Пример HTML-страницы

Туткун кыз 14 бөлүм.

https://kyrgyzcha.site/?p=20913&preview=true Кызыктуу окуялар.

ТУТКУН КЫЗ

14-БОЛУМ

БООРУКЕР БЕЙТААНЫШ:

Диана үч күндөн кийин гана араң эсине келди. Кандайдыр бир керебетте жатыптыр. Көзүн ачып кобураган үндөр жакка башын буруп карады эле көзү эч нерсе көрбөй калыптыр. «Мен эмне сокур болуп калгамбы» ? — биринчи кезекте эле анын мээсине ушундай жаман ой кетти. Көзүн ушалаганы акырын оң колун көтөрдү эле ары жактан бир аял келип колунан кармады.

— Көп кыймылдабаңыз, сиз «капельницада» жатасыз. Үч сутка бою кыймылдабай эсиңизге келе албай өмүр менен өлүмдүн ортосунда кармаштыңыз.  Бактыңыз бар экен. Тигил жигитиңиз сизге эң кымбат баалу дары-дармектерди алып келип бери атты.

— Мен кайдамын, силер кимсиңер, эмне себептен көзүм көрбөй жатат? — адегенде эле Диананын оозунан ушул суроолор биринин

артынан бири жаады.

— Кам санабыз, сиз ооруканадасыз,  сиздин эсиңизге келгениңизге чоң кубанычтабыз. Биз болсо ушул оорукананын врачтары болобуз. Сиздин өмүрүңүздү сакташ үчүн эмнелерди гана иштебедик. Мына акыры жакшы результаты болду. Тигил жигитиңиз болбогондо ким билет эле, балким тирүү калбайт болчусуз, ал сизди аябай сүйөт окшойт. Эч акчасын аяган жок. Эмне дары айтсак дароо, ошол замат эле алып келип атты… «Ал жигитим ким болду экен, мени бул жакка кимдер алып келишти. Кандайча аман калдым, жер алдындагы тозоктон чын эле кутулдумбу? » Дианага али көп нерсе түшүнүксүз болуп жатты. Сантехниктер темир капкакты ачканда ал акыл-эсин жоготуп, жөөлүп калган болчу. Аны дароо эле жеңил машинага салышып ооруканага жеткиришкен.  «Мага акчасын чачкан ал жигит ким болду экен?» Диананын оюна бир нерсе кылт дей түштү «Баса коюнумдагы акча эмне болду экен?», — сол колу менен акырын сыйпалап көрүп эч нерсе таппай койду. «Демек тигилер алып коюшкан экен да», жанында отурган алиги врачмын деген аялга

кайрылды.

— Айтыңызчы, менин көзүм ушул боюнча көрбөй калабы?

— Эртең көз боюнча врачтар келип текшеришет, көрөсүзбү, көрбөйсүзбү алар өздөрү айтышат. Биринчи биздин милдет сиздин ден-соолугуңузду оңдошубуз керек.

Алты сутка бою жер алдында тамак ичпей бир ордунда араң жан кыймылдап, келемиштер менен салгылашып жаткандыкы таптакыр эле кыймылдаганга жарабай калыптыр. Врачтар глюкоза сайып, ар кандай өсүмдүк, жашылча жемиштердин ширелеринен бери атышып, акырындап организми калыбына келе баштаган болчу. Диананы бирден-бир сары санаа кылганы көзү болуп жатты. Эгер бул жарык дүйнөнү ушул боюнча көрбөй калса өлгөн менен барабар эле. «Оо Кудайым, көзүмдү ачып, кайрадан бул жарык дүйнөңдү көрсөтө көр», Диана ичинен Кудайга жалынып жатты. Эки күндөн кийин врачтар келип көзүн чоң-чоң ачтырып, кандайдыр аппараттар менен бир топко текшерип көрүшүп, өздөрүнчө тыянак чыгарышты. Эртеден бери чочулап жаткан Дианага жооткото көңүл айтып кетишти.

— Кам санабай эле кой, сулуу кыз. Көптөн бери жарык нурун көрбөй караңгы жерде болуп, дароо жарыкка чыкканга көздөрүңүз тунарып, көрбөй калыптыр. Сизге эч кандай дары-парылардын кереги жок. Акырындап өзү калыбына келет. Аман болсоңуз, мурункудай эле көрөсүз, болду көзүңүздүн жашын аарчыңыз. Сизге ыйлаганга болбойт, — кандайдыр чыккан эркектин үнү токтоп, бет аарчы менен Диананын көздөрүн аарчыды. Диана кубанганынан ыйлап жаткан болчу. Ал ошол боюнча кыймылдабай эки-үч күн жатты. Врачтардын ушунчалык сылыктыгына, жан алдары калбай чуркап жатышканына ичинен ыраазы болуп атты. Көп өтпөй колундагы «капельницасын» да алып салышты. Күнүнө үч маал колуна, жамбашына ийне сайылып атты. Муздак темирдин үстүндө жаткандыкы өпкөсүнө да суук өтүп кетиптир. Түшкө маал болуп калган, палатасы тыптынч уктап жаткан. Кандайдыр назик кол жаагын сылап атканда чочуп ойгонуп кетти. Алиги кол акырын тартылып кетти.

— Сиз ким болосуз? — Диана көзүн ачып жанында отурган адамдан сурады. Көзү көрбөсө да жанында столдо бирөө отурганын сезип атты. Ал адам өзүн оңтойсуз сезип, бир топко унчукпай турду да анан акырын үн катты.

— Сизге кандай деп түшүндүрсөм… Мен сизди жер алдынан алып чыккан жигитмин. Бактыңыз бар экен кетип баратып капысынан кандайдыр бир үндү кулагым чалып калды. Өз кулагыма өзүм ишенбей токтоп, дагы тыңшап көрсөм үн өзүмдөн анча алыс эмес жерде турган капкактын астынан чыккандай болду. Ача салсам сиз жатыптырсыз, анча-мынча болгондо эле кайра складды бекитип кетип калмак экенбиз. Анан сизди көтөрүп келатып кокусунан эки пачка акчаны көрүп калдым. Бир пачкасы доллар, экинчиси сумдар экен. Айла жок алып коюуга туура келди, болбосо башка бирөөлөр алып коюшмак. Анан өзүмдүн машинеме салып алып сизди бул жакка, ооруканага алып келдим. Ал акчалардын жүздөн он бөлүгүн гана дары-дармекке кетирдим, врачтарга бердим. Сиз ошол акчалардын күчү менен айыктыңыз. Акча болбогондо сиз аман калат белеңиз бир Кудайдын өзү билмек. Ошо себептен врачтар сизге жан- алдары калбай чуркап жүрүшпөйбү.  Алардын айтуулары боюнча сиз жакшы болуп баратасыз, сураган акчаларын сиздин ден-соолугуңуз үчү аябай эле бери атам. Баса, айтмакчы менин атым Ибрагим болот. Сиздикичи?

— Диана…

— Диана… Диана… Кандай жакшы ат.

Бул жигиттин ким экенин өңүн көрбөсө да, өзү үчүн боор тартып жатканын Диана жүрөгү менен сезип турду. «Ибрагим…, бул кандай жигит болду экен, үй-бүлөлүүбү же бойдокпу. Жашы канчада, эмне себептен ал мени ухаживайт этип калды, же акчама кызыгып атабы? Эгер акчама кызыккан болсо, анда тигил акчаларымды алган боюнча дайынын таптырбай кетпейт беле. Тескерисинче ал акчаларды кайра өзүмө чыгымдап жатпайбы. Кандай жигит болду экен, өңүн көрсөм жакшы болот эле. Сүйлөгөн сөздөрүнө, мага боор тартканына караганда эки жүздүү эмес түзүк эле жигиттей көрүнөт. Ушундан жардам сурасамбы өз жергеме жетип алганга, бирок…, ай ким билет азыркы заманда адамдарга ишенич жок, азыр бирди сүйлөсө эртең анын тескерисин жасайт. Бүгүн боорукер болуп сен үчүн күйүп-бышын атса эртең эле андан өткөн таш боор жок болуп чыга келет. Бүгүн сенин таламыңды талашып атса эртең эле сага карама-каршы, душманың болуп чыга келет. Адамдарды жылкы мүнөз деп бекер айтышпайт да, колундагы байлыгына, сөөлөт-даражасына жараша бат-бат өзгөрүп турушат. Бул жигит балким тигил Бишкектеги Исабеков Мараттын кишилеринин биридир, же тигил акча жасаган контрабанданын адамдарыбы?  Менин айыгышымды, ооруканадан чыгышымды күтүп жүргөндүр. Качып кетпесин деп кайтарып аткандыр. Акча чыгарып жаткандарга акчанын деле мааниси жок да, ошол себептен акчаны врачтарга чачып жатат да. Бир дагы жакшы адамды жолуктура элекмин, мына Бишкектен өзүмдүн эле досторум өзүмдү сатып жибериши. Ал эми түрмөдөгү эркектердин жоруктары тигил, каалаганын зордуктап, каалаганын сабап, каалагандарын өлтүрүп, өздөрүн өздөрү билип, өтүгүн төргө илишип, түрмөнүн кожоюну болуп жүрүшөт».  Ушуларды ойлоп Диана өзүнө келип жүргөн бейтааныш жигиттен чочулай, сак боло баштады. Ички сырын айтпоого колдон келсе аны менен аз сүйлөшүүгө аракет кылмай болду. Сырттан врачтар менен сүйлөшүп жаткан анын үнүн укканда дароо эле уктамыш болуп көзүн жумуп калат. Алиги жигит келет да маңдайына отуруп ойгоноор бекенби дегендей кез-кез катуу жөтөлүп да коёт. Диана бардыгын сезип-билип, угуп турса да уктамыш болуп жата берет. Тигил жигит тажаганда чачына акырын алаканын алып келип, назик сылап коёт да, дагы бир аз отурган соң акырын туруп, дабыш чыгарбай, жай чыгып кетет. Ал кеткенден кийи да обочо жерде туруп алып атайын аңдып атпасын деп көзүн жумуп жата берет. Качан гана врачтар келип ойготкондо көзүн ачат. Акырындап бул жарык дүйнөнүн шоолалары Дианага кичинеден белги бери билине баштады. «Оо Кудайым, көзүмдү кайрадан көрсөтө көр» жатса да, басса-турса да анын ойлогону ушул болуп жатты. Ибрагим эки-үч күн катары менен келип Диананы ойгото албай отуруп-отуруп кайра кетти. Бул жолу да анын маңдайында бир топко тиктеп отурду. Анан күтүлбөгөн жерден эле акырын келип эрдинен өөп жиберди. Мындай күтүлбөгөндүккө Диаа аз жерден бакырып ийе жаздап, бирок уктап жаткан киши болуп өзүн-өзү араң кармады. Ал ордунан акырын туруп, жыла басып кетип калды. Анын эрини ушунчалык таттуу экен, дагы өбүшкүсү келип кетти. Муну менен катар эле эркектин кандайдыр бир жагымдуу жытын сезди. Ошондон баштап ал келип жанына отурганда дароо эле тааныш жытты сезет. Акыркы мезгилдерде ал Диананын атайылап, арамза уктап жатканын байкап калды. Көзүн жумуп былк этпей жатса да өзүнчө сүйлөнө берчү болду. Акыры аны ойготуп сөзгө тартты. Өзү жөнүндө бир сыйра тааныштырып өттү.  Жердиги  Ферганалык экен. Эне-атасы менен Ташкенге көчүп келип жашап жатканына бир топ жыл болуп калыптыр. Жашы жыйырма жетиде,

үйлөнө элек бойдок экен. Ал эми Диана болсо өзү жөнүндө көп анча маалымат берген жок. Андан чочулап а

 

МАДЫРА БАШТАР ЖАНА БАЙ АДАМДАР

 

 

 

 

Биринин артынан бири ээрчишкен эки чет элдик машина көчөдөн улам токтой калып жер алдындагы люктарды ачышып, ичин текшерип жатышты. Суу түтүгүн жөнгө салган кишилердин кийимдерин кийинишкен эки-үчөө кол  фонарлар менен люктун ичине кирип, алдын бир сыйра текшерип чыгышкан соң кайра башка жактарга барышууда. Шаар ичиндеги болгон жер алдындагы люктардын баарын текши кыдырып, текшерип жүрүштү. Шаар ичиндегилерден аларга көңүл бөлгөн эч кимиси болгон жок. Жумушчулар өз иштерин кылып жатат болуш керек деп ойлоп коюшууда. Булар акча чыгарган жашыруун жерден кызды качырып жиберишкен кишилер болчу.  Диананы издеп-издеп табышпаган соң жападан жалгыз люк калган болчу текшериле элек. Ошо себептен жер алдындагы темир түтүк өткөн жерлердин бардыгын бир сыйра кыдырып, текшерип келатышкан. Ошол мезгилде  Диананы саунадан качырып жиберишкен Бишкектеги Исабековдун адамдары да Ташкендин бардык жерлерин  шимшилеп, текшерип жүрүшкөн. Диананын көзүнүн тунарганы акырындап жоголуп, ары-бери баскан бүдөмүк сөлөкөттөрдү көрө баштады, бирок көзү али эч нерсени көрө элек болчу. Эмнегедир ал Ибрагимге жакы болуп кетти. Таң эртеден баштап эле анын келишин күтүп турчу. Анын келатканын тээ алыстан эле баскан дабышынан билип койчу. Бул жолу аябай жыпар жыттуу гүл алып келиптир. Диана гүлдөрдү жыттап, акырын сурады.

— Бул эмне болгон гүлдөр, аты эмне?

— Чынымды айтсам мен гүлдөрдүн аттарын жакшы разбиратся эте албайм. Сатып алып жатканда сурап алганда болмок экен. Эртең барганда сурай келбесем. Кудай буюрса эртең мындан да көп гүл алып келем. Бир кучак гүл.

— Жөн эле кой, убара болбой эле койчу. Бобул бир жумага жетет.

— Жок бул аздык кылат. Эртең мындан да көп алып келем.

* * *

Люктарды ачып издеп жүрүшкөндөр кокусунан көчөдөгү ойноп жүргөн балдардан жер алдындагы темир түтүктөн чала жан бир кызды алып чыгышкандары тууралуу угуп калышты. Алар ошол жердеги мадыра баштардын бардыгын чогултуп келишти дагы акча бери акырын сураштыра башташты.

— Кана кимиңер көрдүңөр аны, ал кандай кыз экен?

Топтошуп турган мадыра баштар бири-бирин карап туруп калышты, анан эң улуурагы бөлүнүп чыгып өзүнүн сунушун айтты.

— Эгер дагы акча берсеңер мен айтам…

— Адегенде айт, анан акча беребиз.

— Жок, биринчи акча бергиле, анан айтам.

Бери жактагылар да бири-бирин караша жылмайып күлүп калышты. Анан толмочунан келген  мурутчаны чөнтөгүнөн акча алып чыгып тигиге сунду.

— Болуптур ме ал, кана эми айтасыңбы?

— Аны бобул складдын ичинен көтөрүп чыгышты. Ушунун ичидеги люктан келемиштер талап жаткан жеринен таап алышыптыр…

— Кыздын кийими, чачтары кандай экен?

— Кийимдери, бети-башы топуракка оонагандай чамбыл-ала, көйнөктөрү да ар жеринен айрылып жүрөт, чачтары  уйпаланган сыягы бирөөлөр өлтүрүп туруп, ошол жакка ыргытып жиберишсе керек…

— Бул жакка милициялар келишкен жокпу, кыз тирүү бекен?

— Анысын билбейм, өлүп калган го, колдору-буттары шалактап жүрдү.

— Анан аны эмне кылышты?

— Бир мурутчан жигит машинасына көтөрүп барып салды да кайдадыр алып кетти…

— Эмне машина экен, анын түсү кандай экен?

— Кадимки эле жеңил машина, түсү кызыл…

— Ушулар машиненин маркасын билип коюптурбу, — ары жактан бирөө сөзгө кийлигише кетти. Алиги мурутчан киши чөнтөгүнөн акча сууруп чыгып мадыра баштарды кызыктыра баштады.

— Кызды көтөрүп кеткен жигитти ким тааныйт. Машина каякты көздөй кетти?

Бардыгы бир тарапты көрсөтүшө улам алдыга чыга калып жатышты.

— Болуптур, кана айткылачы, ал жигитти ким тааныйт?

Бардыгы билбейбиз дегендей бири-бирин карашты, тигинин колундагы акчадан көздөрү өтүп турушту. Алиги мурутчан киши ар бирине бирден кагаз акча таратып бери «бар ойногула» деп кетирип жиберди. Кетип бараткан мадыра баштарды токтотуп алды да, телефон саны жазылган ак кагаз таратып бери дагы бир жолу эскертип өттү.

— Эгер араңардан кимде-ким ошол жигитти же кызды, же болбосо алиги кызыл машинени көрүп калсаңар дароо бобул номурдагы телефонго чалгыла. Телефон чалганды билесиңерби?  Бардыгы «ооба» дешип тигил киши  берген кагазды жабыла бирден алышып, анан алган акчаларына кубаныша ары көздөй ойноп кетишти.

Бери жактагылар өздөрүнчө акылдаша ойлонуп туруп калышты.

— Кандай деп ойлойсуңар, ошол кызбы же башкабы?

— Менимче ошол эле кыз болуш керек.

— Болуптур ошол кыз деп коёлу, анда кара баштыктагы акчалары кайда калышы мүмкүн?

— Жер алдындагы өткөөл менен темир түтүктүн үстүндө сойлоп келатканда караңгы жерде, орто жолдо калып калышы мүмкүн…

— Жок андай болушу мүмкүн эмес, ал кыз орто жолго эч убакта акчаларды таштабайт болчу.

— Баса ал тирүү бекен же өлүп калдыбы, өлүп калган болсочу? Акчасын алиги жигит алып алды да…

— Эгер өлгөн болсо өлүгүн каякка алып кетти?

— Менимче ал али өлгөн эмес, эгер өлүп калса дароо телефон менен милиция чакыртышмак.

— Ада эмнеге «тез жардам» чакырышкан жок, эгер чала жан болсо…

— Ким билет, балким…

— Коё тургулачы талашпай, ал чын эле ошол кыз экенин силер кайдан билесиңер. Тигил мадыра баштар  айткандай ал таптакыр эле башка кыздыр. Кимдир бирөөлөр аны зордуктап анан өлтүрүп, люкту ачып жер алдына ыргытып таштагандыр? Келемиштер талап жеп жаткан жеринен таап алышыптыр деп жатышпайбы.

— Анда дароо милицияга кабарлашмак да, өздөрү көтөрүп машинага салып кетишпей. Бул жерде шектүү бир нерсе бар. Баса, айтмакчы кызды каякка алып кетти болду экен, үйүнөбү, моргкобу, милициягабы же  ооруканагабы? Кандай болсо да шаардагы моргдор менен ооруканалардын баарын текшерип чыгыш керек. Эгер аны алиги жигит үйүнө же талаага алып кетпесе. Кана убакытты өткөрбөй аны качырып же дайынсыз жоготуп жибере электе издейли. Ал кызды таппасак шеф бизди соо койбойт, кичинекей эле кызды качырып жибергендигибиз үчүн бардыгыбыздын сазайыбызды берет. Кой кеттик, анда…

— Бөлүнүп алып моргдорго барып, ооруканалардын бардыгынан издейли.

Топтошуп тургандар өз ара сүйлөшүшө машиелерине отурушту да, кайдадыр жөнөп кетишти. Күтүлбөгөн жерден эле акча бери, баардыгын тойлоткон кишилерди алиги мадыра баштар таңгалыша арттарынан узата карап калышты.

 

Уландысы бар.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE