандар эле буга далил болуп бере алышат. Короонун сыртындагылар эч нерсе болбогондой, укпагандай дымып эле калышты. Он мүнөттөн кийин, үйдүн ичинен бирөөсү чыкты.
— Эмне ишенбей турасыңарбы, азыр бат эле ишендиребиз! Ал кайра кирип кетип бир жаш кызды узун чачынан ууштай кармай сыртка сүйрөп чыкты да ит аткандай башка атып таштады.
— Көрдүңөрбү, эгер биздин сунушубузду аткарбасаңар ушинтип четинен өлтүрө беребиз. Бизге баары бир, өлүмдөн коркпойбуз, денебизге динамит байланып алганбыз, булардын бирин койбой өлтүрүп туруп өзүбүз да жарылып, бул үйдү түбү менен кошо жардырып таштайбыз! Үйдүн ичи бүт заминированный, штрум  жасайбыз деп аракет кылбай эле койгула, үйгө баш баксаңар эле мунун ичиндеги кыздар да алар менен кошо бул үйдү көккө сапырабыз! Кана жооп күтөбүз, биздин койгон талабыбызды аткарасыңарбы же бул жактагы  кыздарды четинен өлтүрө берейинби?! Айлана бир саамга жымжырт боло түштү. Көп өтпөй үйдүн ичинен  бирөөсү дагы бир кызды бакыртып-өкүртүп сыртка жетелеп чыкты. Ары жактан микрофондун үнү жаңырды.
— Болуптур, силердин талабыңарды аткарабыз, только кыздарды өлтүргөндү токтоткула!
— Анда жыйырма мүнөт убакыт беребиз, алып келбесеңер өлтүргөндү кайрадан баштайбыз.
— Жыйырма мүнөттө үлгүрө албайбыз, автобус таап келгиче эле коюлган убакыт өтүп кетет. Кырк мүнөттөй убакыт бергиле ошого үлгүрөбүз.
— Болуптур «договор дороже денег» айткан убакытты күтөбүз, эгер кечиксеңер кайрадан буларды четинен өлтүрө баштайбыз!
— Сүйлөштүк!

Кыздын чекесине пистолет такап турган киши кайра үйдүн ичине сүйрөп кирип кетти. Сырттагылар бир-бирине телефон чалыша автобустун камын көрө башташты. Залда болгону жыйырмадай кыз топтолгон болчу, калгандарын чукул кырдаалдан шаштылары кете экинчи кабаттагы бөлмөлөрдөн дароо алып түшкөнгө үлгүрө албай калышкан.Эшикке жакын турган такыр баш киши экөөнө буйрук бере сүйлөдү.
— Баргыла, үстүнө чыгып, бөлмөлөрдүн бүт бардыгын текшерип, калган кыздардын бардыгын бирин калтырбай төмөн алып келгиле. Эгер кыйкырып- өкүрүп каршылык көрсөтүшүп, моюн толгой турган болушса,
дароо эле ошол жерден атып таштагыла, бизге терять нечего! Колдоруна автомат кармап турушкан экөөсү тепкич менен өйдө карай чыгып баратышканда тигил киши бир нерсени эстегендей артынан кыйкырып калды.
— Баса, токтогула! Алиги байланып жаткан төрт эркекти ошол жерден эле тургузбай, эстерине келтиртпей  жайлап таштагыла! Алардын бизге тоскоол болгондон башка пайдалары деле жок!
— Жарайт.
Экөө өтө тездик менен экинчи кабатка көтөрүлүп чыгып кетишти. Бул мезгилде Абдувахаб баш болгон төртөө колдорун бошотуша жиптерди ары жакка ыргытып жиберишип, төмөн жактагыларды аңдып турушкан болчу. Бул жолкусунда алар өтө эле сак болуша дагы бир жолу жаңылыштык кетирбөөгө аракеттенише, ар бир нерсени кылдат иштеп жатышты. Эч нерседен бейкапар келатышкан экөө эшикти ачып бөлмөгө кирээри  менен желкелерине урулган катуу соккуга оңколорунан сайылышты. Сокку таамай урулгандыктан алар ошол боюнча ордуларынан козголушкан жок. Виктор Пак менен Абдувахаб тез аранын ичинде алардын кийимдерин кийе коюшту да автоматтарын алышты. Абдувахаб тигилерге планды түшүндүрүп өттү.
— Азыр тез аранын ичинде кыздарды коридорго алып чыккыла. Ибрагим, Карим экөөңөр кыздардын кийимин кийгиле да алар менен аралашып төмөн карай түшөсүңөр. Төмөн жактагы залда ортодо үймөклөктөшүп жаткан кыздарга кошулуп, аралашып кеткиче башыңарды көтөрбөй, өңдөрүңөрдү көрсөтпөгүлө. Бул өтө эле рискованный иш башка айла жок.
Төртөө тең коридорго атып чыгышты да ар бир бөлмөлөрдү кыдыра калып калган кыздарды сыртка чыгара башташты. Бардыгы ондон ашык кыз экен.
-Коркпогула тигилердин кишилери эмеспиз. Биз силерди куткарганы келдик. Атүгүл силердин бизге  жардамыңар керек. Экөөңөр кийимиңерди чечип бизге бере калгыла. Болгула, ойлонгонго убакыт жок, тирүү калам десеңер, эркиндикке чыккыңар келсе тездегиле!
Адегенде эч ерсеге түшүнүшпөй турушкан кыздардын экөөсү дароо көйнөктөрүн чечип бере салышты. Экөө алардын кийимдерин кийишкен соң кырдаалды дагы бир жолу түшүндүрүп өттү.
— Кыскасы мындай, силер бул экөөнү тигилерге көрсөтпөй ортого ала үймөлөктөшө, кыйкырып- өкүрүп, ызы-чуу түшө өтө тездик менен төмөн карай түшүп, тигил кыздардын арасына аралашып кетесиңер. Болду, силердин милдетиңер ушул. Андан аркысын өзүбүз иштеп өзүбүз аракеттенебиз.
Жабалакташкан жаш кыздар экөөнү ортого ала чуру-чуу түшүшө төмөн карай түшө башташты. Аларды желкелеринен түртө кармаган эки автоматчан адам кыздарга далдалана өтө этияттык менен төмөн жылып келатышты. Төмөн жактагылар адегенде аларга анча деле маани беришкен жок. Качан гана төрт-беш кадамдай жакындап келишкенде такыр баш киши автоматчандардын бирөөсү башка экенин байкай койду.  Колундагы пистолетин дароо аны карай багыттаганда кыздардын арасынан бирөөсү атып чыгып анын колундагысын кагып түшүрдү. Дагы бирөөсү көз ачып жумганчалык ылдамдыкта кыздардын тобунан бөлүнүп
чыгып, автомат кармап тургандардын бирөөсүн баса жыгылды. Булар Виктор менен Абдувахаб болчу. Терезе жакты карап турушкан экөө желкелерине такалган автоматтан чочулаша колдорун көтөрүп беришти. Ары  жактагы пистолет кармап турушкан экөө-үчөөсү кыздарды мээлеп туш келгенин эле аткылап өлтүрө  башташты. Ок жаңылган эки-үч кыз биринин артынан экинчиси кулады. Ибрагим менен Карим  автоматтарынан алардв көздөй ок чыгарышты эле экөөсү кулап түштү да, үчүнчүсү пистолетин таштап  жиберип, эки колун көтөрүп берди. Ортодо турган кыздар тигилерди тытмалап жатып калышты. Көптөн берки көксөөлөрүн, өчтөрүн, ачууларын, көз жаштарын эми гана булардан чыгарып киришти. «Токтогула! » деп Абдувахабдын кыйкырганын да уккулары келишкен жок. Өздөрүн ушунча жыл эзип келген эки аяктуу  жырткычтарды канкор зөөкүрлөрдөн ушинтип өчүн алып жатышты. Бул мезгилде сырттагылар булардын койгон катуу талаптарына баш ийише, чоң автобусту айдоочусу менен айдатып келишип, кезектеги жаңы  талаптарын күтүп жатышкан.

ОКШОШТУК

Диананы коштогон эки кыз кандайдыр бир өзбектер жашаган анча чоң эмес айылга келип түштү. Автобус андан ары сапарын улап кете берди. Аны экөө эки жагынан жетелеп алышты. Көчөдө кетип баратканда аларды көргөн жергиликтүү айылдыктар таңгала карашып, өздөрүнчө бир нерселерди сүйлөшүп жатышты.
Бир-экөөнүн сүйлөшкөндөрүн да чала-була кулагы чалып калды.
— Тообо, бул Мэхра эмеспи, ага куюп койгондой окшош экен, бирок ал эбакта эле өлбөдү беле? Же кайра тирилип келдиби?
— Жок, башка го?..
— Карабайсыңбы, ошол эле, аны өткөн жылы өз колубуз менен эле көмбөдүк беле, же ал башка бирөөнүн денесин көөмп алдыкпы?.. Жолдо баратканда Диана бир нерсени анча-мынча боолгогонсуду. «Сыягы мени Мэхра деген кызга окшоштуруп жатышат окшойт. Ал кыз жакында эле өлгөн окшойт, мейли эми башка
салганды бара көрөрмүн» . Кандайдыр бир үйдүн жанына келгенде Диананын жанында бараткан секелек кыз колун коё бери болгон күчү менен тызылдай үйдү көздөй чуркаган боюнча кетти. Көп өтпөй эле үйдөн жашы
элүүлөрдөн өтүп, алтымыштарга чукулдап калган, чачтарынын арасын анча-мынча ак аралап, беттерин саал-паал бырыш басып бараткан ак жуумал аял эетеңдеп үйдөн чыга калып Диананы көрүп, өз көзүнө өзү ишенбей эси ооп чалкасынан кулады. Бетине суу чачканда гана көзүн ачып, ордунан козголо Диананы бир топко карап турду, анан аны кучактап басып калды да, буркурап ыйлап жиберди. Күтүлбөгөн ызы-чууга кошуналары да чогула калышты. Алар өздөрүнчө «Мэхра, Мэхра!» — дешип шыбыраша сүйлөшүп жатышты.  Ошондо гана Диана акырын башын көтөрө таза кыргыз тилинде сүйлөй актанып кирди.
— Кечирип койгула, мен Мэхра эмесмин. Ме деген Дианамын. Улутум кыргыз, бул жакка адашып келип калдым.
— Демек, Кудай-Таалам сени өзү жиберген турбайбы бизге, — алиги аял кандайдыр өзүнчө ырым- жырымын жасай Диананы үйгө жетелеп кирди. Диана үйдүн босогосун аттап чоң бөлмөгө кирээри менен эле төрдө илинип турган өзүнүн чоң портретин көрүп, таңгалганынан бир ордунда былк этпей туруп калды. Портреттеги
кыздын көзү менен бир азга тиктеше түштү. Анан бир нерседен чочугандай жүрөгү «болк» дей андан көзүн ала качып кетти.
— Босогодо турба, төргө өт кызым. Мына бул портреттеги Мэхра деген менин кызым. Жарым жыл мурун аны тигил калаадан машине уруп кетип, ошондон каза болуп калбадыбы. Бактысы жок экен кызымдын. Окуусун жаңы эле бүтүп дипломун майлап, ресторанда отурушуптур, анан караңгы көчөдө келатканда машина уруп кетиптир. Жигити менен келатыптыр, анын айтуусунда машиненин ичинде отургандар милиция формасын  кийген адамдар экен, баары тең ичип алышыптыр дейт. Кызымды машинелери менен уруп кеткени аз  келгенсип, жигитин да өлөөрчө жанчып сабап, тепкилешип, анан аны да өлдү деп ойлошуп, экөөнү тең ошол жерге ташташып, качып кетишиптир. Ошол боюнча ал милициялар кимдер экени билинбей калды. Кийи кызымдын кыркы өткөн соң ал жигити келип кетти. Аябай боздоп ыйлап, мүрзөсүнө чейин барып келди.
Жердиги менимче Ферганалык болчу. Ал милиция окуусун бүтүп, Мэхрага үйлөнмөкчү болуп ошону күтүп жүрүптүр. Менин кызым диплом алган соң экөө үйлөнүшкөнү шерттешиптир. Жаңы эле диплом алганда карабайсыңбы, тигинтип кырсык басканын, — энеси кызы жөнүндө баяндап атып бет аарчысы менен көзүнүн жашын сүртүп алды, — жигити ошол боюнча келген жок. Сулуу, келбети келишкен жигит экен. Эгер күйөө бала болгондо жакшы күйөө бала болмок экен.
— Ал жигиттин аты ким эле?!, — Диана ойдо жок жерден суроо бере салды.
— Азыр, ким эле… атың өчкүр эстей албай жатпайымбы, кызымдын күйүтүнөн ушунчалык унутчаак да болуп кеттим. Мэхра менин эң жакшы көргөн кызым болчу. Жигитинин атын унутуп атпайымбы, азыр эстейм. Кап  эсиңе жара чыккыр ким эле, тилимдин учунда эле турат, жанындагы өспүрүм кызга кайрылды, — айтчы Гүлбахрам баягы «Мэхранын жигити болом» деп келген жигиттин аты ким эле!
— Ибрагим…
— Ии эсиме жара чыккыр Ибрагим болчу, ал кийин дагы кызымдын ашын берээрде келип кетем деген.  «Ибрагим» — деген атты укканда Диана да «селт» эте түштү, аны беркилер байкашкан жок, кызы жөнүндө эле тынбай сүйлөй берди. Диана анын сөзүн укпай эле өзү менен өзү сүйлөшүп кирди. «Ибрагим, Ибрагим… чын эле ошол Ибрагим эмеспи, мени жер алдындагы люктан алып чыккан, ооруканага күндө келип жүргөн. Ооба, ооба точно эле ошол экен, мен ооруканада жатканда Ферганалык болом деп айтып жатпады беле. Мени Мэхрага окшоштуруп ошо себептен күндө гүл алып келип жүргөн турбайбы. А мен болсо андан коркуп, чочулап, тескерисинче качып жүрбөймүнбү, кеңкелес башым. Андан эмнеге качтым болдум экен, ал мага  көмөк бергенде мынчалык кыйналбайт болчумун да. Кээде өзүм бир нерсени ойлоп алып ошого ишенип, берилип кетмейим бар. Анда көзүм көрчү эмес да, өңүн да тааныбай калдым. Азыр көчөдөн көрсөм тааныбай өтүп кетишим мүмкүн. Ал мени жоготуп жиберип, издеп жүрөт болуш керек калаада. Мен эми ал калаага  экинчи басып барбайм, ал жакты желкемдин чуңкуру көрбөсүн. Андан көрөкчө өзүмдүн Кыргызстаныма эле кеткеним жакшы. Баса кечөөгүнү эки жаат болуша эмнеге атышты болду экен, тим эле өздөрүнчө кызыл-кыргын түшүштү го. Биринчи топ экинчи топту бир катар кылып тизип коюп, арасында тааныштарың барбы деп мени текшерттиргенин кантесиң. А балким ошолордун арасында Ибрагим да болуп жүрбөсүн? Жок  андай болушу мүмкүн эмес, эгер ал милиция окуусун бүткөн болсо бандалардын арасында суутуп коюптурбу. Баса, ал сантехник болуп иштейм деп айтпады беле мага, бул жактагылар болсо аны милициянын окуусун бүтүрүптүр деп жатышат. Эгер чын эле милиция окуусун бүткөн болсо сантехник болбой эле милиция болуп иштебейт беле. Анда ал башка Ибрагимби? Окшош аттар толуп эле жатпайбы. Ие ким билет, ошол Ибрагимби же башкабы мага баары бир, эптеп эле өзүмдүн Кыргызстаныма жетип алсам болду.
— Кызым менин сөзүмдү угуп атасыңбы? — анын оюн алиги аял бузуп жиберди. Ал өзүнүн кызыжөнүндө дале токтобой айтып бери жатыптыр.

Уландысы бар.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE