Пример HTML-страницы

Турмуш барактары 2-бөлум.

https://kyrgyzcha.site/?p=39134&preview=true Кызыктуу окуялар.

ТУРМУШ БАРАКТАРЫ.

Экинчи болум.

 

Уйкудан чочугандай козумду ачтым. Эч нерсени билбей катуу уктаган окшойм. Бирок мен ойгоноорум менен Осмондун уйундо экенимди эстедим. Кун да кыйла которулуп, сыртагылардын ары бери басып суйлоп жаткан ундору терезеден угулгансып жатты. Ордуман туруп келип терезенин бир жак капталынан акырын парданы ачып сырттагыларга коз салып турдум.

 

Тушко жакын менин алдыма эки классташ кызыма кошулуп эки уч балабыз чогуу кирип келишти. Кечээки эле шанкылдаган тамаша создор кайра башталды.

— Ай, куйоо бала кайда журот? Анынар такыр эле корунбойт да? деди бир кызыбыз тамашалай Осмонду сурап..

— Ал дагы деле уктап жатат. Тургузсак жакшы болот беле? .. деди бир балабыз эки жанындагы балдарга карап

— Жон кой уктай берсин. Кечке жатып уйкусу кансын. Кечинде ойгонсо болот да.

— Уктап, уктап алсын дегин байкушту. Эми мындан ары анын тун уйкулары да бузулат! дешип алар болмону жанырта дуу каткырышты.

Классташтарыбызга эмне? Алар кечээки кундон бери майрамдашып дагы деле мастыгы жакшы таркабай журушот. Анын устуно Осмон экообузду уйлоп жаткандарына оздорунчо кубанып кудундап алышыптыр.

Той артынан той уланып бугун кечинде менин эже-женелерим артымдан кыз кууп келишмек. Ага Осмондун туугандары топтолушуп боорсок бышырышып, казан кайнатып ары бери чуркашып чон даярдык коруп жатышты. Бирок кун кечтеп баратса да менин алдыма эмнегедир Осмон бир да жолу кирбеди. Ага ичимден озумчо бушайман болуп жаттым. Кечээ тундо озун билбей мас абалында жаткан учун, балдар аны башка болмого чыгарып кетишкен болчу. Ошондон бери мен аны бир да корбодум. Ошентип кечинде туугандарым да кирип келишти. Каада салт биринин артынан бири болуп, никебиз кыйылып, женелерибиз тошок салышып мени кошогонун ичине жалгыз калтырып чыгып кетишти. Кызыктын баары мына эми башталды окшойт.

Арадан бир саатка жакын убакыт отсо да Осмондон дайын жок. Женелерибиз оздорунчо эле чый пыйы чыгып кубур шыбыр болуп жатышты. Чынын айтсам мен аябай жаман абалда калдым. Женелеримден эмне болуп жатканы жонундо сурагандан уялып, бир жагы эми эмне болот экен деп? коркуп да жаттым. Жок.., бир убакта Осмон кошогонун ичине кирип келди. Ал дагы деле мас экен. Унчукпай эле кирип келген Осмон оор дем ала тошоктун этегине чоголой башын жерге салып отура кетти. Экообуз бир азга унчукпай унсуз отурдук.

— Мени кечирип кой Эркингул. Чынын айтсам, мен эмне болуп жатканына озум да жакшы тушунбой калдым, деди Осмон тилин булдурактатып.

Мен эмне демек элем. Унчукпай эле отура бердим. Эгер Осмон соо болгондо да бир нерсе деп суйлойт белем..?. Анын мас экенин карап отуруп ага суйлоонун кажети жок экенин жакшы тушунуп турдум.

— Эркингул мага капа эмессинби?

Бул жолу Осмон боюн термелте мага козун сузуп суролуу тигилди.

Мен унчукпадым.

— Тушуну-кт-уу. ..! деген Осмон дагы бир ирет озунчо оор дем алып алды да, устундогу костюмун чечип мага карай жакындап келатты.

 

Кайнатам аябай эле катуу киши окшойт деп ойлоп калдым. Анын созун уйдо кайненем баш болуп эч кимиси эки кылбайт экен. Биз уйлонгондон он кунго жакын кун отуп Осмондун каршы болгонуна карабай кайнатам бизге батаа алып берем деп, элге чон той берди. Ызылдашып баягы эле классташтарыбыз. Алар аялдары менен тойдо аябай эле ойноп бийлешип, тоюбузду коркуно чыгарышты окшойт. Менин мектепте чогуу иштеген мугалимдер коллективи да келишип бизге жакшы калоо тилектерин айтып кеттишти. Мугалимдер негизи эле создун устасы болот эмеспи. Баягы жакын санаалаш эжелерим мага жакын келишип

— Эркингул, Азаматсын. Отурган кыз ордун табат дегени ушул болот эмеспи. Болгондо да жигиттин гулуно куйоого тийдин. Осмон россиядан келгенден бери ага канчалаган кыздар коз кырын салбады дейсин. Угушубузга караганда, ага женелери коп жаш кыздарды корсотуп тааныштырыптыр. Ошончо кыздарды артка калтырып Осмонду сен тартып кеттин, дешип шынкылдаша кулуп калышты.

Мен аларга сыр бербей эле кулумуш эттим. Ооба ошентим. Мен бул создорду буга чейин эле оз женелеримден, эжемдерден да уккан элем. Айылдагылар Осмон экообузду жакшы эле талкуулашып соз кылышкан го?

Арасынан, А-ий Осмон ошол Эркингулго уйлонуптурбу? Ой ага айлыбыздын кайсы кызы болсо да суйунуп эле тиймек да. Жашыраагынан алса деле болмок экен? дегендери да болуптур. Ал созду уккан менин бир женем

— Ии! ..,ичинер куйуп жатабы ?! Ичинер ачышса туз жалагыла! деп алар менен уруша кеткен имиш. Женем да озунчо бир тарактаган кызыктай аял да тообо! Башкасын айтса да, мага андай создорду жеткирбей эле койбойбу? Же мага озун жакшы корсоткусу келдиби ким билсин?

-Эл оозунда элек жок дейт кыз! Сиз алардын создорун конулунузго эч албаныз. Кайра алардын козун куйгузуп Осмон менен кочодо колтукташып гана басыныз! деп женем мага акыл уйротуп койгонуна кантейин!

Кай-даан? Кайдан мен Осмон менен колтукташып эл козуно кочодо басмак элем? Осмон экообуз сыртыбыздан эле башкаларга жылмайып кулумуш этип жатканыбыз болбосо, ичибизде ит олуп жатканы менен эч кимдин иши жок! Анын устуно мен жаны келин болгонум учун да ошол кундору ийменип башымды коп которбой журдум.

 

Нике тундун эртеси да Осмон мага кундуз куну бир да корунбоду. Кечинде гана саат ондон отуп ал болмого дагы мас кирип келди. Анын эртеси да ушул эле нерсе кайталанды. Чынын айтсам мен аябай кыйналып чыктым. Журогум тынч эмес. Осмонго мен бир да тушуно албай койдум. Же мени менен жарылып бир нерсени ачык суйлошпойт. Алдыда мени оор кундор кутуп турганын сезип турдум. Себеби Осмондун мага конулу жок экени айтпаса да тушунуктуу болуп жатпайбы. Эрге тийбей да олойун! дедим ичимден. Ушундан коро тынч гана ата-энемдин торундо отурсам кана!? Эртеси куну мен уй жумуштарына бир аздан аралаша баштадым. Осмон да ошол куну кудай жалгап кечинде болмого соо кирди. Экообуз уйлонгондон бери биринчи жолу мандай тескей отуруп чогуу чай ичтик.

Тундо жатып Осмон мага соз баштады.

— Уктунбу? Атам бизге той кунун белгилеп коюптур. Келаткан Ишембиде экообуздун тоюбуз болот экен.

— Ооба кундуз энем мага да айткан болчу, дедим мен.

-Эркингул. Чынын айтсам мен бул тойдун болушун каалабадым эле. Атама каршы чыксам, ал мени укпай койду.

Мен унчукпай ойлонуп жата бердим. Ал кайра созун улады.

— Мага капа болбо Эркингул. Мени да туура тушун. Эгер мени балдар мас кылып салышпаганда мен сага эч качан уйлонмок эмесмин. Азыркыга чейин эч тушуно албай жатам. Мындан ары кандай кылаарымды да билбей отурам. Менин эн окунгонум… . сени менен нике тундо жатып койгонум болуп жатат. Кантсе да сен эми менин аялым болуп калдын. Бирок мен сага азырынча эч нерсе деп убада бере албаймын. Себеби…., себеби …..???

Ал бир азга унчукпай турду да оор дем ала

-Эгер ишенсен Эркингул, мен азыр атам учун гана сени менен жашап жатамын, деди

Осмондун бул создору менин журогумо бычак болуп сайылып жатты. Ансыз да бул уйго келгенден бери буулугуп озумо озум батпай калган экенмин, козумдун жашы шорголоп куюлуп агып жатты.

— Эркингул. Суранам ыйлап мени кыйнаба!

— Осмон, ушул создорду мага айткандан коро мени олтуруп эле салсан жакшы болмок!

— Ал эмне дегенин?

— Осмон сен озунду эле ойлой бербей, мени да ойлодунбу? Сенде намыс болбосо, менде бар намыс!. Мен сенин мага конулун жок экенине ыйлап жаткан жокмун! Мен оз кадырыма, намысыма чыдабай ыйлап жатамын.

Менин бул создорумо Осмондун жини келе тушту окшойт

— Андай эле намыской экенсин, ошол куну каршылык корсотуп, отурбай койбойт белен! Мен го мас экенмин. А сенчи? Же эмне эптеп эле эрге тийип алайын дединби?

Бул жолу Осмондун уну катуурак чыкты.

Мен кучумду коз жашыма чыгардым. Соз суйлой албай буулугуп ыйлап жаттым. Арыма келдим. Эмне кылган куноом учун бул кунду коруп жатканыма тушунбодум. Осмондун » Же эмне эптеп эле эрге тийип алайын дединби?» деген созу ок болуп журогумду тешип эле кетти. Мен бул жашоого жаралганыма да окунуп кеткенсидим. Осмонго башка соз суйлоонун кереги жок экенин тушундум. Себеби мен ага суйлоорум менен ал мени дагы жаман создор менен кагып салаары бышык болчу.

Ал унчукпай копко ойлонуп жатып мени бир азга жоошута

— Болду, ыйлаба эми. Той ото берсин. Тойдон эки кундон кийин жолго чыгабыз. Эртен барып экообузго билет алып келемин. Ошого чейин экообуз тен эч кимге эч нерсени билдирбегенге аракет кылалы Эркингул. Башка аргабыз да жок. Россияга баргандан кийин бир чечимге келээрбиз, деп Осмон тетири карап жатып алды.

Менде кайдагы уйку. Ал туну менин башыма эмне деген гана ойлор келип кетпеди. Бир туруп классташтарыма капа болсом, бир туруп Осмонду жек коруп жаттым. Тагдырыма окунуп, бул кундор тушум болуп калса кана эле! деп ойлоп жаттым.

Эртеси куну башым ооруп коздорум шишип, тундо ыйлаганым билинип калыптыр. Аны уйдогулордун баары эле сезип калышты окшойт. Бир убакта кайненем мени озунчо бир болмого чакырып алып

— Кызым, мага азыр сен эч нерсени айтпа. Сен айтпасанда мен баарын озум сезип журомун. Сага айтайын дегеним, кантсе да сен эми биздин келинибиз болуп калдын. Ошондуктан Осмондун создоруно капа болуп ал менен жаман жакшы айтышып урушпаганын дурустур. Сен жаш эмес, копту билип тушунуп эле калган кыз эмессинби.? Анын устуно озун мугалим болсон.? Акыл калчап жакшылап ойлонуп оз турмушун учун озун курошуун керек. Башына тушконду акылын менен кабыл ал кызым. Ошондо гана бакытка жетишесин. Биз сени Осмон менен бала чакалуу болуп, жакшы уй-було куруп кетишинди тилейбиз. Озунду чоктуруп капа боло бербей колго ал кызым. Жакшы ниет кылсан баары жакшы болот, деди.

Мен кайненемдин создорун баш ийкеп гана унчукпай угуп койдум. Анын создору мага бир аз болсо да дем болгону менен, менин алдыдагы турмушумдун келечеги жок эле.

 

Осмон айткандай эле, кийинки кундору ал экообуз эч кимге сыр бербегенге аракет кылып жашап журдук окшойт. Анын устуно уйдогулордун баары тойдун даярдыгы менен болуп жатышып бизге анча маани бере бербегендей. Же алар да атайын бизге ошентип жатыштыбы ким билсин? Себеби алар мага аябай эле жакшы мамиле жасашып, сыйлашып, кайненемдин эки созунун бири эле «келиним» болуп жатты. Айрыкча Осмондун козунчо ал менин кылган неткен жумуштарымды мактап, айланып ургулуп эле калчу. Бул учун да бир куну мен Осмондон жеме укпадымбы? Анын оюу боюнча мен атайын эле анын уйундогулорго жагынып жаткан имишмин. Бирок мен ага унчукпадым. Унчукпай гана андан кутулдум. Чынын айтсам мен Осмон менен он жыл чогуу бир класста окуганым менен мен анын мунозун жакшы билбейт экенмин.

 

Осмон Россиядан жолугушууга чейин эле он кундой мурун уйуно келген экен. Ошол кундору ага уйундогулор ар кимдин кызын айтышып, женелери Осмонду алар менен жолуктурганга да жетишкен экен. Бирок Осмон эч кимисине конул койгон эмеспи, же кандай экенин билбейм? Айтор Атасы аны уйлонбосон эч жакка кетпейсин! деп катуу эскертет. Анан эле классташтардын жолугушуусу болуп ошол куну балдар келишип аяш атасына мен тууралуу кеп козгошуптур. Айылдын эли бирин-бири жакшы билишет эмеспи. Мени укканда эле ал киши менин ата-энемдин жакшы адамдар экенин айтып

— Кудалашсам ошондой жер менен кудалашам да! Кызды алып келе бергиле! Эптеп Осмонду бир нерсе кылып уйлоп койбосок болбойт балдарым! деп, балдарга катуу дайындаптыр. Ошентип Осмондун энеси, женелери ал туну келин келет деп даярдана башташат. Ал эми балдар болсо келишип Осмон экообузду ар тараптан тамаша создорго алышат. Аларды ошондо классташтардын баары эле колдошуп, ызылдап каткырыктап жатышпады беле. Ошол куну ичимдиктер ичилип тостор айтылып жатып акырында балдар чындап эле бир аз кызып калган Осмонду атайын эле кайра кайра ичирип мас кылып салышкан экен.

Ошентип классташтардын айынан биз Осмон экообуз жок эле жерден уйлонуп жатпайбызбы? Осмондун мага конулу жок экенине карабай кийинки кундору мен ага унчукпай баш которбостон анын аялы катары оз кызматымды кылып журо бердим. Колумдан башка эмне да келмек эле. Же ордумдан туруп баарын таштап атамдыкына кетип кала албасам? Айласыз эптеп бул кундорду да башымдан откорууго туура келди. Ичимден эртерээк эле бул кундор да отуп, бул жерден тезирээк кетсек экен деп да калдым. Эмесем мен аябай эле кыйналып кеттим.

 

Ошентип биз кетчу кун да келип калды. Кетээримде кайненем менен кайнежем мага коп акыл насаат создорун айтышты. Осмонго да атасы эмнелерди айтты билбейм. Ал киши бизди машинасы менен озу аэропортко чейин узатып келди. Коштошуп жатканыбызда ал Осмонго

— Кана уулум. Эмесем силерге акжол! Менин айткан создорумду озун жакшы тушундун болушун керек! Мен силерди жакшы ынтымактуу уй-було болуп жашайт деп ишенемин! деп ал экоо кучакташа коштошушту.

Самалетко чыгып отурганыбызда менин журогум бир кызыктай болуп ачышып, козумо жаш тегерене тушту. Коз алдыма ата-энемдин элеси тартылып, мени алдымда тумандуу оной эмес кундор кутуп турганын тушунуп турдум.

 

 

Уландысы бар.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE