Пример HTML-страницы

Туткун кыз 15 бөлүм

https://kyrgyzcha.site/?p=20913&preview=true Кызыктуу окуялар.

ТУТКУН КЫЗ

15-БОЛУМ

ООРУКАНАДАГЫ ДҮРБӨЛӨҢ

Бир жумадан бери арбир ооруканага келип, акыркы күндөрү түшкөн жаш кыздардын тизмесин карап текшерип жүргөн алиги Дианадан баштан ары жеген далдайган киши кокусунан кызыл чет элдик машиненин келип токтогонун көрүп калды. Бир аздан кийин анын ичинен гүл көтөргөн жигит чыгып, оорукананын ичине кирип кетти. Ушул жигит шектүү болуп турду. Акырын машиненин жанына басып келди да айланта аны бир сыйра текшере карап койду. Анан оорукананын ичине кирип узун коридордун кире беришиндеги столдо бир нерсе жазып отурган ак халатчан медсестра кызга кайрылды.

— Кечирип коюңуз, мен карындашымды издеп жүрөм. Акыркы аптанын ичиде оор ахывалда силердин ооруканага түшкөн жашы жыйырма менен жыйырма бештин ортосундагы кыз келген жокбу?

Алиги медсестра кыз башын көтөрө маңдайында турган кишинин өңүнө түңүлдү.

— Акыркы аптанын ичинде көп эле келин-кыздар келип түшүштү кайсы бирин эстейм.

— Ошентсе да списогу бардыр, үч- төрт күндөн бери кайсыл ооруканага келип түшкөнүн билбейм. Издеп атып тажадым. Сиз жардам бери коюңузчу, балким силердин ооруканаңарда жаткандыр?

— Азыр, — алиги медсестра кыз ордунан турду да ары жактан журнал алып келип аны ачып, ооруканага акыркы аптанын ичинде түшкөндөрдүн тизмесин карай баштады.

— Та-ак, жыйырма экичи августта бир аял түшүптүр, аны жашы кырктан өтүп калыптыр. Жыйырма үчүндө дагы бирөөсү түшүптүр, анын жашы отуз беште экен. Ошол эле күнү кечке жуук дагы бирөөсү келиптир. Ал таптакыр эле кемпир экен, дагы бир жаш кыз түшүптүр жыйырма бештеги, балким ушул болуп жүрбөсүн. Фамилиясы Абдрахманова Мухабат. Анын

фамилиясы кандай? Ушул мезгилде алиги гүл көтөрүп кирген жигиттин кайра сыртка чыгып баратканын көрүп калды. Ал машинасына отураары менен от алдырып айдап кетти. Далдайган киши кайра медсестра кызга кайрылды:

— Кечирип коюңуз бул жигит кимге гүл алып кирди. Эмнегедир менин карындашымдын сүйлөшүп жүргөн жигитине окшоп кетти.

— Аа, албы? Ал тигил экинчи палатадагы кызга келип жүрөт. Байкуш кыздын көзү көрбөй калыптыр, бирок бара-бара оңолуп, көрүп кетет дешти биздин көз доктурлар. Татынакай, жакшы кыз экен, бооруң ооруйт байкушка. Өлүп, тиги дүйнөгө барып келип араң-араң киши болду. Жигити болбогондо ким билет эле бул кыз тирүү калат беле?

— Барып көрсөм болобу?

— Только бат, врачым көрүп калса сазайымды колума берет. Ал палатага баш бакканда эле Диананы дароо тааныды. Шарт артка бурулду да медсестра кызга кайра келди.

— Жок, ал эмес экен.

— Анда андан башка кыз жок жаңы келип түшкөн.

— Кечирип коюңуз…

— Эч нерсе эмес.

«Оо Кудай буюрса таптым ал кызды», — алиги далдайган киши өзүнчө кудуңдап сүйүнүп кетип баратты. Ошо күнү эле шаар боюнча ооруканаларды кыдырып, кызды издеп жүргөндөрдүн бардыгы кайрадан топтолушту. Мадыра баштарга акча таратып берген алиги мурутчан жигит ишенбегендей тигинден дагы бир жолу сынай сурады.

— Точно ошол кыз бекенби, чаташтырып алган жоксуңбу?

— Ал кызды кантип эле чаташтырайын, башкасын чаташтырсам да ал кызды эч убакта унутпасмын. Бактыга жараша жер алдындагы караңгыда көпкө жүрүп, дароо жарыкка чыккандыкы эки көзү көрбөй калыптыр. Бирок «врачтар акырындап отуруп кайра көрүп кетет» дешиптир…

— Эң жакшы, «темирди кызуусунда сок» дегендей анын дароо көзүн курутуш керек. Болбосо дагы жоготуп жиберишибиз мүмкүн. Баса, алиги кызыл «иномарканын» ээсин жакшы таанып калдыңбы? — толмочунан келген киши кайрадан тигиге кайрылды.

— Аны алыс жерден көрдүм, бирок элесин унуткан жокмун. Зато машинесинин номуру менен маркасын эң жакшы билем. Көзүмдү жумуп айтып бере алам кандай экенин…

— Эң сонун, андай болсо бүгүн түнү эле жортуулга чыгабыз…

— Жортуулга чыгып эмне кылабыз, кызды өлтүрөбүзбү? — ары жакта тургандар түшүнүшпөй суроолуу карашты.

— Келесоолор десе, аны өлтүрүп түрмөгө кесилип кете албай атасыңарбы. Анда эле милициялар колубузга түшөт. Акча жасаган подвалды, цехти таап алышат. Андай боло турган болсо тобубуз менен кетебиз түрмөгө. Ал жактан кызды билгизбей уурдап кетишибиз керек, анан…

— Анан эмне кылабыз?

— Көп башты оорутуп глупый суроолорду бере бербегилечи! — тигинин ачуусу келип кетти. — Анан ал кызды эмне кылат биздин шефибиз өзү билет.

— Ал жакка качообуз барабыз, курал алып алабызбы?

— Сөзсүз да, ар бириңердин пистолетиңер жаныңарда болсун, алда кандай болуп кетиши мүмкүн. Беш же алты киши жетет, баса, айтмакчы баарыңар тең башка кийгенге чүмбөт алып алгыла. Кокустан бирөөлөр көрүп калса өңүңөрдү тааныбагандай болсун. Андан сырткары колдорун байлаганга жип, оозун таңганга чүпүрөк керек, тигил кыйкырып, ызы-чуу кылбагандай болсун. Көзү болсо итак эле көрбөйт экен.

— Ал жакка кантип киребиз, терезе аркылуубу же эшик аркылуубу?

— Азыр бир-экөөңөр барып жакшылап чалгындап план түзүп келгиле, — ары жакта турган жашыраак жигитке кайрылды, — а сен болсо бүгүн кечке ошонун айланасында күзөттө турасың. Улам-улам сотовый телефон аркылуу биз менен байланышып тур. Шек алып калышып кызды башка жакка качырып жибербегендей болсун, анда керт башың менен жооп бересиң. Жигит түшүндүм дегендей башын ийкегиледи.

— Анда давай ишке кириштик. Ал жакка эки машине менен барабыз, бирөөсүнө кызды салабыз, экинчиси болсо чалгындап алдыбызда жүрөт. Кана эмесе кеттик, — топтолушуп тургандардан бешөө тандалып, кызды уурдаганга даярдана башташты

ЧАТАШУУ

 

 

 

Диана Ибрагим алып келген гүлдөрдү жыттап өзүнчө кыялга батып кетти. «Бул боорукер жигит кандай жигит болду экен. Менин жашым он тогузда ал болсо жыйырма жетиде экен. Ортобузда айырма сегиз жаш. Эгер чын эле үйлөнө элек бойдок болсо…, баса ал мага эмне эле ушунчалык байланып калды. Мурун аны мен тааныбасам, мен болсо аны анча тааныбайм же анын бир ойлогону барбы? Эгер жаман ою болсо мага мынчалык келбейт эле да. Же акчама кызыгып атабы. Ай, азыр адамга ишенип болбойт, анын ою кандай экенин мен кайдан билем же көзү ачык же сыйкырчы болбосом. Мени пайдаланып алып анан таштап кетиши да мүмкүн да. «Сактыкта кордук жок» дегендей дегинкиси сак болоюн», — ушуларды ойлоп отуруп Диана жанында жаткан кыздан убакытты сурай кетти.

— Света, саат канча болду?

— Ондон өтүп он бирге чукулдап калды…

Өзүнө жанаша жаткан кыздын аты Света болчу. Дианага боор тарткан эң жакыны ушул эле. Палатада төрт кыз жатышчу. Төртөө тең али жыйырма бешке чыга элек алыскы ар кайсы райондордон келген өзбек улутундагы кыздар. Алардын сүйлөшкөн сөздөрүнө Диана адегенде көнбөй жүрдү. Бара-бара сөздөрүнө кадимкидей эле түшүнүп калды. Алар ашканадан Дианага тамак алып келип бери турушчу. Бара-бара Диана өзү басып калган соң ашканага жетелеп барып, тамактандырып кайра палатага алып келчү болушту. Керек болгон учурда ажаатканага да алып барышып, бүткөнчө сыртта коридордо күтүп турушат. Баардыгы айылдан келген кыздар болгондуктан карапайым, жөнөкөй кыздар. Улуусуна карап бири-бирине боор тартып, сыйлап жылуу мамиле жасашат.

— Кой жарыкты өчүргүлө жаталы, палатадагы элдердин баары уже уйкуга кире башташты. Бир аздан кийин электир жарыгы «жалп» деп өчтү да палата ичи капкараңгы боло бир топко тымтырс боло түштү. Кыздардын уйкулары келбей жарым сааттай аркы-беркини айтып сүйлөшүп жатышты. Анан акырындап четинен тынчып отуруп, таптакыр эле дымып калды.

— Диана өткөндөгү азап-тозокторун, келечегин ойлоп, көпкө уйкусу келбей жатты. «Шаардагы эжем, айылдагы апам эмне болду экен. Мени дайынсыз жоготушуп, бирөөлөр өлтүрүп, өлүгүмдү сууга ыргытып же көмүп салышты деп ойлоп жатышабы? Менин бул жакта атактуу, эли-жеримден алыс Ташкен шаарында азап-тозокторду көрүп, душмандардан качып жүргөнүмдү билишпейт да. Билгенде эчак жардамга келишмек. Бул жактын милицияларына арызданайын десең алардын кылганы тигил. Мени куткарышмак турсун тескерисинче аз жерден кайра тигилердин колуна тутукун кылып салып бери коё таштады. Ошондон кийин кимге ишенем? Же бул жакта мага боор тарткан тууганым болсочу.

— А тигил Ибрагим болсо балким акча чыгарган контрабанданын же Бишкектеги түрмөнүн кожоюну Исабеков Мараттын кишилеридир? Мени качып кетпесин деп кайтарып жүргөндүр? Аай ким билет, ким билет? Бул да болсо Кудай Тааламдын маңдайга жазган жазмышы, болбосо өз үйүмдө же Бишкекте эле жыргап жүрбөйт белем…» Бир кезде Диананын ажаатканага баргысы келип кетти. Аны дайыма жанаша жаткан Роза алып барчу.

— Роза…

Акырын тигилер ойгонуп кетишпесин деп шыбырай үн катты. Ал катуу уктап атса керек дагы бир жолу «Роза» деп жай унчукту, дагы ойгонбогон соң жайына койду. Ал үйүндөгү өзүнүн терс кыялын эстеди. Кызуу уктап жатканда бирөө жулкулдатып же кыйкырып ойготсо ачуусу менен ал кишини чаап-чаап жиберчү. Аны ойготом деп бөбөктөрү далай таяк жешкен. «Кой кызуу уйкуда жаткан адамдын уйкусун бузбайын. Ачуусуна тийип албайын. Андан көрө өзүм туруп, акырын

дубалдарды сыйпалап коридор менен жүрүп отуруп туалетти таап албаймынбы. Ал коридордун эң акыркы эшиги эмеспи». Ордунан акырын туруп уктап жаткандарды  ойготпош үчүн дубалдарды сыйпалап акырын жылып жөнөдү. Чалынып кетпөөгө аракеттенип жай басып колу менен коридорго чыкты. Коридор тымтырс болчу, сыягы медсестра кыз уктап же бир жакка басып кетсе керек. Дубалдын боору менен акырын сыйпалап палатанын каалгаларына келгенде акырын коё бери жылып жүрүп отурду. Дубалды сыйпалагандан тажап кеткенде коридордун ортосуна түшүп алды да аярлай басып келе берди. Бир кезде коридордун аягындагы терезеге колу урунду. Сол жакка бурулса эле биринчи эшик ажааткананын эшиги. Аны жаземдебей, жаңылбай эле тапты. Ичине кирип көзү көрбөсө деле жарыгын күйгүзүп эшигин ичинен илди. Дал эле ушул мезгилде эки чет элдик машине ооруканадан анча алыс эмес жерге токтоп, ичинен беш адамдын сөлөкөтү чыкты. Бирөөсү артта токтоп калды да ары-бери өткөн кыймылга көз жүгүртө баштады. Төртөөсү андан ары шашыла жүрүп отурушту. Оорукананын эшигине жетишкенде шашпай чүмбөттөрүн баштарына кийише бардыгы чөнтөктөрүнөн пистолеттерин алып чыгып октошо колдоруна алышты.

— Шашпагыла, эч кандай ызы-чуу болбосун. Биринчи кезекте санитар кыздын эсин оодура чаап, колу-бутун таңып таштагыла. Коридордо дүрбөлөң кылбагыла. Оорукананын эшиги ичинен бекилүү экен. Чүмбөтчөндөр өздөрү менен ала келишкен аспаптарын алып чыгышты да заматта эшиктин илгичин дабыш чыгарбай талкалап, ичине кирип барышты. Медсестра кыз коридордун орто жериндеги столдо башын коюп алып уктап жаткан болчу. Шырп эткен дабышка көзүн ачып, акырын башын көтөрө өзүн көздөй келатышкан колдорунда пистолеттери бар чүмбөтчөн кишилерди көрө коюп, чала-чарпыт бакырып алганга үлгүрдү. Бирок аягына чейин кыйкыртпай чүмбөтчөндөрдүн бирөөсү пистолети менен аны баштан ары бери калды. Катуу соккуга медсестра кыз андан ары кыйкырганга дарманы жетпей, көздөрү аңтарыла полго оңкосунан сайылды. Экөөсү аны ары жакка сүйрөп барып колу-бутун, ооздорун таңып ташташты. Алдыда баратканы кыз кайсыл палатада дегендей аркасындагыга суроолуу кайрылды. Бою узунураак далдайган чүмбөтчөнү сөөмөйү менен үчүнчү эшикти көрсөтө өзү алдыга жол баштап жөнөдү. Палатанын эшигин акырын ачып четте уктап жаткан кызды көргөздү. Эки-үчөөсү шап эле аны баса калышты да оозун жаап, колу-буттарын жабылыша бириктире кармаша балык кармагандай туйлата көтөрүп алышып, сыртка алып жөнөштү. Бирөөсү ойгонуп кетишкен кыздарга пистолетин суна бир

ордунда былк этпей турду. Бардыгы сыртка чыгып кетишкен соң алиги чүмбөтчөн көздөрү алайып коркуп, кроваттарында былк этпей жаткандарга кайрылды.

— Ушул боюнча былк этпей жаткыла, кроватыңардын алдында мина коюлган. Кыймылдасаңар эле сөөгүңөр сөпөт, күм-жам

болосуңар. Мина жарылып өлөсүңөр. Ал акырын чыгып баратып, эшикти сыртынан жип менен байлап кетти да коридордо колу-буту байланып, оозу таңылып эси ооп жаткан медсестра кызды бир карап коюп, сыртка кеткендердин соңунан чыкты. Кетип баратышып оорукананын эшигин да сырт ынан кулпулап, катуу бекитип ташташты. Коридордогу медсестра кыз отурган стол үстүндөгү телефонду кыйып, талкалап ташташкан болчу.

— Ажаатканага бир аз отурган соң анын суусун агызып Диана шашпай кайра коридорго чыкты. Бир нерсени эстей коюп кайра барды да ажааткананын электир жарыгын өчүрдү. Коридор мурдагыдай эле тыптынч. Ажааткананын ичинде отурганда кандайдыр бир үзүл-кезил кыйкырыкты угуп, дымый кулагы менен тыңшап калган. Ошол боюнча кыйкырык кайра кайталанып чыккан жок болчу. Коридор эмнегедир жымжырт. «Медсестра кыз эмне уктап калганбы?.. — мейли уктай берсин анын да тынчын алып ойготпоюн» . Диана коридордун ортосуна түшүп алып акырын тую сезими менен жыла басып келатты. Кокусунан коридордун так эле ортосунан бир нерсеге чалынып, мүдүрүлүп оңкосунан кулады. Мындай күтүлбөгөндүккө өзү дагы чоочуп кетти. «Эмне…, менин келатканымды көрүп бирөөлөр атайылап чалынып жыгылсын деп алдыма бир нерсени коюп коюштубу?» . Диана жыгылган боюнча ордунда бир топко жатты. «Эгер андай боло турган болсо мени шылдыңдап күлүшөт эле го, эч кандай дабыш билинбейт. Же медсестра кыз бир нерсесин ортого коюп койгонбу?» ал ордунан акырын көтөрүлүп, бул эмне болду экен дегендей колу менен сыйпалап көрдү. Колу дароо эле адамдын буттарына такалды. Анан улам өйдөлөп сыйпалап жүрүп отуруп кыз экенин билди, болгондо да колу-буттары, ооздору таңылуу экен. Адегенде эмне болгонун түшүнбөй чочуп кетти, анан аны кимдир бирөөлөр байлап салышканын боолгой, тирүү бекенби дегендей колу менен тамырын кармалап, жүрөгүнө кулагын такап, тыңшап көрдү. Атүгүл дем алып да жатыптыр. Бетин анан көздөрүн сыйпалады эле жумулуу экен. Эси ооп калганын сезип ордунан атып турду. Өзүнүн палатасындагы кыздарды ойготкону колу менен сыйпалап эшиктерди санап жүрүп отурду. Өзүнүн палатасынын эшиги кайсыл экенин билбей чаташтарып алды. Анан аркы жагынан санап үчүнчү эшикке келип такалды. Эч нерсеге түшүнбөй жатты. Өзү жаткан палатасынын эшиги сыртынан жип менен аябай чырмалып, байлануу экен. «Түшүнсөм буюрбасын, бул мен жаткан палатанын эшигиби же чаташтырып алдымбы?» Диана коридордун башына чыгып кайра башынан санап кирди, өзүнүн эле эшиги экен «мындай болушу мүмкүн эмес, азыр эле өзүм чыкпадым беле, кимдер беките коюшту заматта?» . Коридордо байланып жаткан кызды эстей, анан өзүнүн бөлмөсүнүн сыртынан байлануу экенин билип, бир нерсени боолгой койду да коркконунан кайра артка кетенчиктеди. «Балким мага келип жүрүшпөсүн? Ибрагим менин бул жакта экенимди билет да, балким ошол кишилери менен келип жүрбөсүн. Анда эмне эшикти сыртынан бекитип таштаган же палатадагы кыздардын бардыгын өлтүрүп кетиштиби? Анда алар азыр каякта болду экен же палаталарды кыдырып мени издеп жүрүшөбү? Андай боло турган болсо мени эбакта эле кармап алышат эле го, же болбосо өлтүрүп салышмак. Түшүнсөм буюрбасын, көз ачып жумганчалык убакытта эмне болуп кетти?» Бир жамандыкты жүрөгү сезе көзү эч нерсе көрбөсө дагы коридордун дал ортосу менен ылдамдай баса кайра ажааткананы көздөй шашыла жөнөдү.Ортодо жаткан медсестра кыздын үстүнөн тую сезими менен секирип өтүп кетти. Ажаатканага жетип барды дагы ичине кирип, илгичин бекитип алды. Ошол боюнча таң атканча ал жактан чыккан жок. Таңга жуук гана ооруканада дүрбөлөң, ызы-чуу башталды. Палатадан коридорго чыга калган оорулуу киши колу-буту, оозу таңылып, башынан кан сызылып агып жаткан медсестра кызды көрүп ызы-чуу салган болчу. Ошондон көп өтпөй эле милициялар келишип, окуянын чоо-жайын териштире башташты. Диананын ажааткананын ичинде бекинип жатканын эч кимиси билишкен жок. Биринин артынан бири кууша,

катуу ылдамдык менен келатышкан эки чет элдик машина бийик короолу чоң дарбазанын жанына келип токтошту. «Сотовый» телефон менен алдын ала кабар бергенби короонун дарбазасы дароо ачылды да эки машина биринин соңунан бири короонун ичине кирип кетишти. Бир жигит артка чыгып айланасына жакшылап, кылдат көз жүгүртүп алды, анан эч ким жок экенине, куугунчулардын издеп келишпегенине чындап ишенген соң акырын дарбазаны жапты да ичинен бекитип алды. Арткы машинедегилер кызды туйлаткан боюнча көтөрүп алышып, үйдүн ичине кирип кетишкен. Бир-экөөсү кокусунан куугунчулар келип калышпасын деп бир топко көчө кыймылына көз салып турушту.

— Бери алып келгиле, ал шуркуяны башка чапкан кандай экенин көрсөтөйүн. Боор ооруп туалетке алып барып, колун да чечип койсом, кайра өзүмдү боорго теппедиби, — алиги Дианадан башка жеп эси ооп калган далдайган киши ачуулана бери басып келип өз көзүнө өзү ишенбей оозунан сөзү түшүп, дендароо боло бир ордунда катып калды. Сага эмне болду дегендей бери жактагылар аны суроолуу карап калышты. Ары жактан дагы эки-үч адам кирип келишип аларды бири-бирин жалдырай карап калышты.

— Сен кайсыл кызды бизге көрсөткөнсүң ыя?

— Күндүз точно эле көргөм, ошол кыз болчу, четки кроватта чалкасынан уктап жаткан.

— Жакшылап даана көрдүң беле?

— Ооба, бобул өз көзүм менен эле көргөм, Кудая шүгүр менин зрительный памятым жаман эмес.

— Жаман эмес болсо кана анда…!? — толмочунан келген мурутчан жигит тигиге ачуулана бир тийди.

— Балким кроваттары менен алмашып жатып алышкандыр?

— Алмашып алышкандыр деп коёт, жакшылап карап туруп анан алып кетпейсиңерби?

— Палата ичи караңгы болчу, анын үстүнө шашып да калбадыкпы…

— Шашып да калбадыкпы деп коёт. «Шашкан шайтандын иши», мына, эми шефке эмне деп жооп беребиз.

— Эмне деп жооп бермек элек, кызды али таба элекбиз деп коёбуз да…

— Мен уже ага жолдо келатканда эле «сотовый» менен кабарлап, сүйүнчүлөп койгом.

— Во-во, мени «шашкан шайтандын иши» деп күнөөлөйсүң. Өзүң дагы шашкан турбайсыңбы. Айтпай коё турбайт белең, азыр деле үлгүрмөкпүз. Кой анда кайра баралы тиякка, ооруканага.

— Болбойт, кеч болуп калды, ал жак азыр ызы-чуу болуп жатышат, эмдигиче милициялар да келди болуш керек. Булардын бардыгын көргөн кыз эбакта милицияга айтып таштады же ал жактан качып кетти…

— Көзү али жакшы көрө элек да.

— Андай жерден көзү көрбөсө да өзүн оолак алып кеткенге аракет жасайт.

— Эми эмне айла кылабыз?

— Билбейм ошону, шеф бир аздан кийин бул жерде болот.

— Менде бир идея бар, анда мындай кылалы. Шеф муну укчу болсо бардыгыбыздын сазайыбызды берет. Мындай шалаакылыгыбыз үчү татыктуу эле жаза алабыз. Менин оюм, а силер кандай дейсиңер билбейм, бул алып келген кызды эле ошол кыз деп ага көрсөтө берели. Шефибиз аны көргөн эмес да. Ал эми тигил качып жүргөн кызды болсо өзүбүз акырын изилдеп таап, анан шефке билгизбей көзүн курутуп салабыз. Бул жакка соода кылып келгем дебеди беле Кыргызстан жактан. Ал кыргыз кызды бат эле кармайбыз.

— Бардыгы бир азга бири-бирин карап эмне жооп айтышарын билишпей, ортодо эси ооп суналып жаткан кызды карап туруп

калышты. Бир аздан кийин бирөөсү жооп берди.

— Ооба, туура акыл. Азыр шеф келсе бардыгыбыздын жазабызды берет. Бул үчүн биз жакшы сөз да укпайбыз… Кана мунун сөзүнө кошулалыбы?

— Аа, шеф билип калсачы?

— Арабыздан бирөөбүз чыккынчылык кылып айтып койбосок эле, шеф билбей калат.

— Ким айтса анда өзүнө-өзү өлүм тилеп алат да. Шефибиз айткан кишинин өзүн да жазалайт. Кана тез ойлонгула, бир бүтүмгө келели, шеф келгиче бул маселени чечип алалы. Кана менин айтканыма кошуласыңарбы?

Бардыгы кошулабыз дегендей макулдуктарын билдиришти

— Эгер кимде-ким чыккынчылык кыла турган болсо анда өзүнүн каны менен жооп берсин!

— Өзүнүн каны менен жооп берсин!- бардыгы шерттешип кол алышты. Анан эси ооп жатка кызды көтөрүп барышып, колу-буттарын байлап, оозуна скотч чаптап, көзүн таңып салышты. Бул Диананын жакшы көргөн эң жакын кызы Роза болчу. Арадан бир саатчалык убакыт өтпөй эле аппак мерседес машинеси менен «шеф» келди. Бардыгы ордуларынан туруша дүрбөп калышты. Ал машинесинен шашпай чыгып, кыз жаткан бөлмө жакка басып барды. Анан артынан жандап жүргөндөргө кыздын оозун, көзүн чечип койгула дегендей ишарат кылды. Кыз эсине келип эмне болуп жатканына түшүнбөй бейтааныш кишилерден чочулай, алаңдай карап жаткан болчу. Топтун жетекчиси анын жанына басып келди.

— Сен кимсиң?

Жүрөгү түшүп калган кыз эмне деп жооп берээрин билбей, ойду-тоону сүйлөп чалды-куйду сөздөрдү айта баштады.

— Менин эч кандай күнөөм жок, коё беришиңиздерди өтүнөм. Ата-энем, бир туугандарым…

— Сага ата-эне, бир тууган керек болуп калдыбы? Анан эмнеге менин машинеме уурданып түшөсүң. Акчалар каякта?

— Менде болгону дарыга деген эки миңге жетпеген акча турат…

— Калганы каякта?

— Башка жок, чынымды айтам дары-дармекке деп эле сактап койгом. Керек болсо ала бергиле аны. Бирок ал палатамда калды да.

— Сен көп арамзаланба, калган акчаларды каякка койдуң?

— Болгон акчам эле ошол, чынымды айтып жатам…

— Алиги көргөндөрүң жөнүндө башка бирөөлөр билеби?

Роза тигил эмне жөнүндө айтып атканы, эмнени сурап жатканын түшүнгөн жок. Жок эч ким көргөн жок, мен эч кимге айткан жокмун.

— Анда акчаларды каякка койдуң?

— Айтып жатпаймынбы кроваттын алдында калды деп, менде башка акча жок, чынымды айтып жатам. Мени коё бергилечи суранам. Ал акчаларды өзүм алып чыгып берем…

— Кайсыл акчаларды?

— Кроваттын алдындагы.

— Сен бизди антип аңкорлонуп мышык-чычкан ойнотпо, акчалар каякта экенин айтасың, айтпасаң өзүңө-өзүң кыласың. Экинчи эне-атаңды, алиги бир туугандарыңды көрбөй каласың. Эртеңкиге чейин убакыт берем ойлон жакшылап… Топтун жетекчиси бери бурулуп басып келди да айланасындагыларга эскертип өттү.

— Оозун, көзүн кайрадан таңып таштагыла! Эскертип коёюн эми дагы качырчу болсоңор артынан силерди да кошо жоготом, жакшылап кайтаргыла!

Банданын жетекчиси ары басып барып экөөсүн өзүнө чакырып алды да акырын айтып өттү.

— Таң агарганча али убакыт бар, тигини бир сыйра пытайт этип көргүлө, акчалардын кайда экенин таптакыр эле айтпай көгөрүп туруп алса көзүн тазалап туруп өлүгүн кислотага салып эритип жибергиле. Бул артыкбаш күбөнүн кереги жок,

— ал машинасына отурду да от алдыра дарбазадан чыгып кетти.

 

 

 

ООР ЖОГОТУУ

 

 

 

«Мына айтпадым беле Ибрагим жөндөн-жөн эле келген жок мага, тигилердин агенти болчу. Өзү баш болуп алар мени түндө уурдап алып кеткени келишкен. Туалетте жүргөнүмдү байкабай чаташтырып, Розаны алып кетип калышты. Анын үстүнө экөөбүздүн чачтарыбыздын узундугу бирдей, өңдөрүбүздө анча-мынча окшоштуктарыбыз бар. Бул түндө мени издеп кайра келиши да мүмкүн. Эмне кылсам?»

— Диана кроватында жатып алып өзүнчө ойлонуп, эмне кылар айласын билбей жатты. Бери жакта болсо милиция кызматкерлери кыздардан окуяны көргөн-билгендерин сурап жаткан болчу. Бир милиция Дианага да кайрылып сурай кетти.

— Алар келишкенде сен туалетте белең?

— Ооба.

— Сени ким жетелеп барды ал жакка.

— Өзүм эле дубалдар менен таянып бардым, буларды ойготуп тынчын алгым келген эмес.

— Коридордо андай-мындай ызы-чууларды байкадыңбы?

— Жок, көзүм көрбөсө кайдан байкайм…

— Анан эмне туалетке бекинип алып ачпай атып араң ачтың?

— Туалеттен кайтып келатканда медсестра кызга чалынып жыгылдым. Сыйпалап көрсөм оозу, колу-буттары байлануу экен, өлүп калган го деп ойлодум. Оорукананын ичинде бир балакеттүү нерсе болуп атканын байкап, коркконумдан кайра туалетке кирип алып бекинип калдым.

— Кимдерден корктуң?

— Өзүм да билбейм. Балким бандиттер же киши өлтүргүчтөр же болбосо түрмөдөн качкандар…

— Роза деген кызды кимиңер жакшы билесиңер?

— Мен, — ары жактагы Мухабат деген кыз Роза жөнүндө айта баштады. Ал биздин кошуна айылдан болот. Ооруканага менден эки-үч күн мурун келип жатыптыр. Ага кандай адамдар келишчү эле? Бир жолу эле айылдан эне-атасы келгени болбосо ага эч кимдин келгенин көргөн жокбуз. Милиция кызматкерлери уурдалган кыз жөнүндө бир топ нерселерди сурашты, «анан дагы келебиз» деп кетип калышты. Башынан сокку жеген медсестра кызды ошол эле оорукананын палатасына жаткырышты. Диана да врачтар менен сүйлөшүп, «коркуп атам» деп үстүнкү кабатка көтөрүлүп, башка палатадагылар мене орун алмашып алды. Эшик алдындагы медсестра кыздарга «эгер Ибрагим деген жигит мени сурап келе турган болсо ооруканадан бошонуп чыгып кетти деп айтып койгула» деп алдын-ала эскертип айтып койду. Эртеси өзү менен кошо бир кучак гүл көтөрүп келген Ибрагим бул сөздү укканда ишенип-ишенбей коридордо же артка кете албай же тигил маңдайындагы үчүнчү палатага кире албай бир ордунда катып туруп калды. «Андай болушу мүмкүн эмес. Мага бир да ооз сөз айтпай жөндөн-жөн кетип калышы мүмкүн эмес болчу. Баса, анын көзү али көрө элек болчу да, анан кандайча кетип калышы мүмкүн. Жок, буларга мен ишенбейм, калп айтып жатышат» жанындагы турган медсестра аялга кайрылды.

— Тиги үчүнчү палатага кирип чыксам болобу?

— Аякта кимге барасыз?

— Дианага…

— Ал ооруканадан чыгып бошонуп кетти деп жатпаймынбы.

— Көзү көрбөсө, өз алдынча баса албаса, кандайча чыгып бошонуп кетиши мүмкүн?

— Аны алып кетишти…

— Кимдер?

— Кимдер болмок эле, эне-атасы да.

— Ал бул жерлик эмес. Эне-атасы тээ алыс жакта, башка республикада жашашат. Анын үстүнө Диананын бул жакта экенин алар билишпейт.

— Мен кайдан билем, эне-атасы болбосо тууган-туушкандарыдыр? ..

— Тууган-туушкандары да жок.

— Ай жигит көп башымды оорутпаңызчы, итак эле бул жакта ызы-чуу болуп милициялар келип атышат. Ме айттым го ал жок деп…

Атайын гүл базарга барып Диана үчүн бир кучак гүл сатып алып кубанып келаткан жигит мындай күтүлбөгөндүккө шалдырай туруп калды. Дале да болсо медсестра аялдын сөзүө ишенбей атты.

— Палатага баш баксам болобу, бир секундга эле.

— Ай, бир тажаткан жигит экенсиң, бар көрүп өз көзүң менен ишен, только бир секундга гана.

— Рахмат, — жигит дароо эле үчүнчү палатага жетип барып палатада кечээки жаш кыздар эмес жалаң улгайып калгандар жатышканын көрдү. Кыздардын бардыгы түндөгү окуядан кийин коркушуп, үстүнкү палатага которулуп кетишкен болчу. Биротоло үмүтү үзүлүп, кабагынан кар жаай, колундагы кучак гүлүн кармаган боюнча кайра артка кетип баратканда коридордогу оорулуулардын бирөөсү кулагына шыбырап өттү.

— Тигил үчүнчү палатага келдиң беле?

— Ооба.

— Түндөгү ошол палатадагы болгон окуяны билесиңби?

— Жок, эмне болду эле?

— Түн ортосунда кара чүмбөт жамынган адамдар келип оорукананын эшигин сындырып киришип, медсестра кызды пистолеттери менен башка чаап эсин оодарышып, анан колу-бутун байлап, оозун таңып, тигил үчүнчү палатага кирип, анан бир жаш сулуу кызды уурдап кетишпедиби. Эмнеге уурдап кетишкендиктерин билбейм, сыягы алар менен бир криминалы бар окшойт.

— Алар кимдер экен?

— Эч ким билбейт, баары тең кара чүмбөт кийип алышыптыр дейт. Таң атпай келишкен милициялар эртеден бери разборка кылып атышып, кетишкенине бир сааттай эле убакыт болду. Тиги медсестра аялдын «итак бул жакта ызы-чуу болуп милициялар келип атышат» деген сөзүн эстеп, Ибрагим медсестра аялды бир карап алды да ага кайра барды.

— Аны эне-атасы алып кетпей эле уурулар алып кетишкен турбайбы. Эмне жашырып жатасыз?

— Ай жигит ишке тоскоол болбоңузчу, итак эле эртеден берки ызы-чууга башым ооруп кетти.

Ибрагим шалдырай сыртка чыкты. Өзү менен ала келген бир кучак гүлүн Диана жаткан үчүнчү палатанын сырткы терезесинин темирине койду да эмне кылаарын билбей кетип баратты. «Жок, врачтын өзү менен сүйлөшүш керек. Кандайча болгонун алар билишет да» Ибрагим кайра артка кайрылып оорукананын эшигине келгенде медсестра аял эшикти жаап, ичинен илип алды да эшиктин тешикчесин ачып жигитке үн катты.

— Ооруканага киргенге болбойт. Азыр милициялар келишет, сенин ал палатага келип жүргөнүңдү билишчү болсо бул ишке катышы бар болуш керек деп шек санашып, сени да кошо алып кетишет, так что парень, кетип кал кеч боло электе.

— Ибрагим ооруканадан кете албай көпкө айланчыктап жүрдү. «Аны уурдап кетишкен чүмбөтчөндөр кимдер болушту экен? Баары бир Диананы табам, жердин жети кабат түбүнө кирип кетсе да табам» жигит айлаасындагыларга эч көңүл бөлбөй өзү менен өзү сүйлөшө ооруканадан узап кетип бара жатты. «Чын эле жанагынча акчаларды ал кайдан алышы мүмкүн. Бул менимче криминалдык чөйрөлөр менен байланышы бар болуш керек. Темир люкка ыргытып, үстүнөн кулпулап салгандар да ошолор болушу мүмкүн. Мейли ким болсо дагы аны алардын куу чеңгээлдеринен куткарып алуум абзел. Аны өлтүрүп коюшпаса эле болду. Кыйын эле болсо өлтүрүп көрүшсүн аны, же мен да артынан кошо өлүп берем же алардан өч алам, экөөнүн бирөө…» күтүлбөгөн жерден машиненин бапылдаткан сигналына эсине келе чочуп кетти. Көчөдөгү светофорду көрбөй эле кетип баратыптыр. «Баса анын көзү али көрө элек эле каякка алып кетишти болду экен?» өзүн да сокур кишидей элестетип кеткен Ибрагимдин оюна алда нерселер түшүп кетти.

— Акыл-эсиң ордундабы сенин ыя, көзүңдү чоң ачып, светофорду карап баспайсыңбы? ! — жеңил машинеде кетип бараткан айдоочу машинеден башын чыгарып кыйкырып өттү. Ибрагим ага да көңүл бөлгөн жок, эс-дартынын баары эле Диана болуп «өлүп калбаса экен, өлтүрүп койбосо экен» деп жанын коёрго жер таппай, катуу санаага чөмүлүп кетип баратты. Бул Ибрагим үчүн өзүнүн келечек жашоосунун жарык шооласы «жылт» этип пайда болуп кайра жоголуп кеткендей болду. Ал оор жоготууга учурап турду.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE