Пример HTML-страницы

«Тумчуккан сүйүү» 1-бөлум

https://kyrgyzcha.site/?p=37887&preview=true Кызыктуу окуялар.

«Тумчуккан сүйүү» 1-бөлум

 

Алоолонгон сезимге акылдын бийлиги өтпөй, ойдо жок жерден сиздин турмушуңузга септиги тийип калаар бекен деген кенедей үмүт менен, тестийер кыз кезимен максатсыз түрдө жүрөгүмө уялатып алган «тун сүйүүм» дү ушул күнгө чейин эч кимге айтпай ичиме салып тумчуктуруп жүрүп, соңунда өзүм да билбей сизге ашкерелеп алдым. Ким экенимди билбесеңиз да акыйдемди урматтап, бир топ жылдан кийин болсо да ошол белгисиз катыма жооп жазып, адамгерчилигиңизди билдиргениңизден улам, сиздин жумурдан чыккан жубардай таза ары бийик адамдыгыңызга эт жүрөгүм элжиреп, эрксизден колума калем алып башыман өткөн окуяларды, ойлогон жүрөк сырларымды ак кагазга дагы биржолу түшүрө баштадым.

 

Мен ошентип, туп-туура отуз жашка толгондо анан той жасадым. Ушул жашыма чейин той жасабай жүрүп эл ичинде аз болбогон айың, кеп- сөздөргө да калдым. Ата- энем, тууган- туушкан, курбу- курдаштарым : «Той жасасаң болбойбу? Неге той жасабайсың? Же сүйлѳшкөн кишиң барбы?» дешып мазамды алып, тынчымды кетиришти. Жашым отуздан ооп кетсе «карадалы» атыгып, багым байланып «олтуруп» калышымды мен дагы абдан билет болчумун.

 

 

 

А бирок, менин еч кимге сыр бербей турган табышмактай мүнөзүм, тубаса түнттүгүм жана көктүгүм менен он беш жыл бою өзүмө эч кандай тийешеси жок бир жигитке сыртынан ашык болуп ,түбү жок туңгуюк сүйүүгө өнө боюм менен малынып, өчпөстүн отун жагып, сымаптай ичимен сызып, куру кыялга алданып күдөрүмдү үзбөй, тагдыр мага тартуулаган алгачкы кыздык аруу сүйүүмдү ушул күнгө чейин унута албай жашап келгенимди ким билсин?!…

 

Сиздин жогорку окуу жайын бүтүрүп Урүмчүдө кызматтанып калганыңызды угуп, аралыгыбыздын ансайын алыстап, эмы жолугу мүмкүнчүлүгүбүздүн огобетер азайганын билип турсам да күдөрүмдү үзгөн эмесмын. Бир жылга жетпей журтуңузга келип, жөнөкөй эле бир кыз менен той жасап аны Үрүмчүгө жөткөп кеткениңизди угуп жашоомон түңүлүп, ээн жерге барып алып эчкирип ыйлап, өлбөстүн күнүн гана бир көрдүм ошондо. Кийин бир кыздуу болдуңар, андан көп узабай эле дагы бир уулдуу болдуңар. Сиздин экы балалуу болуп, үй-бүлөңүз менен бактылуу жашап жатканыңызды угуп, тагдырыма там берип, арийне ичимен сүйүндүм, бул чындыкты мойундабай да амалым да жок болучу…

 

Сизди толук орто мектептин 1-жылдыгына барганда жолуктуруп, анда сиздин 3-жылдыкта окуп жаткан «чоң жигит» экениңизге карабай сыртыңыздан сүйүп ашык болуп, анан сиз жогору окуу жайына өтүп Урүмчүдө калып, той жасап аялыңызды жөткөп кетип, эки балалуу болгонго чейин, аралыктан он беш жыл өтсө да эч ким менен той жасоого дитим барбай, тикендей жалгыз жүргөнүм, меники да өзүнчө бир кызык…

 

Менин башыман өткөргөн сүйүү азабымды жан адам билбейт эле, тиш кагып бырөөнө айтпастыкка ант дагы ичкенмин. Бирок, азыркы күйөөм той жасоонун алдында менин артыман түшүп мага үйлөнүү талабын кайра- кайра коюп аябай тажатканынан улам бир ошого гана актарыман жарылып, сизди бала кезимен тартып сүйүп жүргөнүмдү, сизден бөлөк эч кимге көөнүмдүн түшпөгөнүн айтып, аны менден үмүт күтпөй башка кыздар менен той жасоосун өтүнсөм да болбой ансайын мага үзүлүп түшүп, мени менен сөзсүз той жасап бактылуу кылаарына ант бергендиктен, жүрөгүм эрип, акыры аны менен баш коштум.

 

Биздин той жасаганыбызга бир жылдан ашып, эмы эле балалуу болуп, тунгуч балабыздын кызыгына батып бактылуу жашап жатканыбызда, тагдырдын шамалы сизди алыскы чоң шаардан мен жашап жаткан бул чөйрөгө учуруп келди. Кызмат байланышы менен үй-бүлөңүздү алып биздин ооданга жөткөлүп келдиңиз. Он беш жыл бою эсимден эгерим кетпей жанымды кыйнап, оюман чыкпай көкөйүмдө сайрап туруп алган жандай көргөн жакшы кишимди биринчи жолу жакын эле жерден кезиктирип, эмне жасарымды билбей оюм онго, санаам санга бөлүнүп, бир топ күн эсим ооп эндиреп жүрдүм. Сизге тааныштык берип кайрадан көңүлүңүздү бурушум, же капыстан жолуккан болуп жакшы өтүп калышым толук колдон келеер эле. Бирок, эми анткенге менин адамдык абийрим жол койгон жок. Акылдын ээлигине көнбөй алып- учуп жаткан шайтан сезимимди, дагы эле сизди көргөндө булкунуп туйлап турган бети жок жүрөгүмдү бек кармап сизге жолобостукка, ашкереленбестикке бекидим.

 

Алкачкы күндөрдө сиздин биздин ооданга көчүп келгениңиз жаңылык болуп мурдагы тааныш- билиштериңиз, эмики сиз менен аралашып жакын өткүсү келгендер дасторкон жайып сизге ызат- сый көрсөтүп жатышты. Кээ бир шайкелең кыз- келиндер сизге сыртыңыздан ашык болушуп «капкан» куруп,»торго» түшүрмөй да болуп жатышты. Анткени, сиз мен кыз кезимдегы ашык болгон келишкен келбетиңизден али кетпеген, кишиге жагымдуу сылык- сыпайы мүнөзүңүздөн эч качан тайбаган экенсиз. Алтургай ансайын көркүңүзгө келип, арык денеңызге эт конуп толмоочтонуп, оор басык, салабаттуу көрүнүп, көргөн адамдын урматын козгойт элеңиз. Сиздин үй-бүлөңүз менен бактылуу жашап, күндөн- күнгө эл- журттун урматына алынып, кызматыңызды мыкты иштеп, алигиндей «капкан», «тор»лорго түшпөй абройуңуз менен салакатыңызды сактап жүргөнүңүздөн улам менин өзүмчө ичим жылып, сыймыктанып кандайдыр жетине албай жүрдүм…

 

Сиздин зоболоңуз күндөн- күнгө жогорулап, кызматтын бийигинен көрүнүп жаткан күндөрүңүздүн биринде, капысынан үй- бүлөңүздүн бузулуу шум кабары бүтүн ооданды бир алды. Көрүнгөн эле адамдардын оозунда сиздин ушагыңыз, айрыкча аялдардын арасында бул «талуу түйүн» маселеге ар түркүн жоромолдор айтылып, кулактан- кулакка жеткизилип жатты. Ушул күнгө чейин сиздин үй- бүлөңүз жөнүндө эч кандай жаман кеп уккан эмесмин. Ажырашмакчы болгон эр- аялдардын алдын жамандашып, жака тытышып урушуп, мал- дүнүйө талашып сотко чейин барып абийиринин аттай кетиши бештен белгилүү. Бирок, сиз жөнүндөгү кептер анын тескерисинче. Сиз аялыңыз менен урушпай- талашпай, үй- жай, мал- дүнүйөнү бүт ошого берип, сыртка сыныгыңызды чыгарбай басып кетиптирсиз. Ошондон улам элдин оозунда «аялын бузукулук кылган жеринен кармап алыптыр» деген ушак- айыңдар айтылып жүрдү. Ошондо да сиз деле бир ооз «жаман» дебей, атайын сизден чукулап сурагандарга «айтаар эч нерсе жок, эп өтө албадык» деп, жөнөкөй гана жооп берип, айың сөздүн баарысын сандыракка чыгарыптырсыз.

 

Эмнеле болбосун сиздин турмушуңуздун бузулганы бир мезгил тынчып калган менин жан- дүйнөмө күчтүү дүрбөлөң салды. Узун жылдар бою сизге жетүүнү гана эңсеп, сиз менен баш кошуунун кезметин күтүп жүргөн мендей бир тумчуккан сүйүүнүн ээсы үчүн баардык нерседен кечип, өзүмдү ашкерелеп, бир айласын таап сиз менен тил табышуу толук колдон келер иш эле ал кезде. Бирок, бул»кезмет» мага өтө эле кечигип келген болучу. Мен эми өзүмдү чын дилинен каалап сүйгөн ак жүрөк күйөөмдү, наристе баламды таштап көңүлдүн артына түшө турган кезден өтүп кеткен элем. Кайра иштин баарысын оңго жооруп, сизди адашкан жолунан кайтып, ачууга алдырган болсо кайта акылына келып, эл- журт салаа кылса жубайы менен жуп калаар деп , калаберсе ошондой болушун чын жүрөгүмөн тилеп жүрдүм…

 

Аттиң ! Сиз ажырашып бир жылга барбай эле мени менен кошуна олтуручу, күйөѳсүнөн жамандашып ажырашкан, таасири өтө начар бир жубан менен той жасамак болуп жаттыңыз. Кайсыл кезде кандайча болуп ал жубан менен табышып калганыңызга менин акылым жетпей айран. Ошол кабарды укканда, өзүмдү кармана албай эчен ирет сиздин кызмат ордуңузга издеп барып көрүшмөй болуп, кайтара дарбазаңыздын түбүнөн канча ирет кайтып келгенимды өзүм да билбейм. Кандай кылаар айламды таппай соңунда сизге бир парча белгисиз кат жазмай болдум. Менин бул белгисиз катыма сиздин ишенишиңиз да белгисиз болучу. Ошондо да бир урунуп бакмай болдум. Катты кайдан баштап кайдан аяктатышты өзүм да билбей, бир канча күн курулай убара болуп, ойлогон сайын оюм узарып, максатымды кагазга түшүрө албай өтө кыйналдым. «Сөз чынынан бузулбайт» деп, кандай гана болбосун сизге чын сөзүмдү айтып, ак жеримен жарылгым келды. Сиз айткан сөздөрүмө ишенбесеңыз да, ушул катты жазуу аркылуу узун жылдардан беры ичимде толуп жаткан бугумду бир чыгарып алгым келды. Ал белгисиз катты мына бул саптар менен баштадым :

 

Уландысы бар……

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE