Пример HTML-страницы

Оюндан от чыкты 8 бөлүм (аягы)

Оюндан от чыкты

8-бөлүм…

Айбек менен Айдар эртеси кечинде Кыргызстанга жетип келишти…Сургутта башка нерсени ойлоп жатса Кыргызстанга келип ою өзгөрүп кетти…

—Айдар мен Данеке жардам берем бирок кайтпайм..Дамирдин түбүнө жетем менен…

 

—Андай ачууга алдырба..Аны кармап берсек ошонун өзү жетиштүү болот..Бас Данеке баралы…

 

—Жок досум менде план бар.Азыр экөөбүз барсак балдары бизди көрүп Дамирге жеткизет андан көрө көрүнбөй иш кылалы..Маакул…

 

Ошентип бул экөө ишти четинен изилдеп баштады.Милицияга барып жардам беребиз деп өтүндү…

Бул убакта Данек жөн олтурбай,ошол Москванын кыйын Детективтери менен жашыруун байланышып,аларды чакырып ишке салган.Булардын кызмат акысы асман тебет.Анан кантсин балдары үчүн баарына даярда…

Данекти Дамир эмне десе ошого маакул бол дешти..

Ойлошкондой эле Дамир байланышты…50миң$ акча сурады.Балдарга ошондо тийбейм деп..Телефон аркылуу чалуу кайжактан болуп жатканын аныктап жетип барышты.Түрмөдө отурган бул шумпай баарын билет болчу.Алдын алып бир телефон менен чалып башка жака барып анан ыргытып качкан.Мындай куу кылмышкер менен кандай иш алып барышты билбей жатты…

 

—Алоо Данек акча качан даяр болот.Мен чыдабай кеттим.Балдар сени сен балдарды сагындыңар.Бири-бириңди көрбөй өлсөңөр кандай жаман ээ…Батыраак даярда..Эгер бирөөгө айтсаң сенида кошуп жок кылам уктуңбу….

 

—Дамир эмне мынча ташбоор болуп кеткенсиң.Жок дегенде мурунку күндордүн элесине кичине жумшарсаң боло..Баардык жокту берүүгө дайармын..Балдарды берип бизди тынч койсоң баары сеники..

 

—Сен ансызда балдарды эми көрбөйсүң.Менде сунуш бар.Сен баардык жогуңду сатып акчаңды алып кел. Чет өлкөгө качып,Чогуу жашап үй-бүлөөнү кайра курганы аракет кылабыз…

Ушунча жалынып калдың ичим ачышып кетти просточу….Маакулсуңбу ойлон…Болбосо акчаны ушул жума ичи дайарда…түүүттттттт

 

Данек аябай ойго батып чындап коркуп жатты.Төрөлгөндөн бери абат деле көрбөгөн балдарына ичи ачышып мээрим төкмөк беле.Бул мыкаачы мындан коркуш керек деп жатты..Жүрөгү өйүп баштагандыктан даарысы түгөнүп калып даарыканага чыкты..Машинесинде баратып үйүнөн анча алыс эмес жердеги кафеде Айбек тамактанып жатканын көрүп калды.Көргөн көзүнө ишенбей токтоп жанына барды..Айбек экенине көзү жеткенден кийин артынан бекем кучактап алды..Айбекда Данектин дем алуусунан,ааламда тапкыс деген жытынан тааныды.

 

—Сен келдиң беле?Эмнеге айтпайсың?Эмнеге таштайсың?

Мейли таштасаңда мени бир угуп анан таштасаң болот беле.Беш мүнөтүңбү аядыңбы..!—деп отургандарга карабай ыйлап жатты.

Элдин баары экөөнү карайт…

Ыңгайсыз абалда калган Айбек Данекти машинага тартып экөө жүрүп кетти.Үн сөз жок шаардын четине чыгып кетти.Бак-дарактуу жерге келгенде Данек ылдамдыкты көбөйтүп баштады…

 

—Эмне кылып жатасың Данек..Токтот дейм..Өлгүң келип жатабы…Мени түшүрүп кой өзүң өлө бер мен балдарды куткарышым керек.

—Ообаа өлөм.Мага жашоонун болду не кереги бар..Жашоом тозоко айланды..Атам таштап кетти..Сен дагы..Балдарыма жардам бере албай отурам.А сенчи сен бир маска үчүн мени таштап. Ошол кезде мен коляскада олтуруп калып интернеттен башым чыкпай калган.Бир күнү парольумду унутуп коюп жаңы почта ачкам,Дамирге бир тийишейин дегем тамашалап.Ошондо ошол бир кыздын сүрөтү чыкканда коюп алып эле жазгам.Ал мени бузукуга чыгарды жана балдарым жок деди.Балдарын тирүү балдарын чанды түшүнөсүңбү.Ошондо мен андан түңүлүп байланышты үзүп салгам..Сен жаза баштадың.Убакыт өткөзөм деп жазып жүрүп сага кантип байланып калганымды билбейм..Сени кантип сүйүп калганымды билбейм.Чындыкты айтсам сени жоготоорумду билдим.Ошондуктан ушул кадамга бардым..Кылганымдын баары сага болгон сүйүүм үчүн..Мени кечирчи ойнойм деп оюндан от чыгып кетеерин мен кайдан билдим…Кечир кечирчи……

Мен жашагым келбейттт…

Акырындап барып токтоп калды…

Мен сени сагындыым…Жанымда болчу..Таштабачыы….

 

Айбекта кучагына өзүн таштаган сүйгөнүн ыссык демине туруштук бере албай бекем кучагына кысты..Эки ай аралыгында бирин-бири сагынышкан жандар калган сөздөрүн көз караш менен айтып,экөө баягы эр менен зайыбты кошкон төшөкө оонашты…Данек бүт көйгөйүн бир саамга унуткандай сүйгөнүнүн койнунда балкып жатты..

Мунун баары Дамирдин адамынын фотоапаратына тушуп жатты…

Данек менен Айбек сүйлөшүп азырынча Айбектин келгенин сыр Кылып турууну чечишти…

Бул кабар Дамирге жетеер менен жин тийгендей Данеке жетип келди..

Ачуусу менен Данекти жаагына чааап чаап салды…

 

—Сен эмне кызганасың…Катының эмесмин уктуңбу..Жакында акчаңды берем балдарды таштап жоголуп кет…Ушуну эле күтүп аңдып турган Айбек үйгө киришип Дамирди колго түшүрүштү..Дамирди ушунча кыйнасада өчөшүп балдарды кайда экенин айтпай жатты…

Данек менен жолугууну суранды..Данек маакул болуп кирди..

 

—Данек мен сени чын дилден сүйгөн экенмин..Сендей эчкимди сүйө албадым…Туура убагында мен ката кетирдим бирок сен аялсыңго мени күтүп жашасаң болбойт беле?

Мен кайтмакмын…Сен бирөөнү таап алып жыргап кетиптирсиң.Кызганычтын күчүнөн гана сага болгон сүйүүмдү түшүндүм.Кара карачы акыбалымды..Каракчы болдум калдым..Баарына сен күнөөлүсүң,мени сүйүү ушул күнгө салды..Жада калса балдарымда душмандай көрүп эч боорума кыстырышпады..Билесиңби ошондо сени өлтүрүп салгым келди…

—-Дамир сага деген сүйүүм эбаак өчкөн…Сен мени бузукуга чыгарып тирүү балдарыңды жокко чыгарганыңда сенида мен жокко чыгаргам.Мени менен сүйлөшүп турууң үчүн ошол квартираны алганыңды укканда сени өлдү дегем.Кыйын күндө таштап кеткен сени айтчы кантип күтмөкмүн ..Айбекпи ал деген менин баспаганыма карабай сүйдү.Менин басып кетишиме өзүм ишенбей жатканда ал ишенди..Мени бастырып алды..Ал үчүн мен өмүрүм менен карызмын…Мен балдарды сөзсүз табам..Сен болсо ушул жакта чирийсиң….

 

—Чирибейм..Балдарды экинчи көрбөйсүң…Мени сыздатканың үчүн менден беттер сыздагының деп кирип кетти…Ошол түнү Дамир өзүнө өзү кол салып эртеси күнү түрмөдөн өлүгү чыкты….

Мунук уккан данек кайгырды..Эми балдарды кайдан табам деп ыйлап жатты….Балдарды бүт баары тынбай издеп жатышты…Дамирдин агасы Дамирдин өлгөнүнө Айданекти күнөөлөп кыжырданып кантип өч алууну ойлоп жатты…Оюна арам ой келип жатты…Бир айдан ашып Дамирдин кыркы өткөндөн кийин Дамирдин агасы Кеша ишке киришти.Балдар ошол агасынын колунда калган эле..Данектин кызын өзүнүн инисинин кызын,өз канын муунтуп өлтүрдүда дагы анысы аз келгенсип зордуктап туруп бир чооң каробкага салып сыртын белекти кооздогондой кооздоп чоң баласын жанына олтургузуп Данектин эшигинин алдына таштап кетти..

Эх тооба адамдар айбандан начар келет деген чын турбайбы..Алты жаштагы кыздын күнөөсү эмне?

Дамир өзүн өзү өлтүрдүго Данектин күнөөсү эмне..?

 

Эшике чыгып турган Айбек чооң каробканы көрдү.Кооздугу көз жоосун алат..Барып эле жазуусун окуду.

Дамирден аркы дүйнөдөн Данеке салам деп турду…Чоочуркап эле Милиция чакырды…Келгенче чыдабады.Ичинен ыйдын үнү чыгып жаткан..Каробканы бычак менен тилип ача салды..Ичинде болсо Данектин чоң баласы карындашынын өлүгүн кучактап ыйлап үнү чыкпай калыптыр…Кызынын өлгөнүнө ишенбей жүрөгүн тыңшап жатты..Тез жардамда келдии..Бирок баары кеч эле..Данекда ойгонуп сырттагы ызы-чуудан чыга калды..Элдин көптүгүнөн эчнерсе көрүнбөй жакындап баратканда ары жактан бир Медработник Данекти бекем кучактап өткөрбөй жатты..Эне жүрөгү бир нерсе туйгандай жулунуп жатты.Оюнда Айбекти бир нерсе кылып кеткен деп ойлоду.Өйдө боло калган Айбекти көргөндө балдарына бирнерсе болгонун түшүндүда эч кимге ээ жаа бербей жулунуп жетип барды..Кызынын жылаңач жансыз денесин көргөндө Данектен жашта чыкпай үнда чыкпай катып калды..

Отургузуп спирт жыттатып жатып бир аз өзүнө келтирди…Кызым кызым ойгон ойгоон деп жабыша калып беттерин тыткылап бир туруп ойнотуп жаткандай кытыгылап жатты.Эч майнап чыкпады кыз түндө эле жан берген болчу…Баласыда жүрөгү түшүп психика жактан доо кетип больницага алып кетишти…Ошол күнү Данектин жашоосуна көтөрө алгыс кайгы түштү,жашоосун кара булут каптады..Жүрөгү кармап жыгылып калды…Айбек ыйлап жүрүп бакма кызын бир жумадан кийин жерге берди…Кешаны табышты..Милициялар Кешаны атайын жырткычтар менен кошо камады эле анын кичинекейлерди зордуктаганын билгендер Кешаны беттер кылып ташташты эле Кеша туруштук бере албай алда өзүн өзү өлтүрүп алды….

 

—Сиз Айданек Ахматованын жолдошу болосузбу?

—Ооба акыбалы жакшыбы??

—Бир жумада операция кылыш керек.Боюндада бар экен..Жакшы болуп кете албайт..Ичиндеги бир айдан өтүптүр..Алып салсак жүрөгү көтөрө албайтт..Кыскасы жаңы жүрөк керек…..Донор жок..Кезекте тургандар толтура..Бир жумада алмашпасак баары кеч болот…Кайрат кылыңыз деп кирип кетти….

 

Мунук уккан Айбек эч кайгырбады..Балам төрөлсүн менин жашоом ошондо уланат деп чечти..

Түнү менен олтуруп Данеке бир чооң дептер толгуча кат жазды..Анын ичинде жашоосунда болгон Данек менен өткөргөн ар бир мүнөттүн кереметтигин айтып турду…

 

Каттан үзүндү…

 

Кандайсың менен жашоомдун мааниси..Сен өзүңө келгенде мен бул дүнүйөдө жок болом..Бирокчу э жааным сенде менин жүрөгүм калат..Ичиңде болсо менден калган дагы бир жүрөк калат..Сен кайгырбачы болду..Жашооңду майрамга айлантчы..Маакул өзүң үчүн болбосода мен үчүн..Мен сага ишенип кеткен жүрөгүмдү бир мүнөтта ыйлатпа бул сага аманат..

Мен сени чексиз сүйөм…Билесиңби,мен бүгүн бул катты жазып жатып мурун жазуучу болсом болмок экен деп ойлоп кетпедимби…Сага деген сүйүүмдү кагазга түшурсөм бүтпөгөн дастан болмок экен…Мен жүрөгүм сага аманат болгонуна байланыштуу өзүңө,болочок төрөлчү наристеге,чоң балабызга кам көрүү эми сенин милдетиң..Мен ишенем сүйүүм жүрөктө калат а жүрөгүм сени чексиз сүйөт демек сен өзүңдү эми сүйүп жашайсың…Мен эч өкүнбөйм кетип жатканыма анткени бир жүрөгүмдү берип мен эки мага эң кымбат адамдарды куткарып жатам…Мага деген сүйүүң чын болсо бир тамчы көз жаш төкпөйм деп сөз бер…Менин ушул жазылган катымды балдарыма жомок кылып окуп берип чоңойт..Атам жокпу дебей мен алардын жүрөгүндө жашап жатканымды билишсин…Айткандай сен баштаган оюнга туш болуп бактымды тапканыма кубанычтамын.Эсиңде болсун оюндан от чыкпады,оюндан сенин жаркын келечегиң гана чыкты.Оюндун башкы каарманы болгон кандай бакыт экенин мен азыр туюп турам.Жан биргем аман бол….КОШ…АЙБЕК…

 

Мына ушинтип жазган кат эле калды Айбектен…Эртеси эле Айбектин жүрөгү Данеке салынды…Жашоо уланып жатты…Бул катты өзүнө келген Данек окуп алып жүрөк тушун мыжыгып көздөрүнөн мөлт мөлт жаштар куюлуп жатты..Жети айдан кийин Данек кесерева менен эркек бала төрөп,атын Айбек деп койду..Кызы менен Айбеке күндө куран окуп эки уулун багып келет Данек азыркы күндө……

(Аягы)

 

Урматтуу окурманым жакшыбы жаманбы мынтип бул чыгарманында соңуна жеттик..Сиздерге жакты деген үмүттөмүн…Окуганыңыздарга чооң рахмат…

Замандашым сүйүүнүн кадырына жетип таарынышпай жүрөлү деген сөз менен аяктадым…

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE