Пример HTML-страницы

Пресс хата 1 бөлүм

https://kyrgyzcha.site/?p=22142&preview=true Кызыктуу окуялар.

Пресс хата

 

1- болум

 

 

«Алдыга бас» деген буйрук ооздон чыгып-чыга электе, Рысбектин чагылгандай тездик менен артын «жалт» тиктеши — сактыктан, же коркунучтан эмес, тырмактай бала кезинен бош убактысын кетирбей машыккан спортсмендин сезуу жондомдуулугу (реакциясынын) кучтуу онукконунон болчу. Карылуу мойну «шарт» бурулганда, майда булчундары тилкелене, куроо тамыры чынала, курмандыгын коздой секирик жасаардын алдындагыдай ар бир кан тамыры ийилчээк, серпилгич бир кучко ээ болгондой кубаттуу сезимге биригип, чытырман токойдун аяк башын тутундой туро кыдырган джунглинин сулуу, кучтуу жаныбары болгон ягуардын коз карашынан кем болбогон Рысбектин карегинде — атактуу Дамаск болотунан чынап, сугарылып жасаган ичке шамшардын эки мизи келип кошулган кылда учуна чагылышкан кун нурундай козду жалтантууга аргасыз кылган журогу курч откурлук, ошону менен бирге — эки билегине тырыштыра салынган кунурт кара темир кишендерге карабастан, ортодогу торт кадам аралыкты бир ирмем менен илгиртпей отуп чаап салчудай денени аргасыздан дурулдоткон зор айбат, кычкач ондонгон кош темирдин ортосуна денесин салып жан аябаган кыйноонун турун корсотушсо дагы жаны оозунан чыгып кеткенге дейре тиштенип, ун чыгарбай акыркы мунот калганда ал кучун жыйып туруп жек коруусун карегине топтоп тегерегиндеги кыйноочуларын тегерете жалдуу бир карап алып кирпигин «шылк» тушуруп багынбай кете берчудой зор дымагы сезилет.

 

Тула бою «дирт» жыйрылып алды узун бойлуу «конвойдун» . Эрксизден, кайыш кобурадагы пистолетине карай жылмышкан оз колун ички эрк менен токтотуп калды.

Рысбек экинчи кайталаткан жок, конумуш кыймылы; орто бойлуу, кен далылуу денесин каккан казыктай туптуз алып, эки ийини анда-санда чайпалганы болбосо, булчундуу колдорун оорута кыскан кол кишендерге кайыл — артына алган тейде, алдыга тушту. Кулагы арттан келаткан кадамдардын дабышында. Ушул сааттан баштап; дити, козу, кулагы, сезими — намысы биригип, сак болушу зарыл, Коркууну э ес, сактыкты талап кылат азыркы абалы. Непада, бир гана мунотко алсыздыкка жендирип койсо, буга чейин, бала болуп башына жун чыккандан берки пенделик коркунучтарын женип, озун-озу алдастабай эр журоктуулуко тарбиялап жургон кыял мунозунун кобунон ажырап калышы ыктымал. Темирдей, балким андан да чын эрк керек. Анткени темир да «чарт» сынат. Ал болсо адам.

Жай да, акырын да эмес, ортодогу аралыкты бир олчомдо сактап, коридордо басып бараткан Рысбекти астыда эмне кутуп турат? Буга чейин, Кыргызстанда алгачкы мындай кылмыштын изи чыга элек эмеспи. «Алгачкы, кыргыздын рекетирлери! » «Ниндзялар! » » Республика коркунучта! » «Рекеттер баланчаны кыйноого алып, аябагандай чон суммадагы акчаны талап кылышыптыр! » «Бешоо тен — Чыгыштын байыркы жекеме-жеке курошу менен машыккан, профессионалдуу спортчулар экен! Буларга тен келе турган спортсмендер республикада жок имиш! «Рекеттердин ана башы болгон Рысбек деген — бокс боюнча спорттун устаты, Чыгыш курошу: карате, кунгфу боюнча тендешсиз тажрыйбалуу кылмышкер социализм кыйрай электе эле, Советтер Союзунун чон шаарларын кыдырып, чон байге коюлган, жашыруун, криминалдык топтор уюштурган, белгилуу жана капчыктуу бай адамдар чакырылган залдын аренасында — таймашка коркпостон чыгып журуптур! «Кара поясы» бар каратистти учунчу раундга жеткирбей куулонгон куштай абага атып чыгып, тентайлашынын белин сындыра тээп, реанимацияга жаткырууга аргасыз кылыптыр! «.

Ушундай легенда-имиштер абада калкып журду — Рысбек камакка алынгандан кийин.

 

 

Уландысы бар.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE