Пример HTML-страницы

Оюндан от чыкты 3 бөлүм.

Оюндан от чыкты..

3-бөлүм..

Данектин эч нерсеге көңүлү тартпай чүнчүп баратты.Ушунчалык тажаганда кызын бекем кучактап өөп алат.Бала жыты бейишта..Жанды эргитет..

Мен акмакмын бир эркек үчүн ушунча боломбу…Үмүт кылган мен жинди…Жакшынакай кезимде таштап кеткен ооруганда эмне болуп калыптыр…

Жашоо уланат….

Бир күнү сайтка кирип калды.Баягы жазган Айбек аттуу бала жазыптыр..

Дагы көп сүрөт көрүп жазышкандар бирок Данек ошол Айбеке жооп жазды….

 

—-Ай жарык э бүгүн?

 

-Ооба,жарык экен!!Адам капаланганда айга карайт,сырдашкысы келет….

Айтчы сен эмнеге капасың?

 

—Жашоого…..

 

—-Жашоого капа болгон болбойт,баарына адамдар өзүбүз күнөөлүбүз….Өзүбүздү эле ойлойбуз.

 

—Балки туурадыр..Менин атым Айданек….Жашым 19да…..

 

—Аа жакшы экен карындаш.Мен Айбек жашым 26да…кааласаң эч кимге айтпаган сырларыңды айтсаң болот,мени сырдаш кылчы….

 

—Менин сырдашым бар.

 

-Кечир сендей сулуунун кантип сырдашы жок болсун..Кызык неге кызганып жатам….?

 

—Андай деле эмес менин сырдашым ай…Айга бүт нерсемди айтып берем.

 

—Ай анда эң бактылуу экен..Данек бир нерсе айтайынбы?

 

-Кулагым сизде..

 

-Сен менин жакын адамымдай туйулуп жатасың.Ар бир сөзүң жүрөкө кадалып…Кайдан түшкөнсүң?

 

-Айтасызда…Тамашалабаңыз..

 

-Сулуу чын.Мен азыр Сургуттамын.Сен үчүн барууга дайармын.А сенчи?

 

-А мен жолугуша албайм.Байланып калуудан корком…..Булардын мындай жазышуулары күндө таң атканча уланып жатты.

Данек Айбекти күн сайын күтөт.Онлайн болоор менен жазат сагынат.Бул жакта өзүн толук кандуу кемчилиги жоктой сезчү..Арадан билинбей эки жыл өтүп калды..Бул эки жылда Данек дагы деле баса албады.Атасы бир Супермаркетин Данеке берип башкартып койду.Күндө алып барып келет.Мунун баары Данекти жашоодон үмүтүн үзбөсүн дегени болчу.Өзү Экономист болгон үчүн эч кыйналбады.Кайра алаксып өзүн керектүү адамдай сезип жүрдү..Айбек мененда күндө сүйлөшөт.Айбексиз өзүн элестете албай калган..

 

—Данегим.Кандайсың.Мен сен жөнүндө билгим келет.

Скайп бар экен сенде звонтетейинчи.

 

-Данек айласын таппай калды.Ыйлап жатты.Жоготуп алуудан коркту.

Эки жылдай аралыкта Айбеке каттуу байланган болчу.Оюна эч нерсе келбей.Мамилени үзүүнү Айбекти алдабоону чечти.

Бүт нерсени айтайын деп айта албайт,тили барбайт.Бул адамы өмүр бою жек көрүп калуусунан коркот.Интернетти чукуп олтуруп ушундай бир мастерская жөнүндө окуп калды.Ал жакта маска жасалат болчу.Ошол жак менен байланышып сүйлөшүп акчасы бир топту чапчысада ошол кыздын жүзүндөй кылып маска жасатты…

Жок өзүнүн деле сулуулугу кем эмес бирок башканын сүрөтүн койгондон кийин башында айласыз эле.Ачык айтпаганына эми өкүнүп кетти.

Ал маска эки жумада даяр болду.Техника ушундай өнүккөн бул деген шумдук эле.Бирөөнүн жүзүн бирөө кийип алуу деген бул акыр замандын белгиси эмеспи…

 

 

Сүйүнгөндөй күндө масканы кийип бетин эле көрсөтүп сүйлөшөт.Ортодо Данектин балдары чоңоюп жатты.

Бир күнү эле Айбек Данеке мекенге кайтып жатканын айтып жатты.Бир четинен сүйунсө,бир четинен убайым тартат.Кантип чакырууга чакырса барам кантип чындыкты айтам деген ой жеп салды.Данек бул интернетсиз жашай албай калды.

Айласыз акыр бир күнү айтыш керек чындыкты деп жатты…

 

—Айбек эгер мисалы мен сага айткан кыздан таакыр башка болсом эмне кыласың?

 

—Данек эмнени айтып жатасың?Мен сени көрдүм сүйлөштүм мен сени чын жүрөктөн жактырып калдым..

Бул сурооңо караганда бирнерсе айткың барго э?

 

-Ооба Айбек айткым бар.Бирок корком..Сени жоготуп алам деп корком..Сенсиз өзүмдү элестете албайм..

 

—Мен дагы Данек.Кел мынтип сүйлөшөбүз..Сен менден эч нерсе жашырбайсың ушул күндөн баштап..

Менин оюмча сен мурун турмушка чыгып келгенсиң таптымбы?

 

—Жоок Айбек таакыр башка нерседа.

Мен мен ….

 

—Айт эми бүгүн баарын айтып калсаң кечирип баарын болгондой кабыл алам..

Чындыгында мен кедей үй-бүлөөдөнмүн.Чыдайсыңбы??

Сен эмне жумуш кыласың?

 

—Ой баай Айбек ага экинчи жыл толуп баратат таанышканыбызга эми сурап жатасызго э..

МЕН магазинде кассир болуп эле иштейм.Ата-энеме жардам берем…

Бизда кыйналып жашайбыз;—деп калп айтты…

 

—Чынын айтсам сүйлөшкөндө тегерегиңде куурчап турган буюмдар кыйналып жашагандардыкына окшобойт…Туура айтамбы?

 

—туура мен ошол магазиндин кожойкесиникинде жашайм дей салды..Айбек ага айтайын дегеним менин балдарым бар…Бир турмуш көргөм мен.

 

-Койчу тамашаңды.Жашың болгону 20дан өттү кайдагы бала?Маакул дейли качан төрөдүң эле.Биз эки жылдан бери таанышпыз качан жетиштиң жеее????Атасы кайакта?

 

—Аталары таштап кеткен..Чоң балам бешке кызым төрткө карады…

 

-Ошондо сен 16жашта төрөдүңбү??

Калпыңды кой.Эгер чын болгон күндө деле мен сени сүйөм алам..

 

Данектин бул кылганы Айбекти алыстатуу болчу.Айбектин келеерине аз калганда айласын таппай Англияга иштегени кетип жатам деп алдады….Жазышып турабыз …Жаш кезимде күйөөгө тийип окубай калгам Англисче үйрөнүп келсем окууга тапшырам,балдарымды бутуна тургузам деп түшүндүрдү..

Виртуальный жашоосун ушунчалык жүрөкө жакын алып алганы Данекке зыянын эле кылып жатты.

 

Айбек мекенге кайтып келди.Топтоп келген акчасын атасын даарылатууга коротту.Атасы үчүн эле кеткен болчу Сургутка.Атасы айыгып эми эс алам деп келген.Апасы эми мен оорудум деп жибербей жатты кайра иштегени.

Данек менен сүйлөшүп жатып айтып калды мен кетпей калдым мекенде иштейм.Бирок жумуш таппай жатам.

Атамдында анча мынча оокаты түгөнүптүр акча зарыл

 

—Айбек жанакы мен иштеген дүкөнгө барсаң жумушка алат.Менден десең болду.Данек Айбекти жанында болуусун каалап көз жумуп жумушка өзүнүн иш канасына чакырды..

 

Резюме жазып алып чыкыйып келди.Кирип кележатып эле аты жөнү жазылган табличкага көзү түштү.

Ташматова Айданек..Хмм кызык Айданек экен мунунда аты.

 

Тук тук.Кирсе мүмкүнбү?

 

-Кириңиз угуп жатам деп титиреген зоорго чыккан үнү менен кайрылды.

Ошол жерге он кадам таштап жеткиче байкуш Данектин көздөрүнөн жаш чыгып кетти,Жүрөгү көкүрөктөн атып чыгып кетчүдөй.

Жашын билдирбей аарчып үнүн жасалма кылып кир отур деди..

 

 

—Кирдим Айданек Өмүровна..Сиздердин даректи мага сизде мурун иштеп кеткен Данек берди эле.Айтып коём деген..Администратордун вакансиясы бош экен….

 

—Таак Данек айткан ооба.Сени мактады,актайсың деген үммүттөмүн.Эртеңден ишке чыксаң болот деп жөнөттү.Мындан ашык сүйлөй алмак эмес.Кучагыңды жайчы деп жибермек же сагындым демек…..

 

—үйгө келген Айбек аябаай ойлонду.Атыда окшош.Сүйлөгөндөрүда окшошуп кетет экен..Сиңдиси дейн десең аттары окшош болмок беле.Турмушун билиш керек.Алаксып жатып Айбек диванда олтурган Данектин буту баспасын байкабады.Майып арабасы ары жакта турганда….Экөө окшобойт бирок жаш кыз экен бул деле,кантип жетти э ушул даражага… Сулуулугун пайдаланганго..Сулуулар ушундайда ээ.

 

Данек күндө олтуруп алып бүт ою Айбекте сагынып кетет.Ар бир сөзү ордунда сымбаттуу жигит көзгө илинип эле турчу….Бир күнү кеч калып кетип жумушта Айбек Данекти коляскада атасы сүйрөп чыгып баратканын көрүп калып аябай ыйлагысы келип кетти..Ичи ачышып сөз таппай турду.Үйгө келип эле Данеке жазды….

 

-Данек Айданек Өмүрова качантан бери баса албайт?

 

-Салам…Эмнеге бүгүн сурадың төртүнчү күн иштеп жатасыңго?

 

-Мен байкабаптырмын.Эмнеге баспай калган?Үй-бүлөөлүк акыбалы кандай?

 

-Жакшы эле.Үч жылдай болуп калды баспаганына.Кырсыктаптыр…Үй-бүлөөсү жөнүндө билбейм деп койду..

 

Айбектин Айданеке көңүл бөлүүсү көбөйдү.Жумушта олтуруп көңүлүн көтөрөйүн деп кире берет кечке..Интернеттеги Данек менен бул Данекти окшоштуруп жиберет кеедее.Жан дүйнөсүн,ой жүгүртүүсү,үнү кантип ушунча окшош болот ыя?-деп өзүнө суроо берип жатты.

 

Уландысы бар….

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE