Өрттөнгөн наристелер. Болгон окуя.

https://kyrgyzcha.site/?p=41846&preview=true Кызыктуу окуялар.

Өрттөнгөн наристелер.

Болгон окуя.

 

Берметтин тилинен да колунан да келген,кыз болсо да жаактууга жай бербеген,айтканынан кайтпаган көк мүнөзү менен айрымаланчу. Куудул сүйлөп, комуз чертип, таланты өзгөчө жан эле.Райондук спартакиадага катышып космонавтын ролун аткарып:Орус эли колун сунду Кыргызга,

Алып келди бизди ушундай турмушка.

Окуп, окуп дагы окуп Ленинче ,

Кыргыз кызы мен да учам Жылдызга.

Деп капыстан моделден чыгып шаңкылдап.декломациа айтып жаткан кызга чочуп кетип,шатырата кол чаап жаткан элдин толкундоосу көпкө чейин басылган жок.Ошол кыздан элдин жана агайларынын үмүтү зор эле.Бирок үмүттөр акталбай калды.Суйлошкон жигити менен жашыруун жолугуп алган кыздын ичи чоңойо баштады.Жигити армияга кеткен болчу.Бул жөнүндө эч ким билген эмес.Армиядан отпускага келген жигит кызды ала качты кылып алып кетти.Мурда тай энесинин колунда чоңойгондуктан ошол үйгө алпарды.тайэнеси кайтыш болуп кеткен эле. Ал үйдөгүлөр жактырышкан жок. Айрыкча ошол үйгө абысын болуп жүргөн мектептин директору болоор эле, көп жылдар согончогу канабай балалуу болбогон.Ич тардык менен кызганычы ойгонгон ошол себепчи болду.Жигит түшүндү өзүнүн ата энесиникине алып кетти.Ал жерден апасы менен тайэжеси келип конок болуп сыйын көрүп кеткен.Уулду болушту кубанычында чек жок.Жигит армияны бүтүп келип өзүнүн кесиби боюнча фельдшердик кызматта иштеп жүрдү. Кудайым дагы бир уул,бир кыз берди.Кызылынан кыздуу, узунунан уулдуу болгон ата эненин бакыттан маңдайы жарыла сүйүнүп жүргөн кезинде шаарда иштеп калган. Шаарда баягы өзүн үйгө киргизбей койгон төрөбөс аял жолугуп калды.Жолуктура албай жүргөнбү колунан кармап четке алып чыгып, мени тааныйсыңбы?Мен багы сен каршы чыгып киргизбей койгон келинмин.Адал ак никебизге шек келтирген элең

Мына бизге Кудайым үч наристе берди.Тууган туяк ,туубаган уят деп колун кезеп басып кетти.Каккан казыктай болгон директор эмне дешин билбей чоң базардын ортосунда телмирип кала берди.Шаарда каалаган кызматында иштеп жакшы атак даңкка ээ болуп, ташы орду көздөй кулап турган кези.Дайыма эле балдарын үйгө таштап кетип жүрүшчү.Ошол күнү Бермет түш көрдү. Бир түрү суук чоочун кемпир балдарын капкара кылып көтөрүп кетип жатыптыр. Карап албайсыңбы жакшына деп кейип жаткан кезинде ойгонуп кеткен Бермет уктай албай койду. Балдарын жылуулап жаап беттеринен өөп уйкуга кирди.Арадан эчен күндөр өттү.Туш да унутулду.Ошол күнү базарга түшүп майда Чүйдө кылып негедир жүрөгү опколжуп жатты. Тез үйгө шашып жатты.Алыстан келе жатып үйгө көз салды .Сызылган билинбеген түтүн чыгып жаткандай көрүнүп кетти.Уйго келсе түтүн чыгып жатат.Эшикти ачкан кезде түтүн бурк эткен боюнча дивандан жалын атылып кетти.Бермет көмкөрөсүнөн чыңырган боюнча жыгылып түштү.Дивандын үстүндөгү жансыз жаткан балдарынын денеси көзүнө көрүндү.Кыйкырыктан кошуналар чогулуп балдардын жансыз денесин эшикке алып чыгышты.Берметти тургузуп беттерине суу чачып жатышты. Өрттөнгөн диванды очурушту.Диванга сигареттин чогу түшүп билинбей түтөй берип уктап жаткан балдар түтүнгө ууланган дешти.Ар кандай сөздөр сүйлөндү.Бир Кудай билет.?Үч баладан ажыроо Бермет учун оңойго турган жок. Алайга балдарынын сөөгүн жеткирип бараткан шофер да эненин кайгысынан өткөн оор нерсе жок экен.Балдарынын ар биринин кыял жоругун кошуп боздоп барган эненин азабын пендеге салбасын деп кейиген экен. Пендедей жукчул жок туура баарына чыдады байкуш Бермет. Мен эми төрөйм.Онду болсо да деп жүрдү.Сактанып жүрчү экен. Жыл өтпөй боюна.болуп уулду болушту. Бирок мурдагылар кайдан эстен чыксын.Айла канча баарына конду.Кыргыздар айтмакчы : Кийинкилери зарна бастылар да.Кудайым берерин унутпасын дагы бир уул бир кыздуу болуп алышты. Мурдагыларын төлөп алгандай болуп ушуга шүгүр келтирип калышты.Бул балдары өтө шок чоңоюшту.Эрке өстүрүп койушту.Бермет кийинки күндөрү ичип нас чеккенге киришип кеткен. Баягы талант кыйын мезгилдин изи да калбады.Бактысына балдары тың чыгып үйлөнүп, кызы турмушка чыгып очор бачар үй бүлөлү болуп неберелердин кадырлуу чоң эне, чоң атасы болуп калышкан.

Канча баа бересиз...

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️