Пример HTML-страницы
Пример HTML-страницы

Турмуштан тамган коз жаш. (ОКУЯ)

https://kyrgyzcha.site/?p=39451&preview=true Кызыктуу окуялар.

Турмуштан тамган коз жаш. (ОКУЯ)

 

Мен, — дейт бир татынакай кыз, эч бир балага конул буруп карачу эмесмин. Бирок кайсыл жерден кандай кадам таштадым билбейм, журогумо бир жигит кирип келди. Аны ушунчалык жакшы коруп, ушунчалык ага байланып бара жаттым кундон кунго. Бирок бир канча убакыт откондон кийин, анын уйлонуп ажырашканын угуп калдым. Озумду ушунчалык томон сезип, адам куруп калгансып ушул бала менен суйлоштумбу? — деп озумду озум жемелеп жаттым. Бирок жолугушууга келгенибизде, мен ага айтайын деген созумду айттым;

— билесизби? Мен сизге аябай капамын. Капа болгонумдун себеби, сиз мага уйлонгонунуз туурасында айтпаганыныз. Эмне? Мени ойнотуп кетейин деп ойлодунуз беле? Анан максатынызга жеттинизби? — деп кужуранып алдым. Бирок ал мага жарым жыл ортосунда бир да жаман айтпай, озунун жакшы жактарын гана корсотуп журду. Мен ойлочумун, бул да катардагы жигиттер сыяктуу эле жаманын жашырып, атайын эле уйлонуп алганча актер болуп жатат го деп. Бирок чындыгында да, ал жакшы жигит болчу. Ичим ачышканы, ал мага уйлогону туурасында айтпаганы болчу.

Ал болсо;

— мени кечир Айдай, болгону откон убакытты кайрадан эстеп, маанайымды тушуруп, сени да капаланткым келген эмес, — деп ачык айкын откондун баарын айтып берди.

— Конул коюп эле уйлондум. Башында баары жакшыдай эле болчу. Бирок кун откон сайын, аялым экообуз тез урушчу болдук. Уйдо жалгыз уул болгондугуман, эженин балдары чоноюп калды. Апан менен жашай берет да. Биз башка жакка кочуп чыгып, жалгыз жашалычы деп мээмди жечу болду. Бирок менин апамды сыйлабаган адамдын, мени сыйлашын мен таптакыр каалабайм да. Мен аялды апамын колуна кол, бутуна бут болуп, келин эмес, балким кыз болушун каалаган элем. Бирок ал менин апамы жамандап, турмушу болбой калган эжемди жамандап, уйуно соз ташычу болду. Жаман айтышпай эле эки жолго кетели — деп, жообун бергем. Сени жактырдым, адамкерчиликтуулугун, боорукердуулугун менен мени озуно арбап алдын. Сени алдап кетуу оюмда жок болчу. Бар болгону сени менен турмуш куруп, бактылуу жашоону каалаган элем. Бирок сени капалантып алган окшоймун? Кечир, деп башын жерге ийди.

— Бирок анын мага мынтип актанганы таптакыр жакпады. Аялын жакшы кармап ала албаган куноо сизде деп, кайра аны куноолоп салдым да, мен дагы жашоодо кимдир бироонун биринчиси жана туболуктуусу болуп жашагым келет. Турмуш курган эркекке тилекке каршы, турмушка чыга албайм деп басып кеттим.

… Арадан бир топ кундор отту. Чалган чалууларына, жазган каттарына бир да жооп кайтарбадым. Ошол эле кундордо, мурун мага чалып жургон жигит ала качып кетти. Аны сырттан эле таанычуу элем. Жакшы кийинген, озуно тыкан жургон жигит болчу. Ата энемдер келишип, мени калтырып кетишти. Уйдо жалгыз отурганымда, чалды. Жалгызым деп жазып койгон элем, журогум бир чети ачышса, бир чети эмне кылайын? Мен деле бактылуу болууга укугум бар го деп телефонду котордум,

— Эдил байке, мени ала кетишти. Жакында тоюбуз боло турган болтат. Ошого эми башка чалбаныз? — деп жатсам,

— токточу? Мейли менин куноом уйлонгонум болсо, макул чалбайм. Макул тынчынды албайм. Бирок акыркы жолу айтчы? Сен мени менчелик сагынасынбы? — деп жооп берди.

— журогум ооба, аябай сагындым деп жатты, бирок жок! Сагынбайм. Сиз да бактылуу болунуз деп телефонду очурдум.

Ошол боюнча чалбады.

 

Пример HTML-страницы

— Турмуштун алгачкы кундору башталды. Куйоом уйдо эн чону болгондуктан бут туйшуктун баары мойнунда эле. Бир жыл откондон кийин башыбыз карызга батып, кун сайын ичип келип мени урмай адат чыгарып алды. Жан дуйном ушунчалык жабыркап, куйоомо болгон жылуулук жоголуп баратты. Турмуш деген ушундай болот, — деп тишимди тишиме басып жашай бердим. Бирок бир куну чала мас болуп келип, алынын жетишинче сабады. Уйдун четинде ыйлап отурсам, сага уч талак! Уйуно кетишин мумкун — деп эшикти катуу жаап сыртка чыгып кетти.

Кайран менин омурум, убагында артымдан чуркаган канчалаган жакшы инсандарды жок кылып, тандаганым мынтип менин жообумду берип койду. Артыма карабай коз жашым менен уйумо жонодум. Уйго жетип эле дарбазанын алдында жыгылдым. Козумду ачсам ооруканада жатам. Бети башым селсаяктарга окшоп когоргон, ону тусум жоголуп куу болуп жатам.

Ата энем мени коруп, оздорун жоготушуп коюшту. «Башка тушконду коз корот» — демекчи, тагдырдын мага сунулган азабыбы? Же балким Эдил байкенин кадырына жетпегенимдин жазасыбы? — деп озумо озум суроо берип жаттым. Ооруканада жаткан учурда менин акыбалымды сурап, же кайн энем, же куйоом да келип койбоду. Кийин уксам ата энем куйоомду сотко беришиптир. 3 жылга эркинен ажырап, абакка тушуптур.

Бир аз озумо келип, ооруканадан чыктым. Ата энемин моюнуна жук болбоюн деп, кафеге ишке кирдим. Ошол жерде иштеп жургондо, Эдил байке достору жана, кыздарды ээрчитип кирип келишти. Озумчо эле кызганып, озумду койоорго жер таппай жаттым. Бирок озумду жоошутуп, анын турмушу башка, меники башка го эми деп ушкуруп алып, заказ алганы бардым. Мени карап нес болуп калган Эдил байке, копко суйлобой отурду. Досторуна силер эмнени жеп ичсенер, мага да ошону дайындап койо бергиле деп сыртка чыгып кетти. Чыгып баратып, Айдай? Заказдарды алып баргандан кийин сыртка чыксан? — деп айтты.

Чыксам омурундо тамеки чегип корбогон Эдил байкенин жотолуп жатып тамеки тартып жатканын кордум.

— озунузду мынчалык кыйнабасаныз Эдил байке? Сиз да бир адамга керексиз го? — деп соз ачтым.

— эмнеге? Эмнеге сен уйдо жылуу тамак даярдап, озун айткандай бактылуулуктун балын татып отурбай, бул жерде колунду муздак сууга салып озунду кыйнап жатасын? Ошондо мен эн бактылуу боломун — деп айтпадын беле? — деп суроолорду жаадырып салды.

Ич — ичимен эзилип ыйлап, Эдил байке? Мен турмуштан алдандым. Козум корбой, ушунтип эми жалгыз калып, ата энемин моюнуна жук болбоюн деп иштеп журом — деп Эдил байкени кучактап ыйлап кирдим. Чачтарымдар сылап,

— кой жаным, ыйлаба. Мен сенин коздорундон кубанычтын гана жашы агуусун каалаймын. Ыйлаба. Эртен апам, эжем экоон уйуно жонотом. Буюрса биз бактылуу болобуз деп жоошотту.

Эртеси айтылгандай эле апасы менен эжеси мени сурап келишти. Ата энем кызыбыз билет — деп жооп берип, мени чакырып апам сурады.

— кызым? Жашай турган сенсин. Озу бул балада конулун барбы? Бактылуу болууна козун жетеби? — деп сурады.

— оа апаке. Бактылуу болууга аракет кыламын. Убагында мен сага уйлоном дегенде, сунушун четке каккан элем. Анткени сиздерди нааразы кылгым келген эмес. Бирок азыр экообуз тен турмуш кордук. Ошондуктан бул жолу анын сунушун четке какпайынчы? — деп апама ыйлап кипдим.

… Ошонтип Эдил байке менен баш коштук. Турмуш куруп корбогон жакшылыкты ушул жерден коруп, кайн энем менен тил табышып, айтор мына эми бактылуулуктун даамын татып турган кезим. Арадан бир жарым жыл отту. Бирок Эдил байкенин мага болгон мамилеси бир дагы озгорбоду. Турмуш кургандан тартып 5 убак намазын окуп, мени оронтуп, ото куйумдуу жолдош болуп келет. Азыр эки айлык боюмда бар. Кээде туруп окунуп кетем. Мурун эле турмушка чыксам эмне болот эле? — деп озумду жемелеп. Бирок жаратканга мин мертебе шугур, менин бактымды башкага бербей, мага сунганы учун. — деп баяндап берет бизге автор.

 

— Адам баласы убагында ката кетирип, кийин анан аттин кылат экенбиз. Бирок бактылуулуктун даамын татуу ар бирибизге насип эткен болсун. Кээде акыйкатты билбей туруп, оз башымчылык кылып кадамдарды ойлобой таштап салабыз. Бироонун уйундогу маселелер башка бироого башкача корунгону менен, ал маселенин канчалык орчундуу экенин ал уй булодо жашап коргон адам билет — демекчи, ар дайым оор болуп, жакшы инсандарды жоготуп албайлы айланадан…

Пример HTML-страницы


Пример HTML-страницы



Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE