Пример HTML-страницы

Россиядагы каргашада аман калган Айгүл Алибаеванын апасы кырсыкка чейинки сүйлөшүү тууралуу айтып берди

Акыркы жанылыктар

TurmushРоссияда 14 кыргыз жарандын өмүрүн алган жол кырсыкта аман калган Айгүл Алибаеванын абалы жакшы. Бул тууралуу Turmush басылмасынын кабарчысына жакындары билдирди.

Алибаева — аталган жол кырсыгынан тирүү калган үч кыргызстандыктын бирөө. Ал 1981-жылы Баткен облусунун Баткен шаарында туулган. Учурда Ульяновск облусундагы ооруканалардын биринде дарыланууда.

Жакындарынын айтымында, Айгүл Алибаева бул окуялардын баары түшүндө болуп жатат деп ойлогон. Апасы Айтгүл Осмонова каргашалуу окуя болордон бир саат мурун кызы менен телефон аркылуу сүйлөшкөн. Кызы чек арадан документ иштерин ийгиликтүү бүтүрүп, кайра кайтканын билдирген.

«Ооба, кызым менен сүйлөштүм. Ден соолугу жакшы. Азыр кудайга шүгүр, кызым сүйлөп жатат. Ульяновсктогу облустук клиникалык борборго которушуптур. Ошол жерде дарыланып, келиним карап жатат. Окуя боюнча сураган жокмун. Жаны калып, ден соолугу жакшы болгонуна эле сүйүнүп отурам. Эмне дешти да билген жокмун. Өзүн көрүп, кубанычым койнума батпай жатат. Окуя болгондон бир саат мурда мени менен байланышкан. «Чек арада өтүп бүттүк, жолдо баратабыз» деген. Саат 13:10до кабарлашкан, батамды бердим. Мени менен сүйлөшкөндөн кийин 1 сааттан соң каргаша болуптур. Мен аны ошол күнү кечинде уктум. Күйөө балдарым барып, кирип көрүштү. Тартып, сүйлөштүрүштү», — деди Айтгүл Осмонова.

Айгүл Алибаева жол кырсыгында башынан жана бутунан жаракат алган. Апасы Осмонова кызын аталган аймактагы ооруканада дарылатууга аракет жасай турганын кошумчалады.

«Мен бул жакка алып келип, кызымды кыйнап, кантип карайм? Мүмкүн болушунча ошол жакта дарылоого аракет кылам. Башынан кичине жараат алыптыр. Колдору кичине көгөрүптүр. Бир буту тизесинен ылдый гипсте. Сынганбы же эмне болгонун дарыгерлер дагы көрүп айтабыз деген. Мен бүгүн маалымат ала элекмин. Азыр тууган-урукка, коңшу-колоңго түлөө өткөрүп жатам. Буюрса дагы 1-2 сааттан кийин кабарлашам», — дейт апасы.

Айгүл Алибаеванын үч баласы бар. Ал сегиз жылдан бери Россияда миграцияда жүрөт.

Видеону А.Алибаеванын жакындары тарткан.

———————————————————

21-августта Россиянын Ульяновск облусунун Николаев районунда жол кырсыктын кесепетинен 16 адам каза болду. Алардын ичинен 14 киши — Кыргызстандын жарандары болчу. Андан тышкары 3 кыргыз жараны оор абалда ооруканага жеткирилген.

Самара шаарынан Москвага бара жаткан кичи автобуста 19 адам бар болчу. Россиянын Ички иштер министрлигинин алдын ала маалыматы боюнча, кичи автобустун айдоочусу оңдолуп жаткан жолдон өтүү үчүн өз кезегин күтүп турган. Ошол учурда кичи автобусту аркасынан жүк ташуучу унаа сүзгөн.

Каза болгон кыргызстандык жарандар:

1. Абдулхамид уулу Жакыпбек — 1990-жылы 20-августта Араван районунун Гүлбаар айылында туулган;

2. Бекмурзаева Диана Акылбековна — 1998-жылы 4-сентябрда Ноокат районунун Төөлөс айыл аймагына караштуу Муркут айылында туулган;

3. Кутманали уулу Сыймыкбек — 1999-жылы 22-июлда Араван районунун Гүлбаар айылында туулган;

4. Сулайманова Уулкан Хакимовна — 1976-жылы 15-октябрда Кара-Суу районунун Кенжекул айылында туулган.

5. Жуманалиев Шекербек Аманалиевич — 2000-жылы 24-апрелде Аксы районунун Үч-Коргон айыл аймагында туулган;

6. Мусабаева Элнура Турганбаевна — 1980-жылы 1-ноябрда Жалал-Абад шаарында туулган;

7. Ормонбек кызы Алина — 1995-жылы 22-январда Таш-Көмүр шаарынын Кызыл-Алма айылында туулган;

8. Турсуналы уулу Адилет — 1999-жылы 5-октябрда Аксы районунун Үч-Коргон айыл аймагында туулган;

9. Каныбек уулу Азиз — 1976-жылы 13-январда Сузак районунун Ленин айыл аймагына караштуу Жыгач-Коргон айылында туулган.

10. Абдуллаева Ойгул Гани кизи — 1991-жылы 29-мартта Кадамжай районунун Марказ айылында туулган;

11. Акылбек уулу Майрамбек — 1997-жылы 27-декабрда Кадамжай шаарында туулган;

12. Кожомбаев Каныбек Мухамадзакирович — 1986-жылы 12-октябрда Кадамжай районунун Марказ айылында туулган;

13. Арыстанбек уулу Нуртилек — 1996-жылы 24-октябрда Баткен районунун Табылгы айылында туулган.

14. Ирисбаев Алмазбек —1978-жылы 11-июлда Баткен облусунун Кадамжай районунда туулган.

Ооруканага жеткирилген кыргызстандык жарандар:

1. 1981-жылы 23-апрелде туулган Алибаева Айгүл;

2. 2001-жылы 18-июнда туулган Бекназар уулу Сыймык;

3. 1993-жылы 13-ноябрда туулган Абдусалим уулу Таалайбек.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE