Пример HTML-страницы

Талас ШИИБге кызматтык жаңы унаа тапшырылды

Акыркы жанылыктар

TurmushТалас ШИИБге кызматтык унаа тапшырылды. Бул тууралуу бүгүн, 11-апрелде Талас ОИИБдин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка караганда, Талас шаары Талас облусунун борбору. 40 миңден ашык калкты 50гө жакын милиция кызматкери тейлейт. 1 күндө 10дон ашык чакыруу түшүп турат. Шаар аймагында кандай гана кылмыш, кырсык же окуя болбосун 102 кызматына күнү-түнү чакырууларга өз убагында барып туруу керек. 2008-жылы чыгарылган «УАЗ 390902» үлгүсүндөгү унаасынын иштетилүүчү мөөнөтү өтүп, эскилиги жеткен.

2021-жылынын 12 айында нөөмөт бөлүмүнө жалпы 2115 чакыруу катталган. Алардын баардыгы каттоого алынып, ыкчам чаралар көрүлөт. Жарандардын кайрылууларына жана ар кандай 102 билдирүүлөрүнө өз убагында жетүү үчүн жана Талас шаарынын калкынын коопсуздугун жакшыртууда демөөрчүлөр тарабынан «Хонда Степвагон» үлгүсүндөгү унаа тапшырылды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE