Пример HTML-страницы

«Сезим сырлары»

https://kyrgyzcha.site/?p=38330&preview=true Кызыктуу окуялар.

«Сезим сырлары» ♥

Жигит:

-Сени кайра көрөм деп ойлобогом. Өзгөрүп

кетипсиң.

Кыз:

-Жашоо ошого аргасыз кылды.

Жигит:

Жашоо…Өз жашообузду өзүбүз бузабыз.

Анан баарын жашоого оодарып

коёбуз..Баарына жашоо күнөлүү…

Жигит:

-Анан?.. Жашооңо ыраазысыңбы?

Кыз:

Кейибейм

Жигит:

-Анда эмнеге ыйлап жатасың?

Кыз:

Ыйлаганым жок

Жигит:

Адашыпмын, сен дагы деле алдаганды

билбейсиң, өзгөрбөпсүң…

Кыз:

Мен сизди дагы бир жолу көрсөм,

жүрөгүмдү кыйнаган сагыныч бир аз болсо

да жазылмак.

Билем, эми менин сизде акым жок. Эмне

кылайын? Көргүм, сүйлөшкүм, үнүңүздү

уккум келип жатат. Бүгүн сиздин мага жазган

СМСтериңизди акыркы жолу окуп жатам.

Эмнегедир жүрөгүм, сизге жолукчудай

кубанычта, бирок, жоксуз. Күлгөнүңүз,

сөздөрүңүз, баарын эстедим жанаэс эстеп

жатам.

Сизди сурап, көргүсү келип, жүрөгүм ыйлап

жатат. Сиз менин жашоомдун кубанычы

элеңиз. Сиз менен сүйлөшсөм, бардык

нерсени унутулат эле. Ойлорумдун баары

сизде эле, таң атканча телефондо сүйлөшүп,

сөздөрүм бүтпөйт эле. Менин эң табылгыс

адамыма айланган элеңиз. Биринчи

махабатым, эми болсо арманым. Бирок мен

сизди жүрөгүмдө сактаймын. Айтчу эле,

«сүйгөнүң менен аркы дүйнөдө жолугасың»

деп, кийинки жашоомдо бир гана сиз менен

болом. Жараткандан бир гана ушул нерсени

сурайм. Өзүм унутсам да, жүрөгүм унута

албай жатат. Сизди эч качан унутпаймын.

Мага канчалык кыйын болбосун, сизди

сагынып, сүйө берем…Бактылуу болуң……

Жигит:

-Унуттум деп, өзүңдү алдаба.

Мени эч качан унутканың жок.

Өзгөдөн бактыңды издебе,

Аларда менин ордум жок…..

Сагынбайм деп, өзүңдү кыйнабачы,

Көздөрүңдө сагыныч сыздап турат.

Жүрөгүңдү эзе бербе ойлонуп,

Ойлоруңда элесим сүйлөп турат..

Кеткен болсоң, жанымдан кеттиң,

А сезимден кеткен жоксуң..

Өзүң күткөн арманга жеттиң,

А бирок арзууга жеткен жоксуң…

Себелеген тамчы эмесмин,

Жолдоруң ыйлап караган.

Сен үчүн мен бороонмун,

Жүрөгүңдө дагы деле сыздаган.

Унуттум деп, сен эч качан ойлобо,

Оңой эмес, махабатты унутуу.

Сагынычта толуп турса кусалык,

Мен эсиңден чыкпас сүйүү күйүтү….

Көз жаш төкпөйм а мен сага кошулуп,

Кетпеймин мен сүйбөймүн деп бурулуп.

Жашап келем, сабыр менен жылмайып,

Ыйлай берсин кайгыларым буулугуп.

..Мен ушундай сезимдерде бороонмун,

А сен үчүн, таттуу арман болоормун..»Сезим сырлары»

Жигит:

-Сени кайра көрөм деп ойлобогом. Өзгөрүп

кетипсиң.

Кыз:

-Жашоо ошого аргасыз кылды.

Жигит:

Жашоо…Өз жашообузду өзүбүз бузабыз.

Анан баарын жашоого оодарып

коёбуз..Баарына жашоо күнөлүү…

Жигит:

-Анан?.. Жашооңо ыраазысыңбы?

Кыз:

Кейибейм

Жигит:

-Анда эмнеге ыйлап жатасың?

Кыз:

Ыйлаганым жок

Жигит:

Адашыпмын, сен дагы деле алдаганды

билбейсиң, өзгөрбөпсүң…

Кыз:

Мен сизди дагы бир жолу көрсөм,

жүрөгүмдү кыйнаган сагыныч бир аз болсо

да жазылмак.

Билем, эми менин сизде акым жок. Эмне

кылайын? Көргүм, сүйлөшкүм, үнүңүздү

уккум келип жатат. Бүгүн сиздин мага жазган

СМСтериңизди акыркы жолу окуп жатам.

Эмнегедир жүрөгүм, сизге жолукчудай

кубанычта, бирок, жоксуз. Күлгөнүңүз,

сөздөрүңүз, баарын эстедим жанаэс эстеп

жатам.

Сизди сурап, көргүсү келип, жүрөгүм ыйлап

жатат. Сиз менин жашоомдун кубанычы

элеңиз. Сиз менен сүйлөшсөм, бардык

нерсени унутулат эле. Ойлорумдун баары

сизде эле, таң атканча телефондо сүйлөшүп,

сөздөрүм бүтпөйт эле. Менин эң табылгыс

адамыма айланган элеңиз. Биринчи

махабатым, эми болсо арманым. Бирок мен

сизди жүрөгүмдө сактаймын. Айтчу эле,

«сүйгөнүң менен аркы дүйнөдө жолугасың»

деп, кийинки жашоомдо бир гана сиз менен

болом. Жараткандан бир гана ушул нерсени

сурайм. Өзүм унутсам да, жүрөгүм унута

албай жатат. Сизди эч качан унутпаймын.

Мага канчалык кыйын болбосун, сизди

сагынып, сүйө берем…Бактылуу болуң……

Жигит:

-Унуттум деп, өзүңдү алдаба.

Мени эч качан унутканың жок.

Өзгөдөн бактыңды издебе,

Аларда менин ордум жок…..

Сагынбайм деп, өзүңдү кыйнабачы,

Көздөрүңдө сагыныч сыздап турат.

Жүрөгүңдү эзе бербе ойлонуп,

Ойлоруңда элесим сүйлөп турат..

Кеткен болсоң, жанымдан кеттиң,

А сезимден кеткен жоксуң..

Өзүң күткөн арманга жеттиң,

А бирок арзууга жеткен жоксуң…

Себелеген тамчы эмесмин,

Жолдоруң ыйлап караган.

Сен үчүн мен бороонмун,

Жүрөгүңдө дагы деле сыздаган.

Унуттум деп, сен эч качан ойлобо,

Оңой эмес, махабатты унутуу.

Сагынычта толуп турса кусалык,

Мен эсиңден чыкпас сүйүү күйүтү….

Көз жаш төкпөйм а мен сага кошулуп,

Кетпеймин мен сүйбөймүн деп бурулуп.

Жашап келем, сабыр менен жылмайып,

Ыйлай берсин кайгыларым буулугуп.

..Мен ушундай сезимдерде бороонмун,

А сен үчүн, таттуу арман болоормун….

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE