Пример HTML-страницы

Оюндан от чыкты 7 бөлүм.

ОЮНДАН ОТ ЧЫКТЫ.

7-БӨЛҮМ.

Айбек чыгып кайда барып эмне кылаарын билбей каңгып жүрдү.

Бул эмнеси мен буга ишенип жүрсөм.Баарына даяр болсом менден жашырганы турбайбы..

Анын эмне кереги бар эле.Ушундай калптан кийин кантип жашоого болот.Мындайдан кийин көңүл калат турбайбы!!-деп таарыныч ызасын сүйүүмө чекит деп алмаштырып ойлоп баратты.

Данек болсо бул кылганына өкүнүп баарын ачык айтпай деп калды..

Кызык эң башкысы мени сүйсө мурункуга эмне мынча көңүл бөлөт..

Дамирди текшерип сынап ойнойм деп мындай болушун кайдан билдим.

Оюндан от чыгып кетет деген ушул тура..Мен аны эми кайдан табам деп кайненесиникине барды издеп..

—Апа кандайсыз,үйдөгүлөр отурабы?

—Кел кызым бактылуу бол баары жакшы..Я кокуй балдарды Айбекти алып келбей жалгыз келдиңби?

Мынтип көтөрүнбөй эле келбейсиңби.

Бутуңарга жакшы туруп алгыла а эмне биздин күн өтө берет пенсия деле тийген….

Данек бул жакада келбептирда деп кайдан издейм деп башы катып калды..Чай ичип тамак жасап коюп кетип калды..

Айбек Данек жокто үйгө келип паспортун бир аз акча кылып алып кеткен.Кийимдеринеда тийген эмес.Жада калса коштошуу катында жазбаптыр.Ушунчалыкда каттуу таарынабы?Мен сүйүп калып мындай кылганымды түшүнбөй жатпайбы….Кантип таап түшүндүрөм эми…..

Айбек мурунку иштеген жагы Сургутка билет алып апасына барып иштеп келем деп айтып кетип калды.

Оокаты бул жакта жакшынакай өтүп жатканда эмнеге барасың ыя?Деген бойдон калды.Ичинде кудуңдап мейли расс болот кайра өзүнө ылайыктуусун ошол жактан таап келет деп кубанып жатты..

Айбек кетип калды.Данек издеп антип мынтип жүрдү пайда чыкпады.

Данектин атасы ошол күндөрү эчнерседен кабары жок болчу.Жүрөк оору булардын канында бар болгон үчүн чак түштө эле Арман жумуштан жыгылып кете берди…

Аттиң ай эми араң мынтип жашоосу оңолгондо ажал атасын ачуу жин сүйгөнүнөн ажыратты..Бул соккуга Данек араң туруштук берип жатты..

Жашоосу аңтарылып жашоо бүткөндөй эле Данек өзүн көтөрө албай ооруп жатып калды.Атасынын кыркын чыгарып жүрүп Айбекти деле издөөгө убактысы жок.Жаназага келген кайненесинен Айбекти Сургутка кеткенин укту..

Баары тынчыганда кайтарбасамда барып баарын түшүндүрүп кетейин деп ойлоп жатты..Эх баары эле биз пландагандай боло берсе кана э..

 

Бул убакта Дамирди агалары бизге жакын болсун деп өтө көп акча кетирип Дамирди Кыргызстандын сизосуна котортуп жатты..Баарына ыза болуп жүргөн Дамир чыкканда баарын соём деп…Дамирге бул жагдайдан оңой чыгып кетүү жолундай көрүндү.Самалётто алып келишти.Аеропорттон орган кызматкерлери тосуп алып Уазике салып шаардын четиндеги түрмөгө алып баратты..Эки эле кызматкер коштогондуктан Дамирдин агалары жолдон жардам берип Милицияларды жыга чаап качырып жиберишти…

Таң атпай эле Данектин үйүн Милиция басты..Дамирдин качып кеткенин укканда Данек калтырап жай таппай жатты.Жаңы салынган үйүнө тез көчүп кетүүнү көздөп шашылып жатты..Дамир аз болсода отуруп бир топ тааныш жыйнап койгон.Сыртынан аңдыганга бир ай мурун эле киши салган Данектин артынан.Айбектин кетип калганыда Дамирге маалым болчу.Эки киши жалдап буюмдарын жыйнап жаңы үйүнө көчүп кетти.Оюнда бул жакты таппайт деп жатты..Атасынын иштерида Данеке калган эчнерсеге жетишпей,бир четинен коркуп жүрдү…

Милицияда жаңы жактан таппайт деген ойдо буларды кайтарбай койду.

Дамир аңдып жүрүп түн ичинде кирип келип Данекти болушунча коркутуп балдарды алып качып кетти…Апааа апааа деп чыркырашат.Баласы үчүнчү класста окуп калган.Кызы биринчиге бармак акыл-эс тартып калган.

Эчнерсеге карабай машинеге салдыда үйдү сыртынан жаап өрт коюп салды…Өлсүн деген жок коркутайын эле деди..

 

—Данек энеең кан..к эгер ооз ачсаң түп тамырың менен энеңди кошуп союп кетем..Өрт өчүргүч чакырды өзүм өрттөдүм деп айтасың .Сен мага кандай азап бердиң сенда ошондой кыйнал уктуңбу…Эми балдарды көрбөйсүңң..Издеп эле көрчү балдардын өлүгүн жиберем.Жашасын десең үн чыгарба уктуңбу деп чачтан кармап бир тееп кетти…..

 

—Дамир менде не өчүң бар?Таштап кеткен өзүңго акыр…Мени өлтүрсөңда балдарды аячы..Сенин каныңго ушулар…Тийбечи аларга..Каалаганыңды берейин..

 

—Мага сен керек болчусуң.Эркек адашат эмне экен…Сен ургаачысың күтүшүң керек болчу.Силерди багайын деп темселеп кеткем мен керек болсо…Жакшылыкча кепке келбедиңби эми өзүңдөн көр..Жөн эле өлтүрбөйм сени азап чегишиң керек….!!—деп кетип калды…

Өрттү өчүрүштү.Данекти сооротушуп эмне болгонун сураса эч айтпай койду..Эх баягы ишенеер атасы жок же..Кайсыл жактан өлтүрүп кетет деп сак болуп жүрдү аябай.Бул убакта Милициянын начальниги бул күйөөсү Дамирдин иши экенин байкап жүрдү.Данектин артынан Дамирдин кишиси жүрсө мурун эми буга дагы бир орган кызматкери гражданский кийим кийип кошулду..

Бирөөсү Данекти аңдыса бирөөсү Данекти аңдыганды аңдыйт…

Жаны чыкчудай акыбалда жүрүп Айбектида унутуп койду..Айбек болсо барганы барып алып иштей албай ою санга бөлүнүп Данекти сагынып ичип жүрдү.Акыркы күндөрү башы арактан чыкпай калды.Муну көргөн досу себебин билгиси келип Айбек уктап жатканда телефонунан Данектин номерин алып алды…Данектин номерин күнүнө миң өчүрүп миң сактап сагынычтан таарынычтан жинди болуп бараткан….

Досу Айдар Данеке эки күндөн кийин айласыз чалды…

Түүүүттт түүүтт түүүт деп алты жолу кеткенде трубканы назиик бирок калтырак баскан үн алды..Данек оюнда Дамир чалып жатат деп ойлоду.Анткени Айдар номерин жашыруун кылып звонтетип жаткан.

—Алооо алооо угуп жатам.Ким бул?

—Мен тиги неме Айбектин досу болом..

—Өзү кайакта?Эмне өзү чалбайтт.Эгер Дамир сен ойнотуп жатсаң басыл болду.Мени дагы канча кыйнайсың..Ансызда балдарымсыз коркуп жашоо жанга тийди..Өлтүрүп сал андан көрө…

 

—Жок жок чын эле Айбектин досумун.Силерге эмне болгон.Айбек келгенден бери Данек эле деп арактан башы чыкпайт. Мындайы жок болчу..Себебин билейин дегем…

Дамир депда айтып берди эле.Ал камакта эмес беле?

 

—ооба камакта болчу.Качып кетиптир .Үйүмдү өрттөп балдарды уурдап кетти..Бирөөгө айтсаң балдарыңды өлүгүн жиберем дейт.Эмне кылышты билбей жатам.

Айбек болсо бир нерсеге жинденип түшүндүргөнчөм кетип калды..Таппай калдымм…

 

—Ошончо күндөн бери апасына барсаң деле укмаксыңда.Айбек сен үчүн көп нерсе кылыптыр артынан келгени жарабадыңбы Данек?

Сүйүүгө жинди болуп баратат досум.

 

—Азыр мен эчнерсе кылалбайм.Атамда каза болуп калды кыркын чыгарып артынан барган жатсам мындай окуя болуп кетти..Айбеке айтчы ал мага керек.Өзгөчө азыр керек..Мурун эмне кылсамда аны сүйгөнүм үчүн жоготуудан коркконум үчүн кылгам.

Мени кечирсинчи..Келбеседа өзүн кор кылбай жүрсүнчү..Мени түшүнүп койсунчу…!-деп трубканы коюп койду…

 

Айдар Айбеке звонтеттим айттым ушинтти деп айта албай,коркуп эки күн жүрдү.Үчүнчү күнү чыдабай келип Айбеке баарын айтып берди..

—Энеееңди десе доста сендей болобу деп кыжырланып нараазы болуп кетти..Экөө урушуп талашып акыры Айбек жинденип Айдарды тепкилеп салды.Айдар досум деп унчукпай жатып берди..ДОС деген өзү эле кандай угулат э…А чыныгы достун бар болгону кандай керемет.Өзүңдүн катаңды өзүңдөн биринчи түшүнүп сезип жардамга шашып турат.Эмне десеңда,кылсаңда таарынбайт..

Дос деген ушул Айдардай болуш керек…

 

—Ал деген калпычы,алдамчы.Билесиңби мени канча алдап жүрдү..Үч жылдай интернетте сүйлөшчүбүз.Маска жасатып башка сулуунун кейпин кийип мени алдап жүрүптүр.А мен ага ишенип.Мен анын түсүн эмес жан дүйнөсүн сүйгөм..Билесиңби мага кандай каттуу тийди..Буту баспасада өз кебетеси менен тиги интернеттеги пери жоголгондон кийин ошол кызга окшотуп аны сүйгөндөн каттуу сүйдүм..Ал аны сезбеди..Жиндиге чыгарбай кийин деле айтса түшүнмөкмүн.Дагы маскасын катып коюптур…Таап алдым,түңүлдүм…Мени дагыда мурун алдаса керек кайактан билем.

Бир алдаган адамга кайра ишене албайм мен…..

 

—Баарын сени жоготуп албаш үчүн кылдым деп жатпайбы.Данек мындай кылбаса сен коляскада отурганын уксаң жакындамакда эмессиң туурабы?Бул жерде биринчи сени Данек сүйүп бүт кадамды ошол жасаган.А сен болсо Герой эмессиң.Сенин оордуңда бүт эркек ошентмек.Катынга окшоп арманыңды айтып отурасың.Бир катачылыкты болгонуда сен үчүн жасалган мындай кадамды кечире албасаң эркектигиң кайсы..Кыскасы мени досум десең эртең биринчи рейс менен учуп барып жардам беребиз.Жок десең кала бер..Арагыңды кучактап мен өзүм деле бара берем колумдан келгенин кылам..Баягы Дамир түрмөдөн чыгып балдарды уурдап үйүңө өрт коюп кетиптир.А сен эшектен айрымаң жок.Үй-бүлөөңдү коргой албайсың.

—Эмне кыл дейсиң я..яяя?Маакул барып жардам берем бирок ал үчүн эмес.Досум сен үчүн өзүмдүн сүйүүмдүн урматы үчүн….

 

—Ооо бул башка кеп.

Ошол эле күнү барышып Новосибирск анан Кыргызстан пересадка менен кылып билет алып келишти.Түнкү саат төрттө учуп кетмей болушту…

 

Уландысы бар…

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE