Пример HTML-страницы

Туткун кыз 2 бөлүм

https://kyrgyzcha.site/?p=20913&preview=true Кызыктуу окуялар.

ТУТКУН КЫЗ

 

2-БОЛУМ

 

ТҮРМӨНҮН СЫРЫ

Бийик дубалдуу бул түрмө ичи анча деле чоң эмес болчу. Узундугу элүү метрдей келген эки кабаттуу хата ичиндеги ар бир камералары төрт кишилик экен. Терезелери дагы,эшиктери дагы жоондугу бармактай келген темирлер менен тордолгон. Качып чыкканга эч мүмкүн эмес. Хатанын эң башкы жагындагы бөлмөдө көзөмөлчү менен кайтаруучулар турушат. Ал бөлмө башкаларга салыштырмалуу

аябай жакшы жасалгаланган. Бардык шарты бар. Пульт менен иштеген телевизор, видеомагнитофон, жумшак диван креслолор, газ, стол, стулдар, бир эмес эки-үч «сотовый» телефондор , андан сырткары дагы стол үстүндө шаар ичи менен байланышуучу эки телефон бар экен

 

Бул бөлмөнүн ичин тазалап, колун жууп атып Диана ушуларды байкаган. «Мүмкүнчүлүк болсо шаардагы эжекем менен телефон аркылуу байланышсам кандай ганажакшы болот эле. Жок дегенде  жумасына бир жолу «свиданкага»  келип турмак. «Жалган жалаа менен кесилип кеттим» десем эжем ишенеби, ишенбейби ким билет. Мен ага бир да жолу жаман жактарымды көрсөткөн жок болчумун да. Наркотикти кимдир бирөөлөр чөнтөгүмө салып коюшуптур десем балким ал ишенээр…»

— Зум, бери мага жакын кел, — анын оюн эртеден бери ар бир кыймыл- аракетине кунт коюп көз салып аткан көзөмөлчү мурутчан жигит бузуп жиберди, — уялба, бери жакын кел!

Диана эңкейип алып суу чүпүрөк менен бөлмөнүн полдорун жууп жаткан, укмаксан болуп коёюн деди эле ал үнүн өктөм чыгарып кыйкырганда ордунан туруп, кийими башын оңдой сандарын көрсөтө түрүлүп калган көйнөгүн ылдый түшүрө анын жанына басып келди. Түрмө ичинде кийип жүргөндөрдүн баардыгы жоон сандарын көрсөтүп жүргөн кыска юбкалар экен. Диана ага бир кадам жетпей токтоду. Тигил жигит диван креслодо чалкалай отурган болчу.

— Дагы жакын кел! — ал акырын Дианага колун сунду. Диана ага дагы жакыныраак жылды эле чап эле билектен кармады. Анан бой-мүчөсү келишкен сулуу кыздын дене түзүлүшүнө көз жүгүртө ырсалактап күлө баштады.

— Менимче сен «свежий» болушуң керек ие? Же кыз эмессиңби? Ал акырын бир ордунда былк этпей турган Диананын аппак жоон сандарын сыйпалап кирди. Анан колун жогорулатып келип чатырап турган төшүн мыкчып калды эле Диана өзүн кармана албай кетип тигини жаакка кандайча чаап жибергенин өзү да билбей калды. Анан каякта турганы эсине келе, көзүн алайта артка кетенчиктеди.  Диванда отурган тигил жигит ачуулана ордунан атып турду.

— Ничего себе, сен кимге кол кайтарып жатасың ыя, бияктын тартибин али биле элек экенсиң го,- ал ачуусу менен Диананын чачын ууштай кармап жаактан ары басып-басып алды. — Мага кол кайтарган кандай экенин көрсөтөм сага азыр…, — эркекти муштагандай барскандай болгон муштуму менен ичке уруп калды эле Диана өзөрө бөк түшүп калды. Колдун кыры менен желкеге чапканда полго кулап түштү.

— Мен сага азыр түрмө кызматкерлерине кол көтөргөн кандай экенин көрсөтөм, проучу… — ызырынган жигит кадимки зөөкүрлөрдөй буту менен тепкилеп кирди. Чачтан кармап өйдө тургузду да керилип туруп бетке сокту. Диана чалкасынан кулай мурдунан дирт этип аккан кан көйнөгүнө жайыла берди. Ордунан жыла албай арты менен жылып отуруп дубалга такалып калды. Анан болгон күчү менен кыйкыра баштады.

— Жардамга! Мени сабап жатат!

— Сен кимди жардамга чакырып жатасың ыя? Сага ким жардамга келет, тигил камерада отургандарбы, же сыртта жүргөндөрбү? Менден башка эч ким сага жардам бере албайт билдиңби, — ал сүйлөнүп да атты тепкилеп да атты, — мен сени азыр зордуктап салсам да өзүм билем, же ишенбей атасыңбы. Ишендирип коёюнбу… Ал Диананы белден кучактай тапатак көтөрүп барып диванга урду. Анан үстүнөн басып алып тырпыратып мойну-башынан өпкүлөп кирди. Мындай караганда түрмө ичиндеги көзөмөлчү эмес

эле көчөдөгү аңги, зөөкүрдөн эч айырмасы жок болчу. Экөө бир топко алышты. Узун-туурасы билинбеген далдыйган жигит тал чыбыктай ийилген он жети жаш кызды төрт бүктөп басып койду. Турсийин жулуп алып, айрып ыргытып жиберди да жаңыдан үстүнө чыгып келаткада арт жагынан аялдын дарылдаган жоон үнү чыкты.

— Токтот!

Далдайган жигит шашпай ордунан тура шымынын бүчүлөсүн топчуланып, Диананы жаман көзү менен карай сыртка чыгып кетти. Босогодо турган толмочунан келген аял жигитке көңүл бурган да жок, оозу-мурду шишип, кызыл-ала кан болуп турган Диананын жанына басып келди.

— Бар, оозу-мурдуңдун кандарын жуу да камераңа жөнө. Экинчи ушинтип хата жаңырта кыйкырганыңды укчу болсом таарынба.

Ары жактагы крандагы сууга бети- башын жууган Диана унчукпастан узун, кууш коридор менен өзүнүн камерасын карай жөнөдү. Башка камерадагы кыз-келиндер темир тордун ары жагына туруп алышып Диананы мазактап жатышты.

— Эмне сенин кыз белгиңди алып аттыбы, эмне мынча айкырасың ыя, шашпа көргөндөн көрө элегиң көп. Аман болсоң мындайдын миллионун көрөсүң. Сооп болот сага, көчөдө жүргөндө эле буларга карматпай качып кетпейт белең, эми бул жакта тоок болуп жүрө бер ха-ха-ха!

Диана алардын сөзүн уккусу келбей эки кулагын баса өзүнүн камерасына чуркап кирип кетти. Камерада Саулем деген жыйырма бирге чыгып калган казак кыз анан Өзбекстандын Жиат районундагы Зулфия деген жашы али жыйырмага чыга элек атасы өзбек, энеси кыргыз, чачтары, көзү-баштары капкара сулуучумак келген кыз болчу. Саулемдин бул жакка келгенине жарым жыл, ал эми Зулфиянын келгенине эки эле ай болуптур. Өзүнүн кроватына жатып алып солкулдай ыйлап жаткан Диананын жанына экөө тең басып келишти.

— Тур өйдө, башыңды көтөрчү, ыйлагандан пайда жок, андан көрө мындай отур дагы биздин

сөзүбүздү ук. Диана бир аз ыйлап алган соң башын көтөрө өйдө боло берди. Экөө анын эки жагына отурушту, үчөө бир топко унчугушпай алды жактарын мелтиреп отура беришти. Бир кезде Саулем үн катты.

— Эмне, ал сени зордуктап таштадыбы?

Диана унчукпастан жок.

— Чыныңды айт, ал сенин кыз белгиңди алдыбы?

— Жок, ага үлгүрө албай калды. Тигил аял кирип келбегенде дал эле ошондой болмок. Мени тырпыратып басып алып зордуктап салган күндө да зөөкүргө тигилер эч нерсе демек эмес окшойт. Мен түшүнбөйм, бул эмне деген түрмө, көзөмөлчүлөр менен түрмө кызматкерлери өздөрүн өздөрү билип, өтүктөрүн төргө илип өз билгендерин жасашат экен. Эмне булар жогору жактагылардан коркушпайбы. Эгер тигил азыр мени зордуктап салганда 129-статья менен өзү түрмөгө отуруп калмак да туурабы?

Анын сөзүнө берки экөө бири- бирин карашып каткырып күлүп жиберишти.

— Эмне күлөсүңөр, албетте силерге күлкү. Бирөөнө күлкү, бирөөнө ый деген ушул да, балким түрмө мыйзамы ушундайдыр?

— Сен бул жакты чыныгы түрмө деп ойлоп жатасыңбы?

— Анан эмне кадимкидей сот процесси болуп 274-статьянын биринчи пунктунун негизинде тогуз жылга эркимен ажырабадымбы. Ал эмне статья экенин билесиңерби?

— Билбегенде, сенден сонун билебиз. Бул экөөбүз тең ошол статья менен кесилип келгенбиз. Он эки килограмм героин менен кармалдың да туурабы. Биз дагы героин менен кармалганбыз. Ошол ак желим баштык көпчүлүк сулуу кыздардын келечегине балта чаап түбүнө жетип бүтмөй болду.

— Кандайча, мен эч нерсе түшүнсөм буюрбасын.

— Сен али эч нерсе көрө элексиң, сүйлөй-сүйлөй чечен болосуң, көрө-көрө көсөм болосуң.

— Ачыгын айткылачы бул эмне деген түрмө. Жалаң өңү-баштары татынакай жаш сулуу кыздар. Аялдар түрмөсүндө ар кандай возростогулар болушу керек да.

— Эмесе угуп тур, бул деген мыйзамдуу түрмө эмес, менчик түрмө…

— Менчик түрмө деген эмнеси?..

— Угуп тур, перебивайт этпей, бул деген Марат Исабеков дегендин менчик түрмөсү. Булардын кишилери же тагыраак айткада агенттери Орто Азия боюнча жер- жерлерди бардыгын кыдырышып сулуу жаш кыздар болсо кароолго алышып, акырын байланыш түзүп, акыры ар кандай жол менен кылтакка илишет. Ар кандай

дарыларды тамакка кошо беришип, эси ооп жатып калганда сырттан врачтардын кийими кийишип, жетип келишет да замбилге салып алып кетишет. Тигилер эстерине келгенче укол сайып коюшат. Бул бийик дубалдуу короонун ичине киргенде гана эстерине келишет, бүттү кайра чыгууга мүмкүн эмес. Эркин болом десең өлүгүң гана чыгышы керек.

— Ал эми аскер формасын кийинишкен аялдар менен эркектерчи?

— Алар жалданма кишилер, булжактан айлыкты жакшы алышат. Ар кимиси өздөрүн өздөрү билген кожоюн. Өзүң деле буга күбө болдуң го. Азыр тигил далдайган жигит сени зордуктап таштаса сен эч нерсе кыла албайт болчусуң туурабы. Ага эч ким эч нерсе демек эмес. Ал зөөкүр бул жактагылардын далайларынын кыз

белгисин алды. Мынакей Зулфияны эле мындан бир жарый ай мурун ушул зөөкүр зордуктап таштаган. А сен каяктагы жүз жыйырма тогузунчу статьяны айтасың. Булар сени зордуктамак турсун, өлтүрүп койсо дагы соттолушпайт уктуңбу. Бул жакта иштегендердин эч кимисине тыюу коюлбаган. Ошондуктан ар кимиси

өздөрүн өздөрү билип кутуруп жатышпайбы. Жаш кыздардын баары эле кор болууда. Он жети же он сегиз жаштан төмөнкү же болбосо жыйырма бештен жогорку кыздарды көрдүңбү, андай бир дагы кыздар жок, дээрлик бул жакка келгендердин сексен проценти күйөөгө чыга элек, али турмушту көрө элек кыздар.

 

— Мынакей, бизди өзүнүн менчик түрмөсүнө отургузду деп коёюн андан эмне пайда табат?

— Эмне пайда табат?.. Тапканда да кандай пайда табат дейсиң. Күнүнө жок эле дегенде, болбой калды дегенде эле он миң түшүп турат, бул жакка биздин эсебибизден.

— Кандайча?

— Сен али эч нерсени көрө элек, эч нерсеге түшүнө элек мадыра баш турбайсыңбы. Эмне себептен түштөн кийин саат төрт чендерде кыздардын баарын тизип алып ар кайсы жакка бөлүштүрүп «разборка» кылып жатат. Түн ичинде бул жакта ооругандар эле болбосо бир да кыз калбайт. Булардын калаа ичинде ондон ашык менчик сауналары бар, бул кыздарды ошол жактагы бай клиенттерге салып беришип, аларды камсыздандырып турушат.

— Ал жактан качып кетүүгө же өзү менен чогуу жаткан бай адамдарга бул тууралуу айтып коюуга болбойбу?

— Эч мүмкүн эмес, биздин ар бир кыймылыбыз катуу көзөмөлдө. Ар бир бөлмөдө, саунада жашыруун көргөзүп туруучу, үндү угузуучу аппараттар бар. Эч нерсе кыла албайсың, бир нерседен шек алып калчу болсо анда эле ишиңдин бүткөнү дей бер. Өмүрү көрбөгөн кордук көрсөтүшөт, ал жактан качып да кете албайсың. Мынакей жакында бир кызыбыз ошол сауна жактан качып кетүүгө аракет жасады эле аябай көрбөгөн кордукту көрдү. Үч жолу катуу эскертилет, эгер ага моюн сунбасаң жөндөн-жөн гана көзүңдү

тазалап коюшат. Анын өлүгүн каякка алып кеткенин да билбей каласың…

— Дагы бир суроо, буларды бийлик өкүлдөрү же милиция кызматкерлери билишпейби? …

— Булар менен кээ бир бийлик өкүлдөрү, милиция кызматкерлери чогуу иштешет. Тескерисинче бул бийик короону катуу көзөмөлгө, кайтарууга алышат. Ошон үчүн алар да кандайдыр бир «доляларын» алып турушат. Дагы эмне сурооң бар?

— Бул жакта канча адам иштешет?

— Анысын биле албайм.

— Ал эми эркинен ажыраган шордуу кыздардын саны канчага жетет?

— Мурун жүзгө чукулдап барып калчу. Азыр акырындап көбөйгөндөн- көбөйүп баратат. Мурун болсо баарыбызды чогуу ашканага алып барып тамак ичирчү. Азыр болсо камеранын ичине таратып берет. Ошондуктан бирибиз менен бирибиз сүйлөшкөнгө, таанышканга мүмкүнчүлүк жок.

— Түн ичинде башкалардын баарын алып кетип, эмне себептен мени бул жакка жалгыз калтырып жатышат?

— Сен азыр деген али «свежий»  кызсың ошодуктан жалгыз калтырууда. Биринчи кезекте мунун кожоюну Марат өзү келип сенин кыз белгиңди алат, ошо себептен сага эч кимиси тийише албай жатат. Анан бул жакта

иштегендердин баардыгы сага чабуул коюшат. Кыскасы, акырындап кезеги менен бул жакта иштеген эркектердин бардыгы менен болуп чыгасың.

— Күнүнөбү?

— Жок. Бир жумада бирөөсү келип турат.

— Каршылык көрсөтсөмчү?

— Аны өзүң көрдүң го өлөөрчө токмок жейсиң алардан…

— Бойлоруна бүтүп калсачы?

— Андай болушу мүмкүн эмес. Спираль же дары салып коюшат. Жумасына бир жолу текшерүүдөн өтүп турасың. Оору жугузуп алгандар болсо дароо дарыланышат.

— Күндө саунага барып, эркектер менен болуп, арак ичкенден тажашпайбы?

— Албетте, көкөйлөрүнө көк талкандай эле тийет да. Бүгүн түнү ким менен болоор экенмин деп сарсанаа болуп турасың. Көпчүлүк мезгилдерде чет өлкөдөн келген меймандарды же бул жакта иштеп жаткан чет элдик кишилерди камсыз кылабыз. Алар доллар менен төлөшөт.

— Алар да сулуу кыздарды тандашат да…

— Бул жердеги кыздардын баардыгы эле сулуу, четтеринен чертип алып, алып кете беришсе болот. Баса айта кетчү дагы бир нерсе, бул жактан чет элдиктерге сатылып кеткендер да бар, өтө кымбатка бирден, экиден сатылат. Бир жолу тогуз кыз сатылып кетти Сауд Аравия жакка. Алар канча сомго бааланышканын билбейбиз.

Эми түрмөнүн сырын анча-мынча түшүнүп калдыңбы? Диана түшүндүм дегендей башын ийкегиледи. Аңгыча темир торлуу эшик шарт эте ачылып жоон үндүү аял баш бакты.

— Развод, разводко чыккыла!

Ал Диананы карап туруп отургузуп койду.

— Сен азырынча каласың бул жерде.

 

У.б

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE